Перейти к содержимому


Фото

Жакты... Кайдыгер боло албадым...


  • Please log in to reply
темада 130 жооп бар

#1 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 25 February 2014 - 00:26

Сен жатып ичээр болбой, башкаларга колдоо көрсөтүүчү бол!!!


Эки момун мусулман баратса, жолдо бир канаты кайрылып, буту сынган чымчык жатыптыр, ага дагы бир чымчык дан ташып, оозуна суу куюп тамактандырып жатканын көрүшөт. Аллахтын кереметине, эч бир жанды ырыскысыз калтырбаганына таң калышат да, момун мусулмандын бири өзүн канаты кайрылган чымчыкка салыштырып сынап көрүүнү чечет. Аллах ырыскыны кантип берээрин текшерип көрүүнү ойлойт. Ээн талаадагы бир үңкүргө барып ачка жатып алат. Бир топ мезгилден соң катуу нөшөрлөгөн жамгыр жаап, жолдо бараткан кербендер төөнүн башын ошол үңкүрдү карай бурушат. Үңкүрдөн баягы ачка жаткан момунду көрүшөт, сүйлөсө, жооп болбойт. Кербендер, аа бечара, сүйлөй албаган дудук турбайбы, дешип, анын оозуна тамак салышып, зордоп суу ичиришет, жанына дагы бир топ күнгө жетээрлик азык калтырышып, сапарларын улантышат. Ошентип арадан дагы бир нече убакыт өткөндөн кийин момун мусулмандын баягы шериги, андан кабар алганы келет. Ал шеригине башынан өткөн окуяны айтып, Аллах ага ырыскы берүүчүлөрдү жөнөтүп эле тим болбой, алар аркылуу зордоп тамак жедиргенин да айтат. Мындан ары да ошентип жатып күн көрүүнү чечкенин кошумчалайт. Ошондо аны уккан экинчи момун мусулман шериги "Эй, досум, сен экөөбүз көргөн буту сынып, канаты кайрылып, бирөөнүн жардамы менен тамактанган чымчык болууну тандадыңбы? Андан көрө, канаты кайрылып, буту сынып жаткан чымчыкка жем ташып, суу ичирип жаткан чымчыкка окшоп пенделерге жардам берүүчү болбойсуңбу?"-дейт. Аллах ар бир пенденин ниетин, тилегин орундатып, ойлогон оюна жеткирүүчү экендигин баяндайт. Кыйналып жаткандарга колдоо көрсөтүү чоң сооп экендигин түшүндүрөт. Ошентип ошол күндөн баштап эки дос момун мусулман жардамга, колдоого муктаж болгондорго жардам берип калышкан экен. 
Бул бир мечитте Жума күнү айтылган маселе эле, ошондон бери оюмдан кетпейт, фейсбуктагы досторум менен бөлүшүүнү туура таптым.

Абиш Назарбаев.


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#2 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 25 February 2014 - 00:33

Социалдык тармактардагы сизге жаккан ой-толгоолорду, кайдыгер калбаган пикирлерди бул жакка көчүрүп коюуңуз. Башкалар да таасирленсин!


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#3 Benjamin

Benjamin

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 65 билдирүү

Жиберилди 27 February 2014 - 00:24

Бир жолдошу баласын көтөрүп, пайгамбарыбыздын (САВ) жанына келет. Ал адам улам-улам баласын эркелетип, өөп-жыттай берет. Пайгамбарыбыз (САВ) аны күлүмсүрөй карап сурады:
- Балаңа айрыкча боорукер экенсиң, ээ?
- Ооба, - деп жооп берди тигил адам.
- Демек, сен буга кандай боорукерлик кылсаң, Алла Таала сага бул боорукерлигиңден да күчтүү боорукерлик кылат.

#4 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 01 April 2014 - 20:54

Лондон абактарында Исламды кабыл алуу өсүп жатканы байкалууда.

Лондон абактарында мусулмандардын өсүү темпин аныктаган статистикалык көрсөткүч бийлик өкүлдөрүнүн талкуусуна түштү. Статистикалык маалыматка караганда, абактагы эркинен ажыратылган адамдардын ар бир төртүнчүсү Исламды кабыл алып жатат. Мындан он жыл мурдакы көрсөткүчкө салыштырганда 14 пайызга жогорулаган. Байкоолор далилдегендей, адамдардын көбү абак жайына келгенден кийин Исламды кабыл алышкан. Бул көрүнүш адам таянып, жардам ала турган бир гана Күч бар экенин, ал Күчкө муктаж экенине аң-сезими жетмейин тааныбай, тааныгысы келбесе да акыры муктаждыгын сезген учур келгенде табаарын каңкуулайт. Ал күч - Кудуреттүү Кудай. Ал эми Кудайды таануу, табуу Ислам аркылуу гана ишке ашат. Ошентсе да, юристер муну комплекстүү изилдөөнү сунуштап жатышат.

Ибрагим Балтабаев. 


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#5 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 04 April 2014 - 23:14

Бир үй-бүлө бул  - бир кичи мамлекет.

Ата - Президент...

Апа - финансы министри, маданият министри, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо министри да болуп кызмат көрсөтөт.

Ал эми бала -  ал бир гана талап кылуучу эл. Ал дайыма талап кылып, чатак салып, интригаларды жаратып, нараазычылыктарын ачык айтып турат. Күндөн күнгө калктын талабы жаңыланып да, өсүп да бара берет. Ал эми Президенттин бир гана туура жолу бар: акылга салып ар дайыма иштөө, иштөө жана иштөө. 

Айтор, ар бир Үй-булөстандын ушундай түзүлүшү жана мыйзамы бар...

 

Фейсбуктан

Прикрепленные файлы


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#6 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 08 April 2014 - 11:03

Биринчи уюлдук телефонум.

 

     Окуу, анан жумуш деп жүрүп Ат-Башыга, ата-энеме сейрек барам. Былтыр жазында эки-үч күнгө чолоом тийип айылыма жөнөдүм. Биздин айыл райондо жаңы конуш болгондуктан, мен бала чакта отузга чыкпаган түтүн жашачу. Азыр жүзгө жетип калды дешет. Ал кезде аты деле жок айрымдар “дөң” дешип, кээ бирлер “Ак-Өргө” деп коюшаар эле. Алыс-алыс жайгашкан жапыз тамдар, кыйраткан көчө деле жок тапталган топо жолдор.Ошол кезде ошол отуз түтүндүн балдарына, көчө толуп турчу. Айрыкча жаз айында “чүкөнүн” планын ашыра толтураар элек. Азыр ошол балдар эр жетип, ар кимиси ар жакта, өз арбайын согуп жүрөт. Негедир ошол бала чактагы кошуна досторду эстеп, көргүм келди. Көчөгө чыктым, эч ким жок… Алар жок эмес, чын эле эч ким жок. Биздей ойногон бала жоктой сезилет. Анан кичүү инимди урушкан апамдын сөзүн эстедим: “Келери кечке телефон чукулабай, сыртка чыгып баладай ойносоң боло!”

Биздин балалык кызыктуу өткөн экен деп калдым. Таң гөрү көчөдө чаң ызгытып турчу элек. Таң эрте ойгоно бир чөнтөктө чүкө, экинчисине көңкөнүн жарты нанын тыгып, көчөгө зуу койчумун. Жумуштан калгансып, көздөрүн чылпактатып досторум даяр турат. Ала шалбырт жаз, кар ээрип калган жерге, чөнтөктөгү байлыгыңды тизип, чүкөнүн кызуусуна кирмей. Улам чүкө атып, улам нандан бурдап жеп, жата калып арыктагы суудан ичмей. Оюн кызыгына келип калган маалда, үй жактан апамды үнү угулат: “Току-уу, ай бас үйгө, сүт ичип алып, торпокту аркандап, жөжө кайтар!”

Кайра кезигишчүү жерди болжошуп, топо-чаң болгон бети колду көлчүктөгү сууга жууй салып үйгө сызмай. Башка балдардын деле жумушу ушуга окшош. Анан үйдүн тапшырмасы болгон жөжөнү деле кыйратып кайтармай жок. Кичине көз салмыш болуп, апам айткан “азгырыктар” менен кайра оюнга киришмей.

 

Чөнтөктө нан дайыма белен

 

Байкасам, азыркы балдар компютердин же телефондон жаңы чыккан оюндары жөнүндө сүйлөшөт. А биздин убакта саналуу гана жандуу ойногон оюндар бар эле: “кубалашмай”, “казактар жана каракчылар”, “тах-тах”, “жашынмак”, “чүкө” ж.б ушул сыяктуу. (Бул оюндар көп ойнолчу, ошондуктан эсте калыптыр). Күн чыга электе үйдөн чыгып, ошо бойдон күн баткыча, үй бетин көрбөй ойночумун. Окуп калган учурда мектептен келип, чала-була чай ичсем ичип, ичпесем кургак нанды бурдай сугунуп, сыртка шашасың. Шерик керек болсо короосуна жакындап, көчө жаңырта, атын айта кыйкырып, чакырып аласың. Кошуна досум теледен жаңы мултьфильм же кино көрсө, бир ай баарыбызга айтып бергенден тажачу эмес.Байкасам, азыркы балдар компютердин же телефондон жаңы чыккан оюндары жөнүндө сүйлөшөт. Анын айтып бергенин акылыбыз жеткиче талкуулачу элек. Мен жаңы (боевик) кино көрүп калган учурумда өзүмдү бактылуу сезээр элем, кинону өзүм тарткандай. Кээде көркөмдөп кошуп айтып берип койчум. Ал кезде “Рассвет” деген кара-ак түстүү гана телевизор бар эле го? Кээ бир үйдө ал дагы жок болчу да. Анан жаңы кино чоң жаңылык эмей эмне болуптур. Ал кездеги кайталап көргөндөн тажабаган мултьфильм “Ну погоди” (башка жок болсо керек дейм). Анан Вандам, Жеки Чан дегендерди кумир тутчу элек. Жеки Чандай кыйын болобуз деп “атамандык” талашып көз көгөрүп, көйнөк айрылганча мушташчубуз. Бирок үйгө “жыгылып кеттимден” башка айтмай жок. Ким менен мушташканыңды, немиске түшкөн партизандай ооз ачпайсың. Көгөргөн жериңдин оруусу басыла электе, кайра мушташканың менен элдешип аласың. Таш менен башыңды жара койсо да, кек сактамай ойго келбейт.

Айтор, уйку канып, курсак тойсо башка көйгөй жок эле да. Оюнчук керекпи? Зымдан же жыгачтан жасап аласың, кээде таш деле жарай берчү. Футболду өзүбүзгө ыңгайлуу эреже менен ойночубуз. Ысып сууга түшкүң келсе, арыктын терең жери бассейн. Курсак ачтыбы? Чөнтөктө нан дайыма белен. Зеригип кетсең короз уруштурасың. Тамаша кылгың келсе кыздардын көзүнчө досуңдун шымын шыпырып ий. Чөп тартып келе жаткан арабага ээсине көрүнбөй жармашып алуу да чоң эрдик эле. Жакшы көргөн кызыңдын чачынан таркыламай жигиттик сапатка жатчу. Эх, дейм анда баары сонун эле...

 

Чоң кеменин ачкычы

 

     Ушунун баары мен мектепти аяктап, айыл менен коштошуп, “биз менен сүйлөшүп тур” деп апам сатып берген алгачкы уюлдук телефон менен бүткөндөй туюла берет. Көрсө апам ошол телефон менен кошо ЖАШОО деген чоң кеменин ачкычын берген тура. Андан бери арадан жети эле жыл өттү. Бирок азыр баары башкача.

Азыр самалетко түшсөм деле, ошол арабага жармашкандай сезим жок. Телефон аркылуу океандын ары жагында жүргөн досум менен байланышсам дагы, ошол ата-энеси (сыртка чыкпасын деп) камап кеткен досум менен кыйкырып терезенин жыртыгы аркылуу сүйлөшкөндөй сезим жок. Азыр жакшы айлык маяна алсам деле, ошол чөнтөк толо чүкө утуп алгандай сезим жок. Азыр компүтердин эң мыкты машине жарыштырган оюнун ойносом дагы, ошол кездеги чыгырык тегеретип жарышкандай сезим жок.

Азыр дүйнөлүк белгилүү кино көрбөйүн, баары бир ошол биз кайталап көргөн “Ну погоди” башталгандай сезим жок. Азыр ресторан-кафеден шумдук даамдуу тамак ичсем дагы, ошол курсак ачкан кезде чөнтөктөн каткан нанды таап алгандай сезим жок. Азыр заманбап компүтер, телефон, авто унаа сатып алсам деле, ошол кездеги жыгачтан машине жазап алгандай сезим жок. Азыр бирөөнү таш менен башын жармак турсун, жаман көзүң менен карап койсоң душман табылат. Айта берсе оголе көөп.. дегеле ошол сезимдин бири дагы жок.

Апа-а, ошол уюлдук телефонду кайра алчы… Мага БАЛАЛЫКТЫН кичинекей кайыгынын ачкычын берчи дегим келет.

Токо Жан


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#7 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 10 April 2014 - 13:42

"Бүгүнкү митинг че-то тын өтүп жатат го, таңгөрү..." дегендер көбөйдү. Сүйүн Откеев.


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#8 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 10 April 2014 - 23:08

Аялы командировкага кетет. Күйөөсүнө смс жазат: "Асылым, Аруукени саат 8.10 же 8.15ке бала бакчага алып барып калуу керек. Ошондуктан аны 7.30-7.35те ойготууң керек. Ага колготки, ток көк түстөгү жынсы шым, экинчи полкада турган футболкасын кийгиз. Анын үстүнөн сыя түстөгү же малина түстөгү кофточкасын кийгиз. Бул кийимдер баягы бөлмөдөгү 3-полкада турат. Ошол эле полканын жанындагы шкафты карасаң кызгылт түстөгү көйнөгү бар, ошону ал. Сенин кийимдериң турчу полканын сол тарабын карасаң байпактар бар, ошол жерде жумшак үй тапичкесин алганды унутпа. Анан чачын экиге бөлүп "куйрукча" сымал байлап бергени аракет кыл. Чачына такчу резинкасынын кандайдыр сүрөтү бар эле, ошону тагып бер, ал күзгүнүн жанындагы текчеде турат. Аба-ырайын байка, кызгылт түстөгү пальтосу менен сыя шапкесин кийгизип, кызгылт моюн орогучун байла. Же болбосо жашыл түстөгү шапкеси менен тагып кое бер ошол кызгылт моюн орогучун. Бутуна баягы жаңы өтүгүн кийгиз. Баарын текшерип, даярдана бергиле. Болбосо мага чалсаң. Мен ойгоомун."

Бир аздан кийин эле күйөөсүнөн жооп келет: "Биз бала бакчага барбай эле коелу деп чечтик..."

)))


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#9 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 17 April 2014 - 22:31

"Кечээ күнү айфонумду 2 саат тынбай издедим. Кийин эсиме келбедиби, менин айфонум таптакыр жок болчу өзү.."

У.Амираева. Фейсбуктан.


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#10 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 19 April 2014 - 02:17

http://www.azattyk.org/media/photogallery/iran-death-sentenced-mercy/25353824.html

"Аллах биздин нечен күнөөбүздү кечирип келе жатат... А биз адамдар бири-бирибиздин күнөөбүздү кечирбегидей, кимбиз өзү..?"

Таасирлүү сүрөттөр экен(


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#11 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 21 April 2014 - 01:29

"КОЛДОН КЕЛБЕЙТ"деген сөзүң актануу,
Кол ичинде канча ДУБА сакталуу.

 

Жеңишбек Жумакадыр.

10245482_1428021844115125_89273307415489


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#12 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 23 April 2014 - 15:18

Кээ бир жаштарга айтылган эскертүү!

Бир жолу жаныма жаркыраган бир топ жаш жигиттер келишти. Жашоо, жаштык жана сезимдерден улам келген коркунучтардан сактануу үчүн таасирдүү эскертүү алууну каалашкан ушул жаш жигиттерге Рисале-и Нурдан жардам сураган жаштарга айтканым сыяктуу аларга да мынтип айттым: 
Силердеги жаштык сөзсүз өтүп кетет. Эгер силер шарияттын чөйрөсүндө калбасаңар ал жаштык бөөдө эле өтүп кетип бул дүйнөдө да, кабырда да, акыретте да өзүнүн жыргалдарынан да көбүрөөк балээлер менен кайгыларды башыңарга алып келет. Эгер Ислам тарбиясы менен ошол жаштык белегине шүгүр катары ар-намыстуулук менен итаатка сарптай турган болсоңор ал жаштык силерде түбөлүктүү калат жана түбөлүктүү жаштыкка ээ болууга себепчи болот. Эгер ыйман болбосо же болбосо Аллахка баш көтөрүү менен ал ыйман таасир бербей турган болсо, жашоо – сырткы жана кыскача ырахат-жыргалдары менен бирге миңдеген эсе ошол ырахат-жыргалдарынан да көбүрөөк кайгыларды, өкүнүчтөрдү жана түйшүктөрдү берет. Анткени инсанда акыл менен пикир бар болгондугу үчүн жаныбарларга салыштырганда азыркы учур менен бирге өткөн жана келечек замандар менен да байланышта. Ал замандардан кайгы да жана ырахат да ала алат. Ал эми жаныбарлардын ой жүгүртүүсү болбогондугу үчүн өткөндөн калган кайгылар менен келечектен келүүчү коркунучтар учурдагы алып жаткан ырахатын буза алышпайт. Ал эми адам болсо, эгер адашуу менен капилеттикке түшпөгөн болсо, азыркы алып жаткан ырахатын өткөндөн калган кайгы-муңдар менен келечектен келүүчү сар-санаалар ошол кичинекей ырахатын ачуулаштырып бузуп жатат. Өзгөчө шариятта тыюу салынган ырахаттар болсо, толугу менен уулуу бир бал сыяктуу болот. Демек, инсан жашоодон ырахат алуу жагынан жаныбарлардан жүз эсе төмөн түшөт. Атүгүл адашкандар менен капилеттеги адамдардын жашоолору, барлыгы жана ааламы – жашап жаткан күнү гана. Бардык өткөн замандар менен ааламдар анын адашуу көз карашында жок жана өлүк сыяктуу. Акылы аркылуу ага зулумдук кылат жана караңгылык берет. Келечек замандар болсо, акыретке ыйман келтирбегендиктен улам ал дагы жок сыяктуу. Ошентип жоктуктан улам пайда болгон түбөлүктүү айрылуулар, анын жашоосуна пикир жолу менен тынымсыз караңгылыктарды берип турат. Эгер ыйман жашоого келе турган болсо, анда өткөн заман да келечек заман да ыйман нуру менен нурданып барлыкка айланат. Азыркы учур сыяктуу рух менен жүрөгүнө ыйман көз карашында улуу жана руханий ырахаттар менен тирүүлүк нурларын берет. Бул акыйкат «Карыялар китепчесинин» Жетинчи Үмүтүндө кененирээк түшүндүрүлгөн. Ага шилтеме беребиз.
Мына, акыйкат ушундай. Жашоонун даамын жана ырахатын кааласаңар жашооңорду ыйман менен жандандыргыла, фарздар менен жасалгалагыла жана күнөөлөрдөн качуу менен сактагыла! Күн сайын ар жерлерде ар дайым өлүмдөрдүн көрсөтүп жатышкан коркунучтуу өлүм акыйкатын болсо, башка жаштарга айтканым сыяктуу силерге да бир мисал менен баяндап беремин:
Мисалы: бул жерде көз алдыңарда бир дар курулду. Анын жанында өтө баалуу утуштары бар болгон лотерея ойнотулуп жатат. Бул жерде турган ушул он киши да сөзсүз түрдө, кааласак да каалабасак да ал жакка чакырылабыз, бизди чакырышат. А бирок чакыруу мезгили жашыруун болгондуктан ар бир мүнөттө: «Кел, өлүм билетин ал, дарга чык!» же болбосо: «Кел, миллиондогон алтындарды уттурган утуш билети сага туш келиптир, ал!» – деп, айтууларын күтүп турган кезде, дароо эшиктен эки адам кирип келди. Бириси жарым жылаңач сулуу жана азгыруучу бир аял колуна өтө таттуу көрүнгөн, бирок ууланган халваны алып келип жедирүүнү каалап жатат. Экинчиси болсо, алдабай турган жана алданбай турган олуттуу бир адам ошол аялдын артынан кирди. «Силерге бир тылсым, бир дарс алып келдим. Буларды окусаңар, ал халваны жебесеңер ошол асуучу дардан кутуласыңар. Бул тылсым менен ошол эбегейсиз улуу сыйлыкты утуу билетин аласыңар. Ансыз деле бал жегендер ушул дарга асылып жатышкандыгын өз көзүңөр менен көрүп жатасыңар. Жана ал жерге жеткенге чейин да ошол халванын уусунан коркунучтуу оору азабын тартып жатасыңар жана ошол улуу сыйлыкты утуп алган адамдар көрүнбөгөндөй болгон менен жана бир караганда алар да ошол дарга чыгып жаткандай болуп көрүнүп турат. Бирок, алардын дарга асылышпагандыгына, тескерисинче ал жерден утуу чөйрөсүнө кирүү үчүн баскыч катары колдонушканына миллиондогон күбөлөр бар, кабар берип жатышат. Мына, терезеден карачыла. Эң чоң кызматчылар жана бул иш менен байланышы бар болгон улуу адамдар: «Ошол дарга асылгандарды өз көзүңөр менен көрүп жатканыңар сыяктуу бул утуу билетин да тылсым окугандар ала турганына эч бир шек-күмөнсүз күндүз сыяктуу анык билгиле!» – деп, бийик үн менен жарыялап кабар берип жатышат» – деп айтты.
Мына ушул мисал сыяктуу уулуу бал сыяктуу болгон шарияттын сытркы чөйрөсүндөгү жаштыктын бузук жолдорлогу ырахаттары түбөлүктүү казынанын жана түбөлүктүү бакыттын билети менен документи болгон ыйманды жоготуп алгандыгы үчүн асуучу дар сыяктуу болгон өлүм менен түбөлүктүү караңгылыктын эшиги болгон кабырдын кыйынчылыгына, кудум көрүп турганындай түшөт жана ажал жашыруун болгондугу үчүн жаш-кары деп айрымалабастан ар дайым таш боор ажал башын кесүү үчүн келип калышы мүмкүн. Эгер ошол уулуу бал сыяктуу болгон шариятта тыюу салынган кумарланууларды таштап Курандын тылсымы болгон ыйман менен фарздарга ээ болуу менен адамзаттын тагдыр лотореясынан түбөлүктүү бакыттын казынасынын билетин утуп ала турганына жүз жыйырма төрт миң Пайгамбарлар Алейхимуссалам менен биргеликте сансыз олуялар менен акыйкат ээлери бир добуштан кабар берип жатышат...
Жыйынттык: Жаштык сөзсүз кетет. Бузуку жолдо кеткен болсо дүйнөдө да, акыретте да миңдеген балээлер менен кайгы-муңдарды натыйжа берээрин жана ошондой жаштар көпчүлүк учурда жаштыкты туура эмес пайдалануу менен, ысырап кылуу менен аянычтуу оорулар менен ооруканаларга, кызыл кандуулуктары менен түрмөлөргө же болбосо жакырчылыкка жана руханий кайгылардан пайда болгон буулугуудан улам ичимдик ичүүчү жайларга түшөөрүн түшүнгүң келсе ооруканалардан, түрмөлөрдөн жана мүрзөлөрдөн сурагыла. Албетте, ооруканалардын көпчүлүк учурларда абал тилдеринен жаштыктын шыктандыруусу менен ысырапчылык менен туура эмес пайдалануудан улам пайда болгон жан сыздаткан кыйноолор менен өкүнүчтөрдү укканыңар сыяктуу, түрмөлөрдөн дагы көпчүлүк жаштардын кызыл кандуулугунун ташкындоосу менен шарияттын чегинин сыртындагы чөйрөдөгү аракеттеринин шапалактарын жеген бактысыз жаштардын өкүнүүлөрүн угасыңар. Жана да мүрзөдө жана тынымсыз ал жакка кирип жаткандар үчүн эшиктери ачылып жабылып турган ошол берзах ааламында – олуялар менен акыйкат ээлеринин күбө болуулары жана тастыктоолору менен – көпчүлүк азаптар жаштыкты туура эмес колдонуунун натыйжасы болгондугун билесиңер. Анын үстүнө бүткүл адамзаттын көпчүлүгүн түзгөн карыялар менен оорулуулардан сурагыла. Албетте алардын да көпчүлүгү өкүнүп-кайгыруу менен: «Аттиң, жаштыгыбызды убактылуу кумарлар менен, атүгүл өзүбүзгө зыяндуу кылып коротуп алдык. Абайлагыла, биз сыяктуу болбогула!» – деп айтышат. Анткени, беш-он жылдык жаштыктын арам чөйрөдөгү ырахаты үчүн дүйнөдө да көптөгөн жылдар азап-кайгы, берзахта да азап менен зыян, акыретте да тозок балээсин чеккен адам эң боор ачый турган бир абалда болуп турса да اَلرَّاضِى بِالضَّرَرِ لاَ يُنْظَرُ لَهُ эрежеси боюнча эч кандай боор ачууга татыктуу болбойт. Анткени, зыянга өзүнүн ыраазы болуусу менен кирген адамга ырайым кылынбайт жана ырайымга ылайык эмес. Аллах Таала баарыбызды бул замандын азгыруучу фитнасынан куткарсын жана андан коргосун, аамин...
("Жаштарга жол көрсөткүч" китебинен)

Чыныбек Козукеев.

10154912_302557353234552_289779262942708


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#13 Vazir

Vazir

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 257 билдирүү
  • ДарегиUSA

Жиберилди 02 May 2014 - 22:15

124 жаштагы Марьям аттуу палестиналык аял «Гиннес» китебинин өкүлүнүн Исламды таануусуна себеп болду. Дүйнө жүзүндөгү эң кары адам деп табылган 124 жаштагы Марьям Хамдан Аммашка «Гиннес»рекорддор китебинин өкүлдөрү китепке киргизүү сунушу менен кайрылганда, ал мындай сунушка макул болгон эмес. Анткени алардын шарты боюнча Марьям жоолугун чечип телеге тартылуусу керек болчу. Ал дүйнөлүк атак жана чоң акчалай сыйлык үчүн жоолугун чечип, авратын ачуудан баш таркан.

"Гиннестин" өкүлдөрү Марьямды китепке чыгаруу сунушу менен келгенде, ал: “Бул нерсе мени бактылуу кылабы?” – деген суроо узаткан. Мындай суроону күтпөгөн өкүл: «Балким, сиздин жакындарыңызды бактылуу кылар...»-деп жооп кылат. Анда Марьям: “Сиздин жашыңыз канчада?” – дегенде, тиги киши кырк үч жашта экендигин айтат. Марьям ал кишиге мындай дейт: “Сиз акыйкат менен жалганды айырмалай ала турган жашта экенсиз. Бирок, алигиче мусулман эмес экенсиз. Сиз, же жаш баласыз, же акылыңыз кем. Анткени, жаш бала, же акылы кем адам гана Жаратуучуга баш ийбей, өзүнө окшогон макулуктардын арасында атакка ээ болсом, бактылуу болом деп ойлойт. Биринчи, акыл-эсиңерди өстүрүп келгиле. А мен ага чейин сизди күтүп турам”,– деп азил-чыны аралаш кеп айтып узатат. Тиги киши эмне деп жооп айтаарын билбей жолуна түшөт. Бул окуядан 7 айдан кийин тигил адам Ислам динин кабыл алып, Марьямга жолугуп көпкө чейин маектешкен. Ал эми акыйкатты табууга себеп болгон Марьям 4 айдан кийин көз жумган.

.Я принимаю свою жизнь такой, какая она есть, и сам выбираю, какой ей быть в будущем :) 

 


#14 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 13 May 2014 - 12:39

"Он не думает о том, что через 166440 часов ему вставать на работу))"  

Анатолий Михаханов.  Твиттер.

Прикрепленные файлы


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#15 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 596 билдирүү

Жиберилди 23 May 2014 - 18:11

БИР СААТ

Атасы ишинен чарчаган абалда кеч келди.
Баласы: Ата, бир нерсе сурасам болобу?
Ата: Сура.
Бала: Бир саатта канча сом табасыз?
Ата: Менин ишиме аралашпа.
Бала: Ата, айтыңызчы, билгим келип жатат.
Ата: Ушундай эле билгиң келсе, саатына 100 сом.
Бала: Андай болсо, мага 50 сом карыз берип туруңузчу.
Ата: Сенин былжырак оюнчуктарыңа акчам жок. Бар, бөлмөңө жөнө, эшикти жаап кой.
Баласы унчукпай чыгып кетти.
“Акчаны эмне кылат же бир баладай эмес” деп кыжыры келип калды. Арадан бир саатча убакыт өткөн соң, көңүлү тынчтанып калды. Баласынын эмнеге акча сураганын да ойлоду. “Балким, чын эле муктаж болду бекен...”
Баласынын бөлмөсүнө барып, эшикти ачты.
Жаткан баласына карап, “Уктап жатасынбы?” деп акырын сурады. Бала “Жок” деп жаткан жеринен тура калды.
“Мына алагой, сен сураган 50 сом, сени капа кылып алдым окшойт, кечирип кой. Бүгүн катуу чарчаган болчум” деди...
Бала сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберди, “Рахмат, атоов!” Дароо бир кутучанын ичинен акчаларды алды. Атасына бир карап койду да, аларды санай баштады.
Муну көргөн атасы жини келип, “Акчаң бар экен, дагы неге сурадың эле, ыя? Ушул, оюнчукка тойбодуң сен!” деп катуу айтып жиберди.
Бала: -“Акчам бар бирок жетпей жаткан.” Жылмайып акчаны акырын атасына сунду. “Болгону сиздин бир саатыңызды алайын дегем. Эртең үйгө 1 саат эртерээк келиңиз. 
Кечки тамакта сиз менен чогуу болгум келет...”



#16 Vazir

Vazir

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 257 билдирүү
  • ДарегиUSA

Жиберилди 24 May 2014 - 22:32

"Hidzhaby Kg
Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем...Ошол түн алигүнчө эсимен кетпейт....Дейди досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук...Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз кайбат,"өрдөк учурмай" сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим... Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты...Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым...Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду... Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда "бышып калыптыр" , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү...сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.... Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди...Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси... куду ушинтип өтүп жатты. Бир күнү...Жума болчу...саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан...өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды...Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: - Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык... Ошол маалда мен бир нерсени унуттум....досторумду, убада кылынган тойду, баарын...Анан балама кайрылдым: - Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык...бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : - Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. - „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, адындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии...“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим...Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып...Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп - ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: "Сен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! " Жетелешип үйгө келдик. ...Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле......Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту.... Сапарыбыз үч жарым айга созулду...Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды...Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. - Батырга ысык салам айтып кой! - Болуптур, Куда кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат...! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда "атта...атта" деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. "Шайтандын азгырыгынан өзүң асырагын" деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу... - Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? - Эч нерсе... - Батыр кайда ? - ... ... .. - Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: "Атта, Батый акам даннатка тетти...Аллага тетти" десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир... Доктор Сайфуллах Насирхан, Которгон : Абу Абдулло Капчыгай."

.Я принимаю свою жизнь такой, какая она есть, и сам выбираю, какой ей быть в будущем :) 

 


#17 biychi_kyz

biychi_kyz

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 179 билдирүү

Жиберилди 24 May 2014 - 23:59

аябай таасирлуу окуялар экен,мен да тапсам созсуз бул жака алып келемин!

#18 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 25 May 2014 - 09:13

 Келин намаз окуп жатты, намзын окуп бүтүп, кайра -кайра эшикти карап күйөөсү көрүнбөгөнүнөн улам кайра" напил намазга" турду. Кечке күткөн күйөөсү келбей кечиккенден кечикип, акырында кыжаалат болуп баштады. Ар дайым:"ушуга ыйман бер , Алланы тааныгынга жардам бер"-деп суранып жүрчү келин бул жолу, Аллам сактай көр, сени тааныбастан бул дүйнөдөн ала көрбө, менин жарым болгондуктан кафур кылып өлтүрбө"-деп суранып ыйлап жатты. Түнкү саат 12  оо гө караганда эшикти ачып кирип келди. Келин тирүү экенине Аллага ыраазы болуп тамагын берди. Аябай мас болгондуктан ар кайсыны бир айтып сөгүнүп жатты. бир мезгилде күйөөчү уктап калганда, баш жагына иче турган суусундуктарын коюп, кайра намазга турду. Күйөөчү арак ичип келген мезгилдеринде таң атканча жарма., муздак чай ичип чыгаар эле.

 

 Төркү үйүнөн кийин, кичинерээк бир бөлмөсү бар эле, ошол бөлмөгө кирип, көбүнчө Аллага дартын айтып ыйлап, ыйдан арылганда намаз окуп отуруп күн өткөрчү жери эле. Ошол жерде намаз окуп отурду. Саат канча болгонун да караган жок. Үйлөнөөрдөн мурда бир жолу көргөн, анда мунун Алла менен иши жок экенин билбептир," сиз намаз окуйсузбу"-деп сураганда,"эркек киши намаз окубаса, кандай болот"-деген . Ал мезгилде эркек киши түбөлүктүү өмүр жолдошуна калп айтат деген ой келбептир. Мына эми үйлөнгөндөн кийин, ата-энеси  буларды бөлүп койду. Тамак -аш кудайга шүгүр жетиштүү, бирок өмүрлүк жары ушундай терсаяк турбайбы, эми кандай кылат? 

 

  Бир мезгилде күйөөсү ойгонду да суудан ичип аялын караса ордунда жок. Оюнда "мен мас болуп келип, бул болсо ар дайым ушинтип жүрөт экен да, тапсам экөөнү тең союп салам"-деп ашканадагы бычакты алып келинди издеп жөнөдү. Эшикке чыгып бардык жактарды карап таппай койду. Анан кайра үйгө кирип, бөлмөлөрдү караса бирөөнүн акырын ыйлап жаткан үнүн укту. Кичинекей бөлмөсүнө кирсе:" Аллахым ушул менин кожоюнума дагы ыйман бер, бардыгы сенин колуңда, сен баарына кадырсың, мени Алланы тааныбаган киши менен жашатчу кылба, сенден суранам Аллахым! Сен улуу затсың, сенден башка муну туура жолго сала албайт, мени менен жашайт экен, өзүңдөн кабар бер, дилине сал Аллахым!Сенден башка кайрылаарым жок, кыяматта мен ким менен калам Аллахым?!"-деген сөзүн угуп, титреп кетти аргасыздан келиндин жанына барды да :" Тургун периштем, сени ушунчалык кыйын абалга салганымды азыр билип отурам, сен Алладан сурап турасыңбы, тилегиңди Алла берди, мен эртеңден баштап намазга жыгылам. Эми ал жолго баспайм, көптөн бери эле ичкиликти таштап, дин жолуна түшүп, ибадат кылсам окшойт деп жүрдүм эле, көрсө сен эчак эле Алланын эсине салып жаткан турбайсыңбы, эгер сен менин аялым болбогонуңда, сенин этегиңе намаз окуйт элем, бирок андай болбойт"-деп аялынын колунан тургузду. Ошол күндөн баштап Кудай жолуна түштү. Бир киши бир кишиге себеп, туура жолго баардык кишини салууга аракет кылуу керек.



#19 Raikan

Raikan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 4 билдирүү

Жиберилди 26 May 2014 - 18:23

                                       Телефон чалгылачы

                         (Эненин өз перзенттерине жазган каты)

 

“Балдарым, силерди не деп гана чоңойтподум, канча деген көз майымды түгөтүп, каруумду коротподум. Силерди багамын деп кыр-түздүн жылгаларын, колотторун кыдырдым. Жакшыны ыраа көрүп, жамандыкты силерге жолотподум. Мен кырчындай жапжаш, силер чиедей кезиңерде атаңардан айрылып боздодум. Эми болсо мен мокоп, а силер жетилип-курчудуңар, алмаздарым-болотторум!
 
Эми силер баштагыдай алсыз эмес, башкасыңар, күүлөнгөн күлүк өңдүү таптасыңар. Мекенге кызмат кылып, ар бириң ар кайсы жактасыңар. Мага келип кетип, бактыңар, ак шейшепке жаткырдыңар, каалаган жактарыма сейилдетип бастырдыңар, күн сайын үйгө келип абал сурап көңүлүмдү шат кылдыңар. Небере жыттаңыз, кучактап уктаңыз деп балдарыңарды бактырдыңар. Алтымыш жаштан өткөн мезгилде да, төбөңөргө көтөрүп, жылуу сөз, жарык кабак менен кырктагы келиндердей жаш кылдыңар.
 
Жетимиш кирип келди, анда да төрт тарабым төп кылдыңар, Неберелерим менен келип, жасаган тамагымы тамшанып жеп турдуңар, Бутума оролошуп, күн сайын каралашып, кубанычыма аралашып, “апаке, эмне керек, эмне жейсиз” деп турдуңар. Жетимиш бешке чыктым, анда да бакыт ороп күлүңдөдүм, каруу күч кайта элек, кудайдын кубанычтуу күнүндөмүн. Күн сайын кабар алып турчу элеңер, эки-үч күн күтүп калам, мейличи, иштери көбөйгөндүр, ушуга да шүгүр дедим.
 
Сексенге кирип келдим, көзүмдүн курчу кетип ийилип барат белим, мурункудай кубатым жок, суюлуп, тарап демим. Күн сайын келип турган баягы балдарым жок, көп жолу жалгыз калып тамак жедим. Таарыныч кылбай, бирок жумушуна кармалуу адат дедим. Келбесе бүгүн мейли эртеге топурашып келишип калат дедим. Бир жума же эки жума өткөндө бирөөңөр келесиңер, жогумду толтуруп, үйүп алып бересиңер. “Мы вас любим” деп турган баягы балдарым жок, алыс бир жеңеңердей көрөсүңөр. Таарыныч айткан болуп, бат-баттан кабар алып турсаңар боло дедим. Тамак-аш берип ийбей, өзүңөр келгилечи, азыгым муздаткычта толо дедим. Таарынууга, урушууга алым бар, кандай жакшы бүкчүйгөн кары кемпир боло элегим!
 
Тажасаң жалгыздыктан жүрү деп борборго калдыңар алып кетип, көнүп калган өз үйүм кулпуланып калып кетип. Борбордо жакшы жашап турупсуңар, заңкайтып чоң сарай курупсуңар. Сүйлөшүп отурууга зар болуп кечке күтсөм, бир аз туруп качасыңар шамал айдаган булут сыңар. Заңкайган кенен үйдө жапжалгыз отурууга көнбөй койдум, силердин бул жерде экен ырыскыңар. “Кетемин” десем мени жекире жаман карап, дасторкон толуп турат, бардыгы болуп турат, ал жакта эмне бар деп уруштуңар. Дулдуюп келип-кетип, жанымда турбайсыңар, жапжалгыз жата бердим, арманымды ичиме ката бердим. Акыры чыдай албай, “кетемин, билет ал” деп, бул жакка баса бердим.
 
Үйүмдө жалгыз турам, кээде неберем “Бабушка, кандайсың” деп кирип калат, эки-үч күн жүрүп калат, атаңа айт сагындым келсин десем, атасы келет да, тамак ашты алдыма үйүп салат. Бошобой жүрөм апа, сага дагы эмне керек, баары бар деп көңүлгө бүлүк салат. Жыттагым келип баарын, көкүрөк бук болуп барат эчен, карылык, сүйгүнчүк кезди да алат экен, небере болсо деле алыстап калат экен.
 
Эх кулундарым, силерге мээрим чачып, өтпөдү беле аттиң, бүткүл ай, бүткүл жылым. Алыстап качасыңар, тамак-аш менен мени бастырып жатасыңар, мага эмне бир чайнек көк чай менен бир сындырым нан жетет.
 
О, дүйнө босогосу жакындап келет мага, балдарым, сен берген оокат ашты кошуна келин деле берет мага. Көп нерсе кереги жок, жыттайын бешенеңди, жылуу жүз, жылуу сөзүң керек мага. Силердин аманыңар, жаркыган жамалыңар белек мага.
 
Не кылмак элеңер эх, мен бир мерез апа болгонумда, Кызым деп кырк буралбай, уулум деп жүз бүгүлбөй, болбостон көөнүңөрдүн борборунда, жылытпай мээримиме, карабай көңүлүңө, тамак-аш кийимге ороп-чулгап койгонумда. Не кылмак элеңер эх, кичине кезиңерде силерден качып кетсем, бардыгын алып берип, алдыңа салып берип, карабай басып кетсем. Не кылмак элеңер, эх!
 
Кулундарым, мурдагыдай балдарым бойдон эле калгылачы. Эч болбосо үч күндө бир жолудан телефон чалгылачы!
 
Бул чыгарма жөн жерден жаралган жок. Болгон окуянын, болгон каармандын образында айтылды. Оштогу “Ынтымак” телеканалынын жаңы ачылып жаткан “Ырыстаң” көрсөтүүсүнө конок болдум. Ыр окудум, суроо-жооп болду дегендей. Андан чыгып үйгө кирип баратсам, кол телефонума коңгуроо келди. Бейтааныш номер. Алсам жашап калган чоң эненин үнү. Абдан салабаттуу сүйлөгөн, билимдүү чоң энедей сезилди. Бардык сөзү так, даана, ойлору ырааттуу:
 
“Улукбек, кандай балам? Иштериң жакшыбы? Сен мени тааныбайсың, сени телевизордон көрүп, студиядан телефон номериңди алдым. Базарда араба тартып жүргөн баланын арманы муунумду бошотту, менин да сага айта тургандарым бар” деген эне мага сөз бербей сүйлөп жатты, мен кунт коюп угуп турдум.  Арасында “мен ушундай көп сүйлөйм, тажабай угуп кой эми, сексен жаш оңой дейсиңби”, деп коет.
 
“Уксаң балам, менин эки уул бир, кызым бар. Эң улуу кызым алтымышта, көп жыл мугалим болуп иштеп, пенсияга чыкты. Ортончум органда иштеп, азыр отставкадагы полковник, Бишкекте турат. Кичүү уулум кырк бешке чыкты, Ошто аэропортто иштейт. Баарын тең окуттум. Кичине уулум үч жашта экенинде жолдошум каза болгон. Мен Ошто автовокзалдын маңдайындагы үйлөрдүн биринде жашайм. Чоң эне маал-маалы менен угуп атасыңбы дегенчелик кылып “Балам, шашылыш эмессиңби?” - деп коёт. Бирдиги аябай көп экен. Болгондо да "Мегакомдон" "Билайнга" чыгып жаткан. Өткөн турмушу, учурдагы абалы тууралуу шашпай баяндады. Акырында “Уулум, менин атымдан, жалпы энелердин атынан ушул айткандарымды жаз, жанагы арабакеч баланын арманындай кылып жазсаң. Акчасын деле берем. Садага, акчадан зарыксаң келип сура тартынбай. Макул балам, калемиң курчусун, элге кызмат кыл. Сени көп кармадым, аман бол!” - деди да телефонду өчүрдү.

Энеге боор оорурду, же жек көрөөрдү билбей туруп калдым. Акчадан зарыкпаса, эч нерседен кем болбосо... Кызык...

Улукбек Омокеев



#20 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 30 May 2014 - 18:26

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү комузчу, залкар талант Нурак Абдырахмановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кыргызстандын туңгуч президенти Акаев Аскар Акаевичтин
КӨҢҮЛ АЙТУУ телеграммасы:

Урматтуу мекендештерим!
Кыргыз улуту үчүн оор жоготуу болгонун, заманыбыздын залкар таланты, белгилүү комузчу, күүчү, устат Нурак Абдырахмановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Нурак Абдырахманов кыргыздын салттуу музыкасына гана эмес, жалпы фольклорго ат көтөргүс салым кошкон залкар инсан эле. Анын кайсы гана чыгармасын алып карабайлы, адамды ойлонууга мажбурлаган, жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан улуу ойлор айтылат. Нурак Абдырахманов кыргыздын салттуу музыка жанрына ийгиликтерди гана тартуулап тим болбой, чоң жаңылык, өзгөртүү киргизди. Ал илгертен келе жаткан кыргыздын күү ыргактарын классикалык нукка буруп, “Улуу Тоолор”, “Ата Мурасы” “Соң-Көл”, “Сары-Өзөк” сыяктуу бир нече мукам күүлөрдү жаратты. “Улуу Тоолор” аскасы асман тиреген кыргыздын залкар тоолорун, табиятын мукам кайрыктар менен элестетсе, “Сары Өзөгү” казактын даркан талаасында желип бара жаткан желмаяндын образын көз алдыга тартып, “Соң-Көл” күүсү кыргыздын керемет жайлоосун, көлүн, кооз табиятын сүрөттөйт. Нурак Абдырахмановдун залкар талантын толук сүрөттөөгө кагаз бети чак келбейт.
Нурак Абдырахманов залкар талант гана эмес, адамгерчилиги жогору, нарктуу кыргыз аксакалдарынын катарын толуктап турчу. Ал өз улутунун келечегине кайдыгер карабаган инсан катары коомдук турмушта жигердүү атуулдук позицияны карманган аксакал катары кыргыз элинин назарында эле. Мен мамлекет башчысы болуп турганда Нурак Абдырахманов менен коомдук-маданий иш-чараларда, жеке өзүмчө бир нече ирет жолугушуп, кеңири баарлашып, анын талант катары гана эмес, адам катары дагы улуулугуна таң берген элем.
Нурак Абдырахманов бактылуу карылык доорду сүрүп, элине, келечек муундарга калыс сөзүн айтып, сый көрүп турган маалда 67 жаш курагында дүйнө салып кете берди.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза кайгысын тең бөлүшөм. Залкар таланттын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан Алла жаннатынан насип кылсын!


Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев
Москва шаары.

8CD1698D-25E5-4A4E-967C-9E1858FA4C92_cx8

tak_teke1.jpg


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар