Перейти к содержимому


Фото

Жакты... Кайдыгер боло албадым...


  • Please log in to reply
темада 130 жооп бар

#21 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 30 May 2014 - 20:11

Бугун мен силерге кайын энеси менен келинин ортосунда болуп откон бул улгулуу окуяны айтып берейин деп турам. Бул окуя азыркы кездеги илим ээси тарабынан айтылган окуя. Бир ирээт куйоосу аялына “ Бугун кечинде тойканага (ресторанга) барып, тамактанып келбейлиби ” - деп сунуштайт. “ Жок, мен барбай эле коёюнчу, менден татыктуу бир аял бар, ошону тойканага чакырбайсынбы ” - деген аялына тан кала караган куйоосу,“ Кайсы аял тууралуу соз кылып жатасын? Мен андай эркектерден эмесмин. Башка аялдар менен журго. Мен сага тойканага барып тамактанып келели десем, сен мага башка аял менен бар дегенинди кандай тушунсо болот? Тамаша кылып жатасынбы же чын элеби? ”.
- “ Жок, менден башка аялды деп, мен апам тууралуу айтып жатам. Сен баласы болгондон кийин ошол апамды тойканага алып барып, тамактантып, апамдын конулун которуп койгонун дурус болоор? ” Элестетип көргүлө эми ушул акыбалды, кандай гана Аллахтын Мээрими ыроолонгон акыбал. Кандай гана ыйманга толгон акыбал! “ Мен бүгүн сени менен тойканага барбай эле коёюн, себеби сен апанды ал жерге алып барып, апандын ыраазычылыгын ал ”- деген келиндин созу канчалык мактоого татыктуу жана Аллахтын алдында суйкумдуу! “ Чынында, сен апама коптон бери конул бурбай, байкуш апам унутта калгансыйт. Ошол себеп, бугун апамды тойканага алып барып, аны менен сейилдеп, апамдын конулун которуп кел. Апамды алып барып кел тойканага.” - деген аялынын кебин угуп, куйоосу: “ Аллах сени жакшылыгы менен сыйласын ” - деп, апасына телефон чалат.
- “ Апа, азыр мен сиздикине бара жатам. Жакшы койногунузду кийип даярданып турунуз. Тойканага барып чогуу тамактанып келели.
- Апа, экообуз эле.
- Чын айтып жатасыңбы, балам? Же тамашанбы?
- Тамаша эмес апа. Даярданып турунуз, азыр барып калам. Уйлонгон бурадарлар арасында канчообуз апанарды тойканага тамактанганга чакырдынар эле? Баласы апасынын уйуно жетип, апасы экоо тамактанганы тойканага барышты. Ал жерден чыккан сон, баласы менен бак аралап, сейилдеп журушту. Ошол куну апанын журогу кубанычка толду. Ал үчүн ушинтип баласы менен сейилдеп, баласынын жанында болуу ото чон жакшылык эле. Мейли тойканада эмес карандай кара жерде тамактанышса да, ушинтип баласы ага конул болуп, жакшы мамиле кылып, аны менен бирге болгонуна да эне журогу ыраазы болоор эле. Аялы менен балдарынын машактынан баласы аны унутпай конул болуп, убакыт таап келгени эле ал учун чон жакшылык эле. Ошол кун эне учун озгочо кубанычтуу кун болду. Ыраазысынбы апа ”- деген баласына, ошол замат “ Ыраазымын. Кудайга шугур ” - деген жообун берди, тайсалдабастан.
- “ Колум бошогондо дагы ушинтип тойканага барып келели апа. Макулбу?”
- “Жок балам, эми мен сени чакырам тойканага. Сен кел ошондо, макулбу?
- Уят го, апа!?
- Жок, уят эмес, мен чакырам, анын эч кандай оорчулугу жок мен учун” - деп, апасы менен баласы ажырашкан экен. Арадан айлар отуп, баласынын жумуштан колу бошобой журуп, энеси бул дуйнодон отуп кетти. Энесин жерге жашырып дагы арадан бир жума откондон кийин, балага эки кишиге тойканага чакырык кагазы келди. Кимден болду экен деп тан калган биздин бурадар, аялын ээрчите, так ошол апасы менен акыркы жолу болгон тойканага келишет. Ал жерден тейлоочу кызматкерлер, тамак менен кошо энесинин катын алып келип беришти. Ал катта мындай сөздөр бар эле: “ Уулум, сени бул жерге чакырайын десем, жумуштан колун бошобой жатат. Сенден Аллахым ыраазы болсун. Аллахтын алдында берген убадама турайын деген ой менен, менин ордума келинчеги менен тамактанып кетсин деп, сени бул жерге чакырып отурам, менин ордума келинчегинди ушул жайга чакырууну эп кордум. Ал байкуштун балдар менен отуруп, эшикке чыкканга убактысы болбой жатканын баамдап жатам. Мени ойлоп, менин конулумду которгонуно мен ыраазымын. Аллах силерден ыраазы болуп, жакшылыгы менен сыйласын " - деген, акыргы ыраазычылык катын окуп, баланын козунон, энесине жана аялына ыраазы болгон жаштар агып кетти. Аял жакшы болсо, эркек эч качан кыянат кылбайт. Жана жакшы аялдын арты менен, жакшы ийигиликтерге жетет.Куйоосун сыйлаган аял, атасын сыйлаган менен барабар.

У. Амираева.


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#22 Anhel

Anhel

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 54 билдирүү

Жиберилди 01 June 2014 - 17:06

Когда умер В.Цой все стали
рокерами! Когда умер 2Рас
все стали рэпперами! Когда
умер М.Джексон все стали
танцорами! Живи долго
Кончита!!! Айланайын, ушу
сен оло корбо!

Айжашка Руффо

#23 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 01 June 2014 - 21:17

Бугун атам кундогундой уйго мас келди, дагы апамды ура баштады.  Ар дайым коркуп бурчта отурчу, мен негедир бугун болуша кеттип апама, муштумум кичик болсо да, "Апамдын жанын оорутпан" деп ура бердим атамды. Мени бир туртуп, кайра эле чапты апамды, бурча барып жыгылды, козун жумуп алып уктап жаткандай, кубара тушту жан апам.

Кыйкырып "тийбен апама" муштадым мен да атамды, кармап алып колумду каткырып кулду камрабай.

Когала болгон денеси, айрыла кеткен илеби апам байкуш турбастан, жатат полдун устундо.

Турсаныз апа тактадан, отуп кетет астына, жатчы туруп суранам, жумшак тошок краватына. Турунуз апаке, тура кой, эч болбосо козун ач, коркутпачы суранам, качып мындан кетели, жаным апам ойгончу, апаке, жан апа ...

Ушул убак эшик такылдап, кирип келди бир киши, атам ага карай басып, колуна алды бычакты.

Ызы'чуудан мен болсо жоготупмун озумду. Бир убак мага карап, бейтааныш эле эжеке:

-  Кандайсын Мирлан жакшыбы, чочуулабай мени ук, жакшы бала экенсин, апан сенин тээ асманда, айтырып жиберди сага салам. Ыйлабасын деп айты, журом мен анын жанында, жашайм даайым мобул жеринде деп (журогумду корсотту). Апан сени менен, айтканыны сен кылып, ыйлабайсын ээ,- деди.

Анан дагы бул жерде тетиги караул байке болот сага атаке, мобул ашпозчу эже болот сага апаке, а мен сага жардам берем, окуганды уйротом, кеч жатканда сага да жомокторду айтамын, бул жерде коп балдар бар, болот алар сага дос, тил табышып бат эле ага'ини болосун. Кеч да кирип калдыго, жур жаткынын эми сен, эрте менен эртелеп таанышасын баары менен...

Эми менин уйум ушулбу, неге кетти асманга, менин суйуктуу апакем, эми мага келбейби, алпкетпейби бул жерден, чындап эле апаке келбейсизби сиз эми, озумо озум суйлодум, ооруду го эжеке корсоткон, мобу жерим, эми сиз шул жериме кантип кирип алдыныз...

Сырта добуш угулду, ким экенин билбедим.

Уктадыбы Мирлан деп, суйлогону угулду.

Эртен койот жайга апасын, атасы болсо камалды, эки киши олуму мойнуна илинди жазасы. Кыйын болду балага, апа олду, ата абакта...

Кулагым менин тунарды, козумдон жаш чубады, жек кором ичкен атамды, кайтса эле болду жан апам, эми корбоймунбу апамды! Эх апакем, апакем, оорутпачы мобу жеримди. 

 

Анда мен уч жашта элем, азыр мына бой жеттим, було кутуп турамын. Апаке сага соз берем, кандай кырдаал болсо да, тук оозума албаймын, мен ичкилик!!!


Сенин журогундун Жарыгы..


#24 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 03 June 2014 - 15:45

Jaryk, орусча билдирүү калтырууга болбойт. Которуп киргизип көрүнүз. 


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#25 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 03 June 2014 - 23:56

Jaryk, орусча билдирүү калтырууга болбойт. Которуп киргизип көрүнүз. 

Макул.


Сенин журогундун Жарыгы..


#26 Jalt

Jalt

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2278 билдирүү

Жиберилди 11 June 2014 - 15:41

Бир шаардын кире беришинде бир карыя жашачу экен. Бир жигит ал шаарга келе жатып карыядан сурайт; - Саламатсызбы ата, бул шаарда кандай адамдар жашайт?

Карыя баланын узак сапардан келе жатканын байкап, -Сен кандай шаарлада болдуң, кандай адамдаоды жолуктурдуң? деп сурайт. Жигит;- өзүмчүл, көралбас, бир бирин капа кылган адамдарды жолуктурдум....

карыя;- бул жерде да ошондой эле адамдар жашашат..дейт.

Бир топ убактан кийин дагы бир жигит келип калат; - Саламатсызбы ата, бул кандай шаар? кандай адамдар жашашат? деп сурайт; Карыя;-Сен кандай жерлерде болдуң? кандай адамдарды жолуктурдуң? деп сурайт...

- Мен барган жерлерде эли меймандос, ак көңүл, ынтымактуу адамдарга жолуктурдум..

- Бул жерде да ушундай адамдар жашайт балам...деп узатат.

Мунун баарын байкап отурган бир адам карыяга келип, - Сиз эмнеге эки адамга эки башка жооп бердиңиз? деп сурайт.

Карыя;-Ар бир адамдын жүрөгүндө өзү тандаган аалам бар, эгерде ал барган жеринен эч жакшы нерсе таппаса, бул жерден тапмак беле....жакшы ниет менен жүрсө жакшы адамдар жок эмес....ар бир адам өзү каалаган нерсени табат.....деген экен...


Нужно всегда улыбаться, кому-то искренне а кому-то на зло.....


#27 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 16 June 2014 - 18:36

Бул сүрөттүн баянын билчү белеңиз?

 

Кевин Картер,
Африкада ачкачылыктан өлөйүн деп жаткан кара терилүү наристе кыз менен анын артында туруп баланын өлүмүн күткөн куштун сүрөтүн тарткан болчу.
Бул сүрөт менен Картер 1994-жылы Пулицер сыйлыгын алган. Сыйлыкты алгандан 3 айдан кийин өзүн-өзү өлтүргөн. Өлөөр алдында жазып калтырган катта:" Баланы өлүмдөн сактап кала алат элем. Фотоаппаратымды жерге коюп, аны кучагыма алып, тез жардам үйүнө алып барсам болот эле. Ал бала өлүп аткан кезде журналист, фотограф экенимди гана ойлогом. Азыр болсо баарынан мурун адам экенимди ойлоп атам..."

 Bilimsel Makaleler.

10432972_749986548366808_273067414624596


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#28 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 16 June 2014 - 18:57

376586_10151052524930894_1607626841_n.jp

Бул иллюзияны япониялык психиатр Акиоши Китаока ойлоп тапкан. Анын айтымында иллюзия сабырдуу жана бирдей калыпта жүрчүлөргө, эс алуусу жайында болгондорго эч бир кыймылды көрсөтпөйт. Эгерде сиз үчүн ал кыймылдап жатса, анда сиз 8 саат уктап, эс алууңуз керек. А эгерде иллюзия өтө бат кыймылдап жатса, анда тезинен ооруканага барууңуз зарыл.

Автор: Шүүдүрүм )


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#29 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 17 June 2014 - 12:14

"Качан сүйүү бүткөндө бирөөсү сөзсүз жабыр тартат. Эгер, эч кимиси азап чекпесе анда сүйүү болгон эмес. А эгер экөө тең кыйналышса, анда сүйүү өлгөн жок!!!!"

 

Фейсбук. Райкан Абдразакованын көчүрмөсүнөн көчүрмө).


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#30 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 30 June 2014 - 13:12

27-ноябрь, 2012-жыл. Бул куну мен бир башкача чойрого катталдым. Ал жерден мен эн сулуу, бирок жонокой, ыймандуу, дили таза кызды жолуктурдум. Менин оюм мурун башкача эле, сулуулардын ички дуйносун башкача элестетчу элем. Бирок ал такыр башкача. Аны коргондо башкача боло берем. Ал мени жоош, уялчаак деп ойлосо керек. Себеби мен анын жанында болгондо соз таппай калам. Ал менен дос болдук, бирок мен аны жакшы кором... Мени дос катары корот. Билем, ага жакшы корушумду айтсам мен аны жоготуп алам. Аны жоготуп албаш учун болгон аракетимди жумшайм. Ал мени башка кыздарды жакшы корот дейт, бирок андай эмес. Мен аны жакшы кором. Жарык эже айткандай анын да менде конулу бардыр. Ким билсин. Эмнеси болсо да ал менин досум го. Мени тушунот деген ойдомун........

 

 

Сагындым..эч ким,эч нерсеге карабай Ош тарапка кетким келип жатат..Анткени ал жакта мага жакын деп эсептелген инсандар бар..Азыр алар офисте олтурушат..Бул билдирүүнү окуганда(окуса эгер) жүздөрүнө жылмаю уялайт)))

 

Биринин жакшы көргөнүнөн, биринин сагынганынан го.

Биздин форумдун кичинекей жөжөлөрү!. Аман болгула силер, жакшылыктар коштосун сезимиңерди.

 

Хулиганка, курут-май жасап жатасыңбы? )


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#31 Jibek

Jibek

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 392 билдирүү

Жиберилди 30 June 2014 - 13:25

Козутай десе...  :ыйлоо:

 

"Бул ыр негизи болгон окуядан жаралган,мындай көрүнүштөр биздин Кыргызстанда көп кездешет.Мен өзүм жолугуп сураганда, ал жаш бала мага болгонун айтып берген,ал бала бирок кирпич эмес каропка чогултчу эле.Бул сүрөт интернеттен алынган.Бул бала да мен көргөн балага окшошуп кетет экен.Ээ Аллахым бактылуу балалык берчи жаш бөбөктөрүбүзгө.

Күйүтүм батпайт ичиме,
Күн деле барам ишиме.
Корголоп мени багарга,
Ата-энем жок үйүмдө.
Эркелеп үйдө жатууга,
Энекем жок төрүмдө.

Жакшы сөзгө муктажмын,
Кыш ташып мында устамын.
Энемдин болсом боорунда,
Кумардан такыр чыкпасмын.
А бирок андай чамам жок ай,
Апакем келбес жайдасың.

Көргөндөр көңүл бурушпайт,
Көз жашым агып тыпылдайт.
Көргөзбөй аарчып жашымды,
Калкалап багам башымды.
А бирок белим ката элек,
Сезбедим жап жаш чагымды.

Барарга үйүм болсо да,
Тартпады көңүл чамасы.
Аттиң ай жеңем зиркиреп,
Келе деп тапкан акчаңды.
Беремин бирге жейли деп,
Адалдап тапкан ак нанды.

Мектепке окуй албадым,
Мен азыр кандай баламын.
Жазганды,окуп билбесем да,
Акчаны санай аламын.
Көр турмуштун айынан,
Ал жагын жакшы чагамын.

Энелик мага мээрим жок,
Ээрчишип басчуу теңим жок.
Эстесем кээде бош болуп,
Эх чиркин ичим жалын чок.
Башкалар жүрөт бир басып,
Баш оруу жок көңүл ток.

Аллахтан жардам сурайын,
Акылдуу кылчы ылайым.
Ак жолдон табып акчамды,
Ак сарай куруп салайын.
Акылга толуп чоңойсом,
Ак иштеп кылам далайын.

Акыл азуум чыкканда,
Жыйырма беш жаштан ашканда.
Ыймандуу кызды табамын,
Колукту кылып аламын.
Кордогон азыр жеңеме,
Ошондо жолдойм саламым.

30.06.2014
С.Э.Т.(Эгемберди Сатыбалдиев)

10353638_735183353212078_583001339498344"


Оо адамдар! Мен жаңырык болдум, силер сүйлөгөндү кайталадым! 

"Не лезь с советами к тем, кто их не спрашивал. Цени себя, своё слово, свои мысли". Бернард Шоу. 


#32 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 04 July 2014 - 13:44

Майып бала Кыргызстан жөнүндө ырдап жатты. Залдан отургандардан бирөө чыгып, балага 50 сом карматты. Бала ырдап бүтүп, акчанын жарымын кайрымдуулукка деген кутуга салды. Бул баланын көргөн залдагылар жабыла кутучага акча таштап жатышты...

Кайрымдуулук-өлчөмдө эмес...

 

Фейсбук: Токтосун Шамбетов. 13:33. 4.07.2014


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#33 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 04 July 2014 - 15:27

https://www.facebook...&type=2


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#34 Sinus

Sinus

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 35 билдирүү
  • facebook:bar

Жиберилди 08 July 2014 - 16:15

"Бакыт деген эмне?".

Ушул суроону берип адамга эмне жетишпей жатканын билип алууга болот.

 

Ушундай жазылыптыр бир досумдун өздүк барагында. 

Жакты.

Кайдыгер боло албай койдум :)


,,,


#35 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 09 July 2014 - 13:56

—Ааламдын мейкининде бир дүкөн бар экен. Сыртында эч кандай жазуусу жок экен. Катуу шамалда учуруп кеткендиктен, ээси кайра башканы илбептир, анткени ал жакка баруучу жолду баары эле билишчү экен. 

Дүкөндүн ичинде көптөгөн нерсе бар, бул жерде каалаганың сатып алсан болот: чоң-чоң хталарды, батир, үй бүлө, президенттин ордун, акча, бала, жакшы иш, сулуу келбет, сынакта жеңүү, машиналарды, бийлик, ийгилик жана көптөгөн көптөгөн башка нерселер. Бир гана жашоо жана өлүм жок эле. 

Ар  бир дүкөнгө келген адам биринчи кезекте каалаган нерсенин баасын билишчү, а кээ бири бул дүкөнгө такыр келбей үйүндө эле жата берген.

Баалар ар кандай эле,  мисалы: жакшы көргөн ишиң алуу үчүн  өзүңө ишеним артып, өзүң каалаган жерде иштегенге эрк болуп, каалабаган жерден кетип калуу, убактыңдан,  ашыкча жыргал ырахаттан баш тартуу керек эле.  
Бийлик кымбатыраак: өзүмчүлдүктөн баш тартуу, кандай гана жайдайда туура түшүнүк табуу, кээ бир нерселерге жок деп айта алуу, өзүнүн баасын билүү, башкалар туура дейби, туура эмес дейби "мен" деп аткан сөздөрүнө бекем турганды үйрөнүү керек эле.
Кээ бир баалар таң калычтуу эле- турмушка чыгуу бекер эле, а бактылуу жашоо үчүн: жоопкерчилик, жашоонун ырахатын билүү, каалоолорун билүү, бар нерсени барктоо, башка бирөө үчүн өзүн "курмандык" кылуудан алыс болуу, дос-душмандын сөздөрүн көтөрө алуусу эле. 
Келген кардардын баары сатып алышпайт болчу, кээ бири баасын билип эле артка бурулчу, кээ бири копкө ойлонуп, эмне жетишпегенин толуктоого аракет жасашчу, а кээ бири өтө кымбат экен деп арызданып "распродажа" бар бекен деп издешчү.
А бир адамдар болгон каражатын топтоп каалаган нерсесин жакшынакай кагазга оротуп алып кетишчү. Сатып алган адамдарды башкалар көздөрү күйүп карап калышчу, бул дүкөндүн ээсинин таанышы экен деп сөз кылып кала беришет эле. 

Дүкөн ээсине дайыма бааларды төмөндөтүшүн суранышчу, бирок ал такыр макул болчу эмес, анткени мындан адамдардын кыялдануунун баркы жоголушун айтып.
Анда ээсине "банкрот" болуп калуудан коркпойсузбу деп сурашса, ал "жок" деп башын чайкачу. Анткени ар бир коомдо, ар бир заман мезгилинде өз кыялы үчүн күрөшкөн кайраттуу адамдар болоорун, алар өздөрүнүн күчүнө ишенип, болгон аракетин жумшап сатып алууга кудуреттүү адамдар болот деген. 

Дүкөндүн эшигинде жүз жылдан бери "Эгерде сенин кыялдарың орундалбай жатса-анда сен ага төлөм төлөй элексиң" деген жарыя илинип турат.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#36 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 11 July 2014 - 18:38

10437385_1508120376085877_58525002080596


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#37 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 11 July 2014 - 18:43

:ыйлоо:

10488158_273495372855871_331762311835743

10464391_1476638202579255_29428161602946


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#38 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 15 July 2014 - 02:18

"Кабырдын Тирүү адамга кайрылуусу" Пенде көз жумуп кабырга койулгандан баштап, биринчи денесинде , курсагынан баштап төмөн, жыныс мүчөлөрү түсүн жоготуп,… сасып, чирүү процесси ошол жерден башталат! Ошондуктан Адам баласы курсагы менен жыныс мүчөсүн таза кармап эле тим болбостон, арам жеп курсак чыгаруудан жана зынаа иштеринен сактоосу да зарыл! Демек кабырда адам баласы, биринчи кезекте, бул дүйнөдө эң керектүү болгон дене мүчөлөрүнөн ажырайт! Андан кийин бүт дене түсүн өзгөртүп көгөрө баштайт. Кабырга койулгандын 2 чи күнү , боор, өт, өпкө, ичегиси , сасып ирий баштайт. 3 чү күнү мүрдөнүн денесинен өтө каңырсыган жыт чыга баштайт. 7 чи күнү, жүзү шимириле баштайт.көзү агып , тили, жаагы шимирилүү прцессине кабылат. 10 күндөн кийин дене ичиндеги органдар , ирий баштагандыктан , мурунку сөлөкөтүн жоготуп, шимирилип калат. 2 жумадан кийин чач түшө баштайт.Ал эми 15 күндөн кийин 5 км ден өлүктүн жытынан сезип , мүрдөнүн денесине көгөн чымындар чогула башташат жана курттар бүт организмди ээлеп алышат! 6 ай өтүп, сиз баягы денеден калган скелеттен башка эч нерсе таппай каласыз! 25 жылдан кийин скелет структурасы да топурак күкүмүнө айланат.Бирок ушул күкүмдүн ичинде , көзгө көрүнбөгөн кабыкчалуу сөөк болот. Кыямат күнүндө мына ушул кабыкчалуу сөөктөн адам кайра тирилет! Кабыр ( мүрзө) тирүү адамга бир күндө 5 жолу кайрылат жана чакырат: " ОО Адам баласы! Мен жалгыздыктын үйүмүн! Менде жалгыз гана жатасын тээ кыяматка дейре! Ошондуктан тирүүңдө Куран оку. Жана кабырда жатканыңда сага дос болот! Оо адам баласы! мен капкараңгы, түнт , караңгылыктын үйүмүн! Мага келип жалгыз караңгылыкта жатканыңа чейин! Түнкү( тахажуд) намазын тирүүңдө окуп , кийин кабырыңда, жарык кылып туруучу чырак кылып ал! Мен чаң топурактан башка өкүм сүрбөгөн чаңдын үйүмүн! Тирүүңдө сооп иштерди кылып, кабырда жатканыңда, сооп иштериңден астыңа жумшак төшөк , көрпө кылып ал! Мен уулуу Чаян , суук түстүү жыландардын үйүмүн! Сенин денеңди кабырда чагып талаганда, ооруну тоотпогон уусуна каршы , тирүүңдө АЛЛАХТЫН атын көп атап, ууга каршы тоотпогон даарыңды даярдап ал! Мен сурак алуучу, Мункар менен Накир периштелеринин үйүмүн! Алар сүрү менен сени сүрдөтүп суроо берип, тилиң иштебей калганга чейин, тирүүңдө " Ыйман келмесин көп кайталап тилинди да дилинди да даярдап ал! Сен көп күнөө кылдың! Кыяматтагы сенин акыбалың ташты да ыйлата турган акыбалда!!! " Мен кабырмын ! Мага жалгыз келесиң , кыяматка дейре же кабыр сени кысып азаптайт! Же кабыр сага кеңейип тынчтыктын жайы болот!! Сага бир гана нерсе жардам бере алат. Ал да болсо сенин азыр жер үстүндө тирүү жүргөн убактың" /jannat sari bir kadam" блогунан/ ***************************- Орозодо ар бир диндеги амал ишиңиз 700 эсеге көбөйүшүн унутпаңыз!

Сенин журогундун Жарыгы..


#39 Sinus

Sinus

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 35 билдирүү
  • facebook:bar

Жиберилди 21 July 2014 - 18:09

"Бүгүн ал мени эмнеге мээлей кийбегенимди айтып урушту.

Келесоом десе! Мен анын колдорунун жылуулугун сезүүнү каалаганымды билбеди да".


,,,


#40 Sinus

Sinus

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 35 билдирүү
  • facebook:bar

Жиберилди 21 July 2014 - 18:15

"Жакшы адамдар жакшы сайттар сымал. Кошумча "кызматтарын" алуу үчүн алдын-ала катталуу керек" дейт. :)


,,,



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар