Перейти к содержимому


Фото

Жакты... Кайдыгер боло албадым...


  • Please log in to reply
темада 130 жооп бар

#41 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 23 July 2014 - 12:55

i-7114.jpg


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#42 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 30 July 2014 - 19:25

Мукай Мукай: Өзү менен өзү сүйлөшө берген адамдар, эмне себептен сүйлөшүп калышат билбейсиңерби?)) 

Назима Алмазбековна : " Мен да өзүм м.н өзүм сүйлөшөм. Жакшы адам м.н сүлөшкөн кандай жакшы!


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#43 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 04 August 2014 - 12:43

Дүйнөдө ким бай?

Акчасы бар эмес-апасы бар. Акциясы бар эмес-атасы бар. Бюджети бар эмес-тууганы бар. Сюжети бар эмес-сүйгөнү бар. Жакшы машинасы бар эмес-жакшы кошунасы бар. Буудайы көп эмес-Кудайы бар, Ишканасы бар эмес-Исламы бар. Мыйманы көп эмес-ыйманы бар. Талаасы бар эмес-баласы бар. Мерседеси бар эмес-медресеси бар. Алтыны бар эмес-акылы бар. Таанышы көп эмес-жакыны бар. (эгерде ушунун баары сенде болсо, куттуктайм... СЕН БАКТЫЛУУ АДАМ ЭКЕНСИҢ!


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#44 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 04 August 2014 - 12:46

Бакыт - бул аптеканын жанынан өтүп баратканда кирбей басып кеткенин:анткени эч жериң оорубайт.
Бакыт- бул дүкөнгө кирбегениң: анткени сенин үйүңдө баары бар.
Бакыт- бул үйгө шашылганың, анткени  үйдө сени баардыгы күтүшөт.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#45 vais

vais

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 573 билдирүү

Жиберилди 06 August 2014 - 21:51

Дарыянын шар акканы жана орто жерден артка кайтпаганы жакты!



#46 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 25 August 2014 - 21:04

Кайда жүктөөнү билбей койдум. Ушул темага туура келчүдөй экен.

 

Эркек канчалык адамдар менен жакшы мамиле курбасын бирок аялы менен корс болсо ал ийгиликсиз адам. Ар бир эркек аялы менен тил табыша албаса ал көпкө узабайт.Эркектин ийгилиги аялга байланган. Аялдын ийгилиги эркекке байланган.Эки тараптан тен көз каранды. Даанышмандар айтчу экен аялдарына : Эгерде адамдардын бардыгы мен тарапта болуп сен гана мага каршы болсон, анда мен ийгиликтүү боло албайм.
Үйбүлө жакшы жашаш үчун жакшы сөзүнүздөн аябаныз Ата-бабаларыбызда бекер айтпаган “жакшы сөз жарым ырыс” деп. Жакшы сөздү сүйлөш сизге эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт.

Пайгамбарыбыбыз алейхи салам айтты : Ким Аллага акыретке ишенсе жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын.
Алла Таала ыйык куранда көп жерде бизге жакшы сөз сүйлөөгө буйруган.

Алла Таала айтты : Адамдарга жакшы сөз сүйлөгүлө ( Бакара 83)
Аларга жакшы сөз сүйлөгүлө ( Нисаа 5)
Алладан корккула түз сөздү сүйлөгүлө ( Ахзаб 80)


Жакшы сөз сүйлөөгө Алла Таала буйруп жаткандан кийин бул ишти аткарсак бизге сооп жазылат.Сооп жазылган иш бул ибаадат болуп саналат.Элестетип көрүнүз ар бир айткан жакшы сөзүнүз ибаадат болуп жатат.

Жакшы сөз сүйлөөнүн мөмөсү
- Сообу чон

- Сүйүүнү күчөтөт

- Ачууну басып мамилени бекемдейт

- Жакшы сөздүн артынан жакшы сөз угасын

- Ортодо талаш тартышты жок кылат

- Жүрөк тынчылыкта болуп сүймөнчүлүккө ээ болот

- Талактан алыс болот

- Шайтандын белин сындырат

- Аялына жакшы сүйлөгөн сайын күйөөсүнө жакшы баш ийе баштайт.Күйөөсүнө жакшы сүйлөсө күйөөсү мээрбан боло баштайт

- Балдарыбызга чон тарбия үлгү болот


Эмнеге эркектер аялдарына жакшы сөз сүйлөөдөн баш тартат деп эркектерден суралганда, көпчүлүгү ушул жооптордун тегерегинде айтышкан.


- Ал сөздү айтсам аялым шек санап баштайт

- Аялымдан жакшы сөз укпайм

- Мындай сөз айтууга үйрөнгөн эмесмин

- Ал ага татыктуу эмес

- Ага калп айткым келбейт жаман көрсөм кантип жакшы көрөм деп айтайын

- Жакшы сөз сүйлөө эсиме деле келбейт

- Жашоо турмуштун айынан ага жакшы сөз сүйлөөнү деле унутуп коем

- Бардык жагын камсыз кылсам ага жетиштүү

Жакшы сөздүн түрлөрү
- Ачык дуба кылуу

- Аны мактоо

- Кыйынчылыктарда бир болуу аял капа болсо куйөө көнүл айтуу.Эркек кайгыга түшсө аялы көнүл айтуу.

- Кечирип кою жана кечирим суроо

- Ыраазычылык билдирүү урматтоо

- Жакшы чын соз менен тамашалап эркелетүү

 

Жакшы сөз айтуунун жолдору
- Түз эле айтуу

- Телефон менен айтуу

- Смс аркылуу айтуу

- Же кат аркылуу жазуу

- Ырайым назар менен карап жылмаю

Кантип аялынды баш ийдире аласын?
- Аллага чынчыл бол аялын сага чынчыл болот

- Аллага тобекел кылып Ага дуба кылуу

- Эркек үлгү болушу керек

- Сен ага жумшак болгун ал сага мээрбан болот

- Аялынды эч убакта күч менен баш ийдире албайсын. Ушунча жыл корс күч колдонуп аялын сага баш ийип калдыбы.

- Эркек аялга жоопкерчиликтүү атадай ага тарбия бериш керек буйрук эмес

- Төшөк акысын толук бер

- Аялындын жакындары менен жакшы мамиледе бол

- Өткөндү эстетип кек сактаба

- Жөнү жок аялдын иштерине аралашпа

СУРАНЫЧ : Башкалар менен бөлүшүп жакшылыкка себеп болунуз
Ислам таануучу : Мээрбек Эралиев


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#47 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 25 August 2014 - 21:06

Хасан Ал-басрий : Курандын 90 жеринде Алла Таала ырыскыны тагдырга жазып ага кепилдик бергенин окудум.
Ал эми бир эле жеринде шайтандын кедейлик менен коркуткан жерин окудум.
Урматтуу тууганым,Ырыскыдан коркуп ибаадатты таштабаныз.Иштерим көп намазга убакытым жок деген сөздү токтотунуз.
Сиз билесизби сиз өлгөнчө Аллахым ырыскынызды Өз кепилдигине алган.Ал эми сиздин бейишке киришинизди кепилдикке алган эмес.

 


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#48 Zluchka

Zluchka

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 60 билдирүү

Жиберилди 28 August 2014 - 16:44

                                                         ЧЫНЫГЫ БЕЙИШ

  Бир адам жакшы көргөң итин дайыма ээрчитип жүрчү экен. Бир күнү кошуна фермага бара жатып экөө тең кырсыкка кабылып, жан таслим болот. Ошентип, аркы дүйнөгө дагы чогуу аттанышат. Уч-кыйры көрүнбөгөн жолду басып өтүп, жапжашыл гүлбакчага туш келишет. Гүлбакчанын дарбазасында "Бейиш" деген жазуу бар эле. Ичкери кирейин десе, кароолчулар жаныбарлар киргизилбей тургандыгын айтышат. "Анда мен дагы кирбейм, анткени, бул - менин тиги дүйнөдөгү да, бул жактагы да эң жакын досум", - деп, адам андан ары жолун улайт. Дагы бир топ жүргөндөн кийин, так эле ошондой гүлбакчага туш болушат. Ал жердин кароолчусуна суроо салат.:

  _ Бул эмне болгон жер?

 - Бейиш

  - Биз буга чейин дагы так эле ушундай жерди көрдүк, ал эмне болгон жер эле?

      - Ал жер тозок болчу, жалган дүйнөдөн келгендер үчүн акыркы сыноо эшиги болчу. Ал жакка досун таштагандар, өзүмчүлдө анан ач көздөр киришет. Чыныгы достор үчүн чыныгы бейиштин жолу бул жакта, - дейт да кароолчу аларды ичкери киргизет. 

 

 

 

 

 

                                                             (ХАДИСТЕР)

   Кимде-ким диндеш досунжакшы көрсө, жакшы көргөнүн ал адамга билдирсин.

   Достук тар кыяда саналат.

   Жакшы күндөрүңдө баары жаныңда болот. Чыныгы дос гана кыйналган күндөрүңдө да таштап кетпей жаныңда болот. 

   Көркөмдөп сүйлөгүчө көрүнүктүү иш жаса.



#49 Zluchka

Zluchka

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 60 билдирүү

Жиберилди 28 August 2014 - 16:56

                                           КУЧАК ТОЛО КАЗЫНА

  Коңшу айылда бир абдан жоомарт, даанышман карыя жашайт деген ссөздү көп уккан бир жесир аял күндөрдүн биринде ошол карыядан жарлам сурамакчы болуп жолго чыгат. Сураштырып отуруп, карыянын үйүн таап барат да, каралашары жок жесир, үрүп чыгар ити жок жакыр экенин айтып, жардам берүүсүн өтүнөт. Карыя аялдын кучагында наристесин өөп, аялга мындай дейт: "Мен сага каалашыңча алтын берейин. Бирок мен жасаган жакшылыгым үчүн сөзсүз бир нерсе алам. Сенден арзыбаган эле нерсе сурайм, мага балаңдын бир манжасын бер". Аял карыянын өтүнүчүн адегенде тамаша катары кабыл алат. Бирок карыянын олуттуу коз карашынан сестенип, баласын бооруна бекем кысат. "мага балаңдын буттарынын эле манжасы жетет, мен өзүм догдурмун эч оорутпай эле кесип алам", - деп баланын буттарын кармалайт карыя. Анын бул жоругуна, бюир чети таң калып, бир чети андан чочулаган аял артка кетенчиктейт. Береги карыя бир чоң табак алтын алып келип, дале эсин жыя албай турган аялга сунат да: "Мен тырмагына деле ыраазы болом, ал кайра өсүп калат эмеспи", дейт. "Акылынан айныган немего бул" деп ойлогон аял сыртка чыкканча шашашат. Ошондо карыя "Тырмагын да бир табак алтынга алмашпаган казынаң бар туруп жакырмын дейсиң да. Кучагыңдагы бала сенин казынаң эмей эмине. Болгону аны түшүнүшүн керек" деп күлө узатып калат. 

   

 

 

 

                                                                  (ХАДИСТЕР)

  Алла Таала жер менен асманды жаратканда, жүз ырайымды да жараткан. Ошол жүз ырайымдан бири гана жерге түшкөн. Ал-эненин балага болгон ырайымы

   Биз үй-бүлөбуздү, бир туугандарыбызды жакшы көрөбүз, бирок кыйналганда жнебизди эстейбиз   (Н.А.Некрасов)



#50 happykyz

happykyz

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 79 билдирүү

Жиберилди 05 September 2014 - 00:14

Бир уй-булого жаны кошуна кочуп келет. Ал эски кошунасынын жууган кирин куйоосуно арызданып, чала жууйт экен, жууган кийимдери кир эле бойдон деп даттанат. Куйоосу унчукпай тим болот. Эртеси куну дагы аялы куйоосуно кошунасынын жайган кийимдери кир экенин айтып, акыры жолдошун тажатат. Бир куну эле караса, кошунасынын кири аппак, таза болуп жайылып туруптур.
- Ай иий, карасан, тиги кошуна келин кир жууганды уйронгон тура, эми тазарып калыптыр дегенде, куйоосу:
- Ал кошуна ар дайым эле кирин таза жууп келген, болгону сен кир терезенди жуубай карагансын. Бугун мен ошол терезени жууп койдум эле, козуно таза корунуп калды дейт.

Жыйнтык: Канчалык адамдын конулу, журогу, ниети таза болсо, бироонун кылган жумушун ошондой корот. Кир конулдон албетте, кир ойлор жаралат. Жаман нерсе жок, баарын жакшы кылса болот. Биз адамдар озубуз баарын жаман корсотобуз.

Фейсбуктан. Уулкан Амираеванын макаласы.
Эч нерсеге өкүнбөш үчүн, ар бир күндү акыркы күн сыяктуу жашагыла.

#51 happykyz

happykyz

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 79 билдирүү

Жиберилди 05 September 2014 - 00:15

Кете турган болсоң, артыңдан бир кылчайып карай тургандай кылып кет. Өбө турган болсоң, акылдан танганча өп. Ыйлай турган болсоң, жалгыздыкта ыйла. Эстейм десең, түбөлүк эсте.. Сүйө турган болсоң, чындап сүй.
Котормомдон.
Автор Уулкан Амираева.
Эч нерсеге өкүнбөш үчүн, ар бир күндү акыркы күн сыяктуу жашагыла.

#52 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 05 September 2014 - 07:57

Сүйүүдө сулуулук башкы рольду ойнобойт.
 
Бир киши үйлөндү. Aл аялын катуу жакшы көрүп жана сыйлайт эле. Күтүлбөгөндө аялынын бетинде, денесинде жаралар пайда болуп, аз убакыттын ичинде баштакы сулуулугунан эч нерсе калбаган эле, убакыт өткөн сайын бул оору аялдын жүрөгүн жарым кылып барчу. Оору башталганда күйөөсү иш сапары менен чет өлкөдө болот,ал үйгө кайтып жатып балекет үстүнөн балекет келип ал да аварияга учурап, башы катуу тийип көздөрү көрбөй калат. Экөө андан кийинки турмуштарында 40жыл бирге өмүр сүрүшөт, аялынын убакыт-сааты жетип дүйнөдөн көз жумат, өзү үчүн периштедей болгон адамды жоготконуна күйөөсү абдан катуу кайгырат. Аны жерге беришкенден кийин баары таркайт,кийин жалгыз калган байкуш күйөөсү да үйүнө кете баштайт,аны туруп аракет жасаганын көрүп, жанындагы досу: "Токто досум, сени жетелебесем үйүңө жолду кантип таап бармак элен?" деп кайрылып калат, Ал досуна : Менин көздөрүм ачык,ушунча жыл өзүмдү ушундай абалга салып жүрдүм,буга менин сүйүктүүмдүн оорусу ушундай жолду тандашыма аргасыздан мажбур кылды,ал мени катуу сыйлайт эле,мени жакшы көргөн жалгыз аял болчу ал үчүн менин колуман ушул гана келди,анын оорусунан кабардар экенимди билсе,өмүр боюу өзүн кыйнап,менден алыстап кымтынып жашамак,көңүлүн жаралагым келбеди, " Эрим сулуулугумду жоготконумду көрбөдү" деп жашасын дедим, 40 жыл мен менен оорусун ойлобой жашаганына менин көңүлүм тынч,ушунусуна да Кудайга шүгүр ...
 
)_DоSТоR_( тобунан алынды
 

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#53 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 10 September 2014 - 13:55

Хирург-врачтын телефону шыңгырайт:
- Ало, угуп жатам?
- Сураныч, тез келиңизчи, бул жакта бир бала өлүм алдында жатат, ага тез арада операция кылуу керек!
- Мен баратам!
Машинасына түшүп, оорукананы көздөй чабат. Ал доктурду оорулуу баланын атасы сүйлөнүп тосуп алды:
- Эмнеге сиз кечигип жүрөсүз? Менин уулум өлүм алдында турат. Эгерде ал сиздин уулуңуз болгондо да ушундай кылмак белеңиз?
Хирург акырын жылмайып:
- Угаарым менен эле чуркап келдим.
Врач операция бөлүмүнө кирип кетти. Ал өтө оор болуп, көп убакытка созулду. Врач чыгып, оорулуу баланын атасынын жанынан эч нерсе дебей, унчукпай өтүп кетти. Анын артынан врачтын жардамчысы чыгып, баланын атасына келип:
- Сиздин уулуңуз жашайт. Кабатыр болбоңуз.
Ал биринчи кубанып, анан жүзүнөн күлкүсү качып:
- Кандай гана начар адам бул врачыңар? Чыгып, жакшы кабарды айтууга жарабай кетип калды.
- Анын уулу бүгүн авто кырсыкка учурап, ошол жерден каза болду. Ал аябай жакшы адам. Сиздин уулуңуздун өмүрүн сактап калуу үчүн, өз баласынын жаназасын таштап оорууканага келди...
Которгон: Уулкан АМИРАЕВА.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#54 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 11 September 2014 - 20:20

Бисмиллах Үлгүлүү энелер Коом энелерге жараша калыптанып өзгөргөндүгү маалым. Эркек киши үй- бүлөсүн багыш үчүн аялынын колдоосу, жөлөгү менен киреше табат. Күнүмдүк турмуштун запкысынан чарчап чаалыгып үйүнө кайтканда, аларды кулуп-жайнап тосуп алган, кайгы- капасына тең ортоктош болгон сүйүктүү жарлар бактылуу да, барктуу. Азирети Пайгамбарыбыздын саллалоху алейхи уа саллам да жөлөгү бар эле. Ал Азирети Хадижа эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи уа саллам адамдар тарабынан куугунтукталып, жалган жалааларга, кордуктарга дуушар болуп, кайгырып үйүнө кайткан күндөрдө Хадижа ага арка- жөлөк болоор эле (Ибни Хишам, ас-Сиро, I, 259). Азирети Хадижа Пайгамбарыбыздын саллалоху алайхи уа саллам Исламды жаюу ишиндеги ишенимдүү кеңешчиси, кайгы-муңун тең бөлүшкөн сүйүктүү жары болгон. Ошондой эне балдарына эң мыкты тарбиялаган үлгүлүү эне эле. Ал балдарына үй-бүлө куруунун сырларын, адамдар менен болгон мамиленин эрежелерин үйрөтө турган. Авф бин Махламдин зайыбы Умама бинти Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен: "Тыңда, кызым! Эгер кыз ата- эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз. Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсе айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң: 1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне апкелсе апкелсин, бардыгын сүйүнүү менен кабыл алышың керек. 2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып "жасаба" деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ийишиң керек. 3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр. 4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби, алар күйөөңдү жийиркентип сенден көңүлүнүн суушуна апкелет. 5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат. 7. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегинде сакта, ысырап кылба. 8. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган- туушкандарынын айтканынан чыкпа. 9. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа. 10. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал. Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба!" Бул үлгүлүү эненин бекем үй-бүлө куруунун маанилүү эрежелери. Береги кеңештер боюнча түптөлгөн үй-бүлө бекем боло алат. Ошондуктан бабаларыбыз улам кийинки муундарды тарбиялоодо бул эрежелерди эске алган. Уулун үйлөндүргөн энелердин да аларга берчү баалуу кеңеш-насааттары бар. Баланы ыймандуулуктун тарбиясы менен өстүрүү керек. Аларга сабырдуулукту, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, ыраскөйлүктү, ыйбаалуулукту үйрөтүү зарыл. Уулунун бейпил турмуш куруусун каалаган акылман эненин төмөндөгү икаясы кандай гана мазмундуу: Тамакты чүйгүндөп даамдуу жасагандыгы менен атагы чыккан эне кечки тамакка жаңы үйлөнгөн уулун жубайы менен чакырат. Ошол себептүү эртеден бери ашканада тамак жасап жаткан болчу. Кечки тамакка эски досу да чакырылган эле. Көптөн күткөн меймандар да келип, дасторконду тегерете отуруп калганда укмуштуу нерсеге туш болушту. Эне кемпирдин жасаган бүгүнкү тамагы соргоктун да табитин качыра тургандай начар эле. Картошкалары күйүк, эти болсо дээрлик бышпай калган. Уулу, келини жана досу кемпирге муну сездирбеш үчүн колдорунан келишинче аракет жасашса да, тамак учурунда эч кимисинин табити чаппаганы билинип турду. Ошентип тамакты жеп отурушту. Уулу келини менен энесинин колунан өөп үйлөрүнө жөнөштү. Досу кемпир курбусуна кайрылып: "Сенин мыкты ашчы экениңди беш колумдай билем. Айтсаң, эмне үчүн бүгүнкү тамагыңды минтип койдуң? Менимче, сен же ооруп жатасың, же мунун бир сыры бар" - деди. Анда ал жылмайып: "Жок, ооруган деле жокмун. Атайылап жасадым. Мындан кийин уулум апасынын тамактары менен аялынын тамактарын салыштырып, эч качан аялынын көңүлүн сындырбайт" деген экен. Мына акылмандыктын, кыраакылыктын үлгүсү. Уулунун жакшылыгын ойлогон эне гана ушундай мамиле жасай алат. Баалуу кеңеш берип жатканын ойлоп:"Кулак сал, уулум, аялдардын көңүлүнө карап такыр мамиле кылба. Аял дегенди башынан эле тарбиялап албасаң, кийин башыңа чыгып алат"- деген сөздөр менен жубайына карата серт жана катуу мамиле жасоого үндөбөйт. Улуу Алла Таала эл- жерибизге, мамлекетибизге жана бүткүл адамзатка тынчтык, ынтымак, ыймандуулук насип кылсын. Амиийин!
1bQEy.jpg

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#55 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 16 September 2014 - 22:37

КУТУУ БУЛ жашоодогу эн оор-эн татаал ,эн кыйын сезимдер......Журогундун тупкурундо бироону кутуп ал учун жашап ага болгон умутунду узбой болгон жан дуйнон менен берилип,ишенип журогуно башка еч бир адамды жолотпой ал учун гана жашап каласын... КУТУУ-бул жол карап кутуу эмес,......... ...... Журогундун эшигин сен куткон адам качан чертип келет,качан сен куткон создорду айтат,сен куткон адам сени менен качан туболукко бирге болот....... КУТОМ-канча убакыт берсенда,канчалык кыйналсамда котором,канчалык убактым кетседа,..КУТОМ... БИРОК сен бил баардык нерсенин бутоору бар,баардык нерсени ыйманым менен гана жасайм....болгону кечикпе..........


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#56 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 17 September 2014 - 02:35

Мен сенсиз жашай албайм дебейм жашай берем сенсиз кунум отбойт дебейм ото берет бирок бир гана сезим журокто жашап келет сени сагынбайм дедим сагынып келем суйбойм дедим сени гана энсеп келем унутам дедим бирок далээ эсимдесин айтчы оюмдан кетбеген сен кимсин Бутту дедим кайра кайра кайталап чарчагандай макул дедин жалт карап Арадан айлар отсо да конулум сага арбалат кундор отту коп болду корбодум сени унуттунбу айтчы сен да мени жогол дегем ошол кун жек коро Олтурам азыр мынтип окуно Кундор отуп жатат сенсиз деле бирок суйуум дале эсимде
 

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#57 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 17 September 2014 - 10:40

Теманын максатына ылайык, жактырган посттордун авторун көрсөтүүнү унутпагыла.(!)


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#58 happykyz

happykyz

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 79 билдирүү

Жиберилди 19 September 2014 - 12:46


АСЫЛ ОЙЛОР..
1. Сага оор мезгилде сени менен жаныңда болгон адамды эч качан унутпа жана кыйын күнгө калтырба.
2. Убактылуу гана керек болгон адам үчүн эмес, ар дайым сен керек болгон адамдар үчүн жашаш керек.
3. Алсыздар түйшүк жөнүндө сүйлөшөт. Күчтүүлөр келечектеги ойлор жана кыялдар жөнүндө..
4. Эгер, сизге кимдир бирөө күнүгө кеч бейпил түн кааласа, анда сиз көптөгөн адамдардан бактылуусуз.
5. Адамдар өзгөрбөйт. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн убактылуу гана керектүү ролду ойношот.
6. " Балдарың менен сен кимге керексиң ? " - деген сурооңо:
- БАЛДАРЫМА керекмин. А сенчи?- деп жооп берем.
7. Адамдардын капчыгынын калыңдыгы менен арзан мамилесин эмес, а чыныгы жан дүйнөсүн баалаганым үчүн, балким мен эски модада калган өңдөнөөрмүн.
8. Жашоодого эң маанилүү нерсе - бул үй-бүлө. Карьера - сени үйдө күтпөйт. Акча - сенин көз жашыңды аарчыбайт. А жалган сөздөр - сени түнкүсүн кучактабайт.
9. Кимдир бирөө менен көп убакыт мамиле түзүп жүрөсүң, а кимдир бирөөгө жөн гана турмушка чыгасын.
10. Аялы бар эркекти азгырып алууга мүмкүн. Көңүлдөшү бар эркетин көңүлүн бурууга мүмкүн. Бирок, сүйүктүү аялы бар эркети эч качан азгырууга мүмкүн эмес.
11. Аял - бул жаңырык. Ага кандай кайрылсаң,кайра өзүңө ошондой добуш кайтарат.
12. Күчтүү адамдар менен машык. Сүйүшкө мүмкүн эмес адамды сүй. Башкалар жеңилген жерден сен бош келбе. Ошондо жеңүүгө мүмкүн эмес жерде, сен баарын жеңесиң.
13. Кимдир бирөөлөргө дайым бош эмеспиз. А кимдир бирөө үчүн абдан жумуштуу күнү да убакыт табабыз.
14. Армиядан жигитин күтүшөт. Күйөөлөрүн согуштан күтүшөт. Баласын окуудан күтөт. Атасын жумуштан күтүшөт. Бирок, бир нерсени эске ал. Ойноп кеткен адамды күтүүгө татыбайт.
15. Сага кыйын болгон жерге эч качан кайтпа. Бир кездери сага жүзүн бурган адамдан жардам сураба. Бир убактарда сенин көңүлүңдү ооруткан адамдарды, башка эч качан жаныңа жакын жолотпо.
16. Жасалмалар - эч качан бышык болбойт.

Орус тилинен эркин которгон, Уулкан АМИРАЕВА.

Фейсбуктан окуп, жагып калды.
Эч нерсеге өкүнбөш үчүн, ар бир күндү акыркы күн сыяктуу жашагыла.

#59 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 20 September 2014 - 03:26

Жашоо кызыкбы? Түбөлүк эмес экенин билсек да умтулуп жашайбыз... Сүйүү тунукбу? Арман экенин билсек да сүйүп жашайбыз... Уйку таттуубу? Кабырда Кыяматка чейин укташыбызды билсек да азыр уйкудан көз ачалбайбыз... Акча кымбатбы? Бир ширенкеге күйүп кетишин билсек да, адам өлтүргөнгө чейин барабыз.......

 

(Мен жазгандардын баары однолассники.ру сайтынан алынган).


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#60 happykyz

happykyz

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 79 билдирүү

Жиберилди 23 September 2014 - 02:59

БИР ЧАКА АЛМА
Бир адам чоң жана мөмөлүү багы бар жаңы үй сатып алат. Ага кошуналаш эски үйдө абдан мерез, кызганчаак адам жашачу. Ал ар дайым жаңы кошунасынын маанайын түшүргүсү келип, дарбазасынын астына таштанды таштап, же дагы бир жаман иштерди көп кылчу. Бир күнү жаңы кошуна жакшы маанайда ойгонуп, короосуна чыкса, таштанды толгон чака туруптур. Таштандыны ыргытып, чаканы тазалап, жалтырата жууп, ал чаканы эң даамдуу алмага толтуруп, кошунасына барат. Кошунасы эшиктин конгуроосун угуп, мыйыгынан жылмайып: мына эми чынында анын жинине тийдим деп, чыр-чатак болоорун үмүттүү күтүп эшигин ачса, кошунасы бир чака толо алманы узатып:
- Ким эмне менен, кандай сапатка бай болсо, ошону менен бөлүшөт - деп, сылык гана кошунасынын абийирсиздик, кызганчаактык мүнөзгө бай экенин эскертип, уяткарып кетиптир.. Таш менен урганды, аш менен уруу керек. ))
Которгон, Амираева.
Эч нерсеге өкүнбөш үчүн, ар бир күндү акыркы күн сыяктуу жашагыла.


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар