Перейти к содержимому


Фото

Жакты... Кайдыгер боло албадым...


  • Please log in to reply
темада 130 жооп бар

#121 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 25 December 2015 - 22:05

Анча мынчада өзүңө өзүң "мен келесоо болуп бараткан жокмунбу? "-деп суроо салып койгон деле ашык болбойт...

 

Шайырбек Абдрахман.


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#122 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 17 January 2016 - 18:54

Бир күнү жаш жигит чырайлуу кызды көрүп калып, издеп жүргөн ашыгын тапканына ынанып, ага үйлөнүүгө бүтүм чыгарат. Үйүнө келип, атасына ал тууралуу айтат. Атасы: “Албетте уулум, анын колун сурап баралы. Макул болсо ага үйлөнөсүң”-деп жооп бериптир. Жолукчу күндү болжоп, жуучулукка барган ата-бала кыз менен, кыздын үй бүлөсү, ата- энеси менен жолугушат. Уулун ээрчитип жуучулукка келген атасы, уулунун бул кызга татыксыз экенин айтып, ал кызга өзүм үйлөнөм деп чечип: “Бул кыз көптү көргөн, кадырына жете ала турган инсанга ылайык",- дейт. Атасынын бул сөзүнө таңыркаган уулу кызды талашып, акыры казыга келишет. Маселени тыңдаган казы, сөз болуп жаткан кызды, казы мекемесине чакыртат. Анын сулуулугун көргөндө акылын жоготуп, тигил экөөнү мекемеден айдап чыгат. "Бул кыз силерге окшогон акмактар үчүн эмес, мага окшогон этибарлуу адам үчүн жаратылган"- дейт. Тиги экөө да жөн калбай, вазирге жардам сурап кайрылышат. Вазир да кызды бир көргөндө ашык болуп, тигил үчөөнү бирдей жазага тартып, сулууну өзү алмай болот. "Бул, ай чырайлуу аял заты бир гана вазир менен жашоого татыктуу"-деп айтат. Бирок, бул кабарды падышанын уулу угуп калып, вазирди кошуп жазага тартат. "Мындай кыздар бир гана ханзаада үчүн жаралган Кудайдын белеги"-дейт. Талаш- тартыштарды карап турган тиги кыз буларды шылдыңдап күлөт. "Кимге турмушка чыгууга өзүм чечим чыгарам. Менин шартым бирөө гана: “Менин артымдан ким кубалап жетсе, ошого турмушка чыгам”-дейт. Баарына бул сунуш жагып, бешөө ач карышкырдай кыздын артынан түшөт. Көп өтпөй бирин-бири тебелеп-тепсеп бараткандар ороого түшүп кетет. Ошондо тиги кыз ороонун үстүнө келип аларга карап: "Менин ким экенимди сурабай артымдан жүгүрдүңөр. Менин атым дүнүйө! Мага жетүү үчүн атасы уулун, уулу атасын өлтүрүүгө, деги эле адамдар мага жетүү үчүн бардык нерсеге даяр экен. Бирок, акыбети силердин абалыңардан ары өтпөйт. Мен болсо адамдарды сыноону уланта берем деп кете берген экен.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#123 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 03 February 2016 - 23:15

Чындыгында бул дүйнө көптөгөн адамдар чөгүп кеткен деңиз сыяктуу. Алла Таалага ишенимиңди бекемдеп өзүңдүн кемеңди куруп ал. 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#124 Chabandes

Chabandes

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 608 билдирүү

Жиберилди 14 February 2016 - 14:18

Таң эртен менен
автобуска олтурдум.
Түшө турган аялдамам
"Бакыт" деп аталат. Муну
айдоочуга эскертип койдум
да, отургучка көчүк бастым. Кетип барабыз....
Мына "Балалык" аялдамасы.
Мында көп кызыктарым
калган... Мында түшпөйм... Ошентседа,терезеден кыйла
карап, сагыныч менен өтө
бердим... "Кыз-жигит" аялдамасы...
Чынын айтсам, бул жерге
далайлар менен бир топ
келгем, бирок, унутуп ал
күндөрдү унута
баштаптырмын... Тээтигине "Намаз "
аялдамасы. Бул аялдаманы
көп адамдан уккам, бирок, эч
түшкөн эмесмин. Негизи эле
муну айткандар көп,
түшкөндөр аз... А бул болсо "Махабат"
аялдамасы. Ооо, мына
ушунда калып калгым келет.
Бирок, мага "Бакыт"
аялдамасы зарыл... - А, булчу? Баса "Кызганыч"
аялдамасы турбайбы?! Бул
жерде далай кызыктар менен
кайгылуу окуялар болуп
өткөн. Мында кайрылып
келгим келбейт... "Мечит"аялдамасы... Өтө таза
аялдама, бирок, түшүп
калууга убакыт тар, батыраак
"Бакытка"жетүү керек.
Жүрөгүм таза, ниетим
жакшы; азырынча зарылчылыгы жок.... Охоо, "Клуб" аялдамасы.
Аттиң, түшүп калгым келип
турат... "Намаз"аялдамасы... Дагыбы? "Сабыр" аялдамасы... Хмм,
жок, азыр эмес... "Байлык", Оюн-күлкү"
аялдамаларында көп түшүп
калчумун убагында... Аа, автобуста адам
калбадыбы? Баары жетчү
жерине жетип алган
окшойт.... Айдоочунун жанына чуркап
бардым:
- "Бакыт" аялдамасына
жеттикпи? - Тууганым ай, эртерээк
айтпайт белең, ал үчүн сен
"Намаз", "Мечит"
аялдамаларынан түшүп
калышың керек болчу. Биз
эми артка кайтпайбыз, кайта да албайбыз, акыркы
аялдамага келип жеттик. - Баса, кичи пейлдикке айтып
койосузбу, бул эмне деген
аялдама? - Бул аялдама "Кабыр" деп
аталат, тууганым?!

Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле (Xадис)


#125 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 07 March 2016 - 19:44

ЭНЕ ЖЫТЫН АЛЫП ЖҮРГӨН ПОЕЗД

("Бир жээндин аманаты" китебинен үзүндүлөр)

Шу шаарындагы ызы-чуусу бүтпөгөн темир жол станциясынан зарыгып күткөн өзгөчө поезд бар болчу. Тилекке каршы менин сабагым түштө башталгандыктан дайыма ал поездди өткөрүп жиберчүмүн. Эмне үчүн жок дегенде жума күнү дем алыш кылышпайт деп мектепке окутуп койгон тээ алыстагы жаңы борбордогу чоңдорду жек көрчүмүн. Сабактан качып чыгып Ала-Тоонун салкын абасы менен энекемдин жытын кошо алып келе жаткандай болгон "Бишкек-Екатеринбург" багытындагы жападан жалгыз поездге жүгүрүп жетип ичиндеги кыргыз тилинде ширин сүйлөшкөн тайларыма учурашып, тааныбасам да кучактап көрүшүп аз убакыт болсо дагы жүздөрүнө тигилип сагынычымды тараткым келчү. Акыры анын жолун да таптым. Биздин класс жетекчибиз жалгыз жашаган Светлана Шлыкова деген орус аял болгондуктан көпчүлүк учурда чарбасы иретке келбей, чакан огородунда баары аралашып жатканын ары-бери өткөндө көрүп калчубуз. Өзүм он бир жаштагы кызмын. Бир күнү сабактан атайын кеч калып эжейдин артынан ээрчип алдым. Кантип оюмдагы арманымды айтсам түшүнөт деп миң ойлоном. Эгер барып өгөй энеме айтып койсо эмне кылам деп корком. Үбөлүк менен аябай туруп аркага коюп калчу ачуулуу "апабыз" менин аямак эмес... Бирок жүрөгүмдөгү кыргыз жергесине болгон кусалыгым, апама болгон сагынычым жеңип кеттиби билбейм, ичимде кандайдыр бир чечкиндүүлүк пайда болуп эжейимдин аркасынан кууп жеттим да баарын айтып бердим. Көчөнүн чок ортосунда шолоктоп ыйлаган кичинекей кара кыз менен мээримдүү жылмайып көздөрүнөн жаш тегеренген орус эжейи экөө көпкө турушкан экен азыр ойлосом. Акыры мага боору оорудубу же чарбасын иретке келтирип жанында эрмек болчу адамды тапканына кубандыбы айтор жума күнү эки сааттан кийин дайыма мени үйгө жибергенге макулдугун берди. А мен болсо дем алыш күнү эженин үйүнө барып чарбасына жардам берип турмак болдум. Ошол кездеги кубанычымды азыр сөз менен айтып бере албаймын... Кудуңдап ырдагым келип кыңылдап келатып ылайга кулап жыгылсам да ботала болгонума карабай кыялданып, өзүмө батпай жыргап, көчөдөгү элдер менин кебетеме күлүшсө мен кайра аларды карап шыңкылдап күлүп үйгө келгеним эсимде... Бактыма жараша апабыз да үйдөн көнүмүш болгон жакшы сөздөрү, жумшак колу менен тосуп алганын да унута элекмин... 
Көптөн күткөн жума күнү да келди. Таң атпай апабызга жардам берип бүтүп:
- Тате, бүгүн эрте келем сиз жарымын мага калтырып коюңуз. Мен барып сатам,- дедим. Мени жаман көзү менен олурая карап зекигиси келсе да кайра өзүн ойлодубу көздөрүндө кубаныч пайда болуп:
- Кудай жалгасын. Болгону келсең болду. Келбесең териңди тирүүлөй сыйырам,- деди. Менин мектебим эмне болот, эмнеге келем аны менен иши да жок эле.
Ошол күнү убадалашкандай эже мени сабактан бошотуп кетирип жиберди. Өмүрүмдө ошондой катуу чуркабасам керек шаардын тар көчөлөрүн аралап ушундай бир чымылдап келе жаттым... Демейде ар кайсы бурчтан чыккан иттерден коркуп таш издеп калчу элем да, бул ирет ит эмес желмогуз чыкса да коркмок эмесмин. Артымда иттер үрүп-үрүп кала берди...
Ошол боюнча үйгө көл-шал болуп жетип муздак суудан аптыга жуттум да кийимдерди алмаштыра салып, даяр турган арабаны сүйрөп алып станцияны көздөй тызылдадым. Үйдө отурган апакебиз ордунда аңырайган боюнча калды... 
Темир жол станциясына келип сураштырсам Бишкектин поезди келе элек экен. Кубанычым койнуна батпай жанымдагы отурган эжелерге "Азыр менин таякелерим келет. Кыргыздар келет. Апамдын туугандары", - деп жетине албай улам айта берип аларды да тажатып жибердим окшойт акыры уруш жедим. Бирок аларга таарынган жокмун. Деги эле ошол маалда менден өткөн кең пейил адам жок болчу. Үйдөгү апабызды да кечирип. Мени келип уруп-сабаса да кабагым-кашым дебей баш ийип күлүп турчу абалда элем...
Бир убакта Мерке жактан вагондорун жетелеп алып шаңдуу келе жаткан поезд көрүндү. Ары-бери өтүп жаткан составдардын графигин жатка билген эжелер: "Ай кыз, тигине сенин кыргыздарың келатат жүгүр", - дешти мыскылдашып. Жүрөгүм жарылып кете жаздады. Бир үй толо конок келаткандай жаман кийимдеримди бир сыйра кагып силкип, чачымды сылап көздөрүм жашылданып жакын калган поездди күтүп туруп калдым. Жан дүйнөм тыбырчылап, поездден апакем түшүп келчүдөй толкундап тилим буулуп баратты. Демейде күрүлдөп, шарактаган поезддин үндөрүн уккум келбей тажасам бул ирет Кыргызстандын поезди мен үчүн ырдап келе жаткандай ар бир тетиктин добушу саламдашып жаткандай сезилди.. 
- Ай кыз! Барбайсыңбы!,- деп чаңкылдаган үндөн улам таттуу түштөн ойгонгондой эсиме келдим. Карасам боорунда "Бишкек-Екатеринбург" деген жазуусу бар состав токтогон экен. Поезддин күүлөнүп келген деминен тоолордун, апакемдин жыты келгендей сүйүндүм да табагымды көтөрүп алып вагонго чуркап кирдим. Кыргыздар!!! Таякелерим!!! Баары сонун! Баары сулуу!!! Ар бирин кучактап өпкүм келет десеңиз!! 
- Ай кызым мантың канчадаң?,- деген кыргызча үндү укканда кубанып мен да кыргызча жооп берип шакылдасам баары мени карап кызыгып калышты. Өздөрү мусапыр болуп орус жергесине иштегени кетип баратышса да, мени жээнибиз деп макташып, бетимден өөп биринчи эле вагондон бардык тамагымды сатып алышты. Ошондо кыргыз элинин АЙКӨЛДҮГҮНӨ жетине албай кичинекей жүрөгүм кубанычтан ыйлап турду... Акыры убактысы келип поезд да ордунан козголду. Мен кичинекей колдорумду булгалап таякелеримди узатып, көз жашымды көлдөтүп ыйлап поезддин карааны көрунбөй калгыча кол булгалап турганымды эстесем азыр да ыйлайм. Менин тагдырымды түшүнүп уруксаат берген эжейиме да ичимден алкыш айтып турдум... Бирок менин кубанычым эки жумага гана созулду. Менин жанымдагы эжелер көрө албай "Мектеп окуучусу сабактан качып соода кылып атат",- деп арызданышып шаардык полицияга барышкан экен. Жума күнү мени катуу кайтарып калышты. Бирок мен сөзүмдө туруп бир жыл бою орус эжейимдин чарбасына жардам берип турдум. Кийин каникулга чыккан учурда шейшемби, жума күндөрү мен үчүн майрам болчу. Анткени ал күндөрү менин эң жакшы көргөн поездим "Бишкек- Екатеринбург" багытына каттаган жалгыз Кыргызстандын поезди өтчү... Эч нерсеге алмаштыргыс апакемдин жана Ала-Тоонун жытын алып келген поезд эле... Менин айкөл таякелерим!!! Карааныңдан айланайын кыргыз элим...


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#126 vais

vais

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 573 билдирүү

Жиберилди 12 March 2016 - 06:38

Мирлан Самыйкожонун бул ыры жакты

 

 

Бүгүн муз, эртең от болом, 
Бүгүн ач, эртең ток болом.
Бүлбүлдөйт бирок күн чырак, 
Бүгүн бар, эртең жок болом. 
Бүгүн соо, эртең мас болом, 
Бүгүн дос, эртең кас болом. 
Булгалайт боп-боз топурак, 
Бүгүн сөөк, эртең таш болом....


#127 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 13 March 2016 - 13:16

Умар разиялооху анху базардан жүргөн кезде, ууру анын чалмасын алып качат. Умар разиялооху анху аны байкагандан кийин артынан чуркап: "Мен сени бул чалманын ээси болгонуңа күбөлүк беремин, сен оттон кутулуш үчүн кабыл алдым деп кой"-деп кыйкырган. 

Азыркы адамдар ага салыштырмалуу деңгээли канчалык төмөн. 


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#128 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 10 April 2016 - 01:24

"АБДЫШҮКҮР УСТАЗ БУРУЛКАНДЫ ЭМНЕГЕ ЫЙЛАЙТТЫ?”.

Бурулкан үйүнө келгенде кызы үйдү зыңкыйта тазалап, тамагын даярдап отурган экен. Эртеден кечке тикесинен-тик туруп соода кылып, чарчап-чаалыгып келген эме, кызынын айттырбай жасаган оокаттарын көргөндө жаны бир аз жай алып жыргай түшкөнсүдү.

Ушул кызы кол арага жарагандан бери, жок дегенде үй тиричилигинен бир аз арылды. Кыз бала турмуш тиричиликке бат аралашат эмеспи. Анын үстүнө, Кудай жалгап кызы да элпек, тил-алчаак болуп өсүп келе жатат. Башка кыздарчылап көчөнүн, кийимдин чатагын кылбайт. Болгонго болгондой ыраазы болуп кала берет. Анан да кийинки күндөрү динчил болуп бараткансыйт. Анысы го жакшы эле дечи, кээде эле китеп, журналдарды окуп алып апасынын башын оорутканы болбосо. Азыр да бир аз эс ала калайын деп диванга жата калган апасына келип:
“Апа, тамактангыча телевизор көрбөйсүзбү, молдо сүйлөп жатат”,- деп чакырды.

“Тамактанса тамактаналы, а молдолоруң сүйлөй берет да. Көчөдө да, базарда да ушулар, эми телевизордон да сүйлөй баштаган го”.

Алар бөлмөгө киришкенде телевизордон Абдушүкүр Нарматов сүйлөп жаткан экен.

“ Башкага койчу жакшыраак бир нерсе бар бекен?” – деди, Бурулкан көргүсү келбей.

“Жарытылуу эч нерсе жок экен, ушуну эле укпайсызбы, как раз соода жөнүндө айтып жатат”.

“Койчу кызым, буларың эмне?, жебегиле, алдабагыла",- дегенден башка эмнени айтмак эле.
“Бизчилеп эртеден кечке көк муздун үстүндө калчылдап турса көрөт элем алдабаганын”.

“Чай ичиңиз”,- деди, кызы сөзүн бөлүп.

“Силердин алдаган-алдабаганыңардын аларга пайда-зыяны деле жок да. Алар деле бир нерсени билгени үчүн айтат да”.

“Сен да молдолугуңду баштаганы калдыңбы, жөн отурчу эми”,- деп, кызын кагып койду Бурулкан.

“ Баары бир элди алдабай эле койгон жакшы да апаке”,- деп эркелеген кыз пультту алып, телевизордун үнүн көтөрүп койду.

Нарматовдун шаңкылдаган үнү бөлмөгө толо түшкөнсүдү. Ал:
“Вайл болсун, азап болсун таразадан алдагандарга. Алар башкалардан туура тартып алышат да, кайра кемитип алдап сатышат”,- деп, Куран аятын түшүндүрүп жатты. Анын ушул айткандары
Бурулканды ойлонтууга аргасыз кылды:
“Ырас эле, бул молдолоруң баарын кайдан билип алат? Мына мен эле тогуз жылдан бээри алганда туура тараза менен алып, сатканда бузук тараза менен сатам. Мунун айтканы мага да тиешелүүбү, мен да азапка туш боломбу?” – деп, ойго бата түштү да, кайра: “Койчу, мен эмне жыргаганымдан алдап жатыптырмынбы?, бала-чаканы багам деп жүрөм да кыйналып”,- деп өзүн сооротту. Анын ушул оюн окуп алгансып, Абдушүкүр:
“Эй, менин мусулман бир тууганым! Балким, сен таразадан алдап бала-чакамды багып жатам деп ойлоорсуң. Бирок, эмне үчүн келечекте сени бага турган, сенин тукумуңду улай турган балдарыңа арам тамак берип жатканыңды ойлобойсуң? Арам тамак менен өскөн дененин бейишке кирбестигин билбейсиңби?”.

Абдушүкүрдүн кийинки сөздөрү Бурулхандын кулагына кирген жок. Ал кызынын алдында өзүн оңтойсуз сезип, кызына карай калды. Табактагы тамагын жылдыра коюп апасына жалт караган кыздын көзү апасына чагыла түштү. Эненин сезимтал жүрөгү кыздын көзүнөн энеге тил менен айта алгыс, сөз менен жеткире алгыс терең ойду окуп алгансыды. Төрөп, өстүрүп чоңойткон кызынын бул көз карашына өз күнөөсүн сезген эненин эрки алсыздык кылып көзүн ала качты да:
“Эртең таразаны оңдоп коём, кызым”,- деп ооз учунан унчукту. Абдушүкүрдүн сөөктөн өтүп чучукка жеткен курч сөздөрү жүрөгүнө кадалган аял, кызынын ары каардуу, ары аянычтуу көз карашы көкүрөгүнө сайылган эне мындан башка сөз айта алмак эмес эле.

Бул кезде Абдушүкүр да сөзүн аяктап, алдоо жолу менен тапкан акчанын берекеси болбостугун, ошондуктан кайсы бир белгилүү адам, таразанын табагына конгон чаңдарды да сүртүп туруу зарыл экендигин айтканын белгилеп жаткан экен.

Бөлмөдөн чыгып бараткан Бурулкан кайрадан ойго батты.
“ Ырас эле”,- деди ичинен, “ Канча жылдан бери таң атпай кетип, кечке дейре соода кылам, же байып жыргап кеткен жерим жок. Дагы эле баягы башка тартсаң бутка жок, бутка тартсаң башка жок”.

Бул күнү эне менен кыздын ортосунда жарытылуу маек деле уланган жок. Ар кимиси өз иши менен алек болуп жүрүп жатууга камынышты. Бирок, экөөнүн тең оюнан "тараза" жөнүндөгү Абдушүкүрдүн айтканы кеткен жок. Экөөнүн тең кулагына "Азап болсун, таразадан уруп калуучуларга!"-деген, шаңкылдаган үн кайра-кайра жаңырып тургансыды.

“Апа мен мектепке кеттим, чайыңызды даярдап койдум”,- деген кызынын үнү ойготту Бурулканды, “Мен кечигип калам,- деп чай ичпедим, сизге даярдап койдум, анан апаке, таразаны унутпа”,- деп, күлүмсүрөй кол булгалады да чыгып кетти.
Кечеги окуяны унутпаган кызын узата карап: “Оңдосо оңдоп коём”,- деп, күбүрөнгөнчө ордунан турду Бурулхан. Кечээ "Таразаны барарым менен эле тууралап коюн",- деп ниет кылып жаткан эле. Азыр болсо ою өзгөрүп калганын байкады. "Таразаны тууралаганда канча акчадан куру калам",- деп ойлоду өзүнчө. "Жок эле дегенде күнүнө жүз сом. Ким берет жүз сомду мага күн сайын?". "Жок ал сага арам болуп жатпайбы, кызыңды арам тамак менен багып атпайсыңбы?". Экинчи бир сезим ушунтип шыбырап жаткансыды. "Жок, анда сен айына үч миң сомдон куру каласың. Элдер деле алдап жатпайбы. Сен деле эл катарысың",- деп айтып жатты баягы ою. Жолдо да маршруткада да ушул эки ой Бурулканды эзип, оор жүк көтөргөнсүп башы ооруп чыкты.

...Базар өз турмушун жаңы эле баштап, ар ким өз товарын ташып чыгып, ачып өмүрдүн дагы бир күнүн ушул жерде өткөрүүгө даярданып жатышкан экен. Бурулкан да жайып-тизип болуп, баягы эле эки анжы ойдон кутула албай башы катып турду. Акыры болуптур бүгүнчө соода кыла берейин, эртең дагы бир нерсеси болоор деген тыянак чыгарды да, кечээ окулбай калган "Супер-Инфосун" барактай баштады.

“Эже, мага эки килограмм шекер бериңизчи”,- деген, кыздын жумшак үнү Бурулхандын көңүлүн бурду.

“Азыр”. Газетаны ары таштап кызга карады. Татынакай жолук салынган кыз туруптур маңдайында. Анын кийимин көрүп, кызынын: "Мектепти бүтсөм эле хижап кийем",- деген сөзүн эстеди. Сонун эле жарашат турбайбы, жылаңач жүргөндөн көрө деп ойлоп кетти ичинен.

“Таразаңыз туура да, эжеке”,- деп кыз оюн бузуп жиберди. Мурун мындай суроолорго дароо эле "Ооба",- деп жооп бере салчу. Бул жолу эмне дээрин билбей калды.
“Ия, азыр”, - өмүрүндө мынчалык апкаарыган эмес эле Бурулхан.
“ Мына өзүң салып турчу”, -савокту кызга кармата салды да:
“Мен азыр”,- деп, таразанын табак койчу жерине жармаштырып койгон магнит ташын алып, бутуна коюп койгон жыгачты алып таштады да таразаны тууралап койду.
“Кана, койчу”,- деди аны күлүмсүрөп карап турган кызга кайрылып. Кыз баштыкты коёюн дегенде, анын колунан кармай калды:
“Токтой турчу”. Шашылган Бурулкан чөнтөгүнөн кечинде эле сатып алган апакай бет аарчысын ала коюп таразанын табагын сүртө баштады. Качантан берки чаң менен кирге катып калган табакты мизилдете аарчып бүттү да:
“Эми коё берсең болот”,- деди кызга жылмайып.
“Ырахмат, эже”- деди, кыз ыраазы болгон үн менен акчасын узатып жатып. “Береке табыңыз”-деди.
“Аш болсун”. Бурулкан өз үнүн-өзү тааныбай калды.
“Уф”- деп оор үшкүрдү, ошол үшкүрүк менен денесиндеги оор жүктү чыгарып салгандай жеңилдей түштү. Акча кармаган алаканы тердеп кетти. Ушул арзыбаган акча өтө баалуудай сезилди Бурулханга. Мындай акчанын эченин кармап жүрсө да бул акча башкачадай көрүндү Бурулханга. Адал жол менен келген акчанын илеби колунан өтүп денесине таркап жаткандай сезилди Бурулканга. Алаканын көкүрөгүнө коюп көзүн жумду. Эки карегинен бөлүнүп чыгып, кабак кычыктарынан чыга албай турган эки тамчы жаш мөлт этип ыргып кетти да бир тамчысы таразанын табагына тып тамып жайыла түштү. Бул тамчы жаш качантан берки жасап жүргөн күнөөлөргө өкүнгөн жүрөктүн кайгысына чыдабай сызып чыккан көз жашыдыр. Балким, күнөөдөн кутулуп туура жолго түшкөнүнө кубанган жүрөктүн сүйүнүчүнө жетине албай агып чыккан көз жашдыр. А балким, аны биз эмес дал ошол көз жаштын ээси болгон Бурулкан өзү да ажыратып биле албастыр. Андыктан, биз ал көз жашты жөн гана тараза табагына тамган жаш деп атап койгонубуз туура болоор.

Алайчы Сеитбеков.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#129 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 18 April 2018 - 15:00

"БАКЫТ КАЙДА КАТЫЛГАН?"

Бир күнү периштелер чогулуп калышат. Ошондо алардын бири:
- Адамдар көп нерсени көтөрө албай, колдо болгонуна шүгүр кылбай калышты. Ар дайым эсинен чыгарбай турган нерсесин алып коёлу, - дейт.
Бул сунушка башкалары да макул болот. Бирок, эмнени алып коёрун билишпейт. Көпкө ойлонушуп олтурушуп, акыры көптү көргөн бирөөсүнүн сунушу менен бактысын алып коюуну чечишет. Бирок, аны кайда катуу керек? Ушул суроого келгенде кайрадан ар кандай пикир айтыла баштайт.
Биринчиси:
- Бийик чокуга катуу керек, - дейт.
- Жок, адамдар күчтүү келет, бир күнү тоого да чыгышат. Ошондо бирөөсү тапса, калгандарына да белгилүү болот да, баары бактысынын кайда экенин дароо билип алышат, - дейт экинчиси: - Андан көрө деңиздин түбүнө салып жиберели!
- Жок, адамдар изилдегич келишет. Суу асты менен жүрө турган кемелерди ойлоп табат да, ал жактан да таап алышат.
- Анда башка планетага жашырып коёлу. Адамдар ал жакка бара албастыр.
- Адамдарга Жараткан акыл бергенин унутпагыла. Алар аалам мейкиндигине учуп чыга ала турган кемелерди да ойлоп таба алат. Ошондо алар бактысын таап алышат. Анан кайра аны бат эле баалабай калышат.
Ошондо унчукпай олтурган баарынан улуу периште:
- Кайда катуу керек экенин мен билемин, - дейт.
Баары бир ооздон:
- Кайда? - деп сурашат.
- Адамдын бактысын өздөрүнүн ичине катуу керек. Алар бактысын баардык жерден издешет. Бирок, сырттан издөө менен алектенип жүрүп, өз ичин кароо эсине да келбейт. Эң акылдуулары гана бакытты башка жактан издебей, Жараткан берген ырыскысына шүгүр кылып, колдо барына канаат кылат. Мына ошолор бактылуу болууга татыктуу болушат, - дейт ал. Ошентип баары бул ойду эп көрүшөт. Ошол күндөн тарта адамзат бактысын издеп келет дейт. Ал эми ар нерседен бакыт издебей, шүгүрчүлүк кылган адам гана бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүн көрө алат экен....

Оорудан мурун ден-соолуктун кадырын бил, өлүмдөн мурун жашоонун кадырын бил. (Хадис)
Күрөшсүз турмуштун кызыгы жок.
(М. Лермонтов)
Сырттан издегениңди токтотуп, ички дүйнөңө көңүл бурчу. Адамдар ички дүйнөсүнө баш багуудан коркушат. Ал эми сырттан эч качан таппай турган өзүнө керектүү нерсени, дал ошол ички дүйнөдөн табарын көбү билишпейт. (Дэн Миллмэн)

#130 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 21 May 2018 - 12:17

Дуйно базарына бардым.Мээримдуулуктун баасы которулуп кетиптир,алалбадым.Намыс арзан,кобу аны болбогон баага сатып жатышыптыр,кызыккан деле эч ким жок.Шугурчулукту издеп табалбадым.Башка жактан издеп корунуз дешти.Эн коп сатылган Достук аттуу Бет каптар экен.Адамдардын буттарынын астында Кадыр деген топурак ташталыптыр.Колокодо алсыз,аран бутун шилтеген Журок аттуу кайырчыларды кордум.Алар ары-бери откон адамдарга карап Мээримдуулук садага кылынызчы деп жалдырап жатышты...

#131 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 09 July 2018 - 17:10

Бирөө : Аял көлөч сыяктуу , аны каалагандай алмашып кийсең болот , - деди.

Аны уккан даанышман : Өзүн бут деп эсептеген адамга аял көлөч сыяктуу . Өзүн баш деп эсептеген адамга аял таажы сыяктуу ,- деп жооп узатты ..




0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар