Перейти к содержимому


Фото

Мигранттын күндөлүгүнөн

куроктон чыгып тарка

  • Please log in to reply
темада 58 жооп бар

#1 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 363 билдирүү

Жиберилди 25 March 2014 - 03:23

кун жылып, карлар эрип,  табигат жаны эле уйкудан ойгонуунун  алдында турат. Кышты кыштай кар куроп, ар жааган кар  менен алпурушкан  кочо тазалоочулар же башкача айтканда кочо шыпыруучулар кардан жадап  жаздын келишин  кудайдан сурады эле,  мына бугун жаздын жылуу шамалы согуп, ак кайындар бучур байлап  турган кез.  Жаз болгону жергилуктуу тургундар учун эле ыраахат тартуулабаса, тиги байкуш кочо тазалоочулардын  иши дале оор. Болгону кар куроп бел оорутмай, ызгарлуу  суука тонмой жок.

куроктон жаны эле кутулдум деп турган байкуш немелер, эми мынтип таракты колго алып жазкы тазалоо иштерин баштап жиберишкен учуру.......



#2 karagulov90

karagulov90

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 176 билдирүү

Жиберилди 25 March 2014 - 06:24

Айтууга оной бирок аткара келгенде татаал болгон, чет олкодо эмгек кылып жургондордун катарында мына мен да бармын, эмнеге татаал дедим? татаал десем кыйналып, жанын кыйнап жумуш кылып журот деп ойлошоор! бирок мен башкача тушундуром! талаалдыгы бул, тааныбаган элде, корбогон жерде, омурундо кылып корбогон нерселер менен кызыктуу окуяларга туш болосун! ар дайым журогундун торундо сагынычтын сары оорусу ойкоп турат, озунду сабырдуу болууга чакырасын айласыз. Мекенден жоноп жаткандагы максат "акча табуу" менен , ата-эне, бир тууган, досторундан кол узосун! бирок бул убактылуу гана.


**no_comment**


#3 Mulan

Mulan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 96 билдирүү

Жиберилди 25 March 2014 - 11:55

Эххэээй мен да бир гестен баштап мигранттардын санын бир адамга көбөйткөн элем. Аанда эмесе ошол тээ мен эл-жеримди сагынган күндөрүмдөн алстагы жазган салам каттарымдан бир үзүм бул жакка да таштап кетейин.

 

                                                                           Тилек

  Келечегиме үмүт койуп мен да жаңы кадам таштаган Москөө шаарымда ийгиликтердин артынан ийгиликтерге жетишип тапкан кирешелериме өпкөлөнүп кеттим окшойт, кудай мына эмесе деп башыма кыйын күндөрдү жаадыра баштады, ошондо канча бир айлар жумушсуз жүрдүм бутума кийген бир кара красовким бар болчу, үстүмө жамынган кара курткам андан башка кийимим жок окшойт ошолорду кийип алып жөнөйт элем жумуш издеп. Бир гана тилеген тилегим жумуш тапсам өзүмдү өзүм камсыз кылып башкаларга зыяным тийбесе болду деп гана жүрдүм себеби мен ушунчалык адам затына көз каранды болгонду жаман көрөм, жан дүйнөм үшүп кетет. Кези келгенде колуңдан эч нерсе келбесе бир тууганындын да ачуусу келе түшөт экен, менин ойлорумдан ушул гана картиналар өтө берчүү. Эхх өкүнгөн нерселерим канча алдыда көптөгөөн жолдор, тандоо бирөө эле. Азыр да Тилек менен жашайм, тилек менен уктайм тилек менен барам жана Үмүт менен ойгоном.



#4 Kg.Lady

Kg.Lady

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 24 билдирүү

Жиберилди 17 August 2014 - 21:08

Сагыныч, сагыныч! Бул сагыныч деген сезимди тунгуч президентибиз баш болуп, экинчиси тош болуп, карапайым калк каш болуп даамын татып жаткан кез)))).

Чоочун шаар, чоочун эл, чоочун чойро, баарысы чоочун болуп турганда жакын адамын сыртын сала чоочундарча мамиле кылганы, Уралдын суугунанда ото тушот экен, жандуйнонду чыйрыктырып.
Токтоо бол, сабырдуу бол колдон келсе, а бирок тартынчаактык болбос нерсе!
АЛЫМЖАН ТОКТОСУНОВ

#5 Pansat

Pansat

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 68 билдирүү

Жиберилди 18 August 2014 - 01:48

Жогорудагы билдирууго кошулам, биздин эл башчыларыбыз качып кеткен жок, эл катары чет олкого иштегени кетти. 



#6 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 573 билдирүү

Жиберилди 18 August 2014 - 08:48

Мигрант болгонмун, баарын коргонмун. Бир кун келип мен да жазып кетем тагдыр жазымыштарымы.

#7 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 208 билдирүү

Жиберилди 18 August 2014 - 12:46

,,Туулган жердин топурагы алтын"экенин оз жеринден алыстаганда билет экенсин......


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#8 Pansat

Pansat

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 68 билдирүү

Жиберилди 27 August 2014 - 02:46

Мен бугун жалгызмын((( ушул кунго чейин атам же туугандарым менен жашап журуп, такыр жалгыздык деген нерсени сезбептирмин. Бугун жумуштан келсем, мени келдиниби же не кеч келдин деп сурачу адам жок. Кече аябай ооруп калдым, ордуман турууга алым жок, даыр кутучадан  даарыны алып берер адам жок((( айлам куруп, аран ага озум жеттим. Байкуш апам бир аз эле шамалдап калсам "Канатым" деп тункусун да уктабай, айыканча жанымдан кетчу эмес, атама эрке уул болуптурмун, кунуго жумуштан келишиме тамак даярдап койчу, маанайым жок болсо, тамаша, табышмак  айтып конулуму которчу. Анан да иштен бир аз кечиксем " бугун уйго келесинби?" деп чалып турчу. А бугунчу.... бугун мени сурачу да,  тескеп, тилдочу да адам болбоду. Ойлоп корсом ал эки адамга мен канат эмес, алар мага кудай тарабынан берилген баа жеткис байлык, коко учурар канатым турбайбы((( ар дайым жалгыз болууну каалачум, мына бугун жалгызмын((( жыргал эмес экен(((( 



#9 Pansat

Pansat

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 68 билдирүү

Жиберилди 28 August 2014 - 02:23

Он жети сааттык жумуш.... Тандын атканы, кундун батканы эч кандай мааниге ээ эмес, чыкылдап соккон саатын жебеси менен кыймылдамп, анын буйругу менен басып турасын. Акыркы жолу он беш кунчо мурда кундун чыгып турганын кордум эле, ошодон бери жылдыздуу, булут басыкан караны асынды гана кором. Коптон бери себелеген жамгырды аралып журууну самап журом, бирок мен кочодо болгондо жамгыр да шамал да болбойт. же мен уйку аралаш жол жургонум учунбу табыяттын ырахатын сезбей калдым. Метрода, иште деги эле айланамда эмне болуп, ким келип ким кетип атат мен учун кызыгы жок. Даамду тамак, соц тармак, достордун тамашасы... эч нерсенин кызыгы калбады. Жумуштан келип шылкыйып отуган бойдон уктачу болдум, карап корсом жашоонун, турмуштун терен катмарына сунгуп кирип баратат окшойм. Пландарым, кыялдарым баары чан басып эскирген кагаздай оюмун бир бурчунда кала берди. Откондо бир досум "сен уй салып атасынбы? деп сурады, а мен ооба бирок...... деп ары берини айтып созду буруп кеттим. Кайдагы уй.... Когоруп журуп, аран окууга тапшыргам, анан да контак акчасын оз мойнума алып, иштеп ага берип, али уго салып эптеп  окууп алайын деп журбоймбу. Ошол суроо, ошол адмадан берилгени менен журонумо бычактай эле матырылып калды, он жети саат иштесем да чарчоодон жыгылчудай болсам да ошол суроо берилип атканда озумун кепиме караган коз карашып мени  бир мунотто сергитип, кара куч менен чымыркантат. Иш... бугун чечтим, баарын таштайм, иштеп уй салып, эл катары жашоо кечирем... Мен тагдырды озгорто албадым... кыялдарымы орундата албадым. Бир соз менен айтканда мен ак чайрак котордум. соц тармакты да токтотом, уйку жана жумуш менен жашайм(( 

Бирок жаш досторго атам " мен женилдим, силер женилбегиле, кыялдар албетте орундалат,...."



#10 CauseLove

CauseLove

    Маленова).

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1429 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 04 September 2014 - 22:10

Россия, Россия, жашты картайтып, карыны жашартып салат экенсиң го.

Хмм…


Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#11 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 363 билдирүү

Жиберилди 09 October 2014 - 02:00

Бугун жумушта жалгыз озум иштедим, тим эле сааттын чыкылдаганы угулуп турдуго чиркин. Аадатта бизде базардай эле адамдардын суйлогон кыйкырганы, карс-курс этип урулган бычактардын уну  мээни чарчатып жиберчу. "Бол тез, чурка, кел"- деп кыйкырып турчу окуучуларым да жок. 

Окуучулар демекчи алар жонундо бир аз айткым келди. Биздин жумушта бир салт бар, Эгер билсениз кайсы бир эл башчы олкобузго келсе, нан жанан анын устундо туз менен кутуп алат. Нанды сындырып, тузга тийгизип жейт. Биздеги салт да бир аз ошого окушоп кетет. Ким жаны келсе ага эн биринчи кашык карматып васабиден ооз тийгиздирилет же чон идишке ысык суу куюп, ага васаби даярдатат.

Васаби ачуулугу калемпирди, козду ачыштыргандыгы пязды жолдо калтырат, анан да калса абада тарап, демди бууйт. Васабини бир эле ооз тийген адам аны жута албайт, а ысык сууда даярдоо бул озунчо бир тема болуп кетет))) колду куйгузуп, коздон жаш агызат жана  демди бууп койот. А бизге келген жаны балдардын айласы жок болгондуктан ооз тийгени эптеп жутуп, даярдагын даярдап биринчи сыноодон отот.  Мен да мындай сыноодон откомун)))

Бугун ошол жигиттер да  мага келип " э не мындай тигиндей"-деп жанды кашайткан баай акелер да жок болушту. 

Беш жигит иштеген жайда жалгыз озум иштегенге баарына улгурушумо туура келди. Кызыгы баягя бир макалда " эшкетин жугу женил болсо жатак болот" дегендей канчабыз иштесек да аран улгургон немени озум окшоштурдум окушойт. 

ФМС- деген немени эрте менен келерин жар салгандан сон жумушчулардын кийингени кийинип, кийнбегени жумушттагы формасы менен эптеп качып калмай болду. Сааттап кийинуу канасын куткон жайда бугун коз ачып жумганча эч ким калбадыгоооо..... 

Ошентип кутулгон фмс да келбеди, мммммм эртен келет окушойт, дагы кандай кызыктар болуп кетет аны эртенки жаны кун жаны деп жаны жарыктан кутуп калалы)),,,,,,,........



#12 Aiym

Aiym

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 613 билдирүү

Жиберилди 12 October 2014 - 00:17

Байкем экообуз соода борборуна бардык, жаны жылдан кийинчи айтор кычыраган кыш болчу. Анын бели ооруп жаткан эле кыйналбасын деп жуктун тен жарымын которуштум. Оор экен колдорум ооруп кетти, ал учурда ушуп турган болчумун. Убагында апама даамдуу тамак жазап бербегениме, тил укпагандыгыма атама ашыкча эркелеп журбогондугумо окундум. Ичимден буулугуп озумдун журогумдун ооругандыгына чыдай албадым. Ал жерде мен байкеме колумдун ооругандыгын ушуп кыйналгандыгымды айта албадым, мен ага каалаймынбы каалабаймынбы жук которушууго милдеттуу элем, эркелешке акым жок. Озумдун откон иштериме окунум оор жуктун салмагын жерге койбой, Дем албай которуп бара бердим колдорумду кесип салайын деген сетканын сабынын курчтугун бекем кармадым. Кыйналсынчы жаным, ооусунчу колум, кыйналайынчы акылсыз кыз болгонум учун жазамды озумо, озум берип бара жаттым....

Альхамдулиллях!


#13 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 363 билдирүү

Жиберилди 12 December 2014 - 23:56

Кече досторум менен кулубта болдум. Билбейм мумкун мен коргондун баары бул шаардын ар бир кулубунда катталар. 

Кулуб демекчи, омурумдо бир досторго аралашып кулуб  деген жерлерге баш багып корбоптурмун, токойдон эле шаарга алып келип койгондой абалда болдум окшойт). Барып эле бир дукондун жертолосуно тушуп кеттик, мен ойлогон эмесмин ал жерде ошончо коп адам бар деп. Дун- дун урган калонкалардын уну тим эле опко жургоунду жарып кетчуудой. босогодон баш багар менен чокчойто чылым чегип турган кып кыргыздын эле кыздары корунду. Жарк журк эткен жарыктан алды артыны да коро албайсын, муунтуп жиберчуудой болгон тутун толо. Эптеп бир буйуртма берген тегерек устолго да барып жеттик.Айлананы  баамдап карап коруп, адамдарга бир тан калсам бир ардандым. Коргонумун баары ушул биздин эле мекендештер кыргыздар. Устуно эптеп бир нерсени илип алган кыздар, чылымынын тутуну мурдунан да оозунан да буркуп чыгып жаткан жигиттер кылжыйып арака тоюп алган. жалан жаштар болсо го мейли дечи жашты кырктан ашып калган кыргыз ага эжелер да жаш баладан отуп тайрандаганына эмне дейсин. дубалдарга катар койулган кузгулрго тизилип алып бийлешет экен. эч ким менен эч кимдин иши жок, кудум норкаман адамдай оз кыймыдына мас болгон немелер... Бу клуб деген нак шайтандын уйу дегени чын экен гооо . дагы айта берсе ал жерде коптогон нерселер жатат. ал мен коргон нерселер ал жайда кундо кайталанат. Мен коп отурбай кайра эле чыгып баса бердим. 



#14 vika87

vika87

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 74 билдирүү

Жиберилди 16 December 2014 - 11:32

Мага да клуб аттуу жакпайт!!! Беш алты жыл мурун , биздин маалда дискотека эле дечу элек, болгондо да ичип чекмей жок болчу,бийлеп бийлеп эле кетип калчук !!! Азыр эле клуб дешип , окуу жумуштан калып !!!

#15 SteFan

SteFan

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 762 билдирүү

Жиберилди 17 December 2014 - 21:10

Негизи адамдар ушу шайтандан да томондошуп кетет, бир карасан бакшы болуп баратканы, бир карасан молдо боло калат. Эми жаманга оной эле азгырылып кичине бир катачылыгы учун омур бою тамчылап топтогон кадырына дак тушуруп алат экен. Кыскасы биздикилер сыртка жыргаганынан чыкпайт, жыргап чыккандар болсо да алар акчасы коптор десек болот. Ал эми бир эле клубта сайрандаган кыз-балдар эле эмес бели ооруп кар курогон, колу тонуп пол жууган балдар-кыздар деле жок эмес. Негизи Москвада жургон кыздардын жииркеничтуу кейипин курамы окшош сайтта жазышкан экен окуп ошону жазган акмакка наалат дедим. Адамдардын ан сезимине жакшы позитивдуу нерселерди сыйдыруунун ордуна негативди эле айта беришет. Анын да жуздон жетимиши калп, ооба сыртта жургон жаман кыздар менен бирге эле балдарыбыз деле бар. Бирок жакшыларыбыз коп экен биздикилер ачка калбай оокатын кылып аш-тойлорун берип атышат..

Өзүмчүл, акылыңарга моюн сунбаган, эси жок жүрөгүңөрдүн аракеттерине өзүңөрдү айыптабагыла! Анткени ошол жүрөк тартуулаган бакыт эч качан кайталангыс учур боюнча кала берет. 


#16 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 363 билдирүү

Жиберилди 18 December 2014 - 00:03

Мндан ары иштоого руксат кагазын сатып алып отурбай, тура патент менен эле каалаган жайга жаалаган даражадагы жумушка орношсон болот экен). Бирок ушу патентти алуу да бир аз мумкун корунбогон менен бир кыйла маселелер тургандай, анткени  патент алуу учун экзамен тапшыруу керек болот. Ошо экзаменди орус тилинде орусиянын тарыхы жонундо  тапшырат. орусияга иштооого келип жаткан журтташтарыбыздын басымдуу болугу калктын крапайым катмары болгондуктан орусиянын тарыхы боюнча экзамен тапшыруус орунсуз деп ойлойм. Бу менин эле оюм эмес, бугун бир танышым патент алууга документ тапшырды, ага  экзамен тапшыруусун айтыптыр. анын наалыганы ушул орус тарыхы эмне керги бар дейт. копчулук мигранттар да ушундай наразы пикирин билдиришет.



#17 Danaqul

Danaqul

    Данагул

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1240 билдирүү

Жиберилди 21 February 2015 - 14:11

Бир банкттын тазалыгын карайм,ар бир саатында жумуш менен алектенем кээде чарчаганда үшкүрүп гана олтура берем.Кичине болсо да кирешеме кошулсун деп кошумча ишке барам,беш күн бир жерде иштесем эки күн башка жерде ошентип күндүн өткөнү билинбейт.Канчалык бешене териң менен акча тапсаң да,ошол акчаны жумшаганы келгенде тез эле орду табылып канча мээнет кылганынды бир убакта жайына койосуң.Жума күнү ишими бүттүп кечки жумушума бара жаттым.Ал жерде таң аткыча тазалыгын карайм уктабай.Адаттагыдай келип өз жумушумду жасай баштадым.Кеч кире жаштар залга толду,кыздар балдары ичимдикти суудай эле шимирип жатышат.Музыкасы кулакты жарат ар минут сайын даараткананы карап турушубуз керек,ичип алгандардын ахыбалын айтбасам да түшүнүктүү.Ушунчалык балик болгон адамдарды көргөндө малдан айырмасы жоктой болгонун көрүп зээним гана кейийт.Таң атышын күтүп көздөрүм жумулуп араң эле бут шилтейм.Мына ошол акыркы сааттар мен үчүн аябай оор болот.Баары кеткенде залды баарын жууп чыгышым керек,чарчап турган жаным "Эй кудайым күч бер "-деп жууйм.Бүтүрүп эми эртерээк үйгө жетсем жылуу төшөк көзүмдөн учат.
Ушундай күндөрдү ойлоп же ойумдун акырына чыкбайм.
Алга умтулуу,жашоонун кымбаттыгын сезуу!!!!!!!

#18 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 363 билдирүү

Жиберилди 22 February 2015 - 21:52

Азыр эле кочого чыгып келдим,  тункусун эмнегедир уйкум кашчу болду, саат 3:00, уйубуздун жанындагы тункусун иштоочу дуконго сутко чыккам.

  Кочодо борошолоп, ак кополокдой жаап жаткан кар басчуу жерини корууго жолбербей козуно ургулайт. Чон жолдо катар асылган чыракатрдын асына барып, асманды бир аз тиктеп турсан, тээ асмандын кучагына карай учуп, бул жашоонун оор женил туйшугунон бир саамга бошонуп чыгып бул дуйнонун канчалык кен экендигин сезе тушосун. 

Азгырарда жазгырар белем, чон жолдо шубулдаган машинелер аадаттан сырткары эч бири корунбойт, уруп жаап жаткан кардан жолдо ак кара болуп  аркы терки бир демелер корунуп турат.  Жол бойлой акырын басып келгенде, сары кызыл чырагы жанып очкон беш алыт машинени кордумум, жакындап барганча эч нерсеге тушунбодум. Бу кар бу тайгак жол беш машине, анын ээлерин аябаган тура. Эн биринчи ал жерге мен жетип баргангабы, алардын эч бири оз акылында эмес экен эле. Ушул убака чейин бир да ал номерге ишим тушпогонго ал алмаштырыпа ал туура терип шаштым кетти. Мен бир бугулуп калган машиненин эшигин ачканча кочо жанырта ко чыгарктар келип калды.  Бактысына ал жерде эч кимиси мерт кетпеген экен. Кок чырактар баарын салып убагында оору канага алып кетти. А мени менен эч кимдин деле иши жок, аадатынча документи деген орус байке деле жок.

 

Азыр эле кочого чыггып келдим, тункусун эмнегедир уйкум кашчу болду.



#19 Kala

Kala

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 178 билдирүү

Жиберилди 27 February 2015 - 18:32

Эмнелер гана баштан откон жок, баарысын басып оттук, жакшы кндор да келди. Айдын он беши карангы он беши жарык дегени туура. Мен да кыйналган учурларым болот болчу. Бирде окуп жургонумдо дайыма эжем менен ага жардамдашканы пол жууганы барат болчук. Пол жууп ары бери таштандыларды таштап келчуумун. Жанымда казактын кычыраган сулуу кыздары укмуштуудай телефондорду которуп, мен кыялданган кийимдерди кийип, татынакай болуп отуп калса мен дагы окуган жайыма ушинтип кийинип барат бекенмин дечуу элем. Намысыман озумчо ыйлаган кундор дагы отту. Дайыма пол жууганы баргым келчуу эмес анткени мен тендуулор окуп, ойноп журушоор эле. Ооба мен дагы окуйт элем бирок бир бут кийим эки шымым, эки кофтамдан башка мактанаар нерсем жок болчу. Азыр мына ошол кундор деле отту, шугур бактылуумун.



#20 wirin_kyz

wirin_kyz

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 721 билдирүү

Жиберилди 15 March 2015 - 00:09

Эртерээк максаттарыма жетсем сапсим кетем ырассиядан
Slova ewe-ne delo!!!


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар