Перейти к содержимому


Фото

Ар бир күндүн статусу. Бүгүнкү ой-толгоом...


  • Please log in to reply
темада 776 жооп бар

#21 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 24 April 2014 - 12:29

Эненин жылмайуусу болбосо күн да чыкпайт жашообузга. Энелердин жүрөгү балдарынын бактысынан балкып, жүзү жаркып турсун. Ар дайым... Ыйлагым келди... Энеден, тиги уулунан айланса да аз.

i-66.jpg


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#22 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1548 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 24 April 2014 - 13:09

Бүгүн да адаттагыдай күзгүнүн алдында чачымды тарап отуруп: "ии чачым кичине өсүп калды" дедим.
Жанымда Мамам (тайжем) отурган эле,
-Чачыңдын узундугун тилегенче өмүрүңдү, бакытыңды тиле,-деди.
Туура дечи, а бирок...

Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#23 Xuliganka

Xuliganka

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 765 билдирүү
  • facebook:Айкөкүл Алибековна

Жиберилди 25 April 2014 - 23:34

Апаке, тилден калган адамдай сүйлөөгө дарманым жок.Жан дүйнөмдү дүңгүрөтүп келе жаткан арманды айта албай жатам.Ушул кең ааламга батпай кысылып баратам.
=================>>>>Эч качан>>>>
>>>>аракеттен>>>>>
>>>>>талба.=================>>>
Аракетке берекет :)

#24 AALMAZZ

AALMAZZ

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 192 билдирүү

Жиберилди 25 April 2014 - 23:41

Жалгыз  бир ишенген периштем бар ал дайым журогумдо. Ага мен ишенем аны мен суйуп калбайм аны мен жек коруп да калбайм ал тек гана мага туура жолду корсотуучу Жана менин жакшы жаман жагымды билсе да колдоп туруучу периште.



#25 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3286 билдирүү

Жиберилди 26 April 2014 - 07:08

Илгери мен жаш кезимде, жолдун аркы бетиндеги кошунабыз, астындагы орустун үйүн сатып алып, ал жерге бензин сатканы ыңгайлаштырып заправка ачып койду. Ал байкенин байкесинин бир уулу бар эле. Ал ошол жылы 26-27 жаштарда болсо керек. Өтө ичип кеткен болчу, эмне себеп мен кайдан билейин жаш болсом. Бир түнү бензин саткан байкесинин үйүнө барып бензин уурдайм дептир (бензиндерди чоң тонналаган бачокторго куюп коюшчу, анан чакалап алып чыгып сатышат эле да), тиги бачоктун оозун ачып, чака менен бензин алам деп жатып ичине түшүп кетип, өлүп калыптыр. Аны ким көрөт түндө. Эртеси түшкө маал гана табышат. Себеби бачоктун оозу ачык калганын көрүп, жаап койгону чыгып ичиндеги Кубаныч байкени көрүшөт. Кичине болсо дагы эстейм ичбесе аябай жоош, ак көңүл, ичинде кири жок аябай жакшы адам болчу. Ичип алса деле эч кимге жамандыгы жок болчу. Кийин апам  айтып калат эле "атасы уруша берип баланы жеп түгөттү" деп. Атасы өлө түрү суук, каардуу, анан коркунучтуу көрүнөт болчу мага. Чоңойгондо деле ошол кейпинен жазган жок мен үчүн. Бул байкени кээде эстеп калам, уурулук кылбасам дагы, мен ушул адамга окшоп өлүүнү каалабайм. Өзүнүн тууганы болсо дагы уурулук кылып жаткан жеринен өлдү да. Мен Аллаһка чөгөлөп тизе бүгүп турган жеримде өлүүнү тилек кылам. Аллаһтан дагы суранам менин жанымды саждада алуусун. 

Бул нерселерди эмнеге жаздым? Билбейм. Жөн гана жазгым келди.


Сенин журогундун Жарыгы..


#26 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 26 April 2014 - 21:12

Адамдын ичинде сезимдердин чеги болот, кайгынын чеги, оорунун чеги, коз жаштын чеги, кечиримдуулуктун чеги, ишеничтин чеги, жек коруунун чеги...ошондуктан алар кээде копко чыдайт, копко унчукпайт, копко чечим чыгарып.. бир кун унсуз, созсуз жашоондон чыгып кетишет.

Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#27 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1548 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 27 April 2014 - 10:56

Тартыла бербе өзүмө,
Көп суктанба көзүмө.
Сыр кылып сакта дартыңды,
Көзүң тиет өзүмө. :60:

:155: бүгүнкү күнүмдүн статусу.


:9:

Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#28 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 27 April 2014 - 20:33

Бүгүн да адаттагыдай күзгүнүн алдында чачымды тарап отуруп: "ии чачым кичине өсүп калды" дедим.
Жанымда Мамам (тайжем) отурган эле,
-Чачыңдын узундугун тилегенче өмүрүңдү, бакытыңды тиле,-деди.
Туура дечи, а бирок...

Жеңем мага суроо узаткан эле: "Намазда эмнени көп тилек кылып, суранасыз?" деп. Мен "ата-энемдин жана бир туугандарымдын өмүрүн узак кылуусун, ..... жана ....." деп жооп бергенмин. Ошондо жеңем "ата-энеңиздин өмүрүнөн көрө, алардын күнөөлөрүнүн кечирилишин көбүрөк сураңыз" деп айткан эле... Бирок... 


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#29 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 27 April 2014 - 21:09

Намазда биринчи өзүңөрдү сурагыла, "өмүрүм узун болсун, ибадат кылып алайын, мага өмүр бер"-деп сурагыла. Силердин өмүрүңөр узун болсо анан  башкалардын өмүрүн жана күнөөлөрүнүн кечирилишин сурайсыңр да. Кудай биринчи өзүңөргө өмүр берсин, анан жакшылап ибадат кылгыла. Тиги дүйнөдө эгеде баласы жакшы амалдарды кылып жүргөн болсо, Алла ага ыраазы болсо, Алла Таалабыз көпчүлүктұн көзүнчө, ата-энесине алтын таажы кийгизип сыйлайт экен. Баласынын кылган жакшы амлдары үчүн ата-энелер сыйланышат.Ылайым ата-энелериңерге  ошондой сыйлыктар насип кылсын.



#30 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1548 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 28 April 2014 - 09:40

Бактылуулук тилеген
Бүгүнкү күндүн статусу).
:60:


Бактылуу бол Адамзат..!

Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#31 Xuliganka

Xuliganka

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 765 билдирүү
  • facebook:Айкөкүл Алибековна

Жиберилди 29 April 2014 - 01:24

Эмнеге менде мындай мүнөз калыптанып калган...
=================>>>>Эч качан>>>>
>>>>аракеттен>>>>>
>>>>>талба.=================>>>
Аракетке берекет :)

#32 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3286 билдирүү

Жиберилди 29 April 2014 - 13:15

Ур, теп, бутумдан жыгыт, бирок мен кайрадан турам. Себеби сенден алган зор күчүм бар. Болгону жүрөгүм жаралаба, ал баары бир алсыздык кылат...


Сенин журогундун Жарыгы..


#33 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 29 April 2014 - 23:09

Бугун 12ден кийин Ражаб айы кирет экен. Ким биринчи 3кунундо орозо кармаса, 1-куну=3жылдык нафил орозого барабар,
2-куну=2жылдык.
3-куну=1жылдык, калган кундору 1айлык нафл орозого барабар экен. Барыныздарды биринчи 3кундук орозо кармашыныздары сунуштайм.

Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#34 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 366 билдирүү

Жиберилди 30 April 2014 - 03:07

Айтканымдай эле мүчө болдум,кубанычымда чек жок..Алардын мынчалык жылуу кабыл алаарын билгенимде,мурда эле кирмекмин...Бирок баарибир жакшы нерсенин эрте-кечи жок дегендей..Алар мага ишеним артып,1тапшырмасын берди.Менде эми жок дегенде багыт бар,мен баары бир ойлогонума жетем,эч ким тоскоол боло албайт.
Үйүмдү көздөй сапар тартканда ойлорумда ушулар..
05.04.2014

сиз "оптимиз" экенсиз...



#35 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 366 билдирүү

Жиберилди 30 April 2014 - 03:28

Мен омурумду уйкуга алдырып жибериштен корком, деги эле  уктоодон корком. Араптар айтып коет эмеспи " уйку бул жарым олум" деп. Ооба олумдон корком, а эмне коркпогон да адам барбы? бир суткада 5 сааттык уйку мен учун жетиштуу. Пайгамбарыбыз МУХАМЕТ с.а.в айткан " убакыт кылыч, сен аны кеспесен, ал сени кесип кетет"  бул созду мага жездеп кундо айтчуу.  А мен анын манызын эми тушунуп атпаймынбы, бирок али да кеч эмес баары ушул муноттон башталат.



#36 Xuliganka

Xuliganka

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 765 билдирүү
  • facebook:Айкөкүл Алибековна

Жиберилди 01 May 2014 - 01:10

сиз "оптимиз" экенсиз...

"Оптимизби" же "Оптимистпи"? Мен да озумду ошентип ойлойт элем,бирок менде пессимисттик сапат да бар экен... :( 


=================>>>>Эч качан>>>>
>>>>аракеттен>>>>>
>>>>>талба.=================>>>
Аракетке берекет :)

#37 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 01 May 2014 - 12:17

"Махабатсыз жаралат сүйүү чиркин,

Өзүңдүн сүйгөнүңө чын берилгин,

Сыртына, сымбатына кызыкпастан,

Өмүрдүн ар секундун баалай билгин"

Эльдияр Тойчубаев.

 

Офисти күлкү аралап кетти. ))


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#38 Minura

Minura

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 47 билдирүү

Жиберилди 01 May 2014 - 12:30

"Махабатсыз жаралат сүйүү чиркин,

Өзүңдүн сүйгөнүңө чын берилгин,

Сыртына, сымбатына кызыкпастан,

Өмүрдүн ар секундун баалай билгин"

Эльдияр Тойчубаев.

 

Офисти күлкү аралап кетти. ))

)) :P 


Бакытты кийинкиге калтыруу мүмкүн эмес. Бүгүн бактылуу болуу керек! 


#39 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 02 May 2014 - 19:35

Адамдын башка жандыктардан айырмачылыгы, күлүп жүргөнүндө.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#40 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 594 билдирүү

Жиберилди 02 May 2014 - 20:19

Баары алдыда. Келечекке аруу үмүттөр гана өлбөй бара берет! 




0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар