Перейти к содержимому


Фото

Китепканадан таасирленүү.


  • Please log in to reply
темада 156 жооп бар

#141 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 675 билдирүү

Жиберилди 22 September 2016 - 15:45

Кыргызстан китеп окуу боюнча дүйнөдө акыркы орундарда

Экс Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев 23 – апрель Эл аралык китеп күнүнө арналган бир иш – чарада Кыргызстан китеп окуу боюнча акыркы орундарда турарын айтып, китеп окуу маданиятын жандандыруу негизги милдет экендигин билдирген. Министрдин маалыматында, өлкө боюнча 6 гана мамлекеттик китеп дүкөнү бар жана 300 000 кишиге 1 китеп дүкөнү туура келет. Кыргызстандын калкынын саны 5,5 миллиондон ашканы менен, 2010-жылкы Китеп палатасынын статистикалык маалыматтарына ылайык, болгону 800 ар кандай аталыштагы 730 миӊ даана китеп чыкса, 2012-жылы жалпысынан 2 миллион китеп басылып чыккан. Ал эми 1989-90-жылдары бир жылда 10 миллион китеп жарыкка чыкчу экен. Ушул көрсөткүчтүн өзү көптү айтып турат дейт Султан мырза.

Изилдөөлөргө таянсак, Союз учурунда кыргыз жазуучуларынын китептери китепканада суралган эң алдыңкы саптарды ээлеген. Азыркы учурда Кыргызстандын эл аралык китеп жарманкелерге жөнөтө турган китептери чектелүү. 1990-жылы Бишкек шаарында китеп саткан 25 дүкөн болсо, азыр 5-6 гана дүкөн иштейт. Учурда көркөм адабий чыгармалардын көпчүлүгү «Раритет», «Нуска» дүкөндөрүндө сатылат. «Раритет» дүкөнүндө китептин орточо баасы 450-500 сомдон башталып, эң кымбаты (бир нече томдугу) 23 миңге чейин барат. Ал эми «Нуска» китептер дүкөнүндө орточо баалар 200-250 сомдон, эң кымбаты 3000 сом турат.



#142 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 675 билдирүү

Жиберилди 22 September 2016 - 15:46

Чыныгы китеп сүйүүчүлөр аз болууда

Жазуучу Муса Сапаевдин “Шоокум журналындагы” маектешкендеги сөзүндө караганда : - Китеп окугандар ар кандай максаттарды көздөшөт. Биринчилери бош убакытты өткөзүү үчүн окушат, экинчилери, белгилүү тематикага кызыккандар, үчүнчү топтогулар болсо чыныгы китеп сүйүүчүлөр, деп койсок болот. Тилекке каршы, булардын саны абдан аз болууда. Ал эми төртүнчү топтогулар болсо максаттуу окугандар, булар кайсы китепти эмне үчүн окушу керектигин билишет. 

"Деги эле китеп окуунун практикалык, экономикалык дагы мааниси аябай чоӊ экендиги өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында бир канча жолу далилденген. Азыркы күндө Япония китеп окуу боюнча алдыӊкы орунда турат. Японияда ар бир адамга – жаӊы төрөлгөн баладан баштап абышкага чейин – 11 китептен туура келет. Ал эми АКШда ар бир адамга 9-10 китептен туура келет. Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр андан кийинки орундарда турушат. Азыркы өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү китеп сүйүүчүлөр болуп эсептелет. Ал эми Африка, Азия калктары, анын ичинде кыргыздар биз дагы, китеп окубайбыз, ошондуктан арттабыз", -дейт Муса мырза.



#143 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 675 билдирүү

Жиберилди 22 September 2016 - 15:46

Оңой эле байыгысы келгендер көбөйдү

Тилекке каршы, Кыргызстанда кайсы китепке болгон талап күчтүү экендигин расмий изилдеген статистикалык маалымат жок. Бул багытта иш жүргүзгөн мекеменин жоктугу абалдын оор экендигин билдирет. Китеп дүкөндөрү сатылып жаткан китептердин рейтингин ачык чыгарышпайт. “Нуска”, “Раритет” китеп дүкөндөрүнүн жетекчилери көбүнчө студент, окуучулар тарабынан предметтик китептерге талап жогору болорун айтып келишет. Мындан тышкары Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы, “Манас” эпосу көбүрөөк талап кылына баштаптыр. Бул көрсөткүч албетте чеке жылытарлык көрүнүш эмес. Ушундан улам деги окурмандар кандай китептерге кызыгып, кандай китептерди окушат болду экен деген суроо туулбай койбойт экен. Бул суроонун тегерегинде сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө 300 студенттин жарымынан көбү башкача айтканда 70 пайызы, ар кандай психологиялык китептерди, ошондой эле Адам Жексон, Дейл Карнеги, Джон Кехо, Наполеон Хилл сыяктуу чет элдик жазуучулардын “Сокур сезимдин колунан баары келет”, “Кантип байыса болот”, “Байлыктын, Сүйүүнүн, Ден соолуктун, Ийгиликтин он сыры”, “Бай атам, кедей атам” кыскасы ушул тариздеги жалаң оңой эле байып алуунун же тез эле ийгиликке жетүүнүн амалдарын үйрөтүүгө багытталган китептерин, аны менен катар жеңил – желпи окуяларды камтыган жазмакерлердин чыгармаларын окушарын саймедирешти. Албетте, буга деле каршылык жок дечи, бирок терең маанини камтыган адабий китептер, элибиздин көөнөргүс оозеки чыгармалары, дүйнөлүк жана элдик залкар акын - жазуучулардын эмгектери ушинтип эле унутулуп, каралбай калабы деген санаркоолор да болбой койбойт экен.



#144 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 675 билдирүү

Жиберилди 22 September 2016 - 15:46

Эмне үчүн азыркы муун китеп окубайт?

Бул суроонун айланасында көчөгө чыгып орто жана улуу муундун өкүлдөрүн сөзгө тартсак басымдуу бөлүгү азыркы технологиянын өнүккөндүгү, компьютер, телефон, DVD, телевизор, интернет, планшет, социалдык тармактар жана башка нерселер менен байланыштырышат. Ал эми жан башына 20-30 китеп окуп жаткан өнүккөн өлкөлөрдө технология бизден кем өнүккөн жок да, туурабы? Балким, бул көйгөй жалпы кыргыз элинде китеп окуу маданияты жакшы калыптанбагандан болуп жүрбөсүн? Ушул эле суроого жооп издеп эл көзүнө көрүнүп калган адамдарга собол салсаң , учурунда китеп дүкөндөрүнүн бардыгынын сатылып кетишин, китепканалардын дээрлик аздыгын бетке кармашууда.



#145 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 820 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 23 September 2016 - 10:12

Бриллиант жыланды ото кызыгуу менен окугам.

Ashik olmak bu mutlu olmaktir, sevarken hic bir zaman degishmeyelim...

Моя жизнь моя история..


#146 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 25 September 2016 - 09:37

Бриллиант жыланды ото кызыгуу менен окугам.


Men dagy.

Сенин журогундун Жарыгы..


#147 SteFan

SteFan

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 845 билдирүү

Жиберилди 14 May 2018 - 12:40

Дүйнөлүк бестселлер болгон чыгармаларга кызыгуум көп.. После тебяөдеген чыгарманы карындашым берди эле али окуп бүтө элекмин чынын айтсам биринчи бетин да карабадым.. :)


Өзүмчүл, акылыңарга моюн сунбаган, эси жок жүрөгүңөрдүн аракеттерине өзүңөрдү айыптабагыла! Анткени ошол жүрөк тартуулаган бакыт эч качан кайталангыс учур боюнча кала берет. 


#148 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1559 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 17 May 2018 - 13:35

Детективдердин дээрлигин уктум.
Таасир калтырып, эсимде калганы
Джоан Роулингдин жеке детектив Корморан Страйк жөнүндөгү үч китеби.
Ларс Кеплердин комиссар Йона Линна жөнүндөгү алты китеби.
Ю Несбёнун "Сын" ж.б. бардык чыгармалары..

Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#149 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1559 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 20 May 2018 - 21:43

Мм, мен эң башкы авторду жазбай койгон турбаймынбы..

 

Эң сүйүктүү авторум Тесс Герритсен. Айрыкча, Риццоли менен Айлз'дын сериясын кууп окугам. 

 

Бирде, маршутта кетип атып жумушка жеткенче окуп барайын деп отуруп, аялдамамдан өтүп кете жаздагам.))


Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#150 Aiym

Aiym

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 637 билдирүү

Жиберилди 21 May 2018 - 11:34

Мм, мен эң башкы авторду жазбай койгон турбаймынбы..

 

Эң сүйүктүү авторум Тесс Герритсен. Айрыкча, Риццоли менен Айлз'дын сериясын кууп окугам. 

 

Бирде, маршутта кетип атып жумушка жеткенче окуп барайын деп отуруп, аялдамамдан өтүп кете жаздагам.))

Кыргызстандын коомдук транспортторунда китеп окуса болот бекен :huh:  Я конечно извиняюсь, бирок, кысылып-тыгылып жатып ал китепти окуп моокумун канбагандай эле туюла берет да хотя не попробовала.


Альхамдулиллях!


#151 DoSsoN

DoSsoN

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 46 билдирүү
  • ДарегиАсманда

Жиберилди 21 May 2018 - 14:27

" Умолкнувший оратор " мага ушул китеп аябай жаккан,,


Мир двоих не понять миллиардам


#152 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1559 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 21 May 2018 - 17:42

Кыргызстандын коомдук транспортторунда китеп окуса болот бекен :huh:  Я конечно извиняюсь, бирок, кысылып-тыгылып жатып ал китепти окуп моокумун канбагандай эле туюла берет да хотя не попробовала.

 

243 кө көп деле киши "тыгыла" бербейт.

Нуу, по крайней мере, мен ошол маршрут менен каттап жүргөндө орундуктар бош эле болчу). 


Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#153 SteFan

SteFan

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 845 билдирүү

Жиберилди 03 June 2018 - 11:13

Чынгыздын чыгармалары фантазия токулган жашоодон эмес чыныгы турмуштан алынган экендигинен улам жан дуйнонду тарбиялаш учун окуп койсо болот.

Мисалга: Ысмайылдын согушка чейинки мунозу анан кыйынчылык тушкондон кийинки абалы. Адам кыйынчылыкта кантип озгорот жана ал адамдык абиирин сактап калабы? мына ошол ак менен каранын курошу.. Талкуулагым келет, ким менен  :)

Бетме-Бетти окугандарды талкууга чакырам..


Өзүмчүл, акылыңарга моюн сунбаган, эси жок жүрөгүңөрдүн аракеттерине өзүңөрдү айыптабагыла! Анткени ошол жүрөк тартуулаган бакыт эч качан кайталангыс учур боюнча кала берет. 


#154 DoSsoN

DoSsoN

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 46 билдирүү
  • ДарегиАсманда

Жиберилди 04 June 2018 - 04:12

« Жена моего мужа » ото кызыктуу китеп экен, Стефчик )) мен ал китепти окусам созсуз талкуулайбыз))

Мир двоих не понять миллиардам


#155 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1559 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 08 June 2018 - 22:48

Стивен Кингдин чыгармаларын угуп көрөйүн дедим эле, ал кишинин фантазиясында чек жок экен, бир эки чыгармасы менен токтолдум. :)


Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#156 SteFan

SteFan

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 845 билдирүү

Жиберилди 14 June 2018 - 00:53

Жанызактын Шаршендики деген чыгармаларын окудум эле беш алты китеп. Эсимден чыгып калганына сүйүнүп жүрөм окубай эле койгула деп сунуштаймын..

Өзүмчүл, акылыңарга моюн сунбаган, эси жок жүрөгүңөрдүн аракеттерине өзүңөрдү айыптабагыла! Анткени ошол жүрөк тартуулаган бакыт эч качан кайталангыс учур боюнча кала берет. 


#157 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 14 June 2018 - 08:07

Жанызактын Шаршендики деген чыгармаларын окудум эле беш алты китеп. Эсимден чыгып калганына сүйүнүп жүрөм окубай эле койгула деп сунуштаймын..

Неге?


Сенин журогундун Жарыгы..



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар