Перейти к содержимому


Фото

Акылдын тандоосубу же жүрөктүн?

Сезимдер жөнүндө..

  • Please log in to reply
темада 81 жооп бар

#41 Malvin

Malvin

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 372 билдирүү

Жиберилди 23 July 2014 - 15:06

  Жашоодо жүрөктүн милдети - сүйүү, сезүүдүр. Ал эми акыл - башкаруучу күч, ал тандоолорду жасап, чечим чыгарат. Жүрөк сүйүүдө башкарбайт, ал сүйгөндүктөн багыт гана бере алат. Ал эми тандоодо дайыма акыл чечүүчү. Жүрөк тандаган жолго кадам басабы же жокпу акыл чечет. Ошол жолдо да баарыбир акылың менен жүрүп барасың, сезим менен эмес.

"Жүрөгүңдү ук, ал эмне десе ошону жаса" деген кепти көп эле угабыз. Бирок аны угуу үчүн да акылдын байкоосу зарыл эмеспи? "Жүрөгүм туура эмес кылган экен" деп да эч качан айта албайбыз. Ар дайым акыл чечүүчү! Күнөөкөр болсо да акыл күнөөкөр болуп кала берет. Андыктан айтаарым, акыл менен жүрөктүн сүйүүдөгү орду башка-башка. Сүйүүдө жүрөк гана башкарат дегендик- акылсыздык. 

Мен бирөөнү сүйүп-күйүп, "өлөм" дегендерди көрбөдүм дебейм. Бирок Аллахты ошончолук сүйөр бекен алар деген ой менин оюма дайыма "кылт" деп түшө берет. Мени ошол ой уялтып жиберет. Андай сүйүүлөргө күмөнүм бар...

Мен өзүм Аллах никеге дейре жакшы адамды жолуктурсун деп тилейм. Никеден кийин кул болсом мейли сүйүүгө. Анда да баарыбир акылым менен жашайм. Жолдошумдун сүйүүсүнө сүйүү менен гана жооп берсем, тажатма көрүнүп калармын, мен акылым менен да жашай билем ИншаАллаh. 


Өлүмдү ар күнү эсте! Балким бүгүн сенин акыркы күнүң...


#42 Dama

Dama

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 12 билдирүү

Жиберилди 27 August 2014 - 03:46

Журок башкарат. Ошон учун суйуунун козу кор да. Оюндагыдай, кыялындагыдай адамды эмес башкасын суйосун. Анын кемчилдигин корбойсун. Анткени суйгонунду кемчилдиги менен кошо суйосун. Суйгондун ити да суйкумдуу дегендей да бул жагы

#43 Ziyagul

Ziyagul

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 98 билдирүү

Жиберилди 04 September 2014 - 12:08

Менде акыл эле башкарат дайым. Кандай учур болбосун биринчи акылга салып ойлонуп анан чечим чыгарам. Суйуу да бара бара акылга кирип баш ийип калат ашыкча журокту кыйнабай.

#44 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 06 September 2014 - 16:11

Чечим чыктыбы? Кайсынысы башкарат экен?))
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#45 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 06 September 2014 - 17:50

Чечим чыктыбы? Кайсынысы башкарат экен?))

Акыл менен башкаргандар көптүк кылууда, көптүк барыбир жеңет :D


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#46 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 06 September 2014 - 22:18

Чечим чыктыбы? Кайсынысы башкарат экен?))

 

Акыл менен башкаргандар көптүк кылууда, көптүк барыбир жеңет :D

Ушу экөөң бириксең эле эч нерсе бербей коёсуңар а башкаларга?


Сенин журогундун Жарыгы..


#47 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 07 September 2014 - 23:15

Ушу экөөң бириксең эле эч нерсе бербей коёсуңар а башкаларга?

Сиз да акыл дегенсиз ээ))


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#48 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 08 September 2014 - 02:21

Сиз да акыл дегенсиз ээ))

Алдаба мени акырыыыын. Баары бир макул болбойм хыхы.


Сенин журогундун Жарыгы..


#49 Benyamin

Benyamin

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 302 билдирүү

Жиберилди 19 September 2014 - 23:17

Жүрөк башкарат. Бүт денени да жүрөк башкарат. Эгерде чыныгы сүйүү болсо, азыркы тоок сүйүүлөрдү акыл башкарышы мүмкүн.
Досторум ыйманга жол салгылачы,
Досторум эл деп күйүп жангылачы,
Өзгөрсүн жакшы жакќа тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы!

#50 Benyamin

Benyamin

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 302 билдирүү

Жиберилди 19 September 2014 - 23:52

Албетте "Көөдөн" бүт денени падышасы жана жолбашчысы. Эгер көөдөн туура болсо, баардык мүчөлөр туура болот. Ал ийри болсо, дененин баары бөлүгү ага ээрчийт. Пайгамбарыбыз Набий саллаллаху алайхи васаллам айткан экен" Сак болгула! Өлүктө бир кесим эт бар, ал бузулса, баардык дене мүчөлөрү бузулат. Сак болгула, ошол бир кичине эт -Көөдөн"-болот дегендей, маанидеги хадиспи окуган элем.
Досторум ыйманга жол салгылачы,
Досторум эл деп күйүп жангылачы,
Өзгөрсүн жакшы жакќа тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы!

#51 happykyz

happykyz

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 79 билдирүү

Жиберилди 13 October 2014 - 21:51

Жүрөк башкарат да. Акыл башкарса, өзүм кыялданган адамга көңүл коймокмун.
Эч нерсеге өкүнбөш үчүн, ар бир күндү акыркы күн сыяктуу жашагыла.

#52 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 596 билдирүү

Жиберилди 13 October 2014 - 22:15

Акыл менен башкарган учун да суйбой журсом керек. Жарайт, жарабайт оюнун ойноп.

#53 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 13 October 2014 - 22:21

Жүрөк башкарат да. Акыл башкарса, өзүм кыялданган адамга көңүл коймокмун.

Жүрөк жактырган адам өзүнчө эле сиз кыялданган адам болуп калат го ))


Сенин журогундун Жарыгы..


#54 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 13 October 2014 - 22:21

Акыл менен башкарган учун да суйбой журсом керек. Жарайт, жарабайт оюнун ойноп.

Акылдан адашып сүйгөнгө эч нерсе жетбейт өзү  <_<


Сенин журогундун Жарыгы..


#55 jaz-gul.may

jaz-gul.may

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 4 билдирүү

Жиберилди 14 October 2014 - 19:34

Акыл журок экоону бир калчап ой жугуртуп андан сон жыйынтык чыгаралы анда.☺Мисалы мен турмушка чыкканча таанышканым менен никеден кийинки сезимди салыштырада албайм.Никенин кучу менен акылымда журогумда азыр бир адамда.Мен озумду озум тушунбойм журок менен же акыл менен суйуп жургонумду.Анткени журок согуп акыл эсим аны ойлоп толгонуп корбой калса тынчсызданып жатпайбы

#56 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 15 October 2014 - 18:45

Башкаруу ар кимдин өзүнүн колунда. Башкара бергиле каалаган нерсеңер менен)


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#57 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 30 October 2014 - 23:22

Менде дагы деле жүрөк башкарат экен.


Сенин журогундун Жарыгы..


#58 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 14 January 2016 - 23:02

Тең салмактуулукту кармоо керек. 

BY8N6QqGFCw.jpg



#59 Aiym

Aiym

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 637 билдирүү

Жиберилди 15 January 2016 - 19:29

Менин акылым Эле башкарат. Суй дегенди суйомун, суйбо десе суйбоймун. Кичине суйуп тур десе кичине суйуп турам))

Альхамдулиллях!


#60 Qwa-Tick

Qwa-Tick

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 296 билдирүү

Жиберилди 16 January 2016 - 11:21

Эки эле вариантпы??

 

Журок да, акыл да башкарат дечи... мейли.

 

Бирок, алардын устунон, эркектерде, журокту да, акылды да башка бир орган башкарып кетет... кээде.


«... - Эй, байке, а жеңем каяктан болот? 
- Оштон. 
- ммм... 

- Эй эмне, эмне болду?!! 
- Жо... Эчтекемес... Мен жашамак белем, өзүнүз жашайсыз да...» 

# /"Биртууганчик" кинотасмасынан/



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар