Перейти к содержимому


Фото

Ай менен жарышкан автобус

Чолпонб ек Аб ыке уулу

  • Please log in to reply
темада 74 жооп бар

#1 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 21 June 2014 - 17:33

Автордон алгы сөз.

   Чыгарма "Сөзмазоикасы" деген ыроолоо астында чыгууда. "Бул эмне деген чыгарма? Сөзмазаиканы кандай түшүнөбүз?"деген өңдүү суроолор болоору бышык. Анан колдон келишинче кичине түшүнүк жазып коюуну туура таптым.

   Кепти мындан баштасак. Акыркы жылдарда "Элдин китеп окуу талабы түшө баштады. Бара-бара көлөмдүү китептер такыр окулбай калат",- деген жоромолдор арбын айтылчу болду. Себеби, маалыматтык доорго, техникалык өсүшкө, радио, теленин жайылышына, компьютердин адам баласынын өмүр-убактысын улам терең ээлеп баратышына такалууда. Объективдүү жагдайда алганда мунун баары туурадай көрүнөт. Субъективдүү тараптан карасак, жалкоонун шылтоосундай. Болбосо "Алгач-сөз болгон. Соз-Кудайда болгон. Сөз-Кудайдын өзү болгон" деген улуу аныктаманы кантебиз.

   Менин жеке баамымда сөз эч убакта жерде калбайт. Ал эми сөздүн уругу кара сөздө (чыгармаларда), ыр жамакта, чыгармачылыктын ушул тармагында жатат. Болгону азыр формасы эскирип, жаңы формага өтө албай кыйналып турган "кризистик" мезгили. Себеби эмнеде? Роман, повесть, детектив, новелла, поэма деген өңдүү жанрдык терминдер качан пайда болду эле? Жүздөгөн жылдар өттү. Калемгерлер эмнегедир ушул терминдердин "туткунунан" чыкпай жазып келатышат. Маселен, роман деп баштайт да романдын бүт жанрдык өзгөчөлүктү камтууга далбастайт. Далбастабаса эртең бирөө: "бул бөкөчө экен",-дейт.

   Ал эми сүрөт искусствосунда, музыкада кийинки элүү жылда канчалык жаңылыктар, өзгөрүүлөр болууда. Не деген жаңы түшүнүктөр кирди.

   Калемгерлердин жаңылыкка умтулбаган ыкшоолугу өздөрүнө эле эмес, бүт окурманга "душмандык" болуп,  кара сөздүн күйөрмандары азайып баратат. Мен өзүмдү-өзүм "укмушту жараттым",-дей албайм. Балким, бүгүнкү кадамым, "сөзмозаика" деген терминди кийиришим, караңгы үйгө камалып калып жарыкка чыгыш үчүн терезеге урунган ккуштун далалатына окшоп калышы да мүмкүн. Балким келечекте дайрага, андан  кайланчу булактын ийненикиндей көзүн ачып жаткандырмын. Кыргыздар айтмакчы, "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет"деп. "Сөзмозаика"-менин баамымда жанрлардын кошулган жуурундусу дегенди түшүндүрөт. Кыскасы,ужасы, проза-новеллассы, детективи, тарыхы бүт жуурулушкан. 

   Айтаар элем, башкысы идеяга жол ачылышында. Андан ары улап кетүү оңой.  өзгөчө кыргыздар кыйынбыз. Мисалга, кыргызда биринчи "ужасты" ("Кызыл көйнөкчөн келин") жаздым эле, азыр экинин бири ужас жазууда. Биринчи "Чыгыш детективи" деп "Бриллиант жыланды" баштадым эле, азыр таш алып ыргытсаң детектив жазгандардын башына тиет. Демек, жол бар экенин билгенден кийин түшүп алып чуркоо оңой. Балким, жылдардын бир жылдарында "сөзмозаика" деген дүйнөлүк терминге айланып, жаңы кара сөз жанры катары чыгармачылыкка сиңип кетер. Бул бир ак тилек. Бир учурда "роман" дегенди деле мага окшогон ккалемгер койгондур да. Эң башкысы жылдар өтсө сөз өз баркын алып, чыгармалар колдон түшпөй окурган жүз жыл мурдагы баркыбызды кайрып келээрбиз. Турмушта бир принцибим бар. Шылтоо издегенди жаман көрөм. Шылтоо дайым табылат. Аракет, ийгилик дайым табыла бербейт. Жаңы чыгармадагы стилдик өзгөчөлүктүн баасын келечекте биринчи кезекте окурмандар берет. Сиңип кетсе туура багыттамын дейм.

 

ЧОЛПОНБЕК


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#2 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 21 June 2014 - 17:52

Ай менен жарышкан автобус.

(Роман же сөз мозаикасы)

   Чокусу Көкө- Теңир менен тирешкен алп тоолордун учу-кыйыры чексиз мелтиреген алп талаа менен чектешкен жеринде тасмадай созулган автожол бар. Жол деген кадимки жол да. Тынымсыз кыйма-чийме автоунаалар күн-түн дебей агылат. 

   Адам баласынан акылынын акыркы чеги болбосо да, учурдун эң мыктысы менмин деген автобус авто-жолдо дөңгөлөгү  жол тааманына тийип-тийбегендей "аркырап" келатканда толгон Ай тоо баштарынан "балкая" карап турган.

   Анан эле "эсирген" автобус Айга тийише калып жатпайбы.

   -Э-эй, эмне оозуңду ачып таңдана карайсың? Менин ушул жолдун көзүрү экениме эсиң ооп турабы?-деп. Ай алгач теңелгиси келген жокпу жөн гана мурдун чүйрүп койду. Мындай жорукка ызалана түшкөн автобус:

   -Жарыгы бар, табы жок. Жаралгандан багы жок, сөлдүр. Кыйын экенсиң жарышасыңбы? Экөөбүздүн жарышка тоолор, анан талаа күбө болсун, -деди кутуруп.

   -Сени мененби?-деди Ай чындап таңдана. Бир чети ачуу сөзгө териге да түштү.

   -Анан ким менен болмок эле? Учкаяк-күлүктүгүмдөн коркуп турасың го.

   Неченди көргөн карт Ай талашты көп узартып отургусу келбеди көрүнөт.

   -Сендей ары жокту бир тарбиялап койоюн. Кеттик эмесе,- деди.

   Тарыхта мындай жорук-жоболоңду жолуктура элек тоо чокулары менен алп талаа сөз айтууга жарабай делдейишти да калышты. Жылдыздар кол чаба жымыңдашат.

   Ай чокуларды сыдырып, булуттарды тилип өтүп зымыраса, албуутанган автобус тасма жолго таманы тийип-тийбей "күркүрөп" жөнөдү. Мына сага улуу жарыш. Эриккен шамал "шуулдатып" ышкырып, автобусту сүрөп алды.

   Автобустун ичинде кыркы жаңы чыккан наристени кошуп эсептегенде туура кырк эки адам пендеси баратат. Экөө айдочу.

   Кырк эки адам бир автобустун ичинде. Он экиге али толо элек жетисин кошкондо кырк эки тагдырлар.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#3 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 23 June 2014 - 16:38

   Түн бир убак. Уктаганы уктап, уктабаганы да өз ой дүйнөсү менен алек. Бири да, ал түгүл айдоочулар да Ай менен автобустун жоругун билишпеди. Кучакка толчудай чоң рулда бейкам отурган айдоочу жапжаңы "дөөтүсүнө" кубана, ичтен кыңылдай ырдап жайдары. Өнөгү жанында жумшак орунтукта мемиреп уктап баратат. Автобустун ичиндеги видеотеледе секси да, мыкаачылыгы да аралашкан боевик кино болууда. Көргөнү көрүп, көрбөгөнү карашкан деле жок.

   Ушундай. Керек болсо "акылым аалам кезет" деген адам пендеси деле орунтугунун астында эмне болуп жатканын билбей калат. Ал түгүл жанаша отуруп бараткан адамыңдын ким экенин да билбейсиң. Бир автобустун ичинде бараткандардын көбү бирин-бири  такыр тааныбайт. Ушул сапарда биринчи долу бирге болушту. Ал түгүл таанымак турсун жүздөрүн да биринчи көрүшү.

   Маселен, астыңкы катарда кемпири менен отуруп бараткан абышка өмүрүн жалаң чоң кызматтарда иштөө менен өткөргөн. ал түгүл бир республиканы ондогон жылдар башкарган адам. Анын артында орунтуктун капталындагы жарыкты күйгүзүп алып, күүгүм экенине карабай бериле баш көтөрбөй китеп окуп бараткан калың көз айнекчен элүүлөрдөгү ак чач, толмоч адам болсо өмүр бою айылда тарыхтан сабак берип жүрүп картайып бараткан, айылдыктар "чилистен" деп тамаша-чынга арлаштырып ат коюп койгон, өзүн элеттин чоң окумуштуусу катары сезген апенди чалыш адам. 

   Эми бирден санай келсек ушул автобустун ичинде ааламга сыйгыс укмуштар жатат. Кара көз айнекчен, чымыр денелүү адамдын катарындагы үргүлөп уктап, кайра селт ойгонуп кетип тынчы кеткен сулуу, жаш кыз болсо ачуу сүйүүгө туш болуп жанын койорго жер таппай, азыр өзүн-өзү эзип бараткан кези. Жаңы эле кыркын чыгарган баласына эмчегин салып коюп бүлк-бүлк соргонуна, бирде бейкапар уктаган күйөөсүнө "Сенин мага ушундай наристе жаратып бергениңе ыраазымын дегенсип элжирей караган келиндин да өзүнчө тарыхы бар.

   Оой, айта көрбөгүлө, арткараак орунтукта акжуумал, толук келин менен жанаша отуруп бараткан адам, киши этин жеген "киши жегич" канча аялдарды зордуктап, кыйнап өлтүрүп, этин жеген, жарым жылдан бери издөөдө жүргөн маньяк. Толук келиндин аппак моюндарынан, балкыйган көкүрөгүнөн, кыска көйнөктөн чыккан балтырынан көзү өтүп, улам шилекейин жутуп, сугу түшүп араң баратат. Эркектин көзү өткөн сайын келин аны башкага жоруп, улам көйнөгүнүн этегин өйдөрөөк түрүп, ысыган киши болуп жемпиринин көкүрөгүнүн үстүнкү топчусун чечип, өзүнчө курсант.

   Автобустун терезесинен тээ кайдадыр алысты тиктеп, түнкү караңгылыкта да баарын көрүп бараткансып ойго баткан отуз менен кырктын ортосундагы чымыр денелүү адам бул дүйнөдөгү адам пендеден тажап, алыскы тоолорго жалгыз, жапайы турмуш өткөргүсү келип тентиген пенде. Анын жанында уктап жаткан мурутчан бир учурдагы атактуу рэкет. Азыр  он жыл түрмөдө отуруп чыгып келатат. Ар кимди уурдана астыртан карап "мага көзү түшкөн эркек бар болду бекен?"-деп үмүттөнгөн кыска юбка, жука кофта кийген кыз-сойку. Дипломат, кылмышкерлердин изилдөө бөлүмүнүн кызматкери, милициянын полковники, спортсмен,  катардагы жан баккан дыйкан, жумушчу, студент нечен түрлүү пенделер бир автобуста.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#4 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 24 June 2014 - 11:50

Автобус Ай менен жарышка чыгып, бирде Ай астыга озсо, бирде автобус өтүп, айгышкан атаандашуу. Чокулар, талаа калыс. Жылдыздар көрүүчүлөр. Автобустун ичинде кырк эки адам. Кырк эки тагдыр. Бир кызыгы эшиктеги жарышты билишпейт. Эшикте тарыхта жок эрегиш. Ичкеринде пенделик жашоо жүрүшү. Бүгүн сиздер менен биз  ушундай кызыкка күбөбүз. Кана, кырк эки тагдырдын кимисинен баштайлы? Кырк эки тагдырды бүт ачып чыгабызбы? О-о-гоо канча томдук китеп болуп кетет. Туура. Кеп көрө, уга, жаза, окуй билиште. Бара көрбөйлүбү. "Көз коркок, кол баатыр"-дейт эмеспи. Төлгө тартсак, бала эмизип жыргап отурган келинге түшүп турат.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#5 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 24 June 2014 - 12:30

  Бүлкүлдөтүп эмчек соргон баласын карап туруп келин "Атасына окшош болот окшойт",-деп ичинен  ойлоп койду. Жанындагы күйөөсү орунтукту чалкалатып коюп, башын аялы жакка кыйшайтып, оозун саал ача уктап баратат.

   "Мейли, уктасын",-деди келин дагы деле болсо ичинен. Түндө экөө тең чала уйку болушкан. Баласы колдон жылмышып түшүп ктпесин деп коркпогондо, келин да эчак уйкуга кетмек. Оозун ача эстеп койду да ууртунан жылмая өткөн түндөгүнү эстеди. 

   Күйөөсү салт-санаа, ырым-жырымды кармап, өзүн түз алып жүргөндү жакшы көргөн неме. ККолдогу наристе экөөнүн биринчи тун уулу. "Төрөгөн алга кырк күнгө чейин жолобош керек",-деп бирөөлөр айтып койгон экен, күйөөсү кырк күн өзүн кармап өзүнчө жатып, боюн ала качып жүрдү. Экөө үйлонгөнү келин ойлосо мынчалык узакка бөлунүшүп көрүшкөн эмес экен. Бели-башы катып, арадан үч жума өткөндөн кийин эле келин күйөөсүн эңсей баштады. Өзгөчө бала эмизип жатканда дене-бою балкып, көздөрү тунарып кетчү болду. Күйөөсү болсо башында эле "кырк күн өткүчө жатса күнөө болот экен",-деп өзүнчө төшөк салдырып жатчу. Бир ай өткөндө чыдамы кеткен келин: "Балким, чогуу эле жатпайлыбы. Башкысы кошулбасак болду да",-деген аялдык куу жүрүш кылып көрдү эле, күйөөсү: "Жок, алтыным, чогуу жатсак мен чыдабай кетем. Ушунча күткөн эми азына чыдайын",-деп болбой койду. Анан ошол ош күндүн өтмөгү тозок болду го чиркин. Түнкүсун бала эмизген келин арыта бейкапар уктап жаткан күйөөсүнөн көзүн албайт. Ордунан туруп барып басып жыгылгысы келет. Өзүн араң-араң кармайт. "Мен минтип кыйналып жатам күйөөм кантип чыдап жүрдү экен?"-деп ойлойт.

   Кийинки күндөрдө "Балким, башка келин-кыз таап алып көксөөсүнөн басып келип жаткандыр. Анан мени менен иши жок бейкарап уйкуда да,"-деген тескери ой тынчын кетирчү болду. Ал түгүл өзүнөн-өзү кыжынып зирпилдеп да кетет; ою бузулганда сүтү жакшы чыкпай калат көрүнөт, баласы катуу-катуу соруп жиберет. Жаңы бала эмизип жүргөнгө жооруган эмчектеринин үрптөрү тызылдап, жаны көзүнө көрүнө түшкөндө баласынын оозунан сууруп алат. Андайда курсагы али тойо элек бала чыңырып ыйлап кирет. Баланын ыйы эненин миң тамырын зыркыратып жанагы аялдык эңсөөсүн унуткарат. Күйөөсүнө болгон кызганычын унткарат. Кайра эмчегин оозуна салып "Кара жаным менин. Кара жаным. Мына мамаң мына",-деп жалына жооруган үрптөрү "оорумактан үзүлүп кетсе да чыдайынчы",-деп тиштенет. Бүлкүлдөтө эмчек соргон бала кайра тынчып уйкуга кирет. Кайра жашоо кызыгы кайрылат.

 

 

"Киши жегич" маньяк улам жанындагы семиз келинден көзү өтүп тамшанып койот. Ичинен "Негизи жаш келиндердин, кыздардын эти жумшак да, таттуу да болот. Эркектикин айла жок жебесең Кудай туш кылгылык кылбасын. Катуу да, оңой менен бышпайт да",-деп ойлой, шилекейин жута жанындагы келиндин жумшак жамбаш этин майга кууруп атканын көз алдына элететет магдырай түшөт.

 

 

"Чилистен" колундагы китепти жаап коюп ойго чөгүүдө. Акыркы жылдарда башын жеген ойлор

-Эмне үчүн чыгыш элдери жылдарды он экиге бөлүп, түрлүү жаныбарлардын аттарын берген? Эмне үчүн айларды он экиге бөлүп, ага да жаныбарлардын аттарын берген? Он үч же он төрт кылса, он бир же он кылса болбойт беле?-деген суроолор.

 

 

Кечил болуп бийик тоолорду мекендеп жалгыз жашоо үчүн кетип тоо арасында жалгыз жашап жүрүп кайра адам арасын эңсеп келаткан пенде да өз ойлору менен алек. Адам аттуудан тажап бүтүп, тажаганда да көңүлү үч көчкөн журттай калгыча тажаганда тоо арасына качып кеткен.

   Жашы кыркка таягыча адамдар арасында чыдаган. Эч кимге зыянын тийгизбей, бирөөнүн көңүлүн оорутпай чыдаган. Колдон келген жакшылыгын эч кимден аяган эмес. Туура, адамдардан жалаң эле жамандык көрбөдү. Жакшылыгына жакшылык кылгандар көп болду. Бирок, алдагандар, кемсинткендер, шылдыңдагандар баарын басып кетип турду. Акыры чыдамы жетпей баратканда алыскы-алыскы адам буту баспаган тоолорго кетип калган.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#6 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 24 June 2014 - 13:23

  Күтүүсүз сүйүүгө жолугуп санаага чөккөн кыз селт этип дагы чочуп ойгонду. Улам уктайм деп аракет кылганынан майнап чыкпай, кайра эле чочуп ойгонуп кетет. Кайда бараарын билбей калганда үйүнө баратты. Ата-энесинин маңдайына барса, баары ордуна келип калчудай далбастап баратты. Бир чети жүрөгүн дүпөйүл кылган ой "Апам билип койсо кантем?"-деген санаа. "Кайдан билмек",-деп кайра өзүн сооротуп койот. "Сөзүмдөн кармап алсачы?"-дейт. Миңсан санаа.

   Он тогуз жыл кыз деген атты алып жүрүп анан эле бир түндө кыз болбой, аял деген атка көчүп калды. Көзүнөн буурчак-буурчак жаш куюлуп кетти. Көкүрөгү туздалгандай ачышат. Турмушка чыгып, келечек жары менен кол кармашкан түнү, ак көшөгөгүн ичинде каада-салты, жорук-жосуну менен болсо кана. Эртедир-кечтир жаратылышта болчу аялзатынын тагдырына жазылган иш катары өтүп кете бермек го. Деги кандай болуп кеткенине өзү да түшүнбөй калды. Сүйүүбү?  Сүйүүң менен кууруп кеткир! Дагы ичтен боздой-боздой сыртынан үн чыгарбай кыз жашын буурчактатты. Ысык жаш жүзү ылдый куюлуп, коюнуна томолонуп кирип, көкүрөгүн суулап жиберди. Жүз  аарчысын алып, жашын аарчый "өзүмө-өзүм кылдым. Эч ким күнөөлү эмес. Эмнеге ыйлайм."-деп кайраттана оор үшкүрүп койду. Анан "Мен сизди жек көрөм. Уктуңузбу? Жек көрөм",-деди шыбырай. Кучагында жатканы, аймалап өпкөнү, жалынып шыбыраганы элестеп, денеси балкый туштү. Ал түгүл эмчегинин үрптөрү тикчийип чыкты.

   "Күнөө анда эмес өзүмдө",-деди ичинен. Экөө канча жүрүштү. Жылга чукулдап кеткиче жашы да улуу, үй турмушу куралып калган бала-чакалуу адамга кайта-кайта телефон кагып тынчын ала бербей, "жолугалы" десе бара бербей, жолобой койсо болмок. Бул бир күндөлүк жашоодогу кургак акыл да. Жүрөктү, сезимди кантесиң. Күн-түн дебей унүн бир угуп коюга куштар турсаң  кантет экенсиң.

   Мына минтип кылган күнөөсүн эстеген сайын көзүнүн жашы он талаа болуп күйүп  турганда да "келчи кучагыма",-деп астыдан чыкса журүп бараткан автобустун терезесинен шарт секирип кучагына куламак. Башыңдан сүйүү өтпөсө, сүйүү азабын чеккендерге акыл айта көрбө.

   Жашоодо бир гана улуу рахат бар-бул сүйүү. Жашоодо бир гана азап бар-бул, сүйүү. Калганы бүт эптеп күн өткөрүүгө жанталашкан көр пенделик.

   Сыртынан "кандай сымбаттуу адам",-деп жүргөндө мынчалык терең жуурулушабыз деп ойлоптурбу.

   Автобустун терезесинен автобусту жандай зыпылдап келаткан табактай болуп толуп турган Айды карап койду. "Бүгүн эшикте бир башкача сулуу түн ьоуп турат. Тим эле жылдыздар төмөн түшүп келишкенсип жапжакын. Ай да демейдегиден жарык. Тоо чокуларын кара, шооланып жаркылдайт. Азыр эмне кылып жатты экен? Үйүндө аялы менендир. Балким, башка бирөө менен жыргап жатсачы?" Жүрөгү сайгылашып кетти. Кызгачу болду. Кызганганда да жанда жок өрттөнүп-өрттөнүп кызганат. Өзүн ушунчалык "Кызганчаакмын" деп ойлобоптур. Анан да бир кызыгы  кызганчаактыгын мойнуна алгысы келбейт. "Сени менен жүргөндө башкага барбайм. Өзүм деле көп ойнош күтчү жүрөнөөктөрдөн эмесмин. Ошентсе да сага болгон таза сезимимди сыйлаганымдын белгиси катары башкага барбайм",-деген сөзүн эстей өзүн жооткотуп, тынчтанып калат. "Аялзаты куу болот" деген чын көрүнөт. Чындыкты же кошумчалап жалган сүйлөгөндү сезип турган адаты бар. Оңой менен калп айта албасын башынан эле баамдап калган. Ошондуктан ишенет. Анан калса өзү да кичине эле бир нерсе болсо түшүндө көрчү болду.

   Бир окуя эсине түшүп ууртунан жылмая күлдү. Түшүндө тигил башка бир кыздар менен жүрүптүр. Эртеси телефон чалып жолугушууга чакырды. Ал-жай сураша электе эле "Эмне башка кыздарга бардыңызбы?"-деди катмыр жылмая. Тигинин таң калганын айтпа. "Кайдан билдиң?"-деди чочуй. Так үстүнөн түшкөнүнө курсант боло "Билем да. Айтып берүүчүм бар", деген менен


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#7 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 24 June 2014 - 17:02

"Чын эле башка кыздарга барган тура. "Сенден бөлөккө барбайм"дебеди беле",-деп денеси жыйрыла түштү. 

   Болгон окуяны тигил өзү жөн-жай айтып берди. Облуста иштеген бир досу келип калып мейманканага конокко чакырганынан барса үч келин отурган экен. Көрсө, тигил досунун дагы бир өнөгү шаарга туугандарына учурашып кайра келем дегенинен үч келин чакырса керек. Досунун өнөгү келбей калат. Эки келин өзүнчө жатып, берки өзүнчө жатып чыгыптыр. "Мага дегени семиз неме экен көп жаккан эмес. Кете берейин десем кеч болуп кетти",-деп кайдыгер гана айтып койду. Сөзүн жасалгалаганы, бурмалаганы билинбеди. Анын үстүнө түпкү сезиминде да ишеним турду. 

   Ошондуктан эч шекшибеди. Чычалаганы гана "Эмне үчүн ушул кезге чейин мени менен мейманканага коно элексиз? Кайдагы бир семиз келин менен коносуз. Бүгүн мени менен коносуз",-деп чыкты. "Кой дегенине болбоду. Акыры экөө мейманкана алып, конуп да калышты. Энеден туума жылаңач кучакташып жатышса да "Кызмын" деген сөзү үчүн анда тийбеди". Бүт денеси титиреп тер куюлуп турса да чыдады. "Чыдай берет турбайбы",-деп эркелеп жүрүп акыры көрдү го. Болмок эле, болду го. О-ой экөөнүн жоруктары...

   Кайгысын унутуп, кыялга магдырап калды. Сагынып кетти. Көргүсү келип кетти. Эркелеткен сөздөрүн уккусу келип кетти. Өптүргүсү, кучагында жаткысы, астында жаткысы келип кетти. Азыр  автобусту токтотуп кайра артка кеткиси келип кетти. Кимдир бирөө "Кайра артка кайрылбайлыбы?"-десе "Ура-а!"-демек. Анан эле кайра ыйлап жиберди. Буулугуп-буулугуп терезени карап, Айды карап ыйлады. "Жыргаткандан жыргалыңдан да кайра киресин чыгара ыйлап кууратканың өтчү болду",-деген тигинин сөзүн эстеп, жашын сүртө кайра жылмайды. Сүйүүң менен да...

 

 

   Облустук мекемелердин биринде майда кызматкер болуп иштеген бир уулу чакырып коноктоп бараткан абышка бүрүшүп уктаган кмпирин карап койду да оор үшкүрүп алды. Кылымга жетээрлик ушкүрүк болчу...

   Өткөн өмүрдүн үшкүрүгү болчу. Эртең менен автобекетке узатып келген баласы билет алып берип, ушул автобуска салып жатып: "Ата, бул мыкты автобус. Кыйналбай жетесиңер. Шалдыраган менчик таксилерге караганда бул жакшы",-деп аябай мактап түшүргөндө ичинен: "аттиң таксиге салса болбойт беле. Эми колунан келгени ушул болсо кантсин. Жаман энесин тартып баары начар чыгып, тирек кылар бир тукумум калбады",-деп ичинен өкүнгөн. Азыр болсо, "чын эле түзүк автобус экен. Орунтуктары жумшак, кенен",-деп көңүлү тынчып келатат.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#8 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 24 June 2014 - 18:21

   Өзүнчө эле түйшүктөнүп бирде ыйлап, бирде жузүндө күлкү ойноп, жылмайып өзү менен өзү болуп келаткан кыздын жанындагы чымыр денелүү, узун бойлуу, чачын кыска алдырып, кара кепка кийип алган, жүзү тотуккан, сөөк-саактуу, кырк менен кырк бештин ортосундагы адам, өмүрүнүн акыркы жылдарын жалаң акчага киши өлтүрүүнү кесип кылган кан ичээр киллер. Кыздын ыйлап келатканын көрүп боору ооруй сөзгө тартып алаксытайын деп ойлой, ылайыгын издей баштаганда тигинин кайра жыргап күлүп жатканын көрүп, "Кой, өзүнө койгонум оң экен",-деп унчукпай калды. Башынан нечендер өткөн неме жеткен психолог болуп калган эле. Бир ыйлап, бир күлгөну менен кыз дүйнөдөгү эң бактылуу экенин туя ичинен суктанып да койду. "Жаштыктын бал курагы кандай таттуу", -деп үшкүрүп алды. Өзү жаштыктын бал курагын өткөрдүбү?

 

   Өткөрүптүр. Өз чөйрөсүнө, өз деңгээлине жараша өткөргөн экен. Азыр кайра ошондогу он сегизди кайрып берсе бүгүнкү  баскан изинин бирин да басмак эмес. 

   Өткөн өмүрдү эстегенди жаман көрчү. Артка кылчайып карагысы келчү эмес. Деги бүгүнкү түн эмне деген түн? Жана автобуска түшкөндө кызга жанаша отуруп жатып бир жалт карап алган да, кимгедир окшоштуруп койгон. Азыр эстеди кимге окшоштурганын. Анан канчалык өткөндү эстебейин десе да болбой ою чимирилип келип балалыгына түшүп жатпайбы. Төрөлгөндө эле киллер болуп төрөлүптүр дейсиңби. Ата-энесинен, бир ини, бир карындашынан үчүнчү классында  бир күндө айрылды. Ата-энеси малчы болчу. Баары көчкүнүн астында калып тоголок жетим калды. Малчылардын балдары окуган интернатта бобогондо бул да көчкү астында калмак. Кийим жетимдиктин ызасын нечен көргөндө "Мен деле көчкү астында калып өлсөм кана",-деп нечен ыйлачу. Азыр да өкүнөт. Бир туугандары, ата-энеси менен тигил дүйнөдө чогуу болмок. Адамдын жырткычы болгуча, таза бала кезинде кетсе бейишке чыкмак. Эгер тигил дүйнө бар экени чын болсо. Азыл тигил дүйнөдө тозок даяр. Демек, бул дүйнөнүн тозогубу, айырмасы кайсы, баары бир болуп калды да. Саат, мүнөтүм бүткүчө жашай берейин деп келет. Дайыма тапшырма алган сайын "ушул акыркысы, экинчи мындай ишке барбайм . Токтотом!",-дейт. Бул жолу да, "Акыркысы болсун. Ушул ишим ийгиликтүү бүтсө башка өлкөгө өтүп кетем да изимди суутам. Жетет...."-деп өзүнө-өзү аябай убада берип келатат. Тапшырма өтө орчундуу. Мамлекеттен миллиондогон акчаларды жеген коррупиянын былыгы чыкканда эле ушундай тапшырма алаарын билген. Анткени, акча айландырган башчылалдын бири чет өлкөгө качкан   болчу. Эгер ал тирүү колго түшүп, мыйзамдуу жоопко тартылса, суракта мамлекеттик жогорку кызматта отургандардын далайын жүзү сыйрылмак. Демек, Интерпол баш болгон "шимшүүлөр" тапкыча көзүн тазалоо керек. Андайга чыныгы  профессионалдар гана жарайт. Ошентип, ири иш колуна тийди. Каражатты да аяшпады. Жол акың деп жанына накта салган сумма үчүн деле иш таппай жүргөн карапайым баш кесерлер онду жайлоого макул болушмак. Мындайда экиленүүгө  да болмок эмес. Эркекче соодалашты да, жолго чыга берди. 

   Дарегин, иштеген ишин билген немелер "кыйшаңдаса" өчөшүп торго салып коюудан да кайра тартышпайт болчу. "Электр стулу" өзүн эченден бери күтүп келатканын жакшы билген соң "ак жакалар" заказ кылса, кысчу жериңди бек кысып "дың" дебей  макул болушуң керек экенин  киллерлик тажрыйбасында жакшы билет.

   Автобуска элден мурда түштү да кара көз айнек кийип алып ар бир кирген кишини  теше тиктеп отурду. Арыта отурган орто бойлуу, чымыр денелүү жигитти органдын кызматкери экенин киргенде эле баамдады. Ал түгүл костюмунун ичинен сол  колтугуна арчындама менен тагынган пистолети да билинип турат. Ишенбей артынан бирөөнү аңдытып коюшканбы? Балким, башка бир иштер менен бараткан немедир. Жаш болсо да  ак аралап калган чачы,  чекедеги бырыштары, баскан-турганы, органдын отургучунда нечен шым жыртканкөксө экенин көрсөтүп турат.

   Тапшырма боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда: "Артымдан аңдытчу болбогула. Эгер мага ишенбей бирөөлөргө менин кыймылымды аңдытып койсоңор ишти өзүңөр ойрондоткон болосуңар. Андай аңдуучу бат эле көзгө урунат да менин эмгегимди талаага кетирет. Мага төлөйм дегениңерди жүз процент төлөп бересиңер. Мен өз билген ыкмаларым менен жалгыз  аракеттенем. Ушщул кезге чейин бир дагы мага кайрылган адамды алдап көрө элекмин. Силерди да алдабайм. Акынын элүү процентин алдын ала эсебиме которуп койгула. Элүү процентин иш бүткөндөн кийин которосуңар, жол чыгымына, жүргөн-турганыма өзүнчө төлөйсүңөр. Ишти бүтүрө албай күнөө менден кетсе бүт чыгашаны толугу менен кайтарам",-деп так сүйлөшкөн. Тапшырма татаал жана оор. Ошондо да аткарам деген ишеними чоң. Эң башкысы "бутаны" табышта. Калганын иштин жүрүшү көрсөтөт. Азырынча болжолдуу гана даректер менен баратат. Мөөнөт да кыска, бир гана ай. Бир айдын аралыгында  таап, көзүн тазалаш керек. Болбосо, Интерполдон же бул жактан издөө салып жаткандары таап кармап кетүүлөрү мүмкүн. Кыскасы, аз уктап, көп иштеген күндөр башталды.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#9 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 25 June 2014 - 15:00

  Уурттарынан сүт аккыча эмген баласы булкүлдөтүп соргонун токтотуп мемиреп уйкуга кетти. Келин эмчегин аярлай баланын оозунан чыгарып  көкүрөгүн кымтылады да, баласынын уурттарындагы сүтүн ак мата менен тазалап сүрүп оңтойлоп ороду. Жанында уктап бараткан күйөөсү бүшүркөнө уйкусурай толгонуп аары жакка оодарылып алды. келин балким ойгонуп кетсе  кичине эрмектешип сүйлөшсөкпү деп ойлоду эле,  ойгонбогонуна ишенгенден кийин "мейли, уктасын",-деп ойлоп кайрадан өз оюна жетеленди. 

   Ошентип, келинди кезертип күттүргөн кырк күн да келди. Таң эртеден жүрөгү алеп-желеп, эртең менен туруп эле күйөөсү "Алтыным, бүгүн кырк күн болду. Баланын кыркын чыгар. Өзүң да даярдан. Мен болсо мончого барып келем",-деп бекем кучактап туруп өөп алды. Кантээр экен деп "Кырк эмес, отуз тогуз күн болду го. Бир күнгө көбөйтүп ийидиң окшойт",-деп аялдык куу жүрүш жасап көрдү эле. Күйөөсү тим эле күйүп кете сактады. "Эч кандай отуз тогузу жок эле накта кырк күн болду. Ишенбесең мынакей, мен каендарды күндө ийне менен тешип жүрбөймбү",-деп чөнтөк календарын сууруп чыкты да көрсөтө кетти. Чын эле, туура кырк күндү ийнелеп тешип чыгыптыр. Күйөөсүнүн кырк күндү өзүнөн да аша саргарып күткөнүнө ишене түшкөн келин элжирей, мойнуна колдорун орой алкымынан жыттагылай "жаным менин, ишендим",-деди шыбырай. 

   Түшкү тамакка кошуналарын, жакын деген теңтуштарын чакырып, баланы кырк кашык сууга киринтип, күйөөсүнүн жандай көргөн досуна чачынан кырк кайчы алдырышты.

   Кыркы чыккандан кийин бала тынч уктайт деп коюшат. Айткандай эле бул күнү баласы мемиреп, демейдегиден башкача уктады. Күйөөсү эртең менен айтканындай эле мончого барып келген. Өзү болсо конокторду узаткан соң ваннага аябай түштү. Кечки тамак ичилгенден кийин эле күйөөсү жатууга кам урган. Өзү болсо шашапады. "Күтсүн"деди. Ары оодарылып, ьери оодарылып уктабай жаткан күйөөсүн байкаса да билмексен болду. Баласын тойгуза эмизип бешигине бөлөдү. Жалаяктарын жууп жайды. Чыдамы кеткен күйөөсү "Жатсаңчы, калганын эртең бүтүрөсүң",-деп үч жолу айтып ийди. "Кой баарын даярдап койоюн. Эртең жолдо кургабай калат. Жалаяк жетпесе кыйналам.",-деп ансайын маалкатты. Балагы кыркы чыгаары менен  таята, таенелери келип кеткиле дешкен. Күйөөсү астына ала отпуска алып даярданышкан болчу.

   Акыры ич кийимчен төшөктүн четин ачаары менен эле күйөөсү басып жыгылды. Тим эле чычкан мышыктай эле тырпыратып калды. Жаңы үйлөнүшкөндө эси-дарттары "төшөк махабаты"  гана болуп жүргөндө да мындай басып жыгылганын  эстей элек. Чолоо жерин койбой өпкүлөй баштаганда өзүн жоготуп койду. Ич кийимдери кантип чечилип ыргытылганын да билген жок. Күйөөсүнүн денеси от-жалын болуп ысып кетиптир. Нымшып тердеп да алган. Экөө тең бири-бирине жалынып-жалбарышып туш келген жерден өпкүлөп жатышты. Келин өзүн кайдадыр учуп бараткандай сезди. Мынчалык жан дүйнөсү жазылган рахатты билген эместир. Же туйчу беле? Балким, ар бир рахат алуунун өзүнчө өзгөчөлүгү болгондуктан мурда кайталанбагандай туюлар. Күйөөсүнүн ар бир кыймылын бүтпөсө экен деп тилеп жатты. Тойгусу келбеди. "Бүтүрбөчү. Токтотпочу",-деп жалбарып жатты.  Суранып жатты. Күйөөсүнүн бышылдап дем алганы да, жонунан куюлган тер да жагымдуу болуп кучагынан чыгаргысы келбеди. Ажырагысы келбеди. Чиркин, эмне деген гана жүрөктөн чыккан сөздөр айтылбады.

   Мынчалык кыска түн болорбу, эстеринен келгенче күн  чыгайын деп калыптыр. Экөөнүн тең алдары кете чарчашса да ажырашкылары келбеди. Аңгыча "таң аткыча жыргадыңар, жетишет" дегенсип баласы чыркырап ыйлап кирди. Ошондо барып келин бешиктеги баласын эмизүүгө оодарылды. Ошондо гана эмчектерине тим эле башкача сүт толуп, чытырап ооруп калганын билди. Белинен имере кучактаган күйөөсү келим менен кошо жылып аппак жамбашынан жыттай жанаша жата кетти да:

   -Төрөгөн аялдын жыты укмуш болот тура,-деди.

   -Кандайча укмуш?-Келин кыйгачтай карады.

   -Жаш баладай жыттанып калыпсың.

    Келин көкүрөгүн көптөн бери өйүп жүргөн суроосун чыдабай айтып жиберди.

   -Башка жеримчи? Кантсе да бала төрөгөндөн кийин мурдагыдай болбой калса керек...

   -Койсоңчу кайдагы сөздү. Тескерисинче мурдагыдан  да ысык болуп кетипсиң.

   -Мен ысыктыгын айткан жокмун...

   -Чоңоюп калды дегиң келип турат го... Мурда кандай болсо ошондой эле болуп турат.

   -Сага азырынча көптөн бери боло электен ушундай көрүнүп атат. Кызыгың тарагандан кийин чана баштайсың го.

   -Дөөрүбөчү. Сен онду төрөсөң да мага кыз кезиңдегидей кала бересиң. Сени эч кимге  теңебейм. Эмнелерди эле айтып жатасың. Же мени атайы тарынтайын деген аракетиңби?

   Күйөөсү белинен дагы бекемирээк кыса ордунан обдулуп, кежигесинен, далысынан жыттагылап кирди. Эмчеги балкылдап ийип, баласы сүт жута албай чакап кетти.

   Бат эле курсагы тоюп тынчтанган баласынан бошонгон келин кайра күйөөсүнө оодарыла эми өзү басып жыгылды.

   -Кырк күндүн өтмөгү мен үчүн тозок болду го...-деди шыбырай.

   -Мага тим эле кырк жылдай болуп кетти,-деди күйөөсү.

   Көздөрүн жума чалкасынан жаткан күйөөсү келинчегинин эки жамбашынан сылай карап үстүндө каалагандай "бийлешине" оңтоюн түзүп, "алтыным,жыргаттын го",-деп магдырайт.

   Түшкө чукул араң турушту. Эртең менен жолго чыгабыз деген немелер минтип тункү автобуска араң жетишип отурушат. Келин уюган буттарын суна билинер-билинбес сыздаган белин кармалап койду. Буттары да ооруп калыптыр. "Анан калса тим эле ашыкча кеттик",-деп ойлоп койду ичинен.

   "Төшөк махабатында" күйөөсү экөө алгачкы күндөн эле тушүнүштү. Бири-бирине деген рахатты тартулоодон экөө тең кысынбай, тартынбай ачык болушту. Түрдүү китептерди апкелип алып  экөө байкап көрбогөн ыкма да калбады. Бара-бара  ар кимиси өздөрүнө өтө  жаккан ыкмаларды тандап алышты. Бири-бирине бат эле көнүштү. Жыргалдын туу чокусуна экөө чогуу жетүүнү кыймылдарынан билише алышчу. Келиндин кесиби доктур, күйөөсү болсо мугалим. Балким, экөө тең жогорку билимдүү болгондуктан ушинтип бат табышып кетишкендир. 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#10 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 25 June 2014 - 16:07

  Келин күйөөсүн дагы бир жолу эзиле карады да, чыдабай кетип акырын жыла мойнунан  жыттап алды. Күйөөсү чукуранып койду. Өзүн дүйнөдө жок бактылуу сезип баратты келин.

   Өткөндө бир классташ кызы келип күйөөсү экөө тил табышып жашай алышпай эки күндүн биринде урушуп жүрүшкөнүн айтып ыйлап кетти. Себеби, ары-бери келип эле "төшөк махабатына" такалат экен. Классташ кызы мектептен эле чакылдаган тың десең тың, сулуу десең сулуу кыз болчу. Тим эле энергиясы ичине батпай чатырап тураары көрүнүп турар эле. Күйөөгө тийгенден кийин жүдөп кетти. Күйөөсү төшөктө такыр эпсиз экени аз келгенсип, аялы кичине асылса эле "Жалап катындай болбой жөн жатчы!"-дейт экен. Анысы аз келгенсип, "Ушу сен дайым эле тойбой, канбай турасың. Жалап болчу түрүң бар. Эгер кичине шегиңди билсем өтүңдү сууруйм!"-деп төшөктө муунтмайы да бар экен.

   Сыртынан карасаң зыңкыйган, өңдүү-түстүү неме. Жогорку билимдүү курулушчу. Анан эч нерсе түшүнбөгөн көңдөй болуп калганын кара.

   -Кантип өмүр бою кыйналып жашайсың? Эмитен ажырашып алсаңчы. Кийин бала-чакалуу болгондо ажырашкыча,-десе.

   -Боюмда болуп калды. Кантээримди билбей башым маң. Балким, оңолуп кетээр,-деп муңканат.

   -Үйдөгүлөрүм да "Чыда. Ажырашпа. Табышкер неме экен. Жок дегенде үйүңөдү кеңейтип дүйнөлүү болгуча чыда. Анан болбой баратса көрөсүң ",-деп жатышат. Өзүм да ошону туура көрдүм,-деп чые сырын айтты.

   "Өз үйү өзүнө суук болуп, босогодон аттагың келбеген жашоодон кыйыны жок болуш керек",-деп ойлоп койду келин ичтен. Анан терезеден Айды карады. "Жарыктык толук толгон экен",-деди. Жылдыздуу асманды жеке бийлеп, табактай болуп жаркырап автобусту жандай зыпылдап келатканына суктанды. 

   Автобус экөө эрегишип, биринен-бири аша өжөрлөнүп баратышканын билген жок. Билмек да эмес. Кайра эле күйөөсүнө карады. Күйөөсүнөн артык эрип караары да жок болчу.

 

 

   Жанындагы толук келин улам көзүн сүзө "Үн чыгарбайсыңбы? Эркексиңби?"-деген кыязда карай бергенинен чыдабай, "Маньяк" ыңгайлуу сөз издеп отурбай эле оозуна келгенди айта салды. 

   -Түнкүсүн жол жүргөндү жакшы көрөсүз го? Келин араң отурса керек шак илип кетти.

   -Ооба. Түнкүсүн тынч. Кааласаң уктайсың. Кааласаң ойго чөгүп отура берсең да болот. Автобустагылар да тынч болушат. Негизи тынчтыкты сүйөм.

   -Мен да тынчтыкты жакшы көрөм. Анан курсакты жакшы тойгозуп алып, жасап ичкен тамагыңды эстеп коюп чалкадан түшүп жатсаң.

   Келин шыңкылдай секин күлдү.

   -Кызык, тамакты өзүңүз жасаганга караганда бойдоксуз го?

   -Мендей эркекке катын тийбейт окшойт.

   -Коюңузчу. Үйдөн он метр узаганда бойдокмун дегендерденсиз го.

   -Чын эле бойдокмун. Себеби, аялзатын ушунча жакшы көрөм, чыдабай кетип жеп койом. Өзгөчө сиздей сулуу, толмоч келгендер тим эле шилекейимди куюлтат. Тамшанып чындыкты айтты.

   Келин шыңкылдай дагы күлдү.

   -Куудул экенсиз. Тим эле ушундай тамшанып сүйлөйсүз...

   "Аялзатынын мээси бөксө" деген чын. Мен дайыма чындыкты айтам. Булар болсо ансайын мага жабыша беришет. Ушу менде аялзатын өзүнө тарткан бир касиет бар болуш керек"-деп ичтен ойлоп койду.

   -Өзүңүздүн жолдошуңуз барбы?

   -Ажырашып кеткенбиз. Бир кызым бар,-деп келин билинер билинбес үшкүрүп койду. 

"Буюрса сенин семиз кабыргаларыңды өз майыңа былкылдата кууруп жейт экенмин. Балким, плов басып жесемби? Көптөн бери плов басып жей элекмин",-деп ойлоду. О-о, качан жаш кыздын куйрук этине плов басып жегенин эстей ууртунан жылмайды. Жанындагы эркектин өзүнчө ойго чөгүп бкеткенин байкаган келин кайра сөзгө тартты:

   -Узак жолду кыскартып дегендей сүйлөй отурбайсызбы?

   "Маньяк" келинди дагы бир жолу азарттуу карап алды да:

   -Мен сүйлөсөм сиздин корккондон жүрөгүңүз жарылып кетет го,-деди жылмая.

   Автобустун ичи күңүрт караңгы болсо дагы жанындагы эркек өзүнө суктанып келатканын келин сезген сайын өзүнчө курсант. "Али да далай эркекти артыман чуркатканга жарайм" деп ойлоп койот.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#11 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 03 July 2014 - 15:22

   -Жо-ок. Мен сиз ойлогондой коркоктордон эмесмин. Тескерисинче маньяктар, боевиктер жөнүндөгү китептерди кызыгып окуп, кинолорду үзбөй көрөм. Айта бериңиз,-деди жылмая. Оңдонуп отурумуш болуп бутун тийгизип койду.

   “Маньяктын” башына күтүүсүз бир ой келди. “Эгер чын эле жанымдагы келин эч нерседен коркпосо балким өнөктөш кылып алсам кантет? Эмне көп, киши көп. Четинен колго түшүрүп жайлай берсең болот. Экөө болсо көңүлдүү да болмок. Жагыз дегениң жалгыз да. Атүгүл сырдашар киши таппай бук болосуң. Кайдан? Балким, бул катын көптөн бери эркек көрбөй бук болуп калып жөн эле жакындаштын аракетин кылып жатышы да мүмкүн. Иштин чындыгы ачылса башындагы туман бир паста тарап “чуу” чыгарып жибермейин күтө бер. Кой, азырынча сак болгонум оң. Ошентсе да аста-аста тамырын тартып көрөйүн”-деген жыйынтыкка келди.

   -Жүрөк түшүргөн окуя  айтпай эле үргүлөй баштадың го?-деди келин дагы тийишип.

   -Сиздей сулуунун жанында баратканда кантип уктайын. Тескерисинче өзүмдү-өзүм кантип кармашты билбей кыйналып келатпаймынбы,-деди да, ыктай отуруп колун тигинин балтырларынын ортосуна салып жиберди.

   -Кантет. Коюңузчу... Абайлаңыз,-деди дкелин шыбырай. Бир колу менен балтырларынын ортосуна сойлогон колун түртүп, кармамыш болгон менен ашыкча туйлап секирбеди. “Маньяк” экинчи колун келиндин ийинине арта имере тартып ай-буйга келтирбей эриндерине жабыша катуу сорду. Тээ бир топко барып койо берди эле, энтиге дем алган келин:

   -Тумчуктуруп жибердиңиз го... кызык адам экенсиз. Эсиме да келтирбей эле,-демиш болгону менен дагы улантчы дегенсип денесин артка тартпады. Эми эркек келиндин алкымынан, кулак түптөрүнөн аймалап келип анан эриндеринен назик сорду. Келин бул жолу колдорун эркектин мойнуна арта салып тээ далайга өбүштү.

   Автобуста экөө эле жалгыз бараткансып айланадагыларды унутуп да коюшту. Ансыз деле алар менен эч кимдин иши болбоду. Арткы жөлөнгүчү бийик орунтуктан эч кимге көрүнүшкөн дале жок. күңүрт караңгылык да экөөнө шарт түзүлүп эзилише беришти. Дене-бою балкып кыңкыстаган келиндин бир колун эркек акырын апкелип ич кийимине салып жан жерин уучтатып койду эле келин аз жерден эсин жогото сактады. Өзү   да анын кумарлуу жерин уучуна толтура уучтап ушалай баштады.

   -Деги кандай эркексиз... Тим эле үбөлүктөй го... Чыдабай баратам. Кыйналып кеттим,-деди келин шыбырай.

   -Мен өзүмдү жогтуп араң баратам,-деди эркек келиндин келишкен көкүрөгүнүн улам бирин аймалай. Экөөнүн аркасында орунтукта отуруп бараткан сойку кыз гана алардын күбөсү болуп, жанаша орунтуктардын ортосундагы жылчыктан суктана карап улам шилекейин жутуп койот да, жанында эч нерседен бейкапар уктап бараткан 8-9 жаштардагы кичинекей баланы жаман көзү менен карай “толгондон ушунун отуруп калганын кара. Жок дегенде 15-16 дагы болсо же 60тан өткөн абышка болсо да эрмектешсе болбойт беле. Карачы астыңкы экөөнү тим эле рахатка батышууда. Мындайда убакыттын кандай өткөнүн да билбейсиң”-деп ойлоно үшкүрүнө автобустун терезесинен карай табактай болгон Айды армандуу тиктеди. Ай өз иши менен алек. Тоо баштарын сыдырып, жылдыз аралай зымырап келатат.

 

   Киллер билип койгондой эле орто бойлуу, чымыр денелүү, жашы кырктарга таяп калган адам чын эле органдын, болгондо да Интерполдун кызматкери. Автобуска түшөөрү менен орунтугунун артын кыңайтып жылдырып алып уйкуга кеткен. Ойгонуп кетти да кайра уктай албай койду. Саатын караса эки жарым саатча уктаптыр. Кадимкидей уйкусу канып эс ала тушкөн экен. Болгону оозунун ичи кургап, чаңкап-суусап калыптыр. Жанындагы дипломат кол сумкасын ачып ичинен “Ысык-Көл”деген минерал суусундугун алып чыгып оозунан жутту эле чаңкаганы кана түштү.

   Командировкадан келгенинен он беш күн өтө электе кайра командировкага баратат. Ушул жолкусунда аялы экөө кичине кыжылдашып да калышты. Бир айдын ары жак, бери жагында кайындары той бермек экен.

   -Сенсиз кантип барам? “Күйөө бала кайда?” десе эмне дейм. Деги үйгө токтобос болдуң,-деп тултуңдады аялы.

   -Эмне демек элең, командировкада деп кой. Алар деле менин ишимди түшүнөт да,-десе:

   -Атам-апамдар го түшүнөт. Элди кантебиз. “Баланчанын кызы дайым эле күйөөсү жок өзү келет”,-дешет да. Ансыз деле “Күйөөсү таштап башка аялга кетип калыптыр. Буга жөн эле келип-кетип турат экен. Ошондуктан, кайындарына каттабай калыптыр” деген ушак чыгарып алышыптыр,-деди көзүн жашылдантып. “Айылдыктар эмнени гана ойлоп табышпайт. Тим эле укканда оозуң ачылат тобоо”,-деп койду ичинен.

  -Эмне аялым ушак болуп атыптыр деп жумуштан чыгайынбы? Мен жумушту таштасам бизди ким багат? Же колумдан соода кылган келбесе. Же бир уста болбосом. Сен баарыбызды баксаң жумуштан чыкса чыгайын. Ансыз деле өзүм да тажап бүттүм. Нервим да бузулуп калды. Мага эч жерде тынчтык жок. жумушумда кылмышкерлер тынчтык бербейт. Үйдө сен тынчтык бербейсиң. Эми деги кайда барам? Жакында жиндиканага түшөт окшоймун,-деди эле аялы көзүн жашын куюлтуп ашканасына кирип кетти.

   Чыны, аялыныкы да жөндүү, экөө чогуу жашаган жыйырма жылдын ичинде кайындарына анда-санда каттаса, акыркы беш жылдан бери кайындары тарапка такыр каттай элек экен. Анан калса акыркы беш жылда эмгектик эс алуусун да толук ала элек. Ашса бир-эки жумага бошойт. Анан кайра эле чакыртап алышат. Минтип өткөн командировкасынын отчетун толук жазып бутө электе жаңысына шашылыш жиберди.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#12 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 03 July 2014 - 15:22

   Болгондо да министр өзү чакырып алып жекече сүйлөштү. 20млнго чукул мамлекеттик казынанын акчасын жегендердин башчысы качып кеткен экен. Сөзсүз табуу тууралуу тапшырма алды. Кармап кайра апкелүү эмес, таап министрликке кабарлашы керек. Анан кармаш керекпи же артынан аңдуу жүргүзөбүкошумча тапшырма берилет. Демейде командировкага баратканда эптеп өп-чап каражат беришчү эле бул жолу министрдин жеке буйругу менен жолго деген каражатты да кенен беришти.

   Интерполдогу кызматка өтүп жатканда англис тилин түшүнөрүнүн, сүйлөшө билгенинин жардамы тийген. Ал түгүл майордуктан шак эле подполковниктикке көтөрүлгөн.

   Бир учурда эч ким маани бербеген англис тили республика өз алдынча эркин мамлекет болуп бөлүнүп чыгып, дүйнөлүк мамлекеттер менен карым-катнашы кеңейгенде биринчи орунга чыга келди да, англис тилин билгендер тартыш кадрга айланды.

   Ошондо Интерполго өзү жулунуп кирсем дегенде эки көзү төрт болуп жүрүп араң  жеткен. Азыр эми туура кылганын же туура эмес кылганын айра албай башы маң. Чыныда өзү кесибин сүйөт. Кылмышкерлердин сары изине чөп салып издегенди таап кармаганды азарт көрөт. Ага турмуш дегениң көнбөйт экен да. Тигинтип акыркы жылдары үй-бүлөдөгү ынтымагы кете баштады. Ал түгүл акыркы учурда үйүнө келатканда заарканчу болду. Анан калса кылмышкерлердин саны жыл саын азайбай эле геометриялык эсеп менен көбөйүүдө. Түрөрү да арбыды. Органда иштеш оорлоп кетти. Канча айлаган убактыңды коротуп издеп жүрүп кармап келсең ал кылмышкериң күнөөсүз болуп акталып, шылдыңдап күлүп басып кеткенде күйбөгөн жери күл болот.

   Мына өткөндө эле атагы чыккан “мыйзамдыгы ууруну” бүт Орусияны тинтип жүрүп кармап келсе акталып баса берди. “Наркосоодага аралашкан. Бир нече киши өлтүрүүгө катышкан” деген көрсөтмөлөр менен иш козголгон болчу. Кармаганда эле айткан: “Гражданин начальник, сени ыраазы кылайын мени койо бер. Баары бир мени эч ким камабайт. Мен баланча менен жакшы таанышмын. Ишибиз өтүшүп калган”,-деп республикасындагы экинчи бири болуп жүргөн адамдын атын атаса да көгөрүп болбой койгон. Айтканындай эле болду. Келди да күбө катары көрсөтмө берип гана кутулуп кете берди. Атайы эрикпей кабинетине келип: “Ай, гражданин начальник. Мына мен айткандай болду. Убара болбо десем болбойсуз. Сиз тишиңиздин кирин соруп, айлык менен жүрөсүз. Ал эми сиз апкелген майды башка бирөө жеп койду. Сизге рахмат да айтып койгон жок. көрдүңүзбү, азыр заман башка. Өзүңөрдүн эле бир азаматыңар айтыптыр го “Азыр келесоолор менен жалкоолор гана жебейт”деп. Кайсынысына киресиз ойлонуп өзүңүз таап алыңыз”,-деди да чыгып кете берди. Болгондо да капкара “Мерседеске” түшүп тим эле көрүнүктүү, белгилүү адамдай болуп келиптир.

   Мамлекетте коррупция гүлдөп, кылмышкерлер сайран курган заман болгонун эстеген сайын ичинен кан өтө сайсөөгү сыздайт.

   Демократиянын келиши менен мамлекеттик деңгээлде ичип-жемей, пара алмай, мыйзамды одоно бузмай, өзүн да, элди да сыйлабаган мамиле жасап, карапайым элге “колуңардан эмне келет? Биз кааласак минтип койобуз”,-дегендей маданиятсыздыктын чегинде иш жүргузмөй катардагы көрүнүшкө айланып кетти. Минтип 20 млн чукул  акча  жеди деп күнөөлөнүп качкан кылмышкерди кубалап баратат. 20 млн долларды жеп койгонго ким мүмкүнчүлүк берди? 20 деген 1-2 деген түшүнүк эмес да. Мамлекеттик бюджеттин 10проценке чукулун жеп койгуча эч ким көрбөптүр дегенге ким ишенет? Дасыккан тергөөчү кызматкерге эмес карапайым адамга да түшүнүктүү да, бул кылмышка мамлекеттик бийликтин эң башында отургандар да аралаш экени. Эми минтип түштөн кийин чуу көтөрүп издөө салымыш болуп “Сайранбаев жеп кетиптир” дешүүдө. Деги эле Сайранбаевдин бул дүйнөдө тирүү бар экенин Кудай билет.

   Тирүү болгон күндө да ичер суусу түгөнгөнүн билип, “баш кесер жасолду” күтүп отурса керек. Жалаң ушундай майнабы жок командировканын азабынан үй-бүлөсү менен ыркы келишпей кыжылдашканына карабай буйрук алганы үчүн жолго чыкты. Буйрук талкууга жатпайт. Аткарылышы керек. 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#13 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 10 July 2014 - 17:15

   Киллер органдын кызматкери деп шекшиген орто бойлууну улам көз кыйыгы менен карай "Эгер чын эле артымдан аңдууга алышкан болсо тигил жакка баргандан кийин көзүн тазалаймбы? Кандай кылам? Балким, өз жумушу менен бараткандыр. А балким мага окшоп жанагы качкындын аркасынан кармап келгенге мамлекет тарабынан атайын тапшырма алган немедир. Кыскасы, көзөмөлдөн чыгарбай байкоого ала турган "объекти" Жол баштала электе эле минтип проблеманын башталышы жакшы эмес"-деп ойлоп койду да, кайра, "Ээ, кочу. Ашыкча мээни кычытпайын. Жол узак. Жетчү жерге али канча. Калганын бара көрөбүз",-деп ойлой, өзүн жоошута кепкасын көзүнө тушүрө кийип уйкуга кетти.

   Өзү да ашыкча санаа тартканды жаман көрчү. Кичинесинен "Бар тобокел" жашоо откөзүп көбүнчөсү өз башына өзү ээ болбой, бирөөлөрдүн көрсөтмөсүн гана аткарып өскөндүктөн, мүнөзү да ошого калыптанып, эртеңкини ойлонууга убакыт короткуча бүгүнкү эс алуусун артык көрчү.

   Ата-энеси кайтыш болуп, тоголок жетим калгандан кийин бир жылча туугандарыныкында башпаанектеп жүргөнү менен эч бирине батыша албады. Акыры туугандарынын бири жетимканага апкелип өткөзүп кетти.

   Бала кезинде түшүнө тоолор, жайлоо, ата-энеси көп кирчү эле. Улам жыл өткөн сайын унут боло баштады. Кээде кадимкидей ошол таттуу түштөрүн сагынып кирсе деп эңсейт. Кайдан. Түш да өз кезеги келгенде кирет окшойт го. Тескерисинче,  Ооган жериндеги согушка катышкан жылдары кайта-кайта кирип кыйналып чыгат.

   Ата-энеси бир туугандары менен баскан көчкү мунун балалык таттуу күндөрүн кошо баскан экен. Жетимканадагыларды жайкы каникулга чыкканда дунган, кореецтерге  жерде иштегенге жиберчү. Алар болсо бир тыным алдырбай таңдан кечке иштетээр эле.

   Өзү сөөк-саактуу, ден-соолугу чың, кыймылы шамдагай бала бай дунганга жагып калса керек, күздө жетимкананын директору менен сүйлөшүп өзүнө үй тиричилигине жардам бергенге алып калды. "Каласыңбы-калбайсыңбы? Каалайсыңбы-каалабайсыңбы?"-деп сураган эч ким болбоду. Тескерисинче, директор башка классташтарынын алдында  "Көрдүңөрбү Сатаров жайында мыкты иштеди эле бай, турмушу жетиштүү, өзү боорукер адам бала кылып алып калды",-деп мактап кетти.

   Эч кандай бала кылган жок. Кадимки жалчы кылды. Таң атпай туруп дунгандын малын тейлейт.  Короодогу жумуштарды бүт аткарат. Анан ошол айылдагы орус мектепке кийирип коюшту. Буга чейин интернатта кыргыз мектеепте окуганын, орусча билбесин эч ким сураган жок.

   Бул чоң айылда баай дунгандын таасири күчтүү болсо керек. Мектепте барды-келди эле болбосо аны "кандай окуп жатасың, эмне кем-карчың бар?" деген да киши жок. Балалыктын деми менен өзү теңдүүлөргө аралашып ойноп жүрүп орусчаны да үйрөнүп кетти. Айтканды так аткарган, ашыкча шоктугу жок бала окуткан эжейине да жагып, жыл өтпөй ортодон жогорку окуучулардын катарына кошулуп кетти.

   Чындык улуу го, дунган кийимден, тамактан кем кылбады. Өз балдарын кандай кийинтсе ошондой кийинтип, алар эмне тамак ичсе ошону иччү. Бир гана табышмак дунгандын үч эркек баласы тең сабактан келгенден кийин кайдадыр кетишип, кайра кеч келишчү. Атасы өзгөчө катаал болгондуктанбы үчөө тең тартиптүү болушчу. Ашыкча сүйлөмөй, балдардай болуп чуу көтөрмөй, бири-бири менен талашып-тартышып урушмай жок эле. Улуусуна кичүүлөрү кың дебей баш ийчү. Каяша сүйлөгөндү, ал түгүл өз алдыларынча тилденип, сөгүнгөндөрүн да укчу эмес. Булар мектепте кандай жүрүшөт болду экен деп Тобокел кызыга берчү. Себеби, бири өзүнөн бир класс төмөн, калгандары жогорку класстарда окуй турган. Мектептен кийин кайда жоголуп кеткендигин так билбегендиктен өз божомолунда базарга соодага барышат болсо керек деп койчу. Дем алыш күндөрү гана балдар үйдө болушуп, ата-энелерине жардам беришип же үй-бүлө чогуу эс алууга кетишчү.

   Ушундай күндөрдүн биринде дунгандын кичүү баласы короодогу жумушка жардамдашып калды. Экөө иштеп атып тамашалашып алыша кетишти. Дунгандын баласы Тобокелден жашы да бир жашка кичине, анан калса бою да чакан, арыкчырай эле. Тобокел өз жашына салыштырмалуу сөөк-саактуу, эткел бала болчу. Тигини тим эле оюнчук кылам деп ойлогон.  Ал түгүл классында биринчи атаман эле да. Экөө жулкуша электе эле кантип тоголонуп барып, чалкасынан жатып калганын билбей, ордунан бозала болуп тура калды. Бир нерсеге чалынып кеттимби? деп эки жагын карап алып кайра качырды. Тигил болсо коздорүн кымыңдатып күлүп карап туруптур. Эми жетип белден алайын дегенде  эле эки буту асмандап барып күп деди. Бул жолу катуурак жыгылгандыктан ал түгүл ээси да оой түштү. Ордунан очорула туруп тигини бир чети ызалыктан кыжырлана, экинчиден таң кала карап калды. Ал жанагы эле ордунда эч өзгөрбөй күлүмсүрөп карап туруптур. Эми абайлап калды. Айлана басып тооруй келип качырды. Бир буту шалак деп асмандай түштү да, экинчи бутунун согончогу менен айланып барып көмкөрөсүнөн мурду менен топурак сүзүп кулады.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#14 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 10 July 2014 - 18:07

   Тигил жанатан жөн эле жылмайып турса эми кыткылыктап күлүп жиберди. Баарыдан да кызыгы тиги эмне кылып тоголотуп атканын Тобокел түшүнбөй калып жатты. Баары көз ирмемде болот. Тигинин колу же буту кичине тийип кеткенсийт. Жыйынтыгында тобокел оңкосунан түшөт. Мындайды буга чейин көргөн да, уккан да эмес. Кантип эле ушундай болсун? Чындап ызаланып бул жолу сүзө качырды.

   Тигил турган ордунан бир кадам солго жеңил  секирип кетти да Тобокелди буттан чала, кежигесинен сүйөй кармап токтотуп туруп, кайра шак түртүп койду эле берки дагы мурду менен күп кулады. Бул жолу бети менен катуу тийип мурдунан кан чыга түштү. Ызадан көзунөн жаш кылгырды. Кармаштан жеңүүгө мүмкүн эмес экен деди да өзөртө урайын деп  муштумун кычырата түйдү. Класстыш балдарынын кимиси болсо да бир урганда эки-үч мүнөткө өзөртө урчу.

   Жакшы эле кууланып кармашчу кишиче тооруп келип ичке урайын дегенде, колу аркасына толгоно түштү да, тескерисинче, тигил ээкке урганда дагы чалкасынан кетти. Эми ордунан туралбай жалдырап отуруп калды. Бул ыркыйган дунган баланы жеңүү мүмкүн эмес экенин мойнуна алууга аргасыз болду. Аңгыча күтүүсүз кожоюндун каардуу үнү чыкты. Ал дунган тилинде баласына бир нерсе деди эле тигини өңү кумсарып, көзү алаңдай түштү да короодон жүгүрүп чыгып кетти. Тобокел да корко ордунан тура калды. Кожоюн балпаңдай басып келип канжалаган мурдун жүзаарчысы менен аарчыды да далысынан таптай:

   -Эч нерсе эмес. Жигит чыдамкай болуш керек. Сени мен өзүм машыктырам. Бир жылдан кийин минтип ызаа көрбөй каласың,-деди коздөрүнө тике карап туруп.

   Ошентип Тобокел чыгыш күрөшү дегенди биринчи укту. Дунган склад катары пайдаланган кенен бөлмөлөрдүн бирин бошоттурду да, күндө кечинде Тобокелди чыгыш күрөшүнө машыктыра баштады. Көрсө, дунгандын балдары күндө сабактан кийин коңшу айылдагы  чыгыш күрөшүнүн  атактуу чеберине машыгууга кетишет экен. Машыктыруу жашыруун жүргүзүлгондүктөн балдар да  эч кимге ооз ачышпайт жана өнөрлөрүн көрсөтүшпөйт экен. Дунгандын кичүү баласы Тобокелге балалык кызыкчылык үчүн гана көрсөткөн тура. Болбосо буларда мындай сырды ачкандарга катуу жаза барын да кийин билди.

   Кожоюн мурда эч кимди деле машыктырган эмес. Тобокелге машыктыруучу болгону бир чети эрмек үчүн да болду көрүнөт. Себеби, дунгандардын жаздан баштап күзгү түшүм жыйналгыча жер тырмап, таң агаргандан караңгы киргиче иштеген адаттары болот. Айрымдары жалчы жалдап иштеткен менен өздөрү иш башынан кадам жылышпайт. Түшүм жыйналгандан кийин кайра келерки жазга чейин дээрлик бош калышат. Бул мезгилде аялдары майда соода менен алектенсе, эркектери ири  өлчөмдөгү товар жүгүртүү менен түйшүктөнүп, көпчүлүгү бош убактысын кумарга карта ойноо менен өткөрүшөт.

   Тобокелди кожоюну кумар ойногонду көп жактыра берчү эмес. Көбүнчө үйдөгү чарбасы менен алектенип, эки аялын эртең менен эрте товары менен базарга жеткизип, кайра кечинде базардан апкелип өзү менен өзү болуп жүргөндү жактырчу. Дунгандар кайсы бир деңгээлде мамлекеттин ичиндеги мамлекетче өздорүнүн улуттук өзгөчөлүк мыйзамдарын кармап жашашчу. Өздөрүнчо айыл-айыл болуп отурукташкандыктан жергиликтүү улуттун өкүлдөрү менен да коюн-колтук алышып аралышып кетишчү эмес. Минтип өздөрүн-өздөрү обочо кармоонун тереңине үңүлсөң жергиликтүү же башка улуттун арасына сиңип кетпей өз эне тилин, каада-салттарын сакташына өбөлгө түзгөн. Мамлекеттин мыйзамына каршы келген көп аял алуу дунгандарда эч убакта талкууланган эмес. Бул катардагы көрүнүш катары каралып, аялдары деле буга каршы болушчу эмес. Себеби, кичинесинен бул көрүнүшкө психологиялык жактан даяр болуп чоңоюшкандыктан болсо керек. Колунан келгендер,багууга мумкүнчүлүгү барлар экиден, ал түгүл ашынган тыңдары үчтөн да алып ийгени болгон. Балким, мунун дагы бир себеби, дунган кыздары башка улуттун өкүлдөөрүнө тийбей, өздөрүнө гана чыксын дегендир. Көпчүлүк улуттардагы көрүнүштөрдөй буларда да эркекке караганда аялзаты көптүк кылары мектептеги окуган окуучулардын санынан деле билинип тураар эле.

   Ошентип кожоюн бош убактысынын көбүн Тобокелди машыктыруу менен өткөрчү. Машыгуу катуу талап менен өтчү. Ал түгүл кожоюн өзүнчө сүйлөнүп балдарын машыктырган белгисиз чеберге атаандашып "Ошол эле кыйын машыктыргыч болуп кетиптирби, керек болсо биз аны жолго таштап койобуз. Ал беш-он жылдан машыктырса, мен сени эки эле жылда эч кимге тең келгис абалга жеткизем",-дечү болду. Машыгуу учурунда эки жолу бутунун томугу чыгып, бир жолу каруусунан  жарака кетти.  Айыгары менен кайра күчтүүлөп машыга башташат. Мындаай кыйноого чыдабай Тобокел нечен жолу качып кетсем деп да көрдү. Кожоюну анын оюн билип тургансып: "Качып кетем деп ойлобо, жер түбүнө түшсөң да табам. Анан оңдурбайм, мунжу кылып койом. Мен сага жөн эле убакыт коротуп жүргөн жокмунда. Эки жылдан кийин тигинин машыктырган балдары менен беттешип баарынын сазайын бересиң. Анан баары менин таанышат. Мен да балдарды машыктыра баштайм",-дейт. Бирок, тилектерине жетпей калышты. Баары бир заматта өзгөрүп кетти. 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#15 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 14 July 2014 - 17:39

  "Чилистен" оор үшкүрүнүп койду да терезеден Айды карады. "Тобоо, автобусту жандай зыпылдап келатат. Тим эле табактай болуп алыптыр. Жарыктык, ушу автобус менен жарышкандан сообу?"-деди ичинен. Анан өз ойлоруна алаксып кетти. Кантип жогорулатуучу курстан окуп келатканы. Ушундай курска барасың дегенде тим эле энеси эркек төрөгөндөй сүйүнгөн. Өзүнүн көп жылдардан берки жазып чогултуп жүргөн ойлорун ошол жерде ортого салып талкуулап жыйынтык чыгарайын деген. Кантсе да жалаң жогорку билимдүү интеллигенттер чогулушат эмеспи.

   Айылдын короосундагы  айдаган малынан башканы билгиси келбеген карапайым адамдардай болуп калыптырбы? Же сабагын берип бүтөөр замат окуучулары менен жарыша үйүнө жүгүргөн айылдык мугалимдердей болуп калыптырбы? деген. Дагы үшкүрүп алды. Аялын эстеди"Генийим менин, сени менден башка эч ким түшүнбөйт. Бекер нервиңди корото бербесеңчи",-деп кучактап мойнунан корулдата жыттап койгонун эстеди. Аялын сагынып кетти. "Акыл жугушат, ырыс оошот" деген чын экен. "Тобоо, сегизди бүтүп анан механизатор-трактористтин окуусун окуп башка билим албаган аялым керек болсо кандидат наук, докторлордон түшүнүктүү. Эл ойлойт эртеден кечке айдап жүрсө ушунда эмне акыл деп, мени менен жыйырма жылдан бери жашап жүрүп түшүнүгү космоско чыкты",-деп ойлоп койду өзүнө-өзү курсант боло.

   Көкүрөгүндө ыза менен келатканын да себеби бар. Курста окуп жүргөндө "Коомдук өнүгүшкө көз караш" деген эркин темада талкуу өткөрбөйлүбү деп суранып жатып өзү окуу программасына коштуруп, жүгүрүп жүрүп курска келгендерден бөлөк жогорку окуу жайлардын,академиянын окумуштууларын, окуу жайлардын, академиянын окумуштууларын, жазуучуларды чакырып уюштурган талкууда мунун сүйлөгөн сөзүн эч ким түшүнбөй койду. Түшүнмөк түгүл шылдыңга кабылды. Тобоо, менмин деген окумуштуулардын, нечен томдогон китептерди жазып жүргөң жазууучулардын, жөнөкөй коомдук өнүгүш жөнүндөгү мунун аныктамасына түшүнбөгөндөрүн кара. Жок дегенде билимсиз тракторист аялынча да түшүнө албагандарын кара. Тобоо.

   Түйшүктүн баары бу, адам баласынын коомдук өнүгүү процесси туура жол менен баратабы? Адам баласы адашып тескери жолго түшүп алып, кылымдан-кылым карыткан өнүгүү жолунда кыйналып атышкан жокпу? Илимий-техникалык өсүп-өнүгүүнүн түбү адам баласын кайда алпарып такайт?деген суроолордун илимий чөйрөлөрдө актуалдуу коюлуп, талкуга түшүшүнөн башталып жатпайбы.

   Мындай маанилүү суроо "Чилистенди" тынчсыздандырбай коймок беле. Акыры көптөгөн жылдар бою эмгектенип нечен илимий эмгектерди казып окуп, өзү да нечен трактаттарды жазып тим эле  ийне менен кудук казып жүрүп күндөрдүн бир күнүндө "жарк" дедирип жогорку суроолордун баарына жооп таап отурбайбы.

   Ар кандай гениялдуу ачылыштар, ачылганга чейин гана акыл жеткистей  татаал сезилет дегендей, көрсө, бүт суроонун чечилиш түйүнү жөнөкөй гана "Үй-бүлө" деген бир сөздө жатыптыр. Мына ушуну тапканда Архимедче "Ураа! таптым!"-деп үйүнөн короого чыкканда аялы уй саап аткан экен, ую чочуп кетип чакадагы сүтүн төгүп алды. "Алда генийим ай. Деги элде жок жоругуң бар да",-деп төгүлгөн сүтүнө кичине кейиген менен көп деле кур жемеге алган жок. Мүнөзү ушундай аял. Этинен эт кесип алса да тоготпогондордон.

   Ошол күндөн баштап баш көтөрбөй иштеп нечен илимий далилдерди келтирип өтө көлөмдүү эмгек жазган. Анан "Мынчалык көлөмдүү эмгекти окуп чыгыш кыйын го",-деп улам кыскартып кайра-кайра жазып суусун сыгып, маңызын калтырып отуруп укмуштуу эмгек жаратса эч ким түшүнбөй койсо "Чилистен" күйбөгөндө ким күймөк.

   Көрсө, коомдун тескери өнүгүү процессинин тийгизген таасиринин негизенде адамдардын кабыл алуу жана түшүнүү мүмкүнчүлүктөрү да тескери өнүгүп баратыптыр. Муну ушул талкуудан кийин "жаңы илимий ачылыш" катары өзүнө кабыл алды. Эми ушунун үстүндө иштемекчи.

   Баса, суроолордун жообунун  түйүнү демекчи, көрсө адам баласынын коомдук өнүгүү процессиндеги жаңылыштык тээ түпкүрдөгү жаңы адам баласы пайда болгондогу башатында жатыптыр.

   Чын эле адам баласы тээ алмустакта эле тескери жолго түшүп алып, улам ошол башаттан алыстаган сайын жолсуз токойго тереңдеп киргендей абалга кептелип, акыл-эс, илим-техника өнүккөн менен адамгерчилик, ыйман, маданият, сезимталдуулук, адамдын бири-бирине боор толгосу жоголуп, адам баласы көз көрүнөө дүйнөдө жок өтө коркунучтуу, болгондо да өзунө да, жаратылышка да,  ал түгүл аалам алкагына коркунучтуу жырткычка айланып баратыптыр. Эгер эртелеп адам баласы катачылыгын мойнуна алып, аны оңдоого баш-оту менен киришишпесе келечектеги эми бир миң жылдан кийин элестетүү мүмкүн эмес деп чечти "Чилистен".

   "Үй-бүлө деген-бул адамды коомдук жалпы өнүгүү прцессинен бөлүп өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн эгоисттик менен жанталаштырып аракеттендирген механизм",-дегенде талкууга катышып отургандар "дуу" дей түшүштү. "Ураа! Эврика!"-деп кыйкырышабы десе көрсө, тескери мааниде "дуу" дешиптир.

   Ичинен "Эч нерсе эмес, азыр мен силерге ар бирин өз-өз орду менен түшүндүрүп чайнап туруп оозуңарга салганда бүт дың дебей каласыңар",-деди ойлоп сөзүн ишенимдүү улаган эле.

   Үй-бүлө пайда болгон күндөн берки адам баласынын тарткан тозогун чиркин жиликтеди го.

   Маселен, качан адам баласы үй-бүлө күткөндөн баштап орто кызыкчылыгы үчүн  эмгектенүү дегенден качып жеке үй-бүлөнүн кызыкчылыгына гана иштей башташкан. Ал түгүл ортого түшкөндөн үй-бүлө үчүн кымырып-кымтуу ошол алгачкы коомдо эле пайда болгон.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#16 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 14 July 2014 - 18:32

   Ал түгүл уруу башчысынын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн бүт уруу иштөөгө аргасыз болгон. Бул нараазычылыкты, каршылашууну, уруштарды чыгарган. Үй-бүлө муну токтобой көптөгөн балдарынын кызыкчылыгы үчүн дегенди, андан бир тукумдан тарагандардын кызыкчылыгы дегенди пайда кылып кландык бөлүнүүгө алып келет. Ортодо уруштар көбөйүп, нараазычылыктар күчөгөн. Үй-бүлө кызыкчылыгы дайыма биринчи планга коюлуп, мамлекеттин, коомдун өнүгүү процессинин кызыкчылыгы дайыма экинчи, ал түгүл үчүнчү планга жылдырыла берген...

   Бул коомдун процессине тийгизген таасири. Үй-бүлө адамдардын, жаратылыштын өсүшүнө да орду толгус тескери таасирин тийгизген. 

   Үй-бүлөнүн кесепетинен жаратылышта "естественный отбор" жүрбөй калган. Үй-бүлө акылы кемдерди, оорулууларды деле сүйрөп-таяп коомго кошо берген. Кландын башына туруп калган үй-бүлө урууну башкаруучу "естественный отбордун" негизинде жүргүзбөй үй-булөнүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзгөн. Мунун кесепетинен кем акыл, эч нерсеге жарабагандар деле коомдук прцесстин өсүшүндө роль ойноп, адам баласынын  өсүшүн астыга эмес тескерисинче бир нече ондогон жылдарга артка ыргыткан. Мындай прцесс ушу бүгүнкү күнгө чейин кайталанууда. Демек, биз үй-бүлөдөн кутулмайын эч жыргабайбыз. Кан ичер мите так ошол үй-бүлө дегенде отургандар дагы бир жолу "дуу" дешти. Бул жолу кандай мааниде "дуу" дешкенин түшүнө албады.

   Аңгыча отургандардын бири "Түшүнүктүү, баарына үй-бүлө күнөөлүү экен. Эгер үй-бүлө болбосо кандай өнүгөт элек? Элестете аласызбы?"-деген суроо узатты. Мындаай суроолордун болорун "Чилистен" астынан ала эле билген. Жообу дапдаяр болчу. Эч камырабай гана сөзүн улады.

   -Эгер үй-бүлө болбосо, адам баласы чыныгы бейиште жашайт экен. "Кантип?" деген турасыздарбы? Чыдап жообун угуп коюңуздар. Эгер үй-бүлө болбосо адамдарда бир гана кызыкчылык жашоо кызыкчылыгы болмок. Тиричилик өткөрүп жакшы жашоого жалгыз жетүү оор? Демек, биригүү процесси жүрмөк. Чогуу канчалык ынтымак менен иштешсе ийгилик да ошончо болмок. Адамдар үй-бүлөдөн качыш үчүн алгачкы коомдогу эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө жашап тукум улоо үчүн гана мезгил-мезгили менен кошулуп коюу процессин сактап калышканда азыр адам баласы туура өнүккөн коомдо жашамак. Муну толук түшүндүрүү көп убакытты, нечендеген илимий далилидерди талап кылат. Кантсе да биз үчүн бул такыр болбочудай туюлган татаал түзүлүштү элестетери бышык.

   Ошентсе да биз эгер үй-бүлө болбогондо азыр кандай жашайт элек, кичине кыялданалы.

   Эркектер өзүнө берилген табигый артыкчылыктын негизинде аялдарга салыштырмалуу оор жумуштарда көбүрөөк эмгектенишмек. Тапкан акысынын 60-70 пайызга жакынын мамлекетке салык катары төлөмөк. Буга эркектер эч нараазы болбой эле макул болушмак.

   Себеби, аялдар эркектерден эки эсе аз, көпчүлүгү жеңил жумуштарда эмгектенишмек жана адам баласынын тукумун улоо үчүн энелик милдеттерин аркалашмак. Мамлекет эркектер төлөгөн салыктын эсебинен аялдарга жетишээрлик пособие төлөп турмак.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#17 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 15 July 2014 - 10:52

   Жетиштүү төлөнгөн пособиенин эсебинен бардык балдар бирдей жана жакшы турмушта жашашмак. Эркек-аял дебей бири-бирине дайыма бир туугандай аяр мамиле кылышмак. Анткени, алардын чын эле бир тууган болушу мүмкүн да. Балдар улам бир энеси тандаган атадан төрөлө бергендиктен жалпы адам баласы бир-бирине тууган жана дос деген сезим турмушта чыныгы ордун тапмак. Кландык, бир туугандык, үй-бүлөлүк кызыкчылыктар болбогон соң, кийинки туккумуна калтырам деп ашыкча байлык жыйноо болмок эмес. Бүт тапкан-ташыганың мамлекетте калмак. Коомдо мамлекеттин ролу биринчи турмак. Жетекчилер "естественный отбор"  менен бармак. Эч ким үй-бүлөнүн акчасынын күчүн жогорку жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланмак эмес-дегенде отургандар дагы бир жолу "дуу" дешти. Бул жолу да кандай мааниде "дуу" дешкендерине түшүнө бербеди. 

   "Урматтуу талкуунун катышуучулары, мен сөзүмдү өтө кыскартып сүйлөдүм. Болбосо, дагы бир жолу айтып койоюн бул узак сүйлөп көп далилдерди келтирүүчү оор илимий трактат",-деп трибунадан түшкөндө "Акыры бүттүңбү?"-дешкенинен үшкүрүп жибергендер да болду.

   Анан кийинки чыккандар мунун акесин окута жиликтешти. Ал түгүл бирөө: "Ушундай апенди, баланын жомогундай болгон ой толгоосун угуш үчүн кылаар жумушу жок адамдарча ушул жерге чогулдук беле?"-десе боло. Тобоо. Бир гана жүүт баары тарап баратканда акырын басып келди да: "Сиз чынында эле гениалдуу ачылыш жасапсыз. Бирок, муну түшүндүрүү мүмкүн эмес. Жок дегенде дагы жүздөгөн жылдарга чейин",-деп акырын шыбырай сүйлөп далысынан таптап койду да жыла басып элге сиңип кетти.

   Мына эми минтип автобуста келатат. Пирамидалардын сыры,адам баласынын жерде пайда болушу тууралуу илимий ачылыштарын жарыкка чыгарса тим эле "муунуп" калуучулар көп окшойт. 

   Айды карап койду, анан ичинен "Ушул Ай соо эмес. Автобус менен жарышып бараткан жокпу?"-деп ойлой копшолуп оңтойлоно отурду.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#18 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 15 July 2014 - 13:48

   Эткел келиндин көкүрөгүн аймалай жыттап, өпкүлөгөн "Маньяктын" күтүүсүздөн эле келиндин эмчегин аткый тиштеп булкулдата жулкуй кызыл жаян кылып жегиси келип кетти. Муундары калчылдап, колдору кармаган жерин катуу мыжый өзүн жоготуп баратты. Ал түгүл көкүрөктүн аппак этин оозуна толтура катуу тиштеди көрүнөт, денеси балкып, өзүн жоготкон келин да эти ооругандан эсине келе:

   -Коюңузчу, деги аял көргөн немесизби? Укмуштай жабышат экенсиз. Көкүрөгүмдүн эти ооруп кетти. Абайлаңызчы...-деп башынан секин эркелете түртүп койду да:

   -Чын эле "маньяк" окшойсуз. Тим эле тирүүлөй жейсиз го,-деди кыткылыктай күлүп.

   -Ансыз деле тирүүлөй жегим келип жатат. Аттиң, шарт гана жок. Болбосочу...башын көтөрүп эки жагын карап койду.

   -Болбосо тытып жейт белеңиз,-деди келин шыбырай сүйлөп ооздорунан жабыша сооруп.

   "Маньяк" кайра да "Бул аялдар даана айбан болушат. Канча чыныңды айткан сайын ушинтип жабышат. Сени жегим келип жатат деген сайын көздөрүн жайнатып жаныңдан чыкпай шыйпактап калганын кантейин",-деп ичинен ойлой, бирок биринчи жолу адамды чийикилей жегиси келгенин эстей азыр да ошол аппетити артка кетпей, тиштери кычырап турганга денеси дүр дей түштү.

   "Я-а Алла-а, мен кайда баратам? Эмне болуп баратам?"-деп ичинен чыңырып ийди. Өзүнүн ким экенине, эмне болуп, эмне иш жасаганына өзүнө-өзү жооп бере албай калып жүргөнүнө азыр түшүндү. Башын шылк дедире орунтукка таштай шалдырай түштү.

   Дагы өбүшкүсү келип ыктаган келинди аяр түртө:

   -Кичине өзүбүзгө келеличи. Акылыбызга келеличи,-деди шыбырай.

   -Менин акылдуум... бат эле өзүңдү колуңа алдың го. Болбосо, ушул жерден эле зордуктап койот го деп ойлой баштагам. Көрсө анчалык деле коркунучтуу эмес, акыл-эстүү "маньяк" турбайсыңбы,-деди мойнунан жыттай.

   "Кара мунун бат эле "менин" деп менчиктештирип алганын. Аялдар менчиктештирүүнүн чебери го чиркин",-деди "Маньяк" ичинен.

   Келин мойнунан жыттап эле токтоп калбай көйнөгүнүн топчуларын чечип, колтуктарынан жыттагылай төмөндөп анан шакылдата курун чечип жиберди да, оозуна толтура жыргап кумарга бата баштады.

   "Кантсе да эркекбат эсине келет. Акыры козголуп алган аялдын кумарынын тарашы кыйын го чиркин. Булардын көксөөсү суумайын жандары тынбайт",-деп ойлой "Маньяк" да келинди жайына койду.

   Бир колу менен өз чыкыйын укалай кармап жанагы жырткычтык сезимин тараткысы келди. Анткени келиндин аппак кежигесинен, мойун эттерин көргөн сайын тиши кычырай түшүп жаткан. "Деги мен киммин? Кайда баратам, о-о Кудай?!"-деди дагы ичинен чыңыра. Терезени карады, тептегерек болуп толгон Ай автобусту жандай зыпылдап келатыптыр. "Ушул баарын сен күнөөлүү болуп жүрбө?-деди ичтен Айды тиктей "Ошондо да так ушундай болуп чарадай толуп тургансың. Минтип тоо баштарын кезип зымырабай анда бир орунда мени тиктеп турбадың беле. Туура. Сен күнөөлүү экенсиң. Менин ушинтип жырткычка айланганыма  сен күнөөлүү экенсиң",-деди ичтен. Көздөрүнөн жаш куюлуп кетти. Кайра: "Кайдан сен күнөөлүү болот элең? Сен болгону мага күбөө гана болгонсуң. Кечир мени, сени да куру жерден күнөөкөр кылып жибердим. Сен бир эч кимге зыяның жок, тескерисинче пайдаң гана тийген Кудайдын...ойлонуп калды... Кудайдын эмнеси? а-а планетасысың да",-деп койду.

   "Күнөөлүү ким эле? Өздөрү болчу. өздөрү мени "маньяк" болууга жеткиришти. Мен алардын жетегине кирип "маньяк" болуп кеттим. Жетегине кирбешим керек эле. Аларга теңелбешим керек эле. Өзүмдү-өзүм кармашым керек эле. Кармай албадым. Мына менин күнөөм",-деп дагы ичинен чыңырды.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#19 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 16 July 2014 - 17:15

  Өмүрүндө... Жон "маньяк" болгондон бери өткөн күндөрүн эстегиси келчү эмес. Көрсө, түш көргөндөй жашаптыр. Чын эле. Түш экенин бир гана чындыгы бар "Балким, түш көргөндүрмүн. Ушул автобуска түшүп алып уктап калган болбоюн. Баары түштүр? Эх, андай болсо кана. Деги мен эмне иш кылып жатам?"-деп ушул кезге чейин ойлой электигинде.

   Аттиң ай, баары эмнеден башталды? Баары СССР деген империянын кулашынан башталды. СССР кулаары менен чаң-тополоң болуп кетти. Эмне болгонуна "Маньяктын" түшүнүгү да жетпейт. Өмүрү саясат менен иши болгон эмес. Түшүнгөнү өзү ишсиз калды. Шаардагы эң чоң заводдун жашыруун цехинде иштешчү. Жогорку тактыктагы станокто столяр-токарь эле. Тапкан айлыгы үй-бүлөсүн бакканга түгүл, анча-мынча үнөмдөп жыйнашка да жетчү. Жумушка учурунда кел. Берилген планды аткар. Тартип бузба. Эмне жумуш кылып жатканыңды эч кимге айтпа. Өз тууган-туушкандарың менен катыш-бериш бирок, бейтааныштар менен мамиле түзбө. Эгер андай шектүү адамдар сага жакындаса, сенин иштеген ишиңе кызыкса токтоосуз тиешелүү органдарга билгизүү керек деген гана "баш оорусу" бар болчу. Башка түйшүк жок эле.

   Аз жыл кезекке туруп шаардын так ортосунан эки бөлмөлүү үй алган. Заводдо иштегендерге үй көп бөлүнчү. Кыскасы, мамлекет тарабынан бөпөлөгөн багууда болчу.

   Өмүрүнүн жыйырма жылын бир цехте өткөрүптүр. Өзү да түнт эле. Балким, бул токарларга тийиштүү кесиптик мүнөздүр. Эртеден кечке эч ким менен сүйлөшпөй станок менен гана "сүйлөшсөң" түнт болосуң да. "Демократия келди" дегенде да элге окшоп заводдун профсоюзунда өтүп жаткан чогулуштарга барган жок. Кыргызстан суверенитет алганы жатат. Бийликтегилерди "келгиле" деп эл көчөгө чыгып жатат. Ошто кан төгүлгөн кагылыш болду дегендерди жалаң гана аялынан укчу. Укчу да унчукчу эмес. Ичинен бул ишке менин тиешем жок болушу керек деп койчу.

   Дайыма өзү менен чогуу иштеген мастер чалдын сөзүн гана туура деп ойлочу. "Ар ким өз ишин мыкты билип, так, жакшы иштеши керек. Сен станоктогу ишиңди бил. ЖЖетекчилер өз ишин билсин. Ар кимдин турмушта өз орду бар", -деп койчу мастери.

   Биринчи баягы  ай сайын план толтур демей токтоду. Анан түрлүү иштерди бере башташты. Иштин сапатын кайта-кайта текшерип, кичине кынтык кетсе кайра оңдотуп же жаңы жасатып кыйнамай токтоду. Эмне жасап берсең унчукпай алып кетишет. Баягы ай сайын эки жолу белгилүү күндөрдө аванс деп кассадан барып маяна алмай токтоду. Айына бир жолу кезек менен араң бере баштады. Анан эки-үч айлап чоюп барып араң тапканыңдын жарым-жартылайын бермейге өтүштү. ИИш жок станок иштебей турчу болду. Антейин десең баягы эски "Волга" минген заводдун директору баш болуп бүт жетекчилер тимеле жаркыраган чет элдик машиналарды минип чалкалап калышты. Мурда короодо саналуу кызматтык машина турса эми менчиги, кызматтагы болуп жалаң чет элдик "Мерседес", "Аудилер" короого  батпай кетти.

   Ким эмне кылып жатат эч кимдин иши болбой калды. Жогорку тактыктагы станоктордо иштегендер түрлүү тетиктерди, өзгөчө чет элдик машиналардын тетигин, ал түгүл айрымдар бычактарды, пистолеттерди жасап жашырып алып чыгып сата башташты. Жанаша станоктогу иштей билүү жагынан керек болсо төмөн да турган токарь үч аай өтпөй чет элдик машина минип калды. Айлык качан берет деп ойлоп да койбойт.

   "Маньяк" менен каргын мастери экөө кылдай арам ишке барышпады. "Балам чыда. Бул көпкө созулбайт. Эртең бары жолго коюлат. Ошондо баары жооп берет. Асты атууга кетет. Арты түрмөдө чирийт. Ошондо экөөбүз өз ишибизди кылып станок жанында болобуз",-дечү мастери.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#20 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 16 July 2014 - 17:45

  Күндөрдүн биринде цехтер жабылып жумушчуларды кыскартуу башталат экен деген сөз чыкты. Аз өтпөй мастери экөө биринчилерден болуп кыскартууга туш болушуп көчөдө калышпадыбы. Баягы шыпылдаган токарь станогун кучактап кала берди. Мастери экөөнү сөздүн түз маанисинде көчөгө кууп чыгышты. Кылдай арамдыгы жок иштешкендиги үчүн. Планды дайым ашык аткарышканы үчүн. Дайым сапаттуу, так иштешкени үчүн көчөгө куулушту. Өздөрүнө өздөрү ишенишкен жок. Кайра эртең жумушка чыкпай турган болуп дарбазаны аттап заводдон чыгып баратканда да "Балам, экөөбүздөй алтын кол токарлар чачылып жаткан жок. Көрөсүң бир-эки ай өтпөй кайра чакырышат. Ашса жарым жылда кайра ордубузда болобуз. Ошондо айттым эле го дейм",-деп карт мастери беркинин далысынан таптады. 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!




Читать еще на тему: Чолпонб, ек Аб, ыке уулу

0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар