Перейти к содержимому


Фото

Ай менен жарышкан автобус

Чолпонб ек Аб ыке уулу

  • Please log in to reply
темада 74 жооп бар

#61 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 13 September 2014 - 18:27

   Шаардан, кымгуут жашоодон көңүлү үч көчкөн журттай калып тынч жашоону издей баштаганда ушул жумуш табылып отурбайбы. Бир ай иштегенден кийин Сапарбекке жакты көрүнөт айлыгын 1000 сом деп көтөрүп койду. Ичкен-жегени ушул үйдөн. Жан кейиткидей деле жумуш жок. Айлыгын толугу менен чогултса болчудай. Болгону көңүлүндө кусалык. Өзүнчө буулугат. Баягы ооруканада жатканда "Айылга барып эптеп эле жанымды баккыдай жумуш таап алып тынч жүрсөм кандай жыргал болот эле",-деген тилегине жеткенине кубанганы менен көөдөндө күйгүлтүк. Өзүнчө "Эгер Сапарбек алам десе тийип албайымбы. Көп болсо менден он беш жашча улуу экен. Эмнеси бар. Тапканы жакшы,"-деп ойлогон оюн тигинтип табышмактуу оору бузуп турат. "Кудай билет ушул импотент болсо керек",-деп да ойлой баштады. Себеби, эркек өңдөнүп ушул кезге чейин бир да жолу астыртан болсо да көз агытып карай элек. Түрлүү кылыктарынын бирине да маани бере элек. Деги эле аял катары да карап койбойт. Эмнеси болсо да мунун импотент экенин чындап текшерейинчи деп тымызын катуу чабуулга өттү. Өзүнө жашыруун эрмек табылганына өзү да алаксып калды.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#62 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 13 September 2014 - 18:49

  Күтүүсүз окуя болуп кетти. Күндөрдүн биринде шыңга бойлуу зыңкыйган жигит кирип келди. Көрсө Сапарбектин баласы экен. Атасына жолукканы келиптир. Жакшылап тамак жасап аябай коноктоду. Тың бала көрүнөт. Короо-жайды бүт көрүп чыкты. Үй ичин да сынай карап отурду. Астыртан "Сиз кимиси болосуз?"- деген суроосуна "Үй кызматчысы болом" -деген жоопту уккандан кийин атасы тууралуу тартынбай такып сураганга өттү. Биринчи эле суроосу "Аябай ичет дешти эле ичкен деле кишидей эмес го?"-деди. "Жок. Билбейт экенмин. Мен өзүм бул жерлик эмесмин, келгениме үч айдай эле болду",-деп кодй берки. Болбосо баарын уккан. Жөн гана айткысы келген жок. Кечинде Сапарбек келгенде даана кызык болду. Экөө бирин-бири бакырып басып жыгылып кучакташып көрүшөт го деп ойлогон. Андай болбоду. Сапарбек келди да баланы таңдана тиктеп "Сен кимисиң?" дегенсип туруп калды. Берки түшүнө койду окшойт.

   -Мен Кымбатбекмин,-деп астын тосо басты. Атасы балам деп бакырып жиберет го деп күткөн. Жөн жай гана:

   -А-а, сенсиңби? Ушунча чоңоюп кеттиңби? Чоң жигит болгон турбайсыңбы,-деди да жөн салды кол алышып учурашып койду. Баласынын кадимкидей шаабайы сууй түшкөнүн, өзү "Ата" деп кучактоого батынбаганын Атыргүл байкап турду. Экөөнө тамак куюп берди да, сөздөрүнө тоскоол болбоюн деп кетип калды.

 

 

***

   -Иниң чоңоюп атабы? Ал кошо келген жокпу? -деди ортодогу дымыраган тынчтыкты бузуп атасы.

   -Азыр ал менден да чоң жигит болгон. Келген жок,-деди да, анан кичинеге үнсүз отуруп-Өз атасы менен катышып алган,-деди. Сапарбе тамак ичкенин токтотуп дымый түшүп, кайра:

   -Кандайча?! Өз атасы ким экен?-деди эч нерсене түшүнбөгөндөй.

   Апамдын кийинки күйөөсү Кайдылдачы. Ошол киши менен катышып алган. Сапарбын башы кеңгирей түштү.

   -Кандайча кийинки күйөөсү?

   -Сиз менен ажырашкандан кийин Кайдылдага тийиптир го. Анан Мирбек төрөлүптүр. Баласы түшүндүрүүгө аракеттенди.

   -Сен эмнени айтып турасың? Мирбек апаң мени менен жашап турганда төрөлгөн. Ал  экиден өткөндө, сен төрттөн өткөндө ажырашпадык беле? Эсиңде жокпу?

   -Менин көп эсимде жок. Апам ушинтип айткан.

   Сапарбектин бүт муундары калчылдап чыкты.

   -Ошентип атасы менен катышып алган де... Тигини кара... Жүрөгү тилинип-тилинип кетти. Эч арам санабай өз баласындай жакшы көрчү эле. Бооруна басып эркелеткендери көз алдына элестей түштү. Азыр деле бөтөнгө кыйбай турду.

   -О-оба...

   -Анан сен эмне өз атаң менен катышпай жүрдүң?

   -Апам жиберчү эмес. Сизди көп ичет дечү. Мен ишенип жүрө берипмин. Бул жолу деле апама айтпай өзүм келдим. Болбосо жибермек эмес,-деди уулу күнөөлүчө башын жерге салып.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#63 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 28 September 2014 - 15:25

   Инисин Кайдылда атасы жогорку окуу жайына коммерциялык юристтин окуусуна өткөрүп, акчасын өзү төлөп турат экен. Өзү болсо коммерциялык окуу жайына өтүүгө каражаты жок. Бюджетке жыл сайын тапшырып өтө албай калат экен. Архитектор болсом деп эңсейт экен. Азыр базарда энеси менен соода кылып иштеп жүрүптүр. Сапарбектин көзүнөн жаш кылгырып кетти. Ичинен “Тигил  өз  уулун окутуп алып менин уулум кароосуз калган экен да. Мен сага көрсөтөм кимдин уулу кандай экенин!”-деди эрдин кесе тиштеп. Атасыныны көзүнөн жаш агып атканын көргөн уулу сүйлөй албай калды.

   -Ата, кайрат кылыңыз,-деди акырын. Атасы башын көтөрүп экөө тиктеше түштү. Анан орундарынан атып туруп кучакташып киришти. Кой дээр киши жок ээн үйдө экөө көпкө кучакташкан бойдон ыйлай беришти. Экөө тең буулугуп-буулугуп ыйлашты. Ый жүрөктөрүн жууп жатты. Экөө таң аткыча укташкан жок. Атасы энеси экөөнүн кантип ажырашканын жашырбай бүт айтып берди.

   Эртеси жумушка барган жок. Уулун узатты. Бир жылкысын сатып, ага кошуп чогулткан акчаларын бут берди. Керек болсо бут сатмак, уулу болбоду. “Бул жагы деле жетет ата. Үнөмдөп уруналы.”-деди чоң кишиче. Уулу жайында архитектордун окуусуна өтө турган болду. “Окууга кеткен чыгымды бүт өзүм көтөрөм”,-деди атасы. “Эгер жакшы окуп, тартиптүү жүрсөң чет элдик машина алып берем”,-деди. Уулу тим эле жерге батпай кубанып, кайта-кайта атасын кучактап өпкүлөп жатып коштошту. “Бат-бат каттап турам”,-деп убада берип кетти.

    Ушул кечте Атыргүл Сапардын өңү өзгөрүп бир башкача жайнап, аны улам-улам жал-жал карап койгонун байкады. Ал түгүл халаттын этегинен булайып ачылып калган балтырынан мурда мындайды көрбөгөнсүп сууга түшө көз ала албай атканын байкап, үмүт арта калп эле кымырынымыш болгону менен улам байкамаксанга салып чоңураак ич кийими көрүнгөнчө ачып коёт.

 

 

Атыргүлдүн жылт эте түшкөн үмутү кайрадан өчүп чыдамы түгөнө баштаганда дагы бир жолугушуу болду.

   Сапарбек баягы баласы келип кеткенден кийин “Атыргүл” деп атынан айтып кайрылып узак болбосо да акылдашып оюн сурай койчу. Бирок, мындай сүйлөшүү көп узарбай күтүүсүз үзүлуп Сапарбек терең ойго чөмүлүп отуруп калаар эле. Жүрөгүндө жүргөн суроону Атыргүл да акыры сурады:

   -Бир нерсе сурасам капа болбойсузбу?-деди аяр кезектеги кыска аңгемелешүүдөн кийин.

   -Сурай бер. Эмнеге капа болот элем..

   -Сизди тынгчыңызды алган ооруңуз барбы?... Сапарбек үнсүз, жоопсуз мелтейип отуруп калды.

   -Жооп бергиңиз келбесе тим эле коюңуз... Атыргүл ыңгайсыздана унчукту.

   -Жоо-о... жок... Жашыра турган эч нерсе жок. Туура байкагансың. Менин оорум бар. Ал оорудан өлүп гана кутулам. Ансыз кутулууга мүмкүн эмес.-деди ойлонуп отурган калыбын жазбай.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#64 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 30 September 2014 - 17:11

Атыргулдун ындыны өчө түштү. Жүрөгү «тыз» деп жашоого болгон, жаңы турмушка болгон үмүтүнүн акыркы жиби үзүлгөндөй болду. Ичинен «Туура эле ойлогон экенмин. Рак болсо керек. Кайран киши. Канча өмүрү калды болду экен?»- деп ойлоду да оор үшкүрүнүп койду. Мына ушул аңгемелешүүдөн кийин баягы кылыктанмайын токтотуп жөн гана үй кызматчылык милдетин аткармайга өттү. Кызматы жактыбы ким билсин Сапарбек маянасын дагы көтөрүп 1500 сом кылып койду. Адам деген ушу тура баягы ит көрбөгөн кордук көрүп шаардан качканда «Ушул турмушту желкемдин чуңкуру көрсүн»,- деп карганган эле бара-бара баары унутулуп, ал түгүл баягы күндөр түшүнө да кирип, өзгөчө эркек эңсегени күчөдү. Айылда ылайыктуусу чыкчудай эмес. Анын үстүнө таежесинен коркот. Сапарбеги болсо оорулуу. Оорулуу болсо оорулуу болсун, жок дегенде эркектик күчү ордунда болгондо эмне деп артынан кожоюнун жек көрө карап коёт. Баарын таштап кайра шаарына баргысы келет. Бул жакка келердеги туш болгон абалын эстесе жүрөгү оозуна тыгылып бели зыркырап кетет. Ошол зөөкүрлөр дагы кармап алып мазактачудай буту тушалат. Ушинтип жарым жылга чукул убакыт өтүп кетти. Ал арада Сапарбектин баласы үч жолу келип - кетти. Келген сайын атасы уучтап-уучтап акча карматат.
Баласы кантсе да турмушта кагылып калган көрүнөт жүргөн-турганы тыкан, сүйлөгөнү орундуу. Атасынын болсо баласы үчүн жанын аяр түрү жок. Келип - кеткен сайын тим эле кубанычы койнуна батпай жашара түшкөндөй болот.
Экөө демейдегидей кечки тамак ичип отурушкан. Ортодо сөз деле көп уланбай өздөрү менен өздөрү болгон көңүлсүз кечтердин бири эле. Аңгыча дарбаза кагылып калды.
  -Мен эле карап келейин -деп Атыргүл тура жөнөдү. Сапарбек мейлиң дегенсип үндөгөн жок. Бейтааныш аялды көргөндө эле Атыргүлдүн аялдык сезими менен Сапарбектин аялы экенин сезди. Салкын учурашты да үн дебей кийирди. Кайрылбай эле кете берсемби деди да кайра экөө кантип учурашып, эмне деп сүйлөшөөр экен деген кызыкчылык менен өзү баштап үйгө кирди. Аялды көргөндө Сапарбектин өңү чүпүрөктөй купкуу болуп кетти. Көздөрү жеп жиберчүдөй болуп жана түштү. Атыргүл кожоюнунун мынчалык өзгөргөнүн көргөн эмес.
Экөө үнсүз тиктешип туруп калышты. Аял бир аз жалтаңдап бирок кантсе да даярданып келсе керек үнүн жасай:
- Кандайсың Сапаш... өт дейсиңби же босогодон кууйсуңбу? - деди.
- Мынча келипсиң өт, - деди Сапарбек киркирей. Үнү да бир башкача чыкты. Аял төр жакка өтүп коомай отурду да көз кыйыгы менен жасалгалуу үй ичин карай улутунуп алды. Атыргүл үнсүз тамак куюп аялдын астына жылдырды. Аял болсо же ичерин же ичпесин билбей оңтойсуздана ооз тийди. Беркилер тамактарын ичип бүтүп жыйналып жаткандыктан Атыргул:
- Жаңы чай коёюнчу - деп ордунан туруп оозгу бөлмөгө чыкты.
- Келипсиң? - деди Сапарбек дагы деле үнү бузула киркиреп. Зоя болсо кичине үнсүз отуруп калды. Атыргүл кайра кирип Сапарбекти карап:
- Сапарбек аке, мен бара берейин... — деди.
- Жок. Бул конокко тамак берип узатып коюп анан кет - деди Сапарбек өкүм. Биринчи жолу кожоюн катары өкүм сүйлөдү. Ал түгүл Атыргүлдун жүрөгү болк дей да түштү. Дың дебей кымырына отуруп калды. Жанатан кысынымыш болуп отурган Зоянын өңү бозоро түштү. Сөздү эмнеден баштарын билбей:
- Кымбатбегиң сени оозунан түшүрбөй мактайт... Анан турмушуңду көрөйүн деп эле...
- Көрдүңбү?..
Дагы кичинеге үнсүз отурушту. Акыры Зоя кайратын жыйды көрүнөт.
- Сапаш, жаштык мастык экен. Ортодо бала бар. Кептин ачыгы кечире алсаң мени кечир. Ушуну сүйлөшөйүн деп келгем. Сөзүн бүтпөй көзүн жаштай кетти.
Атыргүл биринчи жолу Зояны аябай тигиле карады.
Жашы кырктан ашса да сымбаты али кете элек аял экен. Учурунда тамшанткан сулуу болгону көрүнүп турат. Болгону ичкилик көбүрөөк ичет көрүнөт көздөрүнүн асты шишимик тартып, ак жуумал өңү карара баштаган.
- Сенде күнөө жок - деди Сапар үнү жанагыдай эле киркирей. Мен езумду езум кечиришим керек. Ал эми өзүмдү өзүм кечириштин бир гана жолун тапкам, ошол жолго даярданып жүрөм. Сенин болсо колу-жолуң бош. Бала чоңойду. Туура, чоңойттуң. Сага рахмат. Ал эмгегиңди балаң актайт чыгар. Мен да энеңдин эмгегин унутпа деп жатам. Баламды баккан эмгегиң үчүн акча да берип жиберип жатам. Кымбатбек алпарып берип жүргөндүр сени менен башка сүйлөшөөр сөзүм жок, - деди үнүн мурдагыдан да киркирете.
- Сапарбек, мен шаардан келгиче кеч болуп кетти... Мынча келдим конуп кеткенге уруксат берерсиң?
- Жок. Бул үйгө сага калууга болбойт. Түнү жүрөгүң түшүп өлүп калсаң бир үйдөн эки өлүк чыкпасын. Атыргүлдүн таежесинин үйүнө барып жат,- деди чечкиндүү.
Зоянын да, Атыргүлдүн да өңдөрү кубара түшүштү.
- Мейли анда... - деп Зоя туруп кеткиче шашып калды. Атыргүл да үнсүз ордунан турду.
Идиш-аякты жыйнасамбы деди эле Сапарбек:
- Тигини таежеңдикине жеткизип коюп кайра келип жыйначы, - деди дагы буйрук берген түрдө.
Атыргул кайра келсе жанагы отурган калыбында мелтейип отуруптур. өзүнчү үшкүрө:
- Аттиң ай, тынч өлүүгө да мүмкүндүк беришпейт го ыя, - деди.
Атыргүл үнсүз идиш-аяктарды шыпылдата жыйнап кирди.
- Тигини жеткирип койдуңбу? - деди бир учурда акырын.
- Ооба, таежемдер жаңы эле тамакка отуруп атышкан экен. Киргизип коюп эле кайра бул жакка жөнөдүм...
- Ээ Атыр, баягы сен сураган менин оорумдун жарасы так ушул жан алгыч, - деди күтүүсүздөн үнүн каргылданта. Атыргүл караса кожоюну ыйлап жатыптыр. Дал боло түштү.
- Сизге... сизге эмне болду?.. Эмне дешин да билбей калды.
- Э-э, эмнесин сурайсын,, Атыр?.. Буга дүнүйө керек. Көрдүң го кирип келээри менен үйдөгү дүнүйөдөн көзү е
өтүп алактап жүрөт. Турмушумду көргүсү келген имиш... А-а, аттиң жашоо ай. Менин тапкан акчам керек. Көп табат имишмин. Буга адамдын кереги жок. Менин керегим жок. Менин  ким экенимди деле билбейт. Мен буга акча, дүнүйө таап берип туруучу жандими болушум керек. Балам мактаганда көргүсү келген имиш... Менин тозоктогу өмүрүм... кыйноо менен өткөзгөн күндөрүмдүн кереги жок буга. Түшүнүп жатасыңбы, Атыр... Эми кадимкидей боздоп жиберди. Тим эле жаш балача үңүлдөп кирди. Атыргүл селейгенден селейди. Дел болгондон дел болду. Эмне дешти да билбеди. Оозуна сөз кирбеди.
- Көрдү... Кечирет имишмин... Караанын көрүүгө зар болуп боздоп жүргөнүмдө кайрылдыбы?.. Боздоп жазган каттарыма бир жооп бердиби?.. Бутуна жыгылсам карадыбы?.. Сазга чөгүп баратсам кой чөкпө деп таяк ыргытып койдубу?.. Ортодо бала бар имиш... Өзүн өзү ушунча кор кылган мени ким кечирет... Тозоктун отуна тирүүлөй күйүп өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок өткөзгөн он төрт жылдык өмүрүмдү ким кечирет... Мына бул курган дене менен бул башты, ушунча шорго батырган бул жерди ким кечирет.. Өз жүрөгүнүн тушун өзү муштагылап-муштагылап койду. Мына ушуну ким сууруп чыгып мыжып-мыжып канын сыгып бул шорлуу баш менен бул дененин өчүн ким алып берет?!... Атыргүл үн дебеди... Эмне угуп жатат түшүнгөн да жок.
- Атыр, сенден суранайын бүгүн кетпечи? Ушул үйгө жатчы, - деди бир учурда жалооруй. Беркинин даана жүрөгү түштү. Жанагы сөзүн эстеди. Бүгүн түнү дардайып өлүп калса... Жок. Кетем таежем урушат дегиси келди. Эмнегедир айта албады. Жаш баладай болкулдап ыйлаган кожоюнун көрүп аяп да кетти.
- Ыйлабаңызчы Сапарбек аке, - деди. Өзүнүн да бир чети корккондон, бир чети аягандан ыйлагысы келе баштаган.
- Макул ыйлабайм... бирок... болбой эле... Сапарбек дагы буркурап жиберди. Атыргүл жакын отуруп аяр башын жөлөдү. Тигил аялдын көкүрөгүнө башын коё соолуктап кирди. Анан күтүүсүз эле ордунан шак тура калып имере кучактай көтөрүп жаткан бөлмөсүнө жөнөдү. Атыргүл бакырып жиберейин деп үнү чыкпады. Корккондон денеси титиреп каршылык да кыла албады. Жапайы жырткычтын колуна түшкөндөй эле бүрүшүп калды. Каршылык да кылган жок.
Эртең менен ойгонсо күн шашке болоюн деп калыптыр. Жанында Сапарбек керилип уктап жатат. Тим эле күлкүсү эле келип жан дүйнөсүндө өзүнчө жыргал. Сапарбекти карап рак оорулуу деп ойлогонун эстей күлүп жиберди. Ыктап кулактарынын түбүнөн жыттады. Тигил ойгонуп кетти да жаңы көргөнсүп селт этип кетип кайра оодарыла өзүнө имерип аймалап кирди. Тим эле эч нерсе көрбөгөндөй албуут экен. Болдусун да укпады. Күчтүү да неме экен. Тим эле бөдөнөдөй тырпыратып басып калды.
 
* *
 
Жашы сексендерди таяп калган кары адам эшиктен кирип келип оозгу бөлмөдөгү диван-креслого чалкалай отуруп өзүнчө:
-Булар мага өлүүгө да мүмкүндүк бербейт го. Атыргүл кайда кеткен я-а? Дайым астымдан тосо чыкчу эле деп издене, өзүнчө күңкүлдөй терин аарчынып атканда аркы бөлмөдөн ак саргылынан келген балпайган байбиче чыга келди да:
- И-и абышка, келип калдыңбы? Кыйналбай барып келдиңби? Балдар жакшы турушуптурбу? Небереңдин сүннөт тоюн качан өткөзөлү деп сүйлөштүңөр? Кыздарыңа кайрылып кабар ала алдыңбы? - деп суроо артынан суроо жадырып кирди.
- Я-а байбиче, сурооңду бирден берсең боло. Кайсынысына биринчи жооп береримди да билбей калдым, - деп борсулдай күлдү абышкасы. Аңгыча эшиктен секелек кыз чуркап кирип:
- Ур-ээ, чоң атам келиптир! - деп кыйкырган бойдон ай-буйга келбей эле абышканын астынан секирип чыкты. Кемпиринин суроолоруна жооп берүүнү да, жолдо чарчаганын да, баарын унутуп абышка небересинин алкымынан курулдата жыттап рахатка бата небересине жалынып-жалбара кетти.
 
 
 

Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#65 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 30 September 2014 - 17:27

* *
 
Төртүнчү катарда отурган эки жигит маңдайдагы телевизордон көздөрүн албай, андагы боевик киного таза берилип, аралашып кетишкен экен. Кино каармандары кайгырса кошо кайгырып, күлсө кошо күлүп келатышат.
 
Экранда болсо «Наркобарондун өлүмү» деген аттагы жаңы кино тасма башталды.
 
* * *
 
Айсыз түн. Асманды ала булут каптагандыктан жылдыздар да анда-санда гана жылтылдайт.
Тунку караңгылыкты фаралары менен тилип, катуу келаткан «Джип» түрүндөгү эки кара түстөгү машина жол жээгиндеги кумду эңшерилтип барып токтошту. Токтоору менен жарыктарын такыр өчүрүштү эле машиналар кара сөлөкөткө айланып, жанаша жаткан эки чоң ташка окшоп калды.
Астыңкыдан да, арткы машинадан да төрттөн кара кийимчен адамдар чыга келди. Машинада айдоочу лар гана калышты. Караңгыда булардын сөлөкөттөрү гана бүлбүл көрүнүп жатты. Коңур үндүү бири башкаларына үнүн анчалык катуу эмес чыгарып, бирок, басым менен буйрук бере сүйлөгөнгө өттү:
-Бери жакын баскыла! Мындан ары машина менен барууга болбойт. «Объекти» бурулуштан өткөндөн  кийинки кырдын аркы бетинде. Эгер машиналардын жарыгын көрсө, сакчылары шектенип калышы мүмкүн. Ошондуктан кыска жолго салып "объектиге» жөө барабыз. Ашыкча сүйлөмөй жок. Менин артымдан бирден ээрчигиле. «Объектиге» жеткенде ар кимиң күндүзгү план боюнча өз алдыңарча иштейсиңер. Кайталайын. Бардык иш 15 минутада гана бүтүшү керек. 30 минута барган-келген жолго кетет. 45 минутадан кийин ушул жерден жолугушабыз. Иш буткон соң бир минута да кармалбагыла. Эскертем. Кымбат буюмдарга, акчага кызыгып, тоноочулук кылбагыла. Силерге ансыз да жетишээрлик  төлөп жатат. Эмесе кеттик, - деди да кол фонаригин күйгүзүп, шарт бурулуп бөрү желиш менен чуркап жөнөдү. Анын сөзүн эч ким бөлбөй, калгандары үнсүз угушту. «Суроо барбы?» дебестен суурулуп жөнөй  бергенде калгандары артынан үнсүз жөнөштү. Кейпи, жолду мыкты билсе керек. Түнкү караңгылыкка карабй күңүрт күйгөн кол фонариктин жардамы менен гана бадалдуу токойго жол таап кирип кетти.
Экранга «Алтын жолборс» деген жазуу пайда болот. Музыка. Ролдорду аткаргандар жазыла баштайт.
 
 
* * 
 
Кыз жалаң денесине жука түнкү көйнөк кийген калыбында уктап жаткан. Үстүндөгү жамынган шейшеби дивандан шыпырылып түшүп калган экен.

Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#66 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 30 September 2014 - 18:58

Түшүнө жолборс кирип жатыптыр. Килейген кызыл-чаар жолборс. Көлдү жээктеп бир нерсеге кыжырланып, тынчсызданып жүгүрүп жүрөт. Арткы эки бутуна тура калып талдарды сындыра-сындыра уруп күркүрөйт. Жалбырттаган чоң, өрт. Канга боёлгон аял менен эркектин денелери сулк жатат. Кайрадан өрт.
Аңгыча кантип, кайдан экени белгисиз, кыздын жаткан бөлмөсүнө жолборс балкондун терезесин ачып кирип келди. Ачуу куркурөгөн үнүнөн кыз чочуп ойгонуп кетти. Ордунан секирип тура калды. Жанындагы жарыкты күйгүзүп жиберди. Чын эле балкондун терезеси ачылып калган экен. Жел уруп, пардасы делбиреп, ачылган терезе чайпалып, кыйчылдап туруптур. Кыздын жүрөгү дүкүлдөп, тердеп кетиптир.
Көзүнө балкондон бирөө көрүнгөндөй болуп кетти.
- Ким бул?! - деди үнүн катуу чыгара. Жооп болбоду.
Жүгүрө балконго чыкты.
Сыртта кадимки шаар турмушу. Түнкү рекламанын жарыктары жылтылдайт. Кыздын бөлмөсү көп кабаттуу үйлөрдүн ЗОдан да жогорку кабатында болгондуктан көчө жарыгы төмқндқ калат. Балкондон эңкейип сыртты карап алып, өз көзүнө өзү ишенбей кетти. Жолдун кошулушунан килейген кызыл-чаар жолборс өтүп баратыптыр. Түнкү шамдардын жарыгынан даана көрдү. Көзүн ушалап кайра караса, эч нерсе жок. Кайра бөлмөсүнө кирип, жаткан диванына отуруп эмне болуп атканына түшүнбөй, өзүнүн уйкусурап жатканына же толук ойгонгонуна да ишене албай турду. Саатты караса түнкү бирге он беш минута калган экен. Эмне кылып атканына деле толук маани бербей телефон чала кетти. Телефонду ала албай көпкө бурады. Акыры чалган жагы менен байланышты.

Кыз:
-    Алло, апа, эмне телефонду албай жатасыңар? Телефондон угулган үн:
-    Кызым, кандай?! Тынччылыкпы? Түн ортосунда.. уктап жатканбыз да...
    Кыз:
-    Апа... атам кайда?
  Телефондон:
-    Үйдө эле. Эмне болду кызым? Айтчы бай болгур, тынчтыкпы?
Кыз:
-    Менде баары жайында. Силердечи? Телефондон тарсылдаган автоматтын үнү угулду.
Ачуу чаңырган апасынын үнү удаа чыкты «А-аа-й». Кыз:
-    Апа-а... Апаа... Эмне болуп жатат? Жооп берчи Iапаке... апакебай... ата... атакебай...
Кыз телефондун трубкасын кармап бакырып ыйлап жатты. Көпкө бакыра берди. Анан эсине келе кллып кайдадыр бир жакка телефон чалып кирди. Кыз:
-    Байке... байке, атам-апамдарды атып кетишти. Тез милицияга телефон чалыңыз. Мен эртең учуп барып калам.
Телефондон угулган үн:
-    Эмне... эмне деп дөөрүп жатасың?.. Аселсиңби? Кыз:
Ооба, Аселмин. Атам-апамдарды атып кетишти. Тез милицияга кабарлаңыз. Мен эртең учуп барып калам.
Телефондон угулган үн:
Стамбулдан чалып жатасыңбы? Кыз: О-ооба...

Телефондон:

-Анан каяктан?..

Кыз:

-Аны барганда айтам. Апам экөөбүз телефон менен сүйлөшүп жатканбыз.... Кыз телефонду шак койду да шашылыш кийине баштады.
 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#67 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 02 October 2014 - 17:53

Көл жээгине жакын курулган, айланасы үч метрден бийик дубал менен курчалган эки кабат кооз үйдүн айланасы күчтүү прожекторлордун жардамы менен сүттөй жарык. Жарыктын күчү ал түгүл көл жээгине чейин түшүп, түнкү көл үстү каралжын тартып күзгүдөй жалтырайт. Бийик дубалдын үстүнөн кошумча тикен зым тартылып ток жүргүзүлгөн. Үйдүн үстүңкү мунара тибиндеги тоголок курулган мансардында күзөтчүнүн айланып басып жүргөнү көрүнүп турат.
Ээрчишкен кара кийимчендер кырдан үйдү кичинеге карап турушуп, токой аралай жакындай беришти. Үйгө жүз кадамчалык токой түгөнгөн жерге жеткенде, астыдагысы:
-    Снайпер, кароолчуну алып ташта - деди, үнүн пас чыгарып. Ортодо келаткан орто бойлуусу астыга чыкты да ийнинен түнкү дүрбүсү бар снайпер мылтыгын алып, оңтойлуу жер издей басты да, мылтыкты бактын бутагына артып, кичинеге мээлеп туруп атканда акырын «пук» деген гана үн чыкты. Үй үстүндөгү ары-бери басып турган кароолчу шылк деп кулап түштү. Сегизи эми экиге бөлүнүп үйдү көздөй чуркашты, биринин үстүнө бири чыгып дубал үстүндөгү тартылган зымдарды кыркып ийишти да, көз ачып-жумгуча ичкери секиришти. Арсылдап үрө чуркаган эки ит эки жерге торойто атылды. Үйдүн дарбазасынын жанындагы кароолканадан чуркап чыккан күзөтчү ок чыгарганга үлгүрө электе оңкосунан кулады. Кол салгандар үйдүн түзүлүшүн мыкты билишсе керек, бир тобу эшиктен, экинчи тобу экинчи кабаттын балконунан түшүп, үй ичине чабуул коюшту. Беттерине кара маска тартынып, капкара кийим кийген булар күтүүсүз кол салгандыктан үйдөгүлөрдүн эч кимиси каршылык көрсөтүүгө үлгүрбөдү. Биринчи кабаттагы беш күзөтчү-телохронителдер чала кийинип, бөлмөлөрүнөн чуркап чыккан калыбында окко учту. Экинчи кабаттын балконунан биринин үстүнө бири чыга калып секирип түшкөн төртөө экиге бөлүнүшүп бири эшик ачса, экинчиси шак кирип барып бөлмөлөрдү кыдыра баштады. Үнсүз иштеп жатышты. Кыймылдарынан дасыккан баш кесерлер экени көрүнүп турат. Колдорунда кыска «Узи» автоматтар. Үйдүн ээси менен аялы жаткан бөлмөгө киришкенде аял мобилдик телефон менен сүйлөшүп жатыптыр. Бири аялды каратып туруп автоматты басып калды. Аял «а-аа» дегенге араң жарап, дивандан учуп түштү. Колунан Кател» түрүндөгү телефон ыргып кетти. Чочуп ойгонгон күйөөсү ордунан туруп келатып, кайра окко калбыр болуп чалкасынан кулады. Бөлмө ичи автоматтын түтүнүнө толо түштү. Тигилер жүгүрө бири ванна жакты, экинчиси ажааткана жакты кыдырып, башка эч ким жокпу дегенсип карап чыгышты. Күрсүйгөн бири жерде жаткан «Кател» телефонун согончок  менен быркырата басты. Эшикке чыгып баратканда күрсүгүйү кичине буйдала түштү. Көзү аңтарылып чалкасынан жаткан аялдын мойнунда жоондугу чыпалактай алтын чынжырчада бармактай алтын жолборс тагылуу экен. Жолборстун көзүнө таруудай таза бриллиант чөгөрүлгөндүктөн тим эле күйүп турат. Тигил экинчисин караса, эчак чыгып кетиптир. Акырын басып келди да булкуй тартты эле үзүлбөй өлүктүн башы көтөрүлө түштү. Экинчи ирет катуу булкканда гана чынжыр үзүлдү. Берки чынжырды шашылыш бут кийиминин кончуна тыга салды да бөлмөдөн жүгүрө чыгып кетти.
Кара кийимчендер бат эле өз тапшырмаларын аткарышып, үйдү айланта бензин чачып от коюшту да, бул жолу дарбазадан чыгып жүгүрө түнгө сиңип кетишти.
Татынакай кооз .үйдү улуу өрт каптады. Жакын тегеректе башка үй да жок болчу.




 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#68 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 02 October 2014 - 18:09

Күн чыгып келатканда мору, анан дубалдары эле калган үйдү тегеректеген органдын кызматкерлери кул болгон кишилердин сөөктөрүнөн башка эч нерсе таба алышпады. Жадегенде гараждагы «Тоёта» маркасында «Джип» менен «Мерседес» машинасы да өрттөнүп, каңкайган рамалары калыптыр. Кароолкана, чарбачылык үйлөр бүт өрттөлгөн. Кыскасы, дубалдар гана калган. Криминалисттер менен судмедэксперттер колго илингидей бир нерсе издеп тинтип жүрүштү.
Четкерээкте жеңи чолок ак көйнөк кийген очкичен, жашы кырктардын тегерегиндеги орто бойлуу, саргыч чачтуу адам менен узун бойлуу, кара чач өзү курдуу кыска чаар көйнөкчөн адам сүйлөшүп турушат. Узун бойлуусунун ыйлаганы билинип турат.
- Сиз мага айткандарыңызды шашпай кайра кайталап чыгыңызчы? Кечирип коюңуз. Биздин иште майда-чүйдөсүнөн бери керек болот. Очкичени узун бойлуусуна кайрылды.

Түшүнөм. Түндө, түн ортосунан оой телефон тынымсыз катуу чырылдады. Чынында тургум келбей араң козголдум. Алсам, Стамбулда окуп жүргңн карындашым. Чочуп кеттим, эмне болду? - деп. «Атам - апамдарды атып кетишти, тез милицияга кабарлаңыз», - дейт. Кудай акы, акылынан айныган го деп ойлодум. «Эмне деп дөөрүйсүң? Соосуңбу?» -десем баягы эле сөзү. «Кантип билдиң?»- десем: «Апам экөөбүз телефон менен сүйлөшүп жатканбыз», - дейт. Ошондо барып бир нерсе боолголодум. Анан эсим оой түштү. Мен башка райондо жашасам. Ошол жактан бул жакка «баланча үйдөгүлөрдү атып кетишти», - десем жинди катары кабыл алышат го деп. Ошентсе да деп дежурныйга чалсам «Кайдан чалып жатасыз?» - дейт. «Коңшу райондонмун», - десем «Кантип билдиңиз?» - деп мен карындашыма берген суроолорду берип кирбедиби. Кой, болбойт экен, өзүм барайын дедим да, машинам менен туз эле бул жакка жөнөдүм. Келсем өрт эчак өчөйүн деп калыптыр.
Очкичени:
-    Кечириңиз, карындашыңыз качан келем деди?
-    Бүгүн учуп келем - деген.
Очкичени:    ,
-    Келери менен биздин бөлүмгө, мага алып келиңиз же байланыштырьңыз. Очкичени жанынан визиткасын алып узун бойлуусуна сунду. Мен кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө иштейм.
-    Макул. Сөзсүз.

 

 

 

 

Аябай кооз жасалгаланган иш бөлмө. Кымбат эмеректер. Мына ушунун өзү да бул жердеги иштеген адамдын жетиштүү турмушун көрсөтүп турат.

 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#69 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 18 November 2015 - 16:39

Ainash, Фейсбуктагы окурмандар китепти аягына чыгарууну суранышууда..? 


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#70 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 28 November 2015 - 00:25

Көздөрү шишиген, өңү жүдөңкү Асел орто жаштагы чачын ак аралаган, чыкыя кийинген сулууча адам менен сүйлөшүп отурат.

   Тигил адам: -Кызым, мени билесиң. Атаң экөөбүз көп жыл дос болдук. Бул каргаша кырсыкка мен деле түшүнбөй калдым. Билишимче атаңдын душманы деле жок болчу. Эмнеси болсо да мен колдон келген мүмкүнчүлүктү аябаймын. Бүт тааныштарымды салам. Частный детектив жалдайм. Ишен, кызым. Мен бул ишти ушул бойдон калтырбайм. Досумдун, аяшымдын астындагы парзымды актоого аракеттенем.

   Ордунан туруп терезе жакка басат. Чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып Аселге көрсөтпөй көз жашын аарчыйт. Үнү каргылданып:

   -Барибир жоготконду эми таба албайбыз кызым. Бөксөргөндүн орду толбойт. Бурулуп Асел тарапка басканда Асел ордунан тура калып ыйлап жиберет.

   -Эми мен кантем, аяш ата? Аяш атасын кучактай, башын көкүрөгүнө жөлөдү.

   -Кызым, кайрат кыл. Өзүңдү карма. Буйрукка айла жок. Күйүткө алдырба. Башыңа мындан оор иш түшсө да чыдамдуу болушуң керек. Эң башкысы окууңду таштаба. Сенден бир гана нерсени аяш атаң катары суранарым кызым, окууңду жакшы оку. Атаңдын душмандарынан ошентип өч ал. Окууңду бүтүрүп келсең,м ен жакшы жумуш таап берем. Бир колу менен кыздын ээгинен өйдө көтөрүп, маңдайынан өбөт.  


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#71 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 30 November 2015 - 00:19

Күңүрт жарык болгон бөлмөдө Асел агасы Марс менен сүйлөшүп отурат.

Марс: -Аселя, балким сен таптакыр билбейт болушуң мүмкүн, ошондуктан сага өзүм билген чындыкты айтууну милдетим деп ойлойм.

Асел: -Ал эмне болгон чындык? Асел көздөрүн бакырайта агасы Марсты карап калды.

Марс: -Сен ушуга чейин “атам эбегейсиз көп каражатты кайдан табат?”-деп ойлондуң беле? Маселен, мына мени Америкадагы эң кымбат окуу жайына окутту. Сени Түркиядан окутууда.

Асел: -Марс, эмне айткың келип турат? Атамдын бир нече фирмасы, автозаправкалары, арак заводу бар эмеспи. Анын үстүнө, менин билишимче баары кирешелүү тармактар...

Марс: -Туура Аселя, ошончо фирмалар, автозаправкалар, арак заводу кайсы каражатка курулду, ушуну ойлодуң беле? Сенин чет өлкөдөгү счетунда канча акчаң бар? Маселен, менин наамымдагы счетто беш миллион долларга чукул бар.

Асел: -Мага атам эч убакта счетуңда канча акча бар экенин жан адамга, а түгүл жалгыз бир тууганым сага да айтпа деген.

Марс: -Мага чынын айтсам сенин счетуңда канча акча бар экени кызыксыз. Маселе, сен ошол акчалар кайдан агып келе жатат, биздин республикадай кичинекей мамлекеттеги чакан фирмалардан ушунча чоң киреше алууга мүмкүнбү деп ойлодуң беле?

Асел: -Чынын айтсам ойлогон эмесмин. Асел тунжурай төмөн карады. Марс сигарет алып тутандырды да илеп тарта соруп, түтүнүн капталына үйлөй кичинеге үнсүз отуруп, кайра сөзүн баштады.

Марс: -Туура айтасың. Мен да сендей студент кезимде эч нерсе ойлочу эмесмин. Ойлонгум да келчү эмес. Бил билгеним, атамды соода жолун билген өзгөчө акылдуу чоң бизнесмен деп гана койчумун.окуумду бүтүп келгенден кийин атамдын оң колу болуп корпорациясындагы иштерди гүлдөтүүгө жанымды аябайм дечүмүн. Окуумду бүтүп келгенден кийин атам мени өз корпорациясында эмес, теңирден тескери коңшу шаардагы италиялыктар менен биргелишкен чакан фирмага иштетип койду. Өз ишине аралаштырбады. Мен “Ата, өзүбүздүн эле фирмалардын биринде иштебейинби?”-деген суроомо: “Балам, бизде азырынча бош орун жок. Экинчиден, чет элдиктер менен иштеп такшал”,-деп жооткотту. Мен иштеген фирмадагылар тытынып иштейбиз. Бош убакыт деген жок. Керек болуп калганда күнү-түнү иштей бермей. Ошондо да атамдын фирмаларындагыдай күргүштөгөн киреше таппайбыз. Мен компьютер аркылуу кирешелүү тармактар деген муңайзат, газ, электр энергиясы, түстүү темир бизнестегилерди да изилдедим.

Асел: -Марс, бай болгур эмне айткың келип турат? Сөзүңдүн ток этер жерин айтчы. Мен чыдабай баратам.

Марс: -Шашпай ук, болбосо түшүнбөй каласың.

Кийинки күндөрдө атам бир нерсеге катуу тынчсызданып жүрдү. Эмнеге экенин ачык айтпады. Бир айча мурда мага өзү барыптыр. Болбосо, керек десе чакыртып алчу. Мени ээн тоо арасына алып барды. “Балык кармайбыз” деген шылтоо менен. Экөөбүз эми саатча сүйлөштүк. Арав заводду жана заправкаларды бүт мага котортуп ээси деп жаздырыптыр, сага болсо фабриканы калтырыптыр. Кантип башкаруу керек, кимдер менен иштеш керек, кимдерге ишенүү керектигин кайта-кайта айтты. Ал түгүл жазып да калтырыптыр. “Өзү башкарууга жараганча фабриканын ишине көзөмөл бол”,-деп сенин фабрикаң жөнүндө да айтты. Анан катуу эскерткени “Эч убакта криминалга аралашпа. Мыйзамды бузба. Салыкты учурунда төлө. Эки эле бир туугансыңар, бири-бириңерге күйүмдүү болгула. Силердин өмүрүңөргө жана укум-тукумуңарга жеткидей дүйнө жыйнап калтырдым”,-деди. “Ата, сиз эмне болуп атасыз? Керээз айткандай кепти сүйлөйсүз да. Али жашсыз. Дагы далай жыл бизди башкарасыз. Мен үйлөнүп, Аселиңиз турмушка чыгып, небере көрөсүз”,-десем ыйлап жиберди да кучактап бооруна кысып “Баары буйруктан, балким ошондой да болот”,-деп койду. “Эмне тынчсыздангыдай ооруңуз барбы?”-десем. “Ден солук чың эле. уулум тынчсызданбай өз ишиңди иштей бер. Мен буларды алда-кандай күн болот деп айттым”,-деди да кетип калды.

   Атамдын жүргүзгөн бизнесине кызыгуум күчөдү. Күтүүсүз органда иштеген бирөөлөр менен таанышып мамилелеш болуп калдым. Наркосоода кылгандар менен күрөшүүчү бөлүмдө иштейт экен. Ал менин атамдын ким экендигин билбегендиктен атамдын республикада “наркосооданын королу” экенин айтып салды.

   Асел чочуп ордунан тура калды:

   -Марс, сен эмне деп жатасың?

Марс: -Асел, отуруп сөзүмдү ук. Чындык канча ачуу болсо да билишиң керек. Асел бетин басып ыйлап жиберди.

   -Уккум келбейт. Атам жөнүндө бир да жаман сөз уккум келбейт.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#72 almaz_briliantov

almaz_briliantov

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 14 билдирүү

Жиберилди 17 September 2016 - 08:17

Анан аягы жоко .

#73 almaz_briliantov

almaz_briliantov

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 14 билдирүү

Жиберилди 17 September 2016 - 08:19

Бул китепти каяктан тапсам болот

#74 Tilek

Tilek

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2163 билдирүү
  • facebook:mirbek.atambaev
  • ДарегиТоктогул.Кара-Жыгач

Жиберилди 21 June 2018 - 17:26

Ушул китептин электрондук варианты барбы?
Толук окуш керек эле.

Инсандын бул дуйного жаралуусунун сыры жана эн улуу максаты - ааламдын Жаратуучусун тануу,ага ыйман келтируу,ага ибаадат кылуу.(Бедиуззаман Саид Нурси).


#75 almaz_briliantov

almaz_briliantov

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 14 билдирүү

Жиберилди 22 August 2018 - 14:53

Бул китепти кайдан тапса болот или жазган форумчуну



Читать еще на тему: Чолпонб, ек Аб, ыке уулу

0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар