Перейти к содержимому


Фото

Көп аял алууга, экинчиси болуп тийүүгө көз карашыңыз?


  • Please log in to reply
темада 68 жооп бар

#1 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 17 July 2014 - 14:30

 Ислам дининде көп аял алууга жол берилген. Бул убакка чейин биздин ата-бабаларыбыздын да токол деп аял алышканын угуп жүрсөңөр керек. 

   Азыр да ушундай көрүнүш жашоодо көп эле кездешип калды, бирок көпчүлүгү диндегидей таза нике менен алышпай эле жашап алгандар көп. Аялдарына айтса алар да көнбөй тополоң салышат. Бирок күйөөсүнүн любовницасы бар экенин билишет, ага чыдашат. Мындан сырткары турмушка чыкпай калган аялзаты да көп. Ошого аялдар ичи тарлык кылбай күйөөңөрдүн аял алам дегенине каршы болбой эле койушса болбойбу? Өзүндөй бакытты башкаларга да каалашпайбы?



#2 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 17 July 2014 - 14:31

Анан кээ бир аялдар анда биз  деле башка күйөөгө чыксак кандай болот деп калышат. Байкап көргүлөчү болчудайбы,

 

10537363_1632772280281810_60710746143090



#3 AlfA

AlfA

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 170 билдирүү

Жиберилди 17 July 2014 - 18:44

Мен каршымын! Жолдошумду бироо менен болушкондон коро жашабай койгонум он.

#4 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3327 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 02:11

Охо болбойт. Мен азыр жигитим башка бир кыз менен жон гана суйлошуп койсо канчалык жаман болом, анан башка аял алса асынып эле алсам керек. Мен мындайга чыдай албайм.

А кулган бу аялдарды бут кийимге салыштырганскийби? Же мен тушунбой калдымбы а?

Сенин журогундун Жарыгы..


#5 One_kiss

One_kiss

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 113 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 02:25

Жо жо жооок! Мен да каршымын күйөөмдүн менден башка менен да жашашын каалабайм.

#6 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 18 July 2014 - 10:56

Кудай сактасын мен андайга чыдабайм.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#7 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 12:58


А кулган бу аялдарды бут кийимге салыштырганскийби? Же мен тушунбой калдымбы а?

 Кээ бир нерселерди бир нерсеге салыштырып түшүндүрсө шарт жетет да. Жаман ой жок.



#8 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3327 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 13:51

Кээ бир нерселерди бир нерсеге салыштырып түшүндүрсө шарт жетет да. Жаман ой жок.


Кой ай башка нерсеге салыштыр ботом.

Сенин журогундун Жарыгы..


#9 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 13:58

Кой ай башка нерсеге салыштыр ботом.

Менден мурда эле салыштырып коюшкан экен. Андан көрө көп аял алганга макул болуп эле жүргүлө. Силерге деле пайда да, биринчи аялы болуп бардык жумушту жасатып отурасыңар.  :P



#10 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 14:54

Кыргызстанда статистика боюнча 48пайыз эркектер 52 пайыз аялдар түзөт экен, бул жакшы көрсөткүч, экектер жетишээрлик деген сөз. Эки аял алып жүрөк оору болгуча бир эле аялды эптеп алгыла. Кыргызстанда эки,үч аялды кароого мүмкүнчүлүк жок, эге болсо ал элдин эмгеги болушу мүмкүн. Көрдүңөрбү кыздардын канчасы каршы болуп жатышат.Эң негизгиси кыздарыбыздын кытайларга , түрктөргө кетип жатканы өкүнүчтүү, аларды кармап калып кыргыздын таза тукумун уланткыла.



#11 Ali.HT

Ali.HT

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 34 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 23:12

Каршы болсоңор эч нерсени чечпейсинер. Тек гана күнөөкөр болосунар. Экинчи аял алганга биринчисинин макулдугун алыш шарт эмес. Исламды түшүнгөн аял өзү алып берет мен андай аялдарды көргөгөнмүн укканмын

#12 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3327 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 23:32

Менден мурда эле салыштырып коюшкан экен. Андан көрө көп аял алганга макул болуп эле жүргүлө. Силерге деле пайда да, биринчи аялы болуп бардык жумушту жасатып отурасыңар.  :P


Ушунчалык каттуу суйуп турсам дагы куйоомду, "экинчи аял алам" деп туруп алса, мен лучше кетип калам. Ал экинчи аялына кеткенде журок заада болуп, туну менен уктабай журок оорулуу болгуча тынч озум жашаганым он. Эгер мени чындап суйгон эркек болсо экинчиси эч качан пайда болбойт.

Сенин журогундун Жарыгы..


#13 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3327 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 23:38

Каршы болсоңор эч нерсени чечпейсинер. Тек гана күнөөкөр болосунар. Экинчи аял алганга биринчисинин макулдугун алыш шарт эмес. Исламды түшүнгөн аял өзү алып берет мен андай аялдарды көргөгөнмүн укканмын


Аялдардын эч кандай укугу жок экен да ошондо а? Аял оз оюн айтса "бул куноо" дегенди биринчи угушум (ошкушум). Исламда аялдын укугу бийик коюлган эркекке караганда чынбы? Ошого аялдардын дагы укугу бардыр оз оюн айтууга.

Мен каршымын экинчи аялга Кудай озу сактасын андайдан.

Сенин журогундун Жарыгы..


#14 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3327 билдирүү

Жиберилди 18 July 2014 - 23:42

Куйоом бир гана меники болот. Мен ушундай ач козмун.

Ойлойм эгер куйоонду суйбосон, жакшы корбосон, анда эки эле аял албай, 3-4 аял алып ал десе керек. Так что аялынар экинчи аялга каршы болсо суйунгуло эркектер, алар силерди суйот, кызганат.

Сенин журогундун Жарыгы..


#15 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 19 July 2014 - 06:32

    Мухамед пайгамбардын мезгилинде Алладан пайгамбарыбыз үчүн аян түшүп турган, ошондуктан бир нече аял алган. Пайгамбарыбыз Айша энебизди аябай сүйгөн,  мусулманчылыктын  мыйзамына каршы келген эмес. Качан убактысы келгенде гана Айша энебиз менен болгон.  Ошондуктан "баарына жетиштим, сүйүүдө гана өзүм үчүн эч нерсеге жеткен жокмун"-деген. Ал эми Мухамед пайгамбарыбыздай болуу өтө кыйын. Эгер бир аялын биринен жакшы көрө турган болсо, кыяматта бир жагына кыйшайган абалда тирилет.  Биз тигиндей мындай деген менен акылсыздар бир нече аял алып, ар жерде балдары калып, алардын тагдырын ойлобой сайран куруп жүргөндөргө Алладан каргыш болсун!. Балалуу болгондон кийин аялды ойлобой, баланы ойлош керек. Балдардын тагдырын ойлобогондорго каргыш болсун!. Канчалаган балдар жетимканаларда чоңоюп жатат, ошолорго  эркектер , аялдар тең күнөөлүү. Сүйүү өтүп кетүүчү нерсе, ал эми бала түбөлүктүү, артыбызда калып биз үчүн куран окуп, жыт чыгаруучу- мураскрлорубуз.  Исламда бардык эркектерге "4-5 тен аял алгыла "-деген жери жок, пайгамбарыбыздын мезгилинде, көп эркектер согушта курман болушкан, ошондуктан балдарды кароо үчүн, аялдардын күнөөгө батпашы үчүн бир нече аял алууга уруксат берилген. Азыр эч кайгырбай каалаганыңар менен жашай бергиле, эркектер жетишээрлик, ашып да калып жатышат. Мен дагы уулумдун экинчи аял алышына уруксат бермек эмесмин, анткени балдары бар алар кийин атасы жөнүндө жаман ойго барбасын, неберелерим да ыймандуу болушуп, балдарына туура тарбия берген, таза тукум улоочулардан болушун каалайм.



#16 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 19 July 2014 - 06:50

 Анан да жазайын деп унутуп калыптырмын, эч бир цвилизациялуу  мамлекеттерде эки аял алган жок, бул биздин түшүнбөстүгүбүз, караңгылыгыбыз башкалар окуса уят.Бизде чечилбеген маселелер толтура: экономикабыз 0, маданиятыбыздагы 0, "маданият өлдү "-деп жакында эле өкүрүштү, дагы көпчүлүк жактарыбыз дагы -0 аны баарыңар билесиңер. ошолорду кантип чечебиз, кантип тынч жашайбыз, кантип элибизди -жерибизди сактап калабыз, кантип чек ара маселелерин чечсек болот, бийликтегилерибизди көрүп жатасыңар, кантип билим берүүнү жогорулатабыз, кантип ден  соолукту сактайбыз, ошолор жөнүндө ойлосоңор?  баарыбыз бир масатты көздөп, жаңылгандарыбызды оңдоп-түзөп алдыга жылбасак болбойт. Көрдүңөрбү, аткара турган иштер канча, аял алуу негизги праблема эмес, курсагың ток болбосо нанды гана ойлйсуң.  карылар үйлөрүн кантип жок кылабыз, жетимдер үйүн кантип жок кылабыз, жакшы гумандуу кишилер ошолорду ойлойт.Чыныгы мусулман болсоң, Аллананын жолунда кызмат кыл.   Чыныгы мусулмн өз кызыкчылыгынан (напсисинен ) баш тартат. Эл үчүн иштейт, кыяматка соопторун чогултат, аялдарды ойлобойт. Согуштан кудай сактасын,эркектер көзүңөрдү жапкыла, бөтөн аялды караган күнөө болот.



#17 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2302 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 19 July 2014 - 18:55

Экинчи аялга мен дагы терс көз караштамын.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#18 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 20 July 2014 - 00:38

Аялы каза болуп же тушунбостуктор болуп ажырашып кеткен учурда гана экинчи аял алууга болот))))


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#19 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 20 July 2014 - 20:35

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1. Эй адамдар, силерди бир жандан жаратып, анан андан жуп кылып жана ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана айалдарды жараткан Эгеңерден корккула! Силер Анын (атын атоо) менен бири бириңден сураган Алладан жана карым- катнаштан корккула! Албетте, Алла силерди көзөмөлдөгөн эле.
2. Жетимдердин мал-мүлкүн өздөрүнө бергиле жана жакшыны жаманга алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн малыңарга кошуп жебегиле! Анткени ал – чоң күнөө!
3. А эгер силер жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан башка айалдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак. (Ниса. 1,2,3 аяттар)
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#20 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2302 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 21 July 2014 - 01:34

Азыр адилеттүү болгон эркектер чанда гана кездешсе керек го. Ошого бирден эле аял алып жүрө бергиле )).


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар