Перейти к содержимому


Фото
* * * * * 2 голосов

Таасирленүү

Комментарийлер үчүн тема

  • Please log in to reply
темада 196 жооп бар

#1 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 08 October 2014 - 17:50

Эскертүүгө ылайык, өздүк темаларга комментарий жазууга мүмкүн эмес.

Темалардан таасирленген ой-пикирлериңизди, суроолоруңузду бул жакта талкууласаңыз.


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#2 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 09 October 2014 - 02:07

Менин да темам болобу?

:кофе:



#3 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 09 October 2014 - 03:03

Менин да темам болобу?

:кофе:

Албетте. Өзүңүзгө тема ачып алсаңыз болот.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#4 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 09 October 2014 - 10:31

Shuudurum темасындагы билдирүү:

 

Эркек болсом да журогум чыдабады,жаш балдарды уруп жатканын элестетип.байкуш балдар кантти экен эми,чынында качаар жери жок,качса да бараар жери жок айласыз тунгуюкта калышыптыр байкуштар.

 

Shuudurum темасындагы билдирүү:

 

Менда кордум ал тасманы, байкуш балдарды камандарча сабаптыр. Кичинемде менден чон балдар менен алма бакка алма урдаганы барып колго тушуп калганбыз, анын каролу айбаттуу. коркунучту киши эле, бизди катар тургузуп алып алдыдагы эки баланы катуу сабаган, бирок мага тийген эмес. Тасмадагы балдардын абалын тушуном, анда жеген таяктан коро, жей эле таяктан коркуу сезими кучтуу болот.


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#5 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 09 October 2014 - 10:34

Aiymkaнын ааламы)) темасындагы билдирүү:

 

Жашоодо мучо эмес тузуучу болгон жакшы нерсе,демек-сен озун тууралуу оз баракчанды ачканын аракетчен кыз экендигинден кабар берген далалат.Кандай максатта ачсан да дайым ийгилик коштосун!


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#6 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 09 October 2014 - 10:39

Shuudurum темасындагы билдирүү:

 

Zluchka Жиберилди Кечээ, 06:43

 

Теманы окуп балалык кезим эске тушту. Бала кезде жайлоо учуру, туну апам тундуктун астына эжем экообузду мештин тушуна жаткырчу. Тундуктун жарымын тунук кленка менен каптагандыктан асман укмуш болуп корунуп турчу. Жылдыздар тим эле алаканга салгандай болуп бизди кыялга батырар эле. Эжем менен кобурашып отуруп уктап калаар элек. Эрте менен апам уй саап жатканда челеке тушкон суттун дабышын угуп ойгоноор элек. Анан жымжырт танга ызы-чуу салып коу-улактар маарап, музоолор моороп, жылкы кишинеп жашоо башталаар эле. Колубузга кичинекей таякты кармап таэнем колу менен тигип берген булгаары кемселди кийип малдын артынан капчыгайды коздой жонойт элек. Мына ошондо табият бир башкача кулпуруп жан дуйнобуз баео тартып конул сергип калат эле. Ошентип малдын артынан журуп кок шиберге жармашкан шуудурумду кызыгуу менен басаар элек. Мына ошол шуудурум  биздин жашоого болгон дилибизди тазарткандай туюлар эле. Шуудурумдун ар бир тамчысы коптогон залкар классиктердин жан дуйносун дирт эткизип эмне деген гана керемет чыгармалар жаралбады дейсин. Менин балалыгымды аруу кыялдарымды эске салган шуудурум...

 

Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#7 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 09 October 2014 - 10:47

Урматтуу форумчулар, бул бөлүм боюнча бардык суроолорду ушул темадан бериңиздер, жооп беребиз.

Ошондой эле жогоруда "жеке" темаларга жазылган билдирүүлөрдүн көчүрмөсү.

Бөлүмдүн эрежесине(http://erkindik.ru/forum/topic/757-маалымат-үчүн-менин-дүйнөм-бөлүмү-тууралуу/ ) көз жүгүртүп коюуңуздар, өздүк темаларга комментарий калтырууга болбойт (!). Каалаган ой-пикирди, суроону, талкууну ушул жактан жүргүзөбүз. Темалар тазаланды жана эскертүү дагы бир ирет берилди! Мындан кийин билдирүүлөр өчүрүлөт. 

 

Кичи көмөк: теманын ээсинин жазган билдирүүсүн тандап алуу үчүн, ошол билдирүүнүн түбүндөгү "цитата" буйругун тандап алыңыз. "Таасирленүү" темасына кирип, "кененирээк жооп жазуу" деген буйрукту бассаңыз, билдирүү ушул темага көчүп калат. А сиз сурооңуз же оюңузду кеңири жаза бересиз. 


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#8 Evelet

Evelet

    Устат

  • Администраторлор
  • 2304 билдирүү
  • facebook:evelet
  • Дарегиerkindik.ru

Жиберилди 09 October 2014 - 23:20

Башында фонтан жакта жургон Москва шаарыбы ???
Кечки Казахстан сонун корунот экен.... Адеми видео болуптур


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун...

 

I am a Muslim, allhamdulilla. I am proud to be a muslim.


#9 Jibek

Jibek

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 392 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 11:55

Ассалом алекум замандаш.kEgcJ9DwIeE.jpg

 

Алейкум салам.

Кабарчы деген нигиң укмуш. Жеке темаңда көп нерседен кабардар кылып турсаң керек эми бизди?


Оо адамдар! Мен жаңырык болдум, силер сүйлөгөндү кайталадым! 

"Не лезь с советами к тем, кто их не спрашивал. Цени себя, своё слово, свои мысли". Бернард Шоу. 


#10 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:02

Көңүлгө терең кабыл албагыла анан, жогорудагылар жөн эле ыр саптары…)

 

Ооба десең.

"Сүйүүнүн армандары" деген сыңары сөздөр жөн гана ыр саптары болуп кала бериши керек.)


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#11 vais

vais

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 573 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:09

Аа... кептин баары бул жакта жаткан турбайбы. Комок кыдыргандай, адамдардын жан дүйнөсүн аңтарып келип, анан бул жерге төгөт турбайбызбы, ээ? Чөнтөкчүлөрдөн кооптонуп жаткан окшойсуңар го. А мен болсо "нарушение" кылып жибериптирмин. Чөнтөкчү деле эмесмин. Бирөөнүн свети күйүп турса, сигарет сурайын деп  баш бага калган экем...



#12 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:13

Көңүлгө терең кабыл албагыла анан, жогорудагылар жөн эле ыр саптары…)

Ок!

 

Шуурудай тизип ыр жазгандарга суктанам да (Өзүм эки саптын башын бириктире албайм да ошого хыхы). Көп-көп ырлар жазып тур, биз окуп туралы. 


Сенин журогундун Жарыгы..


#13 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:14

Аа... кептин баары бул жакта жаткан турбайбы. Комок кыдыргандай, адамдардын жан дүйнөсүн аңтарып келип, анан бул жерге төгөт турбайбызбы, ээ? Чөнтөкчүлөрдөн кооптонуп жаткан окшойсуңар го. А мен болсо "нарушение" кылып жибериптирмин. Чөнтөкчү деле эмесмин. Бирөөнүн свети күйүп турса, сигарет сурайын деп  баш бага калган экем...

Ой боорум ай. Ваще четкий адамсыз да көңүлдү бат эле ачып саласыз. Эми чөнтөктөгүлөрдү ортого таштай бериңиз кана хехе.


Сенин журогундун Жарыгы..


#14 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:17

Жарык  десе кире калыпмын...эшигин тыкылдатпай эле (куш келгиле деп жазып койгон экен) .
Азыр эми Кыргызстанда светти көп өчүрө баштагандан бери  жарык издеп карайлап калбадыкпы, көпөлөккө окшоп...
Айып этпессиздир, сиздин жан дүйнөңузгө уруксатсыз баш бакканымды?

 

Жакты да! )


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#15 vais

vais

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 573 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:20

CauseLove нин эшигине баш баксам, дубалы жалаң Поэзия кирпич менен урулуптур, бийик кылынып...
Мен дагы поэзияга жакын адаммын, кошуна болуп алсам окшойт...

#16 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:20

Аа... кептин баары бул жакта жаткан турбайбы. Комок кыдыргандай, адамдардын жан дүйнөсүн аңтарып келип, анан бул жерге төгөт турбайбызбы, ээ? Чөнтөкчүлөрдөн кооптонуп жаткан окшойсуңар го. А мен болсо "нарушение" кылып жибериптирмин. Чөнтөкчү деле эмесмин. Бирөөнүн свети күйүп турса, сигарет сурайын деп  баш бага калган экем...

 

"Комок", "чөнтөкчү" дегениңизден улам ойлоп кеттим. Азыркы заманда жан дүйнөнү да уурдап, булгап ийчү оңбогондор бар. Ары Кыргызстанда жарык жок, "Кудай мындайды бербеспи.." болуп кетпесин да. Кыдыра жүрүп, таасирленүүлөрдү таштай жүрө бериңиз.


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#17 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:24

CauseLove нин эшигине баш баксам, дубалы жалаң Поэзия кирпич менен урулуптур, бийик кылынып...
Мен дагы поэзияга жакын адаммын, кошуна болуп алсам окшойт...

Жанына жайгашып алып, кимди дуалы бийик урулат экен деп жарышкыла ыыы


Сенин журогундун Жарыгы..


#18 vais

vais

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 573 билдирүү

Жиберилди 10 October 2014 - 23:42

"Комок", "чөнтөкчү" дегениңизден улам ойлоп кеттим. Азыркы заманда жан дүйнөнү да уурдап, булгап ийчү оңбогондор бар. Ары Кыргызстанда жарык жок, "Кудай мындайды бербеспи.." болуп кетпесин да. Кыдыра жүрүп, таасирленүүлөрдү таштай жүрө бериңиз.

Уурдабаса да, булгап сала тургандар  бар экени айкын...Мисалга алсак Фейсте, тамашалуу эле бирдеңкени жазып койсо артыңдан 30-40адам келип, жумурткадан кыр чыгарып, кырк түрлүү пикир жазып кетишет. Андыктан жан дүйнөнү кулптап койгон деле бир чети жакшы! Бирок...



#19 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 11 October 2014 - 00:08

CauseLove нин эшигине баш баксам, дубалы жалаң Поэзия кирпич менен урулуптур, бийик кылынып...
Мен дагы поэзияга жакын адаммын, кошуна болуп алсам окшойт...

 

Ооба.

Поэзиялаш кошунаңыз Кауслав болсо, экинчи тарабыңызга кошуна кылып Жалтты көчүрүп келиңиз. Жалт да анекдотчу, боорду эзет. )


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 


#20 Shuudurum

Shuudurum

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 745 билдирүү

Жиберилди 11 October 2014 - 00:11

Уурдабаса да, булгап сала тургандар  бар экени айкын...Мисалга алсак Фейсте, тамашалуу эле бирдеңкени жазып койсо артыңдан 30-40адам келип, жумурткадан кыр чыгарып, кырк түрлүү пикир жазып кетишет. Андыктан жан дүйнөнү кулптап койгон деле бир чети жакшы! Бирок...

 

Ооба деңиз Вайс ага.

Сайт ыңгайлуулукка басым жасайт. Сунуштарды деле жазсаңыздар, ойлор ишке ашар кеңешүү менен. 


Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби . 



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар