Перейти к содержимому


Leo

Кошулган датасы: 20 Jan 2014
Оффлайн Соңку аракети: Sep 18 2018 13:19
-----

#58389 Сен азыр кимди же эмнени ойлонуп отурасың?

Автор: Leo на 08 September 2018 - 04:31

Суйгонуму ойлоп жатам.


#58206 Жакты... Кайдыгер боло албадым...

Автор: Leo на 09 July 2018 - 17:10

Бирөө : Аял көлөч сыяктуу , аны каалагандай алмашып кийсең болот , - деди.

Аны уккан даанышман : Өзүн бут деп эсептеген адамга аял көлөч сыяктуу . Өзүн баш деп эсептеген адамга аял таажы сыяктуу ,- деп жооп узатты ..




#57986 Келгиле агыбыздан жарылалы

Автор: Leo на 12 June 2018 - 17:14

Мүмкүн болсо көбүрөөк убакыт анткени ал менде аз калды.. Көп нерсеге жетишпей убактым өтүп кетет деп корком..
 

Эч качан кайталгангыс бир жыргалчылык же карьера ..




#57976 Ар бир күндүн статусу. Бүгүнкү ой-толгоом...

Автор: Leo на 12 June 2018 - 11:51

Кыялданбай койууга мумкун эмес..




#57808 Жакты... Кайдыгер боло албадым...

Автор: Leo на 21 May 2018 - 12:17

Дуйно базарына бардым.Мээримдуулуктун баасы которулуп кетиптир,алалбадым.Намыс арзан,кобу аны болбогон баага сатып жатышыптыр,кызыккан деле эч ким жок.Шугурчулукту издеп табалбадым.Башка жактан издеп корунуз дешти.Эн коп сатылган Достук аттуу Бет каптар экен.Адамдардын буттарынын астында Кадыр деген топурак ташталыптыр.Колокодо алсыз,аран бутун шилтеген Журок аттуу кайырчыларды кордум.Алар ары-бери откон адамдарга карап Мээримдуулук садага кылынызчы деп жалдырап жатышты...


#57552 Жакты... Кайдыгер боло албадым...

Автор: Leo на 18 April 2018 - 15:00

"БАКЫТ КАЙДА КАТЫЛГАН?"

Бир күнү периштелер чогулуп калышат. Ошондо алардын бири:
- Адамдар көп нерсени көтөрө албай, колдо болгонуна шүгүр кылбай калышты. Ар дайым эсинен чыгарбай турган нерсесин алып коёлу, - дейт.
Бул сунушка башкалары да макул болот. Бирок, эмнени алып коёрун билишпейт. Көпкө ойлонушуп олтурушуп, акыры көптү көргөн бирөөсүнүн сунушу менен бактысын алып коюуну чечишет. Бирок, аны кайда катуу керек? Ушул суроого келгенде кайрадан ар кандай пикир айтыла баштайт.
Биринчиси:
- Бийик чокуга катуу керек, - дейт.
- Жок, адамдар күчтүү келет, бир күнү тоого да чыгышат. Ошондо бирөөсү тапса, калгандарына да белгилүү болот да, баары бактысынын кайда экенин дароо билип алышат, - дейт экинчиси: - Андан көрө деңиздин түбүнө салып жиберели!
- Жок, адамдар изилдегич келишет. Суу асты менен жүрө турган кемелерди ойлоп табат да, ал жактан да таап алышат.
- Анда башка планетага жашырып коёлу. Адамдар ал жакка бара албастыр.
- Адамдарга Жараткан акыл бергенин унутпагыла. Алар аалам мейкиндигине учуп чыга ала турган кемелерди да ойлоп таба алат. Ошондо алар бактысын таап алышат. Анан кайра аны бат эле баалабай калышат.
Ошондо унчукпай олтурган баарынан улуу периште:
- Кайда катуу керек экенин мен билемин, - дейт.
Баары бир ооздон:
- Кайда? - деп сурашат.
- Адамдын бактысын өздөрүнүн ичине катуу керек. Алар бактысын баардык жерден издешет. Бирок, сырттан издөө менен алектенип жүрүп, өз ичин кароо эсине да келбейт. Эң акылдуулары гана бакытты башка жактан издебей, Жараткан берген ырыскысына шүгүр кылып, колдо барына канаат кылат. Мына ошолор бактылуу болууга татыктуу болушат, - дейт ал. Ошентип баары бул ойду эп көрүшөт. Ошол күндөн тарта адамзат бактысын издеп келет дейт. Ал эми ар нерседен бакыт издебей, шүгүрчүлүк кылган адам гана бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүн көрө алат экен....

Оорудан мурун ден-соолуктун кадырын бил, өлүмдөн мурун жашоонун кадырын бил. (Хадис)
Күрөшсүз турмуштун кызыгы жок.
(М. Лермонтов)
Сырттан издегениңди токтотуп, ички дүйнөңө көңүл бурчу. Адамдар ички дүйнөсүнө баш багуудан коркушат. Ал эми сырттан эч качан таппай турган өзүнө керектүү нерсени, дал ошол ички дүйнөдөн табарын көбү билишпейт. (Дэн Миллмэн)


#56703 Сени менен..

Автор: Leo на 18 August 2017 - 18:28

-Сен менин жүрөгүмдө айыкпас жара калтырып кечирим да сурап койбодуң.

-Сүйүүнүн терс тарабы жек көрүү эмес кайдыгерлик. Кайдыгер адам эч качан кечирим сурабайт.




#55910 Сүйүүнүн эң кызыгы-Кызгануу!

Автор: Leo на 12 January 2017 - 22:33

Данияр Жамийланы кызгангандай мен да сени үнсүз, кыймылсыз тек гана көңүлүм көзүм менен кызганам. Тариэл Дарежанды издеп боздогондой бир болуунунун жолун издейм жол жок. Бирок кыялымда бар, Кудайга ыраазымын тек кыял болсо да макул. Сүйүүнүн айынан Межнун экенимди башкаларга билдирбесем да сен билесин Лейлим.




#55839 Ар бир күндүн статусу. Бүгүнкү ой-толгоом...

Автор: Leo на 07 January 2017 - 22:50

Ооруп турган чакта бирөөнүн колун кармагым келет. Колумду кармаган адам кадимкидей оорумду тең бөлүшкөндөй болот. Бир колго зармын...




#55720 Сени менен..

Автор: Leo на 01 January 2017 - 22:08

-Сагындынбы?

-Кайра барсамбы деп ойлонуп атам.

-Шахматта ойлонот, суйуудо аракет кылат.




#55596 Жигиттерге жакпаган кыздар

Автор: Leo на 26 December 2016 - 00:12

Согунгон, эркектин кылыгын кылган, туруксуз, озун сыйлабаган, колонсо жыттанган, таза эмес жуунуш керек эле деп журо берген, чачы кир болсо жуубай баш кийим кийип алган, тырмагы кир болгон, мактанчаак болгон, башкаларды кемсинткен кыздар жакпайт эмес айланып качам.


#55595 Бойдокчулуктун оң жактары

Автор: Leo на 26 December 2016 - 00:05

Бойдокчулук озумчулдор учун жакшы жашоо.


#55548 Түйгөйлөрдүн үй-бүлөөдөгү милдеттери

Автор: Leo на 23 December 2016 - 13:21

Эн негизги милдет бири, бирине болгон махабат. Махабатсыз уй булоо куруунун кереги жок. Суйуу сонун нерсе суйуу болгон уй булоодо эч кандай кемчилик болбойт. Калган милдеттер экоонун алы жеткенче аткарылып кете берет.


#54983 Эне жөнүндө асыл кеп

Автор: Leo на 12 October 2016 - 15:29

Энелер балдарын аталарына караганда күчтүрөөк сүйөт. Анткени эне бала өзүнүкү экендигин билет, атасы болсо бала аныкы деп гана болжолдойт. (Менандр)

Мен энемди канчалык жакшы көрөрүмдү түшүнгөнгө чейин, андан айрылып калдым (Лилиан Хеллман).
 




#53750 Менин ырларым сен үчүн

Автор: Leo на 01 August 2016 - 22:40

Талантуу кыз сулуу кыз.