Перейти к содержимому


nats

Кошулган датасы: 24 Jun 2015
Оффлайн Соңку аракети: бүгүн, 13:07
-----

#56551 Ойлорумдун тамчылары (Натс)

Автор: nats на 07 June 2017 - 02:52

Мен куткон май да отуп кетти, жашоомдогу болотурчу озгорууго ушунчалык озумду даярдаган болчумун, бирок баары ошол бойдон калды. Мен сени кучагыма тосуп, озун айтмакчы катуу кучактап аэропорттон тосуп алам деген кыялдарым жок болуп кетти. Мейли ардагым аман болсон болду, каерде журбо кайда болбо аман бол ошол жетиштуу, сен каалабаган сон мен сени зордой албайм суйгун деп. Сага ишенгем, ишенем даале....


#56539 Ар бир күндүн статусу. Бүгүнкү ой-толгоом...

Автор: nats на 01 June 2017 - 02:20

Бугунку кунумдон бир тамчы ирмем калтыруу учун атайын сайтка кирдим, озумду не живая сезчумун, акыркы мунотторум абдан сонун эле... Киного бардык " пираты корибского моря мертвецы не рассказывают сказки " андан чыгып бир кичинекей ресторанда тамактандык, айланага корк кошуп жамгыр сонун тогуп жатыптыр , он беш муноттук жолдо уйго жоо келдик, акчабыздын жоктугунан эмес, жамгырдын ушунчалык сулуулугунан, каарсыз жупжумшак тамчылап тогуп жаткандыгынан, адатта шамал катуу болчу бул куну шамалдан кабар жок, жерге тушкон тамчылар бийлегенсип кудум интернеттен коруп суктанган, ноутбугумдун бетине канча ирет коюп жургон картинка бугун коз алдымда живая картинка болуп тартылды. Мындай кооз жаратылыш, мындай сулуулука ишенуу учун, анын даамын татуу учун жердеги колкулдоп турган колчукторго бутумду матыра салып бакытка арбалып келаттым. Эх жараткан жашоону ушунчалык кооз кылып жаратканына ушунчалык тан калдым бугун. Сага тенелгис бул дуйнодо эч нерсе жок. Кудуретине данк. Мен мындай кундорду, ушундай коз ирмемдерди жашоодо даалай ирет коргум келет. Жаратуучум мандайыма ушундай коз ирмемдерди коп жолу жазган бол.


#55518 Кыз менен баланын ортосунда достук болобу?

Автор: nats на 21 December 2016 - 23:07

Билбейм... менин беш алты жылдан бери достошкон досторум бар...


#54839 Ойлорумдун тамчылары (Натс)

Автор: nats на 24 September 2016 - 23:04

Жалгыздык жан дуйномду тилип салды,
Жабыркап ишеничим толбой калды.
Жарытпай суртуп кеткен издерине,
Жалдырап жарым конул толбой калды.

Сагындым ошондогу сезимдерди,
Сенсиз деле суйоор бекем бир пендени.
Карагатым же мен калып омур торуна,
Карегимди какпастан кутоюнбу сени...


#53703 Менин ырларым сен үчүн

Автор: nats на 29 July 2016 - 06:14

Арманым

Сыртка чыкпай сайгыланып денеме,
Сырдуу козун тартылдыго карегиме.
Создорундо турбастан синип кеттин,
Сапырылган жамгырлардай себелеп.

Колум узгом конулумдон болуп салдым,
Коздорунду корбосом да жашаймын.
Кайгыларым агып чыгып калбады,
Кылгырылган коз жаш деген немеден.

Калдын жаным арман бойдон артымда,
Калын тушуп колоко сымал кадамымдан.
Коргум келип сыздап ыйлап кун откон,
Колун сунба махабатым куйуп очкон.

Убакыттан дары эмес акыл алдым,
Убадага турбас жанды кагып салдым.
Бааланбаган махабатым мага кымбат,
Бактылуу бол алсыз менин арманым.


#53379 Менин ырларым сен үчүн

Автор: nats на 04 July 2016 - 12:17

Мен кетем. 


Мен таарындым тагдырыма, сага да,
Мени кыйнап таштап кетип калганына. 
Чындык чачкан каректерге ишенбедин, 
Чынырса да журогумду сезбедин. 
Мейли сенин багытын кетти алыстап, 
Мен да сенден, ал кундордон кетеин. 


Мен кетем жамгыр жерге сингенде, 
Мен кетем таттуу карлар ээригенде. 
Сен сагынып ал бакка жолоно кутконундо, 
Мен болом коктон учкан булуттарда. 
Мен кетем агын сууда дайраларда, 
Мен кетем кайрыгымда ырларымда, 
Сен сыздап бул кундорду эстегенде, 
Мен болом шамалдардын кучагында. 


Ырларымды шайыр тогулгон сыямды, 
Ырбатып буруп кеттин агын сууга.
Жылдар отуп биз каарыйбыз убагында, 
Адашпагын карек менен журок жайында. 
Алданып кетип жатсан кол узушуп, 
Айласыздан каласын сен ырларымда.




#53017 Ойлорумдун тамчылары (Натс)

Автор: nats на 16 June 2016 - 16:19

Катуу жиним келди эле, бироодон оч алууга дитим барбады. Мен ал адамчалык жестокий адам эмес экенмин. Колумдан келбейт экен, бир бузукту деп бузулуп кетпесин жан дуйном. Ушунчалыгы жетээр деп озумду токтотуп койдум. Я раббим мени жаман жолдорундан озун гана сактай кор. 




#53016 Сүрөтүмдүн белгисиз тагдыры

Автор: nats на 16 June 2016 - 15:50

Суротумдун белгисиз тагдыры... 


Айлана кундун аптабындагы ысыкка болонуп, талдардын колокосу адамга балдай жаккан учур эле. Базар аралап эмитен жоной турчу автобуска карай жол тарттым. Автобустун ичинде адамдар оз озуно орун тандап олтуруп жатышкан, колумда бир сумка, бир пакет. Мен да жан талаша озумо макул болгон орундука олтура кеттим. Жанатан бош турган автобустун ичи адамга толо тушуп ордунан жылып баратты. Кундун ысык аптабы чекеден тер агыза турган денгээлге жеткен. Ангыча автобустун айдоочусуна бир жигиттин кайрылып жатканына кулагым чалып калды. " Байке токтото турунузчу, досум кечигип калды, байке токтото турунуз дейм, сураныч " ал жигиттин айдоочуга кайрылып турганы эмес турган турпаты мени озуно бурду, баары бири коюп бири ал баланы карап жатты. анын башка бир чет олкодон келгени даана корунуп турду. Козундо кара коз айнеги, апапакай кунго куйбогон жузу, озунчо башкача кыскартылган чачтары, мойнундагы кумуш чынжыры, устундо ак койногу, кара классический шымы, бутунда кымбат баалуу бут кийими, жибектин гулундой кычыраган узун бойлуу дене тузулушу тим эле озуно жарашып турду. Аны кеп кылып жаткан айрымдардын создору даана угулуп турду 
" Ай карачы жарашыктуу жигит экен э? 
Оба биздин балдар мындай журбойтко, чамамда Москоодон келишкенго? ( Бирок мен негедир Москоодон эмес Франция же Англия болбосо Америкадан келгендир деп ойлоп турдум) 
Мумкун, досун калтырып озу чыгып алып эми автобусту токтотуп жатканын карасан... "
Аялдардын созунон улам негедир уяла туштум, анткени мен озум тууралуу да ойлоп кеттим, бутумда бир балетка, шорта, анысы жетишпегендей кыпкызыл футболка кийип алганмын. Улам улам колумдагы пакет менен турган турпатымды жапкансып тартып жаттым. Ысыка дымдалган автобус кечигип калган баланы кутконсуп акырындан жылып баратты. Ал баланын досу да келди, колунда пакеттери, асынган сумкасы да бар, колундагы саатына козум урунду. Экобу окшош кийингени менен кечигип келген досу бир аз толмоч экен, Экобу уялып жаткан жанымды байкагансып жаныма келип туруп калды, алар суйлошуп улам жылмайган сайын мен тартынып озумду куноолудой сезинип жаттым, эмнегедир мени шылдындагандай сезимдер туюлуп жатты. Автобус алыскы жолго чыккансып шашылыш айдап узун жолдор менен чон энемдин уйун коздой баратты. Убакыттын отушу менен автобустун ичинде адамдар суюла баштады, улам ар бир аялдамадан тушуп калып жатышты. Айыл жери баары бир айыл да кээде аялдамасы жок жерге да автобусту токтотушуп тушуп жатышты. Жанымда бир чон эле эже олтурган ал да тушуп кеткенде эки жигиттин бири жаныма келип олтура кетти, озумдун карапайым турган турпатыман уялып кызарганым озумо да сезилип турду. Автобустун айнегинен созулуп жатып калган чон чон гектарлуу жапжашыл саргылт болгон талааларга термелген бойдон оз ойлорум менен алп урушуп бараттым. Жонокой жаным телефон да которчу эмесмин, ал убакта эми кайдан мобил телефон болсун, чон энемдерге да уй телефонунан чалып эле бир канча кун алдын айтып койгом барам деп. Жанымдагы баланын наушниги козумо кызык учурап суктанып гана карап коюп бараттым. Ойлорумда менде да ушундай сонун телефон наушниги менен болот бекен ээ? деп ойлонуп бараттым. Ангыча досуна энкейип бир нерселерди суйлогон бала менин тынчымды алды, анын асынган рюгзагынан чыгып турган клюшкасына да конул буруп караганымда мага мээримдуу коздору менен карап койду, ангыча козумду ала качып автобустун айнегине телмире карап бараттым. Экобунун суйлошкон создоруно маани деле бербей оз ойлорум менен бараттым, бир убакта мени акырын суротко тартып алган досу оюмду бузду, азыр ойлосом ошондо ушунчалык наадан болгон экем, эмнеге тартасын деп да сурап койбоптурмун, мумкун азыркы акылым болгондо алар менен суйлошуп деле кетмекминби деп ойлонуп калам. Эсимде жок кайсыл жерден тушуп калды, айлананы карасам бурулуш жерден тушуп, бир огородту карай басып баратыптыр, аларды узаткан бойдон автобус менен алдымдагы узун жолго тушуп кете бердим... Оюмдун баары суротумдун белгисиз тагдырында калды.... 




#52796 Алгачкы ирет..

Автор: nats на 07 June 2016 - 13:33

Жанылка бир кружка салярка чачканыныз ото жакты ))) 

 

Мен биринчи жолу тайкемдин колуна суу куйуп бергенимде ото ото тан калгам... Машинесин запчастарын топтоп буткон сон колун бензин менен андан кийин май менен жууганда ушум кеткен.  Себеби мен ойлочумун да бензин кислотадай болуш керек депчи. 




#52783 Ойлорумдун тамчылары (Натс)

Автор: nats на 06 June 2016 - 17:58

Жашоодо баары болот тура, алсызмын, алсызданып баратамын. Оор болгон мунозум кундон кунго жукарып бараткандай. Жиним ашып, ташып жан жактырбаган абалга кантип келип калдым ? 




#49057 Ойлорумдун тамчылары (Натс)

Автор: nats на 09 October 2015 - 15:55

Сагындым жаным, бирок айла канча? сен алыстасын, башкасын, болоксун, ботонсун оз оюнда. А мен сени дале суйуп жургонумду билбейсин... 




#48902 Ойлорумдун тамчылары (Натс)

Автор: nats на 30 September 2015 - 15:05

Бугун туну ойлорумдун толкуну коздорумдон жаш тамчылатты. Окунучту билбегем, жаны ачылган гулум сынды деп гана окунбосон тагдыр болгону.


#48687 Мен сагынган кезде...

Автор: nats на 20 September 2015 - 23:55

Сагынганда асмандан желек тарта,
Мен барамын булуттарга жол сала.
Саргайып куздо тушкон жылбырактай,
Мен да сынып конулумдон таямын.
Кучагынды сагынганда садага,
Курчаламын суук, суук шамалдарга.
Создорунду сагынганда балданган,
Сызданып мен кайгырамын айла канча.


#48685 Сүйүү туралуу ой-толгоолор..

Автор: nats на 20 September 2015 - 23:40

Махабатым жамгыр сымал тогуп сага,
Оо суйуу мен озуно багындым.
Малынсам да арманындын жалынына,
Оо бакытым мен озуно багындым.
Конучконун алсыратып ойлордун,
Кош канаттап алып учуп тоолорун.
Конулумду оорутсан да асылым,
Карагаттай коздоруно кагылдым.


#48674 Айрылышуу.

Автор: nats на 20 September 2015 - 15:28

Менде да ушул сыяктуу абал. Белгисиз умут бардай бирок кайтып келсе бирге болбоймун деймин. Такыр ойлобой,унуткум келет.



Буйруса унутабыз)