Терроризмдин тарыхы

Ливандык жазуучу аалым Мухаммад Саммак өзүнүн “Мусулмандар жана заманбап карама каршылыктар” аттуу китебинде террордун тарыхы тууралуу төмөндөгүлөрдү жазат:

"Террор  арабтар изилдеп тапкан же исламий жаңылык эмес, балким заманбап кылымда саясий жапа чегүүлөрдүн натыйжасында  келип чыккан көрүнүш. Негизи террор эки кылым мурда пайда болгон. Террор Францияда 1793-жылдын, 10-мартынан 1794-жылдын, 27-июлуна чейин улантылды.

“Террор” сөзү англисче  “terrorism”, французча “terrorisme” сөзүнөн алынган.

Франциядагы көтөрүлүш маалында Робеспьер, Сен Жюст, Кутон сыяктуу кишилер тарабынан айоосуз саясий зомбулуктар келип чыкты. Ошол маалда Франция калкынын саны 27 миллион эле. Мына ушул топ 40 миң  кишинин башын жады (гильотина) менен кесип, 300 миң кишини камакта кармап турушту.

Маданий жашоонун  өнүгүүсү менен террорчулук аракеттер да өнүгүп жатты. 1956-жылы  Франция өкмөтү Марокконун туусу асылган учакты алып качты. Учактын бортунда Жазаир төңкөрүшчүлөрүнөн бешөө Рабатдан Туниске, Жазаирдеги көйгөйдү чечүү үчүн кетип жаткан эле.  Жазаир 1962-жылы эгемендүүлүккө жетишкенге чейин, Франция  өкмөтү бул беш төңкөрүшчүнү туткун кылып кармап турду. Бул чоң мамлекет тарабынан ишке ашырылган биринчи каракчылык окуясы эле.

Арадан эки жыл өтүп, 1958-жылдын 11-март күнү Америка Кошмо Штаттары Куба мамлекетине тийиштүү учакты алып качуу планын түзүп чыкты. Бул иш 17 кишинин кайгылуу өлүмү менен аяктады. 1960-1964- жылдар аралыгында Кубага караштуу 40 даана самолет алып качылды. Алып качуучулар Америка аэропортуна куду жеңүүчүлөрдөй кирип келишти”.

Мусулман ааламына террордун кирип келиши көбүрөөк Ильич Рамирес Санчес аты менен байланыштуу. Владимир Ильич Лениндин урматына  Ильич деп аталган бул киши Венессуэлалык  ашынган коммунисттин уулу болгон. Москвадагы Патрис Лумумба аттуу элдер достугу университетинде таалим алган. Кийинчерээк Палестина коммунисттик партиясынын жетекчиси Жорж Хабаштын эң жакшы шакирти болгон. Хабаш ага Карлос лакап атын берген. Карлос өз тайпасы менен көптөгөн кол салуулар уюштурган. Ага шакирт болуп түшкөн мусулмандар да болгон. Бул өткөн миладий кылымынын 70-жылдарына туура келет.

Өзүн өзү жардырып, террордук акты  уюштурууну баштаган киши христиан динине таандык ливандык кыз болгон.

Кийинчерээк мусулмандар ичинде да мусулман эмес террорчуларды көрүп, ошол бардык көрүп билгендерин ишке салгандар болду. Алар мындай иштерди  өздөрүнөн мурдакылардан үйрөнүп өрнөк жана таалим алып кылышты десек, жаңылышпайбыз". 

ERKINDIK.RU/KG

15.03.2016 12:51

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0