Кубанычбек Осмонбеков: Кыргызстандын келечеги үчүн алгач өзүбүздү өстүрүүбүз абзел

Москвада алгылыктуу иштерди жасап, жаштайынан өз күчү менен бизнес баштап, жаштарга үлгү болуп келген эки баланын патриот атасы, Кубанычбек Осмонбековтун  атын айтсаң дароо тааныбагандар жокко эсе.

-Саламатсызбы? Сизди, жаш ишкер жана коомдук активист катары тааныйбыз. Өзүңүз тууралуу кыскача айтып кетсеңиз?

-Саламатчылык. Мен 1985-жылы Фрунзе шаарында төрөлүп, Ысык-Көл облусунун Темир айылында чоңойдум. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшыраарда “көлдө туризимдин келечеги бар”- деп, туризим академиясына өттүм. Шаарда окуп жүрүп, 3-курста Питердеги  семинарга барып, андан ары “Москвадагы тааныштарга кезиге кетейин”- деп, 2007-жылы Москвада калып калдым. Көлдө кадимки жаштар сыяктуу официант, бармен болуп эмгектенип калгандыктан, Москвада да алгач бармен болуп, анадан кийин чабарман (курьер) болуп эмгектендим.  Дал ошол чабарман (курьер) болуп иштеп жүргөндө, көптөгөн адамдар менен таанышып, анын артынан өзүмдүн жеке ишмердигим башталды десем жаңылышпаймын.

-Учурда эмне менен алексиз?

-Учурда, Орус өнөктөтөштөр менен биргеликте ачкан, Хостелдин негиздөөчүсү катары алекмин. Аракеттеримдин катарына мен ачкан үч спорт клубум бар, анда 300гө жакын балдар машыгат. Алардын көпчүлүгү жогорку деңгээлде  дүйнөлүк чемпионаттарга катышып, чоң-чоң жеңиштерге ээ болуп келет. Ушул жерде айта кетсем, бала чагымдан Манас айтып чоңойдум. Мен үчүн улуттук сезим, ата-бабалардын мурасы баарынан бийик турат. Ошондуктан спорт клубумдун атын “Айкөл”-деп атадым . Жогоруда айткан 3 залды бириктирип, эл аралык деңгээлде чоң спорт клуб ачуунун аракетиндемин. Анда аял кишилер, жаш балдар да машыгып, “спорт жагынан көтөрүлсүн”- деген максатта имарат издеп жүрөмүн. Буйруса ага каражат табылды, эми имарат табылып калса эле ачылат. Негизи биздин кыргыз мушкерлер, дүйнөлүк мушкерлердин арасында рейтинги төмөн болгон үчүн алардын рейтингин көтөрүп туруу максатында, эки жарым, үч айда AIKOL FC аттуу професионалдуу лига уюштуруп турабыз. Андыктан, мушкерлердин рейтинги көтөрүлсө, аларды карап чыгыш тарапка да чакырып турат деген чоң үмүттөбүз. Муну уюштуруп туруу, каттуу эмгек менен каражат талап кылат, ага карабастан болгон аракетибиз менен ар бир урушту жогорку деңгээлде өткөрүп келебиз.

-Машыгып жаткан балдардын тартиби көзөмөлдөнүп турабы?

- Соңку учурларда Сирия жана башка масалелер чыгып жаткандыгынан улам, алар менен ар бир эки жума аралыгында сүйлөшүп, Кыргызстандын Бул жактагы ИИМдин өкүлдөрүн чакырып, алар менен чогулуш өткөрүп турабыз. Ал эми көчөдө жөнөкөй бир мушташка катышып, тартип бузган  балдар, биздин топтон биротоло чыгарып салынат.

-Бизнес тармагында эмне кеп?

Москвадагы Кыргыз диаспорасында жалгыз “Деловая Аудитория” журналын негиздегемин, анда чет өлкөдө жүргөн ар бир активдүү жарандар, нөлдөн баштап, кантип ийгиликтерге жеткендиги тууралуу баяндалат. Бул да болсо жаштарга жана ийгиликке умтулгандар үчүн үлгү катары таасирин бере алат деген ойдомун. Журналда жылды жыйынтыктап, мыктыларды тандоо аземин өткөрөбүз, анда мыкты ишкерлер да тандалат. Тандоо аземинде ишкерлер тобун ачууну пландап, Москвада эл аралык ишкерлер асосациясын түзүп, өткөн жылы Кыргызстанда каттоодон өткөрдүк. Москвада 30дан ашык мүчөбүз бар. Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө да мүчөлөрүбүз иш алып барат. Бишкекте бир жолу жарманкебиз өттү. Алдыңкы пландарыбызга Кыргызстандын ар бир облусунда, ушул сыяктуу жарманкелерди өткөрүп, ишкерлерге чет өлкөдөн өнөктөштөрдү таап, кыргыз продукцияларын эл аралык деңгээлге чыгаруу болуп жатат. Кудай буйруса жакынкы май айынын жыйырмасына чейин, бул жакта чоң бир форум өтөт, ага биз отузга жакын кыргыз ишкерлерин чакырдык, ага жузгө жакын кыргыз ишкерлерди  катыштыруу пландалып жатат.

-Өлкө үчүн өз салымыңызды ар тараптан кошуп жатыптырсыз. Саясатка барайын деген оюңуз барбы?

-Саясат боюнча айта кетсем, учурда бара турган оюм жок.Бирок, Кыргызстандын келечеги үчүн алгач өзүбуздү өстүрүүбүз абзел деп билемин. Англичандардын кеби бар эмеспи “Адам баласы алгач өзү бутка турса анан башкага көмөк бере алат”-деген. Ал сыяктуу, өзүбүз бутка туруп алсак, кийин татыктуу ишкер болуп, өлкөнүн акчасына эмес анын экономикасын көтөрүү үчүн иштейм деген адамдар менен барып калышым да мүмкүн.

ERKINDIK.RU/KG

09.05.2016 21:22

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0