Биз тоо болгон алтындын кадырын билбеген кедейбиз! Эмне үчүн?

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Менин Сиздерге кайрылуумдун себеби: Чынында  «Кумтөр» деген ак чокулуу тоо болгон алтындын кадырын, эмне үчүн билбейбиз? – деген суроого жооп издеп, коомдогу айрым кыянаттык коштолгон көйгөйлөр боюнча сиздер менен ой бөлүшсөм дейм. Кайрылуумдун өзөгүн түзгөн бул маселени жакшылап байкап билип алсаңыз. Бир адам угуп айтса, бир адам көрүп айтат. Бир адам билип айтса, бир адам билбей айтат. Мен болсо, Сизди нукура «Кумтөр» жөнүндөгү чындыктын ээси болушуңузду каалайм...

Мен 2003-жылдан баштап, Кыргызстандын жараны катары «Кумтөр» алтын кенинде болуп жаткан Канадалыктар менен биздин чиновниктердин коррупциялык аракеттерин жана экологиябызда болгон жырткычтык мамилелерин изилдеп баштадым. Буга 1998-жылы Барскоон капчыгайындагы цианид тартып бара жаткан жүк ташуучу машинанын сууга кулашы, анын кесепетинен элдин жабыр тартканы, адамдардын өлүмү жана ар кандай оорулардын пайда болушу себеп болду.

2005-жылы март айында Жогорку Кеңешке Түп округунан депутат болуп шайланып келдим. Менде чогулган фактыларды анын ичинде 1998-жылы Турдакун Усубалиев

 

 башында турган комиссия изилдеп жазып келген, эмнегедир ошол мезгилде ачыкка чыкпай калган 103 беттен турган отчету бар материалдарды Президент К.Бакиевге, Премьер-министр Ф.Куловко жана Жогорку Кеңештин 74 депутатына таркатып берип «Кумтөр» маселеси боюнча тез аранын ичинде терең изилдеп чыгып, чара көрүүлөрүн өтүндүм эле. Жыйынтыгында К.Исабеков башында турган комиссия иштеп, бир топ иштерди аткарышты. Канадалыктар менен соттошуп жүрүп, Жети-Өгүз районуна миллиондогон сом акча өндүрүп, бир топ пайда алып келди. Бирок тилекке каршы маселе бүгүнкү күнгө чейин түп тамырынан чечилбей келет.

Эмне үчүн «Кумтөр» кени Кыргыз элинин кызыкчылыгына түп тамырынан чечилбей келет деген суроо туулат, жообу жөнөкөй эле. Буга чейин 20 комиссия түзүлүп текшериптир, мен  жетектеген комиссия 21чи экен. (Текшерип барган комиссиялардын баарын эле миллиондогон жашылбайлар же алтын менен жаткыза чабышчу экен ошону менен эле алар тура албай калышчу экендигин аныктадым.)

2010-жылы 10-октябрда Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп шайланып келдим. Бул жолу «Кумтөр» боюнча түп тамырынан бери текшерип келип, Жогорку Кеңешке маселени кабыргасынан коюуну максат кылдым. 2012-жылдын 15-февраль күнү 10 депутаттан турган (ар бир фракциядан экиден депутат) комиссия түзүлгөн. Жогорку Кеңеш мени комиссиянын төрагасы кылып бекитип беришти. Комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте, бир жарым айда баардык тармактардан көз карандысыз кыркка жакын эксперттерди тандап алдык. 3-апрелден баштап, алар күнү-түнү дебей иштеп башташты. Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча, алардын эмгек акысын «Кыргызалтын» ишканасы төлөп бериш керек эле. Тескерисинче «Кыргызалтын» бир тыйын бербей, Жогорку Кеңештин чечимин аткарган жок. Мен болсом айлам кетип комиссиянын тапшырмасы менен спонсорлорду издеп жүрүп, 150 миң доллардын тегерегинде акча таап, көз карандысыз эксперттердин 50% эмгек акыларын алдын ала төлөп бердим. Себеби келишим ушундай эле (ведомость сакталуу).

2012-жылдын 20-апрель күнү менин дарегиме «Кумтөрдөн» жашыруун маалымат келди. 10-май күнү комиссия «Кумтөргө» келет экенсиңер, бияктагылар химиялык таштандылардын баарын чогултуп, мөңгүнүн арасына көмүп жатышат, эртең келе калсаңар үстүнөн түшөсүңөр дешти.

Ууланып жаткан «Кумтөрдүн» үстүнөн чыктык.

29-апрель күнү көз карандысыз эколог эксперттерди жана тележурналисттерди алып барсам, чындыгында эле химиялык таштандыларды, «Кумтөргө» келген баардык товарлардын калдыктарын аралаштырып, хвостохра-нилищенин тегерегине таштап, үстүнө топурак төгүп, дамба куруп жаткандай түр көрсөтүшүп, көмүп жатышкан экен. Ал дамбаны катуу жаан жааса агызып барып Нарын дарыясына куяры талашсыз.

Бул акмакчылык ушул күнү боло калган көрүнүш эмес, акыркы он жылдан бери жарактан чыккан техникалардан баштап, цианиддин жана башка химиялык заттардын калдыктарынын баарын, хвостохранилищенин тегерегине куруп жаткан дамбанын астына төгүп, көмүп келишет экен. 

Дөңгөлөктөр дагы дамбаларды бекемдегенге жумшалат.

Жарактан чыккан техникаларды көмгөн жерге келип казып көрөлүк десек, экскаватор жок дешет. Эртең барып казып көрсө, чыгаары талашсыз. Биз «Кумтөрдөгү» иштегендердин табиятка болгон, мындай мыйзамсыз наадандыгын толугу менен видеотасмага түшүрүп алдык.

 

Миңдеген жылдар бою, ата-бабаларыбыз канын-жанын аябастан сактап келген мөңгүлөрүбүз эрип жок болуп кеткен. Анысы аз келгенсип, ошол мөңгүлөрүбүздүн үстүнө фабрикадан алтынын бөлүп алгандан кийинки курамында химиялык элементтердин калдыктары бар топурактар төгүлүп жатыптыр, алар мөңгүлөр менен кошо эрип «Кумтөр» суусуна куюлуп жатат. «Кумтөр» суусу түз эле барып Нарын дарыясына куят. 

Бүгүнкү күндө ушул суулар тынымсыз

“Нарын” суусуна куюп турат.

360 гектар уу калдыктарды сактай турчу жерди 1997-жылы бүтүрүп ишке киргизишкен. Эреже боюнча, ал жердин алдына сөзсүз түрдө толугу менен плёнка салыш керек эле. Эмне үчүн дегенде, уулуу заттар суу менен кошо ылдый сиңип, жер астындагы сууларга кошулуп айылдардан булак болуп чыкпаш үчүн. Себеби «Кумтөр» деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте турат.Эгер плёнканы толук салышса, ага көп суммадагы каражат сарпталмак. Ошондуктан, өз чөнтөктөрүнө миллиондогон долларларды сактап калыш үчүн, кыргызга боло берет деп көргөзмө катары жээгинен баштап, жүз метрге чейин плёнка салышып, калган жери жайдак бойдон калгандыгын дагы аныктадык. Ал жерге бүгүнкү күнгө чейин уулуу заттардын суюктугу куюлуп толоюн деп калган, көлөмү 70 млн тоннадан ашат. Мындан дагы көп болушу мүмкүн, себеби ал жер 100 млн тоннага  болжолдонгон. Так маалыматтарды жашырышат экен.  Көз карандысыз эколог эксперт Динара Кутманованын айтымында 100 млн тоннадан кем эмес уулуу калдыктар бар бүгүнкү күндө. 

 

Байкадыңызбы окурман, 4 миң метр бийиктиктеги ак кар, көк муз болгон жерде 360 гектар аянтты ээлеген 100 млн тоннадан кем эмес уулуу заттардын көлү килкилдеп, аска-тоонун жаракалары менен булактарга кошулуп элди уулап жатат. 

360 гектар аянтты ээлеген уулу калдык сактоочу жайы

 

Мындан сырткары, миллиард тоннадан кем эмес 20 жылда уулуу заттарды ташып келген бочка, мүшөк, коробка жана башка темир-тезек (керектен чыккан техникалар) мөңгү, кардын алдына эптеп жашырылган.  Булар кайрадан ачылбайт деп ким кепилдик бере алат?

100 млн тонна уулуу заттар Ысык-Көл элине булак болуп келбейт деп, же Нарын дарыясына куюлуп жаткан жок деп, бирөө айта алабы? Айта албайт! Анткени бул кыймылдар, учурда активдүү жүрүп жатат.

 

Мындай абалда жаткан уу калдык сактоочу жайы, кандай зыян алып келип жаткандыгын жана кандай коркунуч абалда экенин экология адистери жакшы билишет.

«Кумтөрдүн» айланасындагы топурактардан, жан-жаныбарлардан жана Нарын дарыясына куюп жаткан суулардан үлгү текшермелерди  алып, Алматыдагы Улуттук ядролук физика борборуна жөнөтүп, анализин алганыбызда, топуракта жана сууларда айрым элементтер, мисалы: уулуу мышьяктын кошулмасы 22 эсеге нормадан көп болуп чыкты. 

 

Сиздерди терең урматтоо менен –

 Жапаров Садыр Нургожоевич

 

Уландысы кийинки чыгарылышта.

11.05.2016 13:08

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0