Аскар Акаев эмне себептен Кыргызстанды экинчи Швейцария болот деген?

1993–1994-жылдар Аскар Акаев «Кыргызстанды экинчи Швейцария айлантам», – деп массалык маалымат каражаттарынан байма-бай чыгып ишеничтүү сүйлөп жатты. Анын мындай ишеничтүү сүйлөшүнө «Кумтөр» алтын кени түрткү болуп турду. Ошол мезгилде Борис Бирштейн аттуу Канадалык жеке ишкер келип, «Кумтөр» алтын кенин иштетсек Кыргызстан экинчи Швейцарияга айланат,– деп  Акаевге ишеним берип турган. Себеби «Кумтөрдө» башка баалуу металлдарды кошпогондо, алтындын эле запасы 953 тоннаны түзүп турган.

 

(Өз кезегинде 1989-жылы СССР чечим чыгарып, жердин алды менен гана казып алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар, болбосо бүтүндөй Орто Азиянын экологиясына эбегейсиз, орду толгус зыян алып келет, – деп, 2005-жылга чейин «Кумтөрдөн» алтын казууну токтотуп коюшкан эле (архив)).

Ошентип, Борис Бирштейн аттуу жеке ишкер менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда келишим түзүлүп, «Кумтөрдө» алтын, күмүш жана башка баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн фабрика курула баштады. Фабрика 1997-жылы бүтүп ишке киришти. 1998-жылы «Кумтөргө» цианид тартып бара жаткан жүк ташуучу машина Барскоон капчыгайында, илгерки Союз мезгилинде малчылар өтүш үчүн салынган жыгач көпүрөдөн өтүп бара жатып, сууга кулап түштү. Барскоон эли ызы-чууга түшүп жатып калышты. Канчалаган малдар кырылды. Барскоон элин атаны баладан, энесин-кызынан бөлүп, чыркыратып бийлик өкүлдөрү автобустарга салып, Чолпон-Атаны көздөй пансионаттарга көчүрө башташты. Боюнда бар келиндерди бийлик кыйнап эле боюнан алдырганга барышты. (Мутанттар төрөлүп калбасын дешсе керек). Бийликте отурган айрым инсандарыбыз Барскоон айылына жетип барып, арыкта агып жаткан суудан ичишип, мына мен ичип атам цианиддин эч кандай зыяны деле жок, – деп  элди жоошутканы менен иш жүзүндө абал башка нукка кетип жатты.

Ушунун баарын көрүп билип туруп, аттиң ай – дегенден башка бир нерсе кыла албадым. Себеби ал кезде менин колумда бийлигим жок жөнөкөй гана ишкер элем.

Ошол күндөрдөн баштап Барскоон эли ар кандай ооруларга чалдыгышып келе жатышкандыктарын айтып келишет. Массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы, дары-дармектерден жардам болбой жаткандыгы боюнча арызданышат.

Мен болсом жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, эмне үчүн бийликтегилер өз элине ушундай мамиле жасайт, маселени чечишпейби, компенсация бөлүп берип, элдин ден соолугуна көңүл бурушпайбы деген ой менен бушайман болуп келем.

Садыр Жапаровдун күндөлүгүнөн алынды:

02.06.2016 19:44

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0