Канадалыктар Кыргызстанга инвестор эмес! Эмне үчүн?

Инвесторлор башында акча салган дешет. Андай эмес. Алар башында «Кумтөрдү» күрөөгө коюп, чет элдик банктардан кредит алып, фабриканы салышкан. Өзүлөрүнүн эсебинен болгону 45 млн доллар алып келишкен, бул акча келишим боюнча биздин бюджетке түшүш керек эле, 1 доллар дагы түшкөн эмес, фабрикага жумшалды деп көрсөтүшүп кийин алтын чыга баштаганда, сатылган алтындын эсебинен бул акчаларын чыгарып кетишкен. Алынган кредит дагы алтындын эсебинен толук жабылган, алардын «Кумтөргө» салган каражаты калган жок. Салган акчаларын 1000 деген эселеп чыгарып кетишкен. Ошондуктан алардын биз инвесторбуз деп айтууга укугу жок. Мунун баарын так аныктадык. (отчетто факты бар).

Биз кыргыздар, алтынга минген, алтын тебелеген кедейбиз!

Урматтуу замандаштар! Коомдогу айрым көйгөйлөргө токтолоюн:    

Бүгүнкү күндө бир миллиондон ашуун жарандарыбыз, жакырчылыктын айынан туулган жерин таштап аргасыздан чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Кээ бирлери кул, күң болуп, дүйнөнүн ар тарабында тентип жүрүшөт. Ошентсе да, 2 млрд. доллар акча которушуп, Кыргызстанды багып жатышат. Биздин республикалык бюджетибиз, жергиликтүү бюджеттерди кошпогондо, 1 млрд. долларды түзөт. Ал эми, бир эле «Кумтөрдөн» жылына чет элдиктер 1 млрд.  доллардын алтынын (20 тонна) ташып кетип жатышат. Эмне үчүн өзүбүздүн бюджетибизге түшүрүп, бюджетибизди 2 эсе көтөрүп пенсияларды, бюджетниктердин эмгек акыларын 2-3 эсе көтөрсөк болбойт. Мисалы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы 7 000 сом, бул акча бүгүнкү кымбатчылыкта ал кызматкердин үй-бүлөөсүн эмес, жеке өз башын бакканга жетпейт. Айла жок, пара алууга мажбур болушат. «Садыр Жапаров калп айтат, мага жетип эле жатат», – деп бирөө айтсынчы. Эч ким айта албайт. Медиктер, мугалимдер, чек арачылар жана аскер кызматкерлери жөнүндө айтпай эле коёюн. Чек арачылар болсо бомждун жашоосундай жашоо кечирип жатышат. Быйыл жайында бир топ чек ара постторун кыдырып келдим. Каркыра постуна «Дозорго» деп эки ат беришиптир жүгөн, ээр токумдары жок, кошуна олтурган чабандардын ээр токумдарын сурап алышып, 2-3 саатка «дозорго» барып келишет экен. Бийликтегилер болсо, жакшы бир чек ара заставасына барып, аны теледен көрсөтмө кылып көрсөтүшөт. Кимге кереги бар андай көргөзмө оюндун? Ушунун баарын көрүп туруп, анан кантип унчукпай олтура аласың?

 

Сот бийлигинде эркиндиктин жыты жок. Демек, баягы эле.

 

Республика боюнча 450 сот бар, бирөөнүн дагы башы өзүндө эмес, Ак үйдө. «Мен Ак үйгө көз каранды эмесмин», – деп бирөө чыгып айтып көрсүнчү. Эч качан айта алышпайт. Буга соттор күнөөлүү эмес, Ак үй түзгөн система ушундай. Ак үйдөн “Мындай чеч” деген звонок болсо, ошондой чечишет. Буга бир мисал: кечээ жакында Жогорку Сотко 25 судьяны президентибиз Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке берип, бирөөнү дагы кулатпастан, толугу менен өткөрүп алды. Мыйзам боюнча ал 25 судья барып, өзүлөрүнүн арасынан татыктуусун өзүлөрү эле төрага кылып эркин шайлап алышы керек эле, бирок андай болгон жок. Ак үйдөн телефон чалып «Феруза Джамашеваны төрайым кыласыңар», – деди эле, бирөө дагы кың дебестен толугу менен шайлап беришти. «Феруза Джамашева татыктуу эмес», – дегенден алысмын, тек гана соттор эркин боло алышкан жок дегенди айткым келет. Эгер Жогорку соттор ушинтип олтурушса жергиликтүү соттор кайда бармак эле?

Мен Сот-укук маселелер боюнча комитетин жетектеп турганымда, сот тармагына тиешелүү беш мыйзамды жаңы кабыл алып, сот реформасын баштадык эле. Ал беш мыйзамда соттор Президенттен да, депутаттардан да толук көз карандысыз болуп, өзүн-өзү башкаруу системасына өтүп, бир гана Конституция жана мыйзамдарга баш ийип иштешмек. Аны кеч байкап калган Президенттин аппараты, кокуй сотторду колдон чыгарып ийип жаткан турбайбызбы дешип, былтыр август-сентябрь айларында президенттин аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев баштаган ажылдаган аялдарды мага каршы чыгарышып, жыйынтыгында беш мыйзамды тең быт-чытын чыгарып, жаңы мыйзам кабыл алышып, сот системасын толук бойдон Президентке каратып алышкан. Мен жакшы эле күрөштүм эле, бирок жалгыз алым жетпей калды. Жарандык коомдун өкүлдөрү Нурлан Токтакунов, Динара Ошурахунова, Рита Карасартовалар дагы аракет кылып жүрүштү эле, алардын да күчү жетпей койду окшойт.

Юристтер мурунку менен кийинки мыйзамдарды салыштырып көрсөңөр, шибегени капка ката албагандай эле айырмасы оркоюп чыгып калат. Кыргызстанда жалгыз эле сот системасы эмес, саясий-укуктук, социалдык-экономикалык системаны толук реформалоо зарыл, ага себеп азыркы чечилбеген көйгөйлөр, 2010-жылдагы апрель революциясынын максаттарына жетпей калышы далил болот.

Ууланган Кумтөр баяны. 

Декабрь – 2012-жыл

22.06.2016 14:28

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0