Экономика же «Кумтөрдүн» пайда, зыяны жөнүндө.

Эми экономика жагына кыскача токтоло кетейин. 1992–1996-жылдарга чейин фабриканы куруу иштери жүргөн. Куруу иштерине452 млн 200 миң доллар сарпталды деп көрсөтүшкөн. Иш жүзүндө болгону 276 млн доллар жумшалган. Ортодогу 176 млн доллар Канадалыктар менен биздин ошол кездеги чиновниктердин чөнтөктөрүнө түшкөн. Текшерүү учурунда  кагаз жүзүндө бардыгын фактылар менен аныктадык (архив сакталуу).

«Кумтөрдө» 1997-жылдан баштап алтын чыга баштаган. Жылына 18-20 тонна алтын казылып алынат. Бүгүнкү күнгө чейин 260 тонна алтын, 78 тонна 500 кг күмүш казылып алынган. Башка баалуу металлдарды эсептеген жана көзөмөлгө алган бир жан жок. 260 тонна алтын бүгүнкү рыноктук баа менен эсептесек, 14 млрд. доллар болот. Бирок, акыйкаттык үчүн чындыкты айтып коюшум керек: 1997–2003-жылдарга чейин арзаныраак баада сатылган. Ошондуктан, 14 млрд. доллар эмес, 10 млрд. доллардын тегерегин түзөт. Так суммасын билиш үчүн документтерин сураганыбызда, жогоруда айтылгандай “Центеррага” шылташат. Бирок, биз ага карабастан кайсы жылы канча алтын сатылган, ошол жылдары баасы канча болгондугун бизде болгон фактылар менен эсептеп чыктык. Балким так суммасы 10 млрд. доллардан дагы ашык болушу мүмкүн.

А.Атамбаев президенттик биринчи иш сапары менен Түркияга барганда, канадалыктар 10 млрд. доллардан ашык алтын алып чыгып кетишиптир, биздин өлкөгө 10 эле пайыз пайда калыптыр деп айткан жайы бар. Албетте, Президент так цифраларды толук билет. Бул алтын жөнүндө гана маалымат болду. Ал эми күмүш болсо, бүгүнкү күнгө чейин 78 тонна 500 кг казылып алынган жана бүт бойдон ташылып чыгып кеткен, 1 кг дагы биздин мамлекетибиздин пайдасына калган эмес. Андан сырткары жез, вольфрам, палладий ж.б.у.с. баалуу металлдарды сураган киши жок. “Кыргызалтын” менен Канадалыктар эмне кылып жатышкандыктарын эч ким билбейт. Документ сурасаң, ал жашыруун, биз бере албайбыз, “Центеррадан” алгыла дешет. Албетте Торонтодо жайгашкан “Центерра”, ал маалыматтарды кыргыздарга бербеси талашсыз.

“Кыргызалтын” аффинаждык калдыктарга гана ээлик кылышат. Аларды Швейцарияга, Финляндияга өтө төмөн арзан баага жөнөтүшөт. Балким арзан баага келишим түзүп коюшуп, ортодогу акчаны сол чөнтөккө салып жүрүшөбү, аны Кудай өзү билет. Анткени ал калдыктардын курамында жез, платина, вольфрам ж.б.у.с. баалуу металлдар бар. Швейцариядагы завод алардын чыпчыргасын коротпостон, өз өзүнчө бөлүп алат.

Кошунаң сокур болсо көз кысыш керекби? же «Кумтөрдүн» чыныгы уурулары жөнүндө.

Урматтуу замандаштар!

Бүгүнкү күндө «Кумтөрдүн» акырынан жем жеген арзымат аксакалдарыбыз, өз жанын багыш үчүн элдин башын айлантып, массалык маалымат каражаттарына ар кандай пикирлерди жаратып келишет. Кыргызда сөз бар “Жалгыз жанын ит дагы багат”, анын сыңарындай өз жандарын «Кумтөрсүз» эле бакса болот эле го. Тескерисинче, ата-бабаларыбыз кылымдардан бери канын-жанын аябай сактап келишип, ушул биздин заманга өткөрүп беришкен мөңгүлөрүбүздүн, тоолорубуздун ууга чыланышына каршы турса болмок. Азыркы арзымат аксакалдарыбыз болсо шылуундардын этегине жармашып, итке сөөк ыргыткан сыяктуу ыргыткан долларды алышып, жанын багып, мамлекетке жана келечек муундарга душмандык кылып жатышкандыктары мени өкүндүрөт. Сөзүм куру болбос үчүн бир мисал келтирейин. “Де-факто”, “Асман-пресс” жана “Комсомольская правда” гезиттердин 2-ноябрда чыккан сандарында 24 kg. сайтынан алып которуп жазып чыккан өзүнүн атын жазбаган аксакалыбыздын макаласы жарыяланган.  Эмесе ошол макаладан цитата келтирейин. Темасы: “Математиканы түшүнбөгөн мырза Жапаров” деп жазылат.

“«Кумтөр» долбоору иштеп баштагандан бери инвесторлордун төлөмү 1,85 млрд. доллардан ашканын белгилеп коюшубуз керек. Эгер бул сумманы алтынга айланта турган болсок, 100 тоннанын тегерегиндеги кымбат баалуу темир болот, буга айыл чарба жана социалдык тармактарга кошкон салымын кошсок, 150 тоннага азыраак гана жетпей калат. Эмнеге С.Жапаров буларды айтпайт? Буга себеп математика менен дос эмес экендигинде гана эмес, чындыкты айтуу ага пайда алып келбеси тургандыгында болуп жүрбөсүн”, – деп  жазат.

Урматтуу жазмачы математиктер, эгер сиздер математиканы жакшы билбесеңиздер, азыркы заманда  калькулятор деген бар. 150 тонна алтынды эсептеп көрсөңөр, 7,5 млрд. доллар болуп жатпайбы (азыркы мезгилде 1 тонна алтындын орточо баасы 55 млн доллар болот). Эгер билбесеңер, “Кыргызалтындан” сурасаңар болмок экен. Ооба, «15 жылдан бери 1,85 млрд. доллар биздин бюджетке төктү», – деп силер туура айтасыңар,. Бирок бул суммага кайсылар кирет, тактап алып жазсаңар болмок экен. Билбесеңер, мен айтып коёюн, бул суммага Соц.фонд, салык, эмгек акылар, жумушчулардын тамак-ашы, алтын казып алууга керектелүүчү баардык товарлар, техника, унаа тетиктерин сатып алуулар жана жада калса канадалыктардын аялдары көтөргөн сегиз миң долларлык сумкалары, ич кийимдерине чейин сатып алган чыгымдарын көрсөтүшүп (факты бар), мына Кыргызстан тарапка түшкөн пайда деп жатышпайбы.

КОКтун мурдагы жетекчиси Хоменюк мырзанын Марина деген жубайы болгон. Ал жубайын юридикалык кызмат көрсөтөт деп документтерде белгилешип, баш аягы бир млн доллардан ашык акча берген. Ал жубайы болсо эч кандай кызмат көрсөткөн эмес. Иштин жүрүшүндө муну дагы далилдеп бердик. Хоменюктан кийин Вандер деген жетекчи келип, бир топ жыл башкарды. Мени менен сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпасына көзү жеткен соң, ушул жылдын март айында акырын жылып жок болду. Келишиминин мөөнөтү бүтүп калган имиш.

Стефанс деген сатып алуулар боюнча вице-президент болгон. «Кумтөргө» керектүү буюмдардын баарын 2-3 эсе, айрымдарын10 эсеге чейин базар баасынан жогору көрсөтүп сатып алып, ортодогу пайданы чөнтөккө уруп жүргөн. Миллиондогон долларды түзөт. Мисалы: Мал эттерин Аргентина менен Америкадан алып келишет, анысы биздин баадан 2-3 эсе жогору. Ошол эле мезгилде биздин базарларда 250 сомдон эттерибиз сатылбай жайнап турат. Мындай фактылар жүздөп саналат, баарын далилдедик. Жыйынтыгында Стефанс мырза дагы биздин отчётко 10 күн калганда, 11-июнь күнү акырын жылып жок болду, анын дагы келишиминин мөөнөтү бүтүп калган имиш. Негизи булардын баары камалыш керек эле. Тескерисинче мен өзүм камалып олтурам. Дүйнөлүк мафиянын күчүн ушундан билип койсоңуздар болот. Ошондо дагы силер айтып жаткан баягы 1,85млрд. доллар эмес эле, болгону 15 жылда бизге төлөгөн акчалары 1,5 млрд. эле доллар болуп жатпайбы (1991–2012-жж. июнь отчётто факты бар) Ташылып чыгып кеткен алтын 10 млрд. доллар болот. Кайда калган 8,5 млрд. доллар. Эмне үчүн муну айтпайсыңар?

Алтынга айлантсак 30 тоннаны түзөт. Анда калган 230 тонна алтын кайда? Эмне үчүн муну сурабайсыңар? 15 жылдан бери 78 тонна 500 кг күмүш алып кетишкен, 1 кг дагы  мамлекетибизге калган эмес. Эмне үчүн муну сурабайсыңар? Соц.фонд, салык төлөп бюджеттин 10% толтуруп атышат деп сүйлөгөндөн уялбайсыңарбы? Соц.фонд менен салыкты биздин пол жууган аял менен кароолчу абышкаларыбыз деле төлөп жатышпайбы. Анан эмне үчүн 1000 тонна алтыныбызды ташып кетип жаткан шылуундардын адвокаты болуп мактайсыңар.

20 жылда кыргыздын: «Кумтөрдөн» тапкан пайдасы канча?

15 жылдан бери таза кирешеден кыргызга берген пайдасы 44 млн доллар, алтынга айлантсак 1 тонна 400 кг алтын болот. Ал эми жалпы ташылып чыгып кеткен алтындын баасы 10 млрд. доллар болуп жатканын көрмөксөн болуп жатпайсыңарбы. Ошондуктан, урматтуу жазмачылар, мен силерден көптөн көп суранам, дежур чалдар алып келген макаланы жазардан мурда, биздин отчётту карап көрүп, анан так жазышыңарды суранам. Баардык фактылар, цифралар абадан алынган жок, так көрсөтүлүп турат, он депутат кол койгон отчёт сегиз жүз барактан тургандыктан, жалкоо дежур чалдар менен чиновниктердин бирөө дагы толук окуп чыгышкан эмес экенине мен толук ишенем. Отчёт жашыруун эмес, кызыккандар сайттардан таап алса болот.

Ошондуктан, дагы бир жолу көптөн көп суранам, ким «Кумтөр» боюнча маселе көтөргүсү келсе же жазгысы келсе, материалдарды окуп чыгып, элдин башын айлантпай, так маалыматтарды жазсаңыздар, Кудайга жаккан иш болор эле. Себеби, «Кумтөр» маселеси кимдир бирөөнүн саясий же башка кызыкчылыгын чечиш үчүн пайдаланбаш керек. Анткени «Кумтөр» Кыргыз элинин келечекте кризистен чыгаруучусу же тескерисинче орду толгус трагедиясы болушу ыктымал. Кайсы нугуна кетет, ал коомчулуктан, элден, бүгүнкү Президенттен жана Жогорку Кеңештен көз каранды болуп турат. Анткени Кыргыз мамлекети Канада мамлекети менен эмес жөнөкөй жараны менен келишим түзгөндүгүнө байланыштуу. «Кумтөр» долбоорунан бир тараптуу эле баш тартып чыгып кетсе болот. Биз эгемендүү мамлекетпиз, ошондуктан эч бир мамлекет тоскоолдук кыла албайт. Президент А.Атамбаевдин кана саясий эрки керек. Чыгып кетүүдөн коркпош керек, себеби 1991-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки келишимдер биздин жана Эл аралык келишимдерге таптакыр дал келбесин так фактылар менен аныктап бердик. 

Бүгүнкү күндө бийлик төбөлдөрү менен «Кумтөрдөн» жем жеген арзыматтар «Кумтөр» келишиминен чыга албайбыз деп айткандары таптакыр чындыкка туура келбейт, ага ишенбегиле. Алар эмне үчүн антип айтып жатышат, себеби “«Кумтөр»” мамлекетке өтүп, жылына 20 тонна алтын (1 млрд. доллар) мамлекетке түшө баштаса, биздин коррупционерлер бүгүнкү күндө чөнтөктөрүнө түшүп жаткан миллиондордон айрылышат. Себеби бүгүн чөнтөккө алып жаткан миллиондорду мамлекеттен алышса, оркоюп көрүнүп калат. Ошондуктан чет элдик ишкерлерден алышса, эч кимге билинбейт деп эсептешет.

 

Декабрь – 2012-жыл

Кыянат

УУЛАНГАН

“КУМТӨР” БАЯНЫ

04.07.2016 13:36

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0