ММКлар аркылуу коомду жазгаруунун 10 ыкмасы

Америкалык лингвист, саясий публицист жана философ Хоам Хомский ММКлар аркылуу элди  жазгыруунун он ыкмасын түздү.

1­­­­­­­-Алаксытуу же көңүлдү башкага бурдуруу.

Жарандарды  чыныгы социалдык көйгөйлөрдөн алыстатып,  көңүлүн башкага бурдуруу максатында, реалдуу эмес окуяларды  ойлоп таап, кандайдыр бир маселени талкуулоо үстүндө алек болуп туруусуна шарт түзөт.

Мисалга: “Кан соргуч адамдар пайда болуптур же болбосо кар киши уча турган эчкилер менен учуп жүрөт”-деген сыяктуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды улам-улам маалымат каражаттарына чыгарып турушат.

Коомчулукту башкаруунун негизги элементи, адамдарды саясий  жана экономикалык маанилүү маселелерден жана чечимдерден алаксытуу болуп саналат. 

Бул ыкманы колдонуунун пайдасы, калк ичинде болуп жаткан чыныгы көйгөйлөрдү артынан көтөрүлүп чыкпоого шарт түзөт.

2-Көйгөйлүү масалени түзүп анын чечимин сунуштоо.

Бул метод “көйгөй-реакция-чечим”-деп аталат.

 Кандайдыр бир масалени көтөрүп чыгып, элдин реакциясына карата ага жогорку бийликтин өкүлдөрү чечим чыгарат.

Мисалы: “Өлкөдөгү зордук-зомбулук көбөйдү, кандуу террактар күтүлүүдө. Алардын алдын алуу абзел”- деп ар кандай жасалма жол менен уюштурулган сценарий аркылуу элдин, “бийликке чара көрүлсүн”- деген сунуштарын кабыл алган болуп, өз максаттарына жетишет.

3- Акырындык усулун колдонуу ыкмасы

Кандайдыр бир белгилүү эмес кабыл алынган максатка жетишүү үчүн аны күн сайын, жыл сайын акырындык менен сиңирүү жетиштүү. Дал ушундай ыкма менен өткөн кылымдын 80-90-жылдары жаңы (неолиберализм) саясий-экономикалык шарттардагы негиз таңууланган. Анын артынан мамлекеттин жүрүшү төмөнкү деңгээлге түшөт. Менчиктештирүү, ишенимсиздик, туруксуздук, массалык жумушсуздук, төмөн айлык акы, булардын баары татыктуу жашоону камсыз кылбайт. Эгерде бул шарттар бир учурда аткарылганда сөзсүз түрдө төңкөрүлүшкө алып келмек


4- Аткаруу мөөнөтүн жылдыруу  

Белгилүү эмес чечимди таңуулоонун дагы бир ыкмасы, аны келечекте "муктаждуу жана керектүү" кылып көрсөтүү. Анын артынан келечекте ишке ашыруу аракети жарандардын макулдугуна учурунда ээ болушат. Албетте, учурунда эмес келечекте зыян болуучу маселеге көндүрүү оңой. Биринчиден, ал дароо эле аткарылбайт. Экинчиден, басымдуу калк жүз берүүчү коркунучтан качып "балким эртең баары жакшы болот",-дешип, ишенимдүү үмүт менен жашашат. Бул чечим жарандарды жүз берүүчү кандайдыр өзгөрүүнү момундук менен кабыл алууга көп убакыт берет.

Мисалга алсак: Кандайдыр бир кен байлыкты иштетүү менен анын артында турган зыянды жашырып, "экономикага салымы жакшы"-деп ишендирүү.


5- Коомго жаш баладай мамиле кылуу  

Калың элге багытталган көптөгөн үгүттөөчү жыйындарда сүйлөөдө, алардын далили, каармандары, сөздөрү жана интонациясы мектеп окуучуларына же акыл-эси артта калган кем-акылдарга айтылып жаткандай. Угуучуну канчалык деңгээлде адаштырууну каалаган адам, ага ошончолук жаш балдарга багытталган сүйлөмдөрдү колдонушат. Эмнеге? Эгерде кимдир бирөө адамга 12 жаштагы балага жасагандай мамиле кылып, ага ошондой ой туудурса, анын да сын-пикирдик баалоосу 12 жаштагы бала сыяктуу мүнөздөлөт.

Мисалга: "Болуп жаткан көйгөйлөргө өзүңөр күнөөлүсүңөр же болбосо биз аракет кылып жатабыз силер жакшы адам эмессиңер"-деген сыяктуу.

 

6- Ой жүгүртүүгө караганда, эмоциялык таасирди алда канча баса белгилөө

 

Эмоцияга таасир берүү-көрүнүктүү ыкма. Ал адамдардын негиздеп талдоо жүргүзүүсүн тосмолойт. Анын натыйжасында, болуп жаткан окуяларга чукул ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгү жоголот. Дагы бир тарабынан, эмоционалдык ыкманы колдонуу сокур сезимге керектүү ойду, каалоону, коркунучту, чочулоону, аргасыздыкты жана туруктуу мүнөздү сиңиртүүчү эшикти ачууга шарт түзөт. 

 

7- Ортолукту жайылтуу менен адамдарды наадандыкта, билимсиздикте кармоо


Адамдарды өз ара чечимин, ыкмаларын түшүнүүгө жөндөмсүз кылуу, аларды башкаруу жана эркине багынтуу үчүн колдонулат. Калктын төмөнкү катмарынын билим сапатын начар деңгээлде, наадандыкта кармоо. Бул ыкма жогорку жактагылардын аралыгын бөлүп, төмөнкү катмарлардын алардын жеңе албай тургандыгын айгинелейт. 

 

8- Жарандарга ортолукта чоң кубаныч бар экендигин жайылтуу


Калктын катмарына кем-акыл, тарбиясыз жана уятсыз болуу жакшы экендигин жайылтып, адатка айлантуу.

 

9- Өз күнөөсүн сезүүнү күчөтүү


Адамдарды акылынын мүмкүнчүлүктөрүнө, билимсиздиги менен болгон күрөшүүнүн жетишсиздигине өз кайгыларына, кырсыктарына болгон аракетин жасаганына карабастан өзү гана күнөлүү экендигине ишендирүү. Натыйжада экономикалык системага каршы чыгуунун ордуна, адамдар өздөрүн күнөөлөө менен алек болушуп, көңүлсүз абалдан аракетсиздикке алып келет. Албетте, эч нерсе аракет кылбаган адамдарда көтөрүлүш тууралуу ой кайдан болмок эле.

Мисалга алсак: Мамлекеттин өнүкпөй калуусуна жарандар өздөрүн күнөөлүү сезүүсү.


10- Адамдар тууралуу, өзүнөн да көп билүү


Илимдин соңку 50 жылдык аралыгындагы өнүгүүсү, жөнөкөй адамдар тууралуу маалыматка ээ болгон башчылардын аларды колдонуусуна алып келди. Биология, нейробиология жана колдонмо психологиядагы система адамдар тууралуу маалыматты, физиология менен катар эле психология тармагында колдонуусу, алдыңкы катардан орун алды. Бул система адамдар тууралуу өзү кабардар болгондон тышкары да көп маалымат билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Системанын чоң бийликке ээ болгондугу, адамдарды жеке өзүнөн да жогорку деңгээлде башкара алуусу.

 

Орозайым Нарматова

ERKINDIK.RU/KG

 
16.07.2016 14:02

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0