«Кумтөр» биздин байлык, биздин нан, жана биздин эркиндик!

 Жыл сайын эс  алууга чыкканда Каркырага келем. Көргөндүн көөнүн көтөргөн Каркыра мен үчүн эч нерсеге алмашкыс жер. Каркырага келгенимде чарчаганым жоголуп, балалыгыма жолугам. Быйыл болуп көрбөгөндөй чарчапмын. Каркырага келсем дагы деле эсимден «Кумтөр» кетпейт. Эмне кылсам? Баары бир бул «Кумтөр» кыргызга өтүш керек. Эгер «Кумтөрдүн» кадырына жетпесек анда кыргызга убал жок. Алтын минип жашасак да жарыбаган эл бойдон калабыз.

 

Ойлорго батам. Мамлекет башчылар донор издеп дүйнөнү кыдырышат. «Өлкөгө инвестор алып келели», –  дешет. Мунун баары болбогон сөз. Чоңдор дүйнөнү өздөрү үчүн кыдырышат. Инвесторду да жеке пайдалары үчүн издешет. «Кыргызстанды оңдойм», – дегендер жок дебейм, бирок алар чанда кездешет. Андайларды көрсө коррупция мекенчил сезими үчүн, ал адамды куугунтуктап, жок кылып тынышат. Баардыгы жеке кызыкчылыктары үчүн жашайт жана күрөшүшөт. Андай эмес деп айтышсынчы. Эч ким айта албайт. «Кимде ким «Кумтөр» элге кызмат кылсын, ал кыргыз мамлекетинин ыйгарым укуктары менен иштетилсин», – десе мен ошол адамды гана мекенчил деп айта алам. Анткени, «Кумтөр» гана Кыргызстандын эгемендүүлүгүн  бекемдеп, дүйнөгө болгон материалдык көз карандылыгын жоготот. Качандыр бир кезде кыргыздын кийинки мууну «Кумтөрдү» уулагандарды, уурдагандарды ак-кара кылып ажыратып, анын коррупциясын түбү менен жок кыларына ишенем. Бирок ага чейин күн санап «Кумтөрдү» кыргыздын үлкөндөрү менен Канадалык мафия түбүнө жетип жатпайбы. Булар Кыргызстандын келечегин уурдап, тоноп бүтүп жатышат. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев фамилиялары эле башка болгону менен «Кумтөрдүн» айланасында алар ата-энеси бир болгон эгиздерден айырмасы жок. Кайсыл Президент «Кумтөрдү» кайра элге кайтарса, ал кыргыздардын чыныгы Президенти деп ойлойм.

 

Эгер биз жердин, суунун, байлыктын, элдин баркын билбесек кайдан өнүгөбүз? Өнүгүү жөнүндө ойлонбой деле койсок болот. Ээх… Турмуш! Эптеген жашоодон качан кутулабыз? Андыктан, мен гана эмес баардык кыргыз «Кумтөр» үчүн күрөшүшүбүз керек. «Кумтөр» биздин байлык, биздин нан жана биздин эркиндик. Кантип анан «Кумтөргө» кайдыгер карап олтурасың?

 

20-август, 2012-жыл,

Каркыра жайлоосу. Садыр Жапаров

17.08.2016 10:18

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0