Дүйнөдө белгилүү спорт оюндарынын тарыхы

Спорт адам баласынын ден соолугун чыңдоо үчүн оорубай бактылуу өмүр сүрүүгө арналган десек жаңылышпайбыз. Спорт– англис тилинен которгондо кандайдыр бир эрежелер менен уюштурулган “оюн-зоок, көңүл ачуу”-дегенди түшүндүрөт. Ал эми учурда спорт ар кандай түрлөргө бөлүнүп, аны менен бирге эле дүйнөлүк олимпиада оюндары да уюштурулуп келет. Дал ошол оюндардын тарыхын биз сиздер менен төмөндө бөлүшөбүз.

Футбол

  Футбол оюну биздин тилде foot-“бут” жана ball-“топ”-деп которулат. Аталган оюн командалык курамда ойнолот. Оюндун максаты каршы команданын дарбазасына топ тебип киргизүү жана дүйнөдөгү эң популярдуу спорт оюну болуп эсептелет. Ал эми оюнчулар эки командага бөлүнүп топту атайын дарбазага тээп киргизүү менен бирин бири жеңип алууга умтулат. Ошондой эле топ тебүү бүткүл дененин, өзгөчө буттун булчуңдарынын өсүшүнө жардам берет. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасын чыңдайт. Мындан сырткары адамды эрктүүлүккө, шамдагайлыкка, чыдамдуулукка тарбиялайт.

·  Футболдук биринчи мелдеш 1872-жылы өткөн.

· 1930-жылдан баштап дүйнө биринчилиги өткөзүлүп келет. Ал мелдеш Уругвайда болгон.

· Эл аралык ФИФА-федерациясы 1904-жылы негизделген.

Баскетбол    

 Баскетбол оюну дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна тараган спорт оюндарынын бири десек жаңылышпайбыз. Ал англисчеден бизче которгондо "basket" - себет, "ball" - топ -дегенди түшүндүрөт. Бул оюн дүйнөнүн бардык тарабында өзгөчө популярдуулукка ээ болгондуктан, бардыгы аны дүйнөлүк спорт катары эсептешет.  

1861-жылы төрөлгөн Канадалык доктор Джеймс Найсмит 1891-жылы декабрь айында өзү түзүп чыккан оюнду өткөрөт.  Баскетбол оюну көпчүлүк элди кызыктырып кийинчерээк өзгөчө популярдуулукка ээ болот.

1936-жылы олимпиада оюндарынын катарына кабыл алынып, Берлинде ойнолгон. 

 Теннис


    Бул оюн топту ракетка менен атайын тартылган тордон ашыра уруп жана экинчи адам аны тосуп алуу менен ойнолот. Азыркы мезгилде бул спорттун эки түрү белгилүү: чоң теннис жана стол үстүндөгү теннис.


Таасири: Теннис ар кандай кыймылдарга бай келип, тез кыймыл-аракетти, көрөгөчтүктү, чыдамкайлыкты, тактыкты өөрчүтөт. Теннис ойногондор ракетка менен топту урууда көбүнчө бир колу иштегендиктен, спортсмендин кол булчуңдарынын бирдей эмес өсүүсүнө алып келет. Андыктан дененин ар тараптан бирдей өсүүсү үчүн теннис менен машыккандар жалпы дене көнүгүүлөрүн жана спорттун башка түрлөрү (жеңил атлетика, кышкы жана жайкы спорттун түрлөрү) боюнча да машыгуулары керек. Теннис ойноого балдарды 7—9 жашынан үйрөтсө болот. Теннис оюну адамды өтө чарчатпастан, көңүлдү көтөрүп, активдүү эс алуунун камсыздайт. Айрыкча стол үстүндөгү теннистин оңой жабдылышы, оюндун тез өздөштүрүлүшү бардык жаштагы адамдардын ойноосуна мүмкүчүлүк берет.

Шахмат

    Шахмат эки оюнчу арасында ойнолгон 64 клеткалуу доскадагы логикалык оюн жана спорттун бир түрү. Тарыхы 1 500 миң жылдан кем эмес шахмат оюну, болжол менен байыркы Индияда пайда болгон. Аталашы Персия тилинен алынып “Шах өлдү”-дегенди түшүндүрөт.

Хоккей

Хоккей командалык спорт оюну.

Түрлөрү: Хоккейдин үч түрү бар бири музда шайба менен экинчиси топ менен жана чөптө ойноого мүмкүн.  Биздин өлкөдө негизинен хоккей шайба жана топ менен ойнолот. Хоккейде оюнчу конькиде тез жана жеңил кыймылдагандыктан башка спорт оюндарына караганда оюндун ылдамдыгы жогору. Ошондуктан оюнчулар тез-тез алмашып турат жана аны менен көбүнчө жаш жигиттер ойнойт. Хоккей ойноп жатканда оюнчулар бири-бирине урунуп, жыгылуу, клюшка, шайба же топ тийүүдөн кырсыкка учурашы мүмкүн. Кырсыктын алдын алуу үчүн коргоочу шлем, беткеп, тизеге кийгич менен сактанышат.

Волейбол

Волейбол англисчеден бизче которгондо  valley-«учуп уруу»  жана  ball-«топ»-дегенди түшүндүрөт.

Волейбол оюнун Уильям Дж. Морган ойлоп тапкан. Морган 1895-жылы машыгуучу залда тенистин сеткасын197см. бийиктикке илип анда окуучулары бири- бирине баскетболдун камерасын ыргытып ойношкон. Аталган оюнду Морган “минтонет” деп атаган. Кийинчерээк Альфред Т.Хальстеддин сунушу боюнча жаңы аты “волейбол” теп аталып калган.

· Олимпиада оюндарында-1964-жылдан бери ойнолуп келет.

· 1948-жылдан бери Европа чемпиондугу өткөрүлүп баштаса 1949-жылдан бери дүйнө чемпиондугу өткөрүлүп келет.

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

 

 

13.09.2016 20:18

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0