Өзгө өлкөдө өгөйлөнгөн, качкындар жашоосу

БУУнун бүгүнкү күндөгү маалыматы боюнча, 65 миллиондон ашык адам аргасыздан мигрант статусуна ээ. Качкындар жашоо шартындагы кыйынчылыктан улам мигрант болуп жүрсө, алардын басымдуу бөлүгү куралдуу кагылышуулардан кийин жана табийгый кырсыктардан улам өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

Эл аралык уюмдун буйуртмасы боюнча, фотожурналист Мьюс Мохаммед  үчүнчү дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жашоосун  сүрөттөр менен баяндайт.

Атаи алты кызы менен Нигериянын түндүк чыгышында жайгашкан качкындардын шаары Майдугуриде турат.  Эки жыл мурда  алардын шаарына  ИМдин “Боко харам”дагы террористер уюму  кол салып, Атаинин жолдошун өлтүрүп, тун кызын кулчулукка алып кетишкен.

Майдугуридеги ошол эле лагерь жана ошондой эле окуя. “Боко харам” көп балалуу үй-бүлөнүнүн бейпил жашоосун талкалаган. Балдарга чоң энеси кам көрөт, ал эми ата-энеси каргашалуу окуяда көз жумушкан.

Түштүк Судан. БУУнун Малакаладагы базасы. 2013-жылы Анжело өз шаарындагы этникалык кагылыштан улам үй-бүлөсүн алып чыгып кеткен. Үй-булө эки жылга жакын чатырда жашап, бирок, улуттук кагылышуу кайрадан от алып, чатырлар күйүп жок болгон. Анжело эми жүк ташуучу унаанын астында уктайт.

Мустафанын үй-бүлөсү асмандан алгачкы бомбалар жаап баштаганда эле Алеппону таштап чыгып кетишкен. Андан бери суусуз жана электр жарыгысыз Түркиянын чет жакасында жайгашкан Шанлыурфа шаарындагы жылкыканада жашап келишет.

Аз да болсо мүмкүнчүлүгү бар болгон, Кобани шаарынан келген сириялыктар ошол эле Шанлыурфада 200 долларга ижарага үй алып күн кечиришет.

Камбоджалык Румкун кызы жана 3 небереси менен баласы тургузган алачыкта жашайт. Бир нече жыл мурда үй-бүлө айлык акы алар турган жерден бир топко жогору төлөнгөн, Таиландка көчүп кетүүнү пландашкан. Бирок, тилекке каршы чек арадан Румкунун баласы гана өтүп, калган үй-бүлө калып калган. 

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

19.01.2017 14:48

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0