Жаш активисттер Кумтөрдү иштеткендерден 3,5 миллиард айыпка жыгуу, жакшы демилге экендигин билдиришет.

Соңку учурларда журт ичинде көйгөй көбөйүп, кайгы-капа менен олтурган элдин чечилбеген масалелерин чечүүнүн камын көргөндөр жокко эсе. Ошондой учурда элге пайда алып келүүчү демилге көтөрүп, Садыр Жапаров кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн "Кылым аферасы" деп аталган Кумтөрдүн, баардык иш кагаздарын даярдап, эл аралык соттордо иш алып барган юридикалык мекемени жалдап, келишим түзүп, "Камеко", "Сиабеко", "Центерра голд" компанияларын биздин өлкөбүзгө коррупциялык жолдор менен зыян келтиришкендиктери үчүн Кыргыз мамлекетине үч жарым миллиард доллар төлөп берүүлөрүн талап кылып, эл аралык сотко берүү үчүн  элге кайрылды. Ал эми бул демилге тууралуу жана сыртта жүргөн саясатчылардын орду боюнча жаш активисттер оюн билдирет.

 

Азаттыктын "Бозгундагы саясатчылардын дымагы"-деген темадагы макаласы боюнча учурда сыртта жүргөн саясатчылардын Кыргызстандагы катарлаштары аларды өз таасирин эбак жоготкон"-деп комментарий беришти. Ал эми сиз жаш саясатчылар арасында өзүңүздүн пикриңизди айкын айтып, соц тармактагы коомчулуктун оюн билип келесиз. Мелис Мырзакматов менен Садыр Жапаровтун орду коомчулук арасында таасири соолудубу?

 

Мавлян Аскарбеков-“Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү:

-Алардын эл арасында таасири бар жогу маанилүү эмес. “Эртең мекенге кайтып, чындап күрөшсө эл баалайт”- деп ойлойм.

Акбалык Жумалиева-коомдук активист:

-Негизи "бозгундагы саясатчылар"-деп атоонун өзү туура эмес. Ал эки саясатчы бийликтин өз оппоненттеринен кутулуу үчүн жүргүзгөн сасык саясатынын саясий куугунтугуна кабылышты. Бирок, аларды “өз таасирин жоготту”-деп ойлосо терең жаңылышат. Эл ал саясатчыларды мурдагыдан да күчтүүрөөк күтүп жатышат. Себеби, азыркы саясатчылардан эч жакшы, алгылыктуу нерсе күтүүгө болбой турганын жана өлкөнү, эл жерин сүйгөн, чыныгы патриот инсандар гана бул тунгуюктан чыгарып кетээрин жана ал сапаттар дал ошол Мырзакматов жана Жапаровдо бар экендигин эл толук кандуу билип бүттү.

Адил Турдукулов жаш саясатчы:

-Мен бул ойго кошулам, алардын мурдагы чоң аброю соолуп баратат.. Экөө тең Кыргызстандан кетпей эле койсо болмок. Өлкө ичинде күрөш жүргүзүш керек эле, чет жактагы баатыр боло бербей.

 

Изиля Макеева-АКШдагы “Мекенчил” мигранттар уюмунун төрайымы:

-Азаттыктын жогоруда аталган макаласын окудум. Анда Садыр Жапаров өзү социалдык тармактардан группаларды ачып, тарапташтарды тарткан саясатчы-деп жазыптыр. Негизинен Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматов социалдык баракчалардагы адамдар эле эмес, азыркы саясатчыларга караганда элдин басымдуу бөлүгү аларды колдойт экендигин эл кыдырып сурамжылоо жүргүзсө белгилүү болот. Мен айтаар элем парламенттик шайлоодо талтайып туруп, кийин кеме чөгүп баратканда эл тарабына өтүп калган айрым саясатчыларга караганда, эл астында принцибинен тайбагандыгы үчүн алардын кадыр-баркы соолумак турсун өсүп бара жатат десем жаңылышпаймын. Ал эми Садыр Жапаров бозгундагы саясатчы эмес эле инисин даарылатуу үчүн сыртка чыгып жатканда мамлекеттик органдардан уруксат алып чыгып кеткендиги тууралуу аныктамаларынан бери жарялады жана жөн жүрүп албастан Кумтөр масалесин чечүү үчүн кармалып калгандыгын билдирди.

 

Садыр Жапаровтун соңку кайрылуусунда “Кумтөр масалесин кайрадан көтөрүп, Кыргызстанга 3,5 миллиард айып пул жыгып алабыз”- деди. Бул масаледе карапайым эл жада калса бийлик кошо колдоосу керектигин билдирди. Бул боюнча сиздин оюнуз?

 

Мавлян Аскарбеков:

Атамбаев Кумтөрдү алабыз, элге иштетебиз дегенине 7 жыл болду. Карапайым эл оозду көптүрүп айткан убадаларга ишенбей калды. Кумтөрдү 3.5 млрд. доллар айыпка жыгып, акча чындап казынага түшсө эл ишенет, антпесе шайлоодо айтылган жалган убадалардан кийин мындай сөзгө эч ким маани бербейт  го.

 

Акбалык Жумалиева:

Азыркы учурда элдин оюн бийлик талашкан саясатчылардын интригалары ээлеп алып, "Кумтөр"-деген маанилүү маселеге көңүл бурулбай жаткандыгы өкүндүрөт. Бул маселени “мен Кыргызстандыкмын”- деген ар бир инсан колдоосу керек. Бирок, маселе кайра-кайра кайталана берип, алгылыктуу чечилген маселе жок болгон үчүн эл маани бербей жатышы мумкун. Маселени кабыргасынан коюп, ар бир жаранга жеткиликтуу кылып тушундуруу керек деп ойлойм.

Адил Турдукулов:

-Бул албетте жакшы демилге. Аны колдош керек!

Изиля Макеева:

-Кумтөрдү ойлогондо “мен чын эле элибизди алтын тебелеген жарды эл”- деп элестетем. Президентибиз Атамбаев өзү “өлкөдөн миң тонна алтын кетти”- деп жатат. Кыргызстанга пайдасы тийгенин көрбөдүк. Көйгөйдү эле айта бербестен чечимин ойлоп таап элди ойлогон Садыр Жапаровко ырахмат айтып, кош колдоп колдошубуз керек. Мен айтаар элем саясатчыларга “ Өзүңөрдүн амбицияңарды коюп, маанилүү масале козголгондо колдоо көрсөтүп койгула, эл үчүн”!

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

04.02.2017 21:25

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 4