"Мен макул эмесмин" элдик кыймылынын 7 талабы

2017-жылда өткөн президенттик шайлоодо 11 талапкер катышып, анда Сооронбай Жээнбеков биринчиликти алса, экинчи орунду Өмүрбек Бабанов багындырганы менен Адахан Мадумаров көрнөк жарнаксыз жана акча менен үгүт иштерин жүргүзбөй үчүнчүгө жеткен. 

Шайлоонун жыйынтыгынан кийин Адахан Мадумаров өз сөзүндө "Улуттук масштабдагы бир саясий партиянын түзүлүшүнө баш отум менен киришем. Муну биз түзүшүбүз керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы, болуш керек. Баягыдай аймактык, шаардык, кокту-колоттук, облустук партиялардын баары түп тамыры менен жоюлушу керек. Эки гана күч калат. Бүгүнкү көчтү улай турган күч. Ал көчтүн башында, билесиңер, Жээнбеков отурат, 1-декабрда төө калат, төө үстүндөгү киши алмашат, кете берет ошо бойдон. А биз ошол көчкө карама-каршылык көрсөтө турган, кыргыздын башка да көчү, баалуулуктары бар дегендей, өзүбүздүн көчтү тандап ала тургандай бир күчтү түзүшүбүз керек"-деп билдирип мындан кийин жаңы күрөш башталаарын жана ошондой эле жалпы мыйзамсыз иштерге каршы "Мен макул эмесмин" кыйымылын түзүп, жалпы макул эмес жаранадрды катарына чакырып, биргеликте мыйзам жолунда күрөшөөрүн белгилеген. 

Кыймылдын эң негизги талаптары:

1-2017-жылдын 15-октябрында болуп өткөн КР Президентинин шайлоосунун жыйынтыгына;

2-Биздин жарандык добуш берүүдөгү укугубуздун тебеленишине;

3-Түбөлүктүү кыргыз мөңгүлөрүнүн жана кен байлыктарынын талкаланышына;

4-Кыргыз мүнөзүнө, тарыхына, кызыкчылыгына каршы келген Конституциясына;

5- Ушул көрүнүштөргө жол берген КР Жогорку Кеңешинин курамына;

6-Саясий куугунтуктоолорго, сөз эркиндигине жасалган басымдарга жана сот бийлигинин адилетсиз чечимдерине;

7-Бизнестин жана криминалдын саясатка аралашуусуна.

Учурда "Мен макул эмесмин" элдик кыйымылынын Орусиядагы башкы калаасы Москва шаарындагы төрагасы Калдарбек Омкеев "аталган кыймылга көптөгөн коомдук бирикмелер, уюмдар, кыймылдар жана миңдеген жарандар келип кошулуп, учурда бир айлык топтолгон колдордун санын эсептеп жатабыз"-деп билдирди.

Бийликтен массалык түрдө куугунтук көргөн "Мекенчил" партиясынын мүчөсү 2017-жылы,  25-мартта Садыр Жапаровдун акциясын колдоп, аны тосуп алууга барган колдоочусу Назгүл Эшеналиева да 2 күнгө камалып чыккандыгын айтып, өлкөдөгү мыйзамсыз иштерге жана саясий куугунтуктарга макул эмес экендигин жарандык активист катары билдирип келет. 

Эшеналиева "Мен Кыргызстандагы кайдыгер эмес жаран катары өзүмдүн башымдан өткөргөн мыйзамсыз иштерге макул эмес экендигимди билдирип келем. Соңку эки жыл аралыгында саясий куугунтуктар күчөп, жөнөкөй карапайым колдоочулар жана бийликтин туура эмес иштерин айткан оппозициялык партия мүчөлөрүнө чейин камалды. Дал ушул эң көйгөйлүү масалелер менен чет өлкөлөргө чыгып кеткен жарандарыбыз дагы макул эмес экендигне күбө болуудамын. Буга мисалы Орусияда каттуу колдоого алынып, учурда массалык түрдө кол чогултулууда аны менен бирге Казакстандын чоң шаарларында, Туркия жана Түштүк Кореяда да аталган демилге боюнча кол чогултулуп баштаган. Мен бул демилге менен элибиздин жаркын келечегин түзүп, басмырлоо, куугунтуктоо жана жарандардын укугун тебелөө токтотулушуна тилектеш катары маалымат катчы болуп, өз аракеттерим менен салым кошуудамын"-деп белгилейт.

 

10.01.2018 22:54

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0