Өзү уурдабаган, өзгөнү уурдатпаган кыргыздын Ли Куан Юсу ким болот?

Мыйзам жана тартипти туу туткан Ли Куан Ю катардагы жакыр бир аралча болгон  Сингапурду АКШдан кем эмес "дүйнөдөгү гүлдөп өнүккөн мамлекетке айландырган инсан"- деп тааныйбыз. Ооба, ал жөн инсан эмес эле, ал тууралуу эчендеген китептер жазылып, көптөгөн өлкө башчылар үлгү катары айтып келишет.

Линин бүтүндөй бир мамлекетти өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу үчүн эң алгачкы кадамдарынын бири; паракорчулукту, уурулукту жок кылуу менен улуу максаты ишке ашып, элине жаркын келечекти тартуулады. Ал адилеттүүлүктүн алдында ууру досторун да аяган жок, анткени, элинин эртеңкисин баарынан бийик койгон.

Ал эми Кыргызстандын учурдагы абалына назар сала турган болсок айтып, жазып бүткүс көйгөйү көп. Сингапурдун Ли Куан Юсундай лидерлерге бай өлкө болгонубузга карабай бийликти чөө топтор басып, “саздан чыгалы”-дегендерин камап, “Өзүм уурдабайм, башканы да уурдатпайм”-деген азаматтарды жамандап бүтпөй дастан кылышты.

Биз мамлекетти мыкты долбоорлор, мыкты мыйзамдар эмес Ли Куан Юдай напсисин тыйган мыкты инсан гана саздан чыгарып, байгер өлкөлөр катарына кошоорун кашкайган чындык экендигин билдик.

Өлкөдө улуу реформа жасай ала турган мыктыларды бийликтин тап душманы катарында терип жок кылып бүтө алышпай убара. Алардын “Бакиевдин доорунда иштеген”-деп айып койгондон башка кынтык таба алышпайт. Кандай кеп жазган менен деле бийликтин кара жашик, сайт, гезиттери Садыр Жапаровдун  “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебинде  Алмазбек Атамбаевге Бакиев «Данакер» орденин берип, алдап- соолап кутулду. Ошол орденди алып жатканда көзүн жашылдантып, «Курманбек Салиевич, Сиз асыл адам экенсиз, мен сизди билбей жүрүптүрмүн. Далай нервиңизге тийиптирмин. Бардык кылганым үчүн кечирим сурайм» деп айтканы жазылганын түк чыгарышпайт.

Акаев, Бакиев, Атамбаев убагында кызматтан колу бошобогон бир туугандар кланы бийликке келсе да алардын кимдин доорунда, кайсы музыкага бийлеп, канчалаган кызматтарда былк этпей олтургандыктары тууралуу да кеп козголбойт ,анткени,таза саясатчылар бийликке келип, уурулардын колун кыркып койуусунан коркушат.

 

Кыргызстанга бекем, темирдей тартип орноткон Адахан Мадумаров сыяктуу мамлекеттен өзү уурдабаган өзгөнү уурдатпагандар, Садыр Жапаров сыяктуу мыкты реформаларды жасай турган лидерлер керек экендигин жүз миңдеген эл айтып, жазып, колдоп келишет. Ал эми бийликтин кара жашик, сайт, гезиттериндеги каралоолорго эл өзү чекит койоору бышык.

Эркиндик

 

20.02.2018 15:39

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 5