"Адахан Мадумаровдун туугандары менен мамилеси начар"-дегендерге жээни жооп берди
Эркиндик сайты көптөгөн тыныгуулардан улам « EMU STAR » студиясынын негиздөөчүсү жана ошондой эле  эл оозуна алынып калган эстрада ырчысы КG Элмураттан саясат маселесинде жана жаңы долбоорлору боюнча маек алды. 
 
-Эркиндик: Москва шаарына кош келиптирсиз! Алгач эле сапарыңыз жана өзүңүз тууралуу баяндап берсеңиз? 
 
- КG Элмурат: Биринчиден рахмат! Кудайга шүгүр! Москва жергеси менен эле чектелген жокпуз, буга чейин Новосибирск, Красноярск шаарындагы кыргыз мекендештерибиздин бир аз болсо дагы ырга болгон сагынуусун жазып, концерт берип келдик. Москва калаасына да чакыруу болуп бул жака келип калдык. Негизи Кыргыз шоу дүйнөсүндө көптөгөн жылдардан бери тагыраагы (13 жылдан бери) аралашып жүргөндүктөн Москва шаарына жыл сайын келип турам,  Акыркы 3 жылдын тегерегинде келе элек элем. Үй-бүлөлүүмүн, бир уул бир кыздын атасымын. Учурда “ EMU STAR “ музыкалык студиябызды ачканбыз. 
 
- Эркиндик: Орусияга бир нече ирет гастролдоп келиптирсиз,  ошол сапарда мекендештердин жашоосун көрүп калдыңыз ушул тууралуу кандай пикир билдире аласыз?
 
-КG Элмурат: Бул жактагы мекендештердин жашоосун өзүм кызыгып барып көрдүм, жеке ырчы катары барып сынап эмес,  кыргыз жараны катары барып "алар кандай турмуш кечирип жатышат, кандай жумуш менен алек " - жеке кызыкчылыгым үчүн барып көрдүм. Чындыгында, абалы оор жактары да бар экен, көпчүлүк болуп жашашат. 2010 -жылдарга салыштырмалуу азыр кыйла жакшы, бирок , "өтө жакшы жашашат" деп сыймыктанганга болбойт. Албетте, өзүбүздө иштешсе , бала-чакасынын кашында, ата-энесинин алдында болуп эмгектенгенге эмне жетсин. Тиричиликтин айынан, жумушсуздуктун айынан келип жаткандыгынан аларды туура түшүнсөк болот. Баардык мекендештерге чындыгында раxмат, бөтөн жер өз үйүң, өлөң төшөгүң эмес. Кудай буйруса биздин мамлекет да өнүгүп жакшы өнүккөн мамлекеттердин катарына кирип калар деп үмүт кылып туралы. 
 
- Эркиндик: Адахан Кимсанбаевичтин жээни экендигиңиз тууралуу угуп калдык. "Ал кишинин туугандары менен мамилеси жакшы эмес " - деп жазып калышат хейтерлер. Ошол тууралуу маалымат берсениз?  
 
-КG Элмурат: Мен деле Адаxан Кимсанбаевичтин тууганы катарында эмес , калдайган кыргыз элинин колдоочуларындай фанат болгон колдоочуларынын катарындамын десем жаңылышпаймын. Жакшы кеңештерин угуп, жакшы сапатын үйрөнгөнгө аракет кылам. Ал кишидей болуп өтө акылдуу , билимдүү болбосок дагы ошол кишини ээрчигенге аракет кылабыз. Ал кишинин баскан кадамынын артынан бассак жаман адам болбойбуз. "Адаxан Кимсанбаевичтин туугандары менен мамилеси жакшы эмес" деген сөзгө кошула албайм, кимде ким ошондой сөздөрдү чыгарган болсо,  бул туура эмес маалымат. Туугандарына абдан күйүмдүү , тууганчылык мамилеге өтө бекем. Баарына жакшы мамиле жасап карындаштары болобу , инилери , эжелери болобу баарына сый мамиледе. Бир жерге жайгаштырып, көтөрүп койуп деген максатта эмес, тууганчылык бул тууганчылык орду менен. Мамлекеттик жумуштарга аралаштырбайт. Өзүңдүн күчүң, эмгегиң менен ийгиликке жетишиң керек деген принципте. Мен өзүмдү мисал келтире алам, биз 2005- жылдары ырдап чыгып баштаганда , чоң иштерде олтурду, Вице-премьерден баштап мамлекеттик катчы жогорку кеңештин төрагасы болду, коопсуздук катчысы болду бирок бул кишинин мага жардамы болгон жок. Мен башка белгилүү ырчылардан да уктум " колдоо көрсөтүп жүрчү " - деп. Чындыгында мен да капа болуп жүрчүмүн " бир тууган тайкем болсо мага эмнеге жардам бербейт" - деп. Көп деле убакыт өткөн жок , жакында эле өзүнө жолугуп тескерисинче терең ыраазычылыгымды билдирдим,  себеби мага чоң мектеп болуптур, эгерде ошол убакта мага жардам берип көтөрсө мен азыр балким бул күндөрдү көрбөсөм керек. Чыныгы эмгектин эмне экенин билбей калмак экенмин. Мен ал кишидей өзүмө-өзүм принцип коюп максатыма жеткенге үйрөнүп, ушул денгээлге жеттим Кудайга шүгүр. Бул кишилер 20 жыл алдын ала көрө билишет да, ошол сапаттарына, көрсөткөн жолдоруна мен учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. "Туугандар менен катташпайт" - деген сөздөр жалган деп айта алам. 
 
-Эркиндик: Маданият өкүлдөрү элди тарбиялайт эмеспи. Азыр илгерки Алыкулдай акын, Чыңгыздай жазуучу, Ырыспайдай ырчыдай топ жаргандар барбы?
 
-КG Элмурат: Тилеке каршы, бизде өтө аз, саналуу гана адам бар. Ачык сөздө уят болбойт , баары акчанын артынан ээрчип кеткен. Мени Адаxан Мадумаровдун тууганы болгону үчүн ушунтип сүйлөп жатат деп ойлошу мүмкүн , бирок андай эмес мен инсандык жеке ойумду айтышым керек. Чыгармачылык чөйрөдө саясатка анча деле кызыгышпайт, саясат өзүнчө биз өзүнчө дешип, макул өзүнчө бол бирок сен деле Кыргызстанда жашап жатасын да , Кыргызстандын өкүлүсүң, бала чакаң төрөлүп жатат , эртеңки келечеги бар. Аларды ойлобогон бүгүнкү күндүн кызыкчылыгы менен жашаган адамдар көп. Эгер ошол маданият чөйрөсүндөгүлөр дагы элим үчүн деп күйүп-бышып ойлонсо. Эгер ошол адам маданият өкүлү болсо , ошол маданият менен чектелип калган болбойт, чектелген адам көпкө барбайт. Эми ушул чөйрөдөгу адамдар да топтолуп жакшы коомдук иш чараларга катышып жүргөн болсо бул абдан жакшы көрүнүш болмок,  бирок тилекке каршы андай эмес. Акчасын берсе ырдап кое беребиз, ал мамлекеттик башкарууга бараткан адам кандай адам эч кандай айырмасы жок.
 
-Эркиндик: Акындар менен иштешесизби?
 
-КG Элмурат: Менде ырлар толтура, үй-бүлөөлүү болгондон кийин чыгармачылык биринчи орунда болбой калат экен, негизгиси үй-бүлөө керек , үй-бүлөөнүн камын көрүп дегендей, азыр болсо жаңы ырлар жазылды, тарбиялуу мааниде үй-бүлөөнү , ата-энени, мекенди даңазалаган, мурун ырларды сүйүү менен гана чектелип ырдап жүрүптүрбүз, азыр сөздөрүнүн маанисине басым жасап маанисине көңүл буруп калдык. Сөздөрүн жаздыртканда акындар менен иштешип калдык. 
 
-Эркиндик: Адаxан Мадумаровдун калемине таандык " Балапан " ырын ырдап чыгышкан, сиз тууганчылык кылып, дагы башка ырларын алып ырдап чыгуу планыңызда барбы ?
 
-КG Элмурат: Бар, негизи абдан көп ырлары бар. "Бүтүн Кыргызстан" - деген ырын концертте программаны ошол ыр менен жапсак деп суранганбыз, ал ырды биринчи өзүнө угузуп анан ырдап чыкканбыз "эл алдына алып чыга бергиле " - деген, бирок , ал ыры мурун опера түрүндө ырдалып чыккандыктан, биз жаштардын табитинде, патриоттук ыр кылып ырдап чыкканбыз. Жакында бул ырга клип тартууну ойлоп жатабыз. Жакында, буйруса, дагы башка жаңы ырларды күтсөңүздөр болот. 
 
-Эркиндик: Адаxан Кимсанбаевичтин тууганы болгондугуңуз үчүн сизге тоскоолдуктар болобу? 
 
-КG Элмурат: Болуп жаткандай сезилет , бирок , мен  айткым келбейт, баардык нерсе Аллаxтан болот, Аллаx мандайыбызга жазып койгон болсо, ага эч нерсе тоскоолдук кылбайт. Биз колдон келген аракетибизди жумшап иштеп жатабыз. Буйруса, баары жакшы болот деген ойдомун. 
Учурдан пайдаланып Эркиндик сайтына чоң ыраазычылык билдирем, бизди мекендештер менен ортобузда көпүрө болуп байланыштырып жатканыңар үчүн. Ютуб каналыңарда, катталуучуңар көбөйө берсин, кызыктуу маалыматтарды элге ар дайым жеткирип тура бериңиздер.
 
Эркиндик
Назира Алибекова
06.01.2019 04:54

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0