"Мекенчил" күчтөрдүн кыргыз мамлекетин туташ кризистен чыгарып кетүү долбоору

Кыргызстандын баардык «Мекенчил» күчтөрү тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик өнүгүү стратегиясы жана баш мыйзамга алтернативдуу варианты.
Эл журт! Ушул вариантты колдогула!
Эч бир бийлик тарабынан эмес, эл тарабынан, «Мекенчилдер» тарабынан иштелип чыккан вариант. Элдин, жалпы мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн!

«Мекенчил» күчтөрдүн кыргыз мамлекетин туташ кризистен чыгарып кетүү ПРОГРАММАСЫ

(Негизги жоболор )

Кыргыз Республикасы көз карандысыздык алган учурдан берки 25 жыл аралыгында жыйынтыктарды чыгарууга, жетишкендиктерди жана жаңылыштыктарды аныктап, натыйжаларды баалоого, жетишилген натыйжалардын жана бардык терс көрүнүштөрдүн себептерин белгилөөгө жетишээрлик мезгил болуп саналат.

Бирок, тилекке каршы, эгемендүүлүк жылдары өз элинин үстүнөн болгон бүтүндөй эксперименттердин мезгили болуп, саясий тутум сыяктуу эле экономикалык жана финансылык тутумда да элге, мамлекетке каршы реформалар жүргүзүлдү. Өлкөнүн Баш мыйзамына мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен биз мамлекеттик башкаруунун бардык моделдерин-президенттик, аралаш жана акыр аягында парламенттик модель деп аталган моделин пайдаланып көрдүк.

​Өткөн жылдар мамлекеттик деңгээлдеги массалык рейдерликтин жана мародерлуктун, агрардык секторду, өнөр жай ишканаларын жана бүтүндөй экономиканы талкалоонун мезгили болуп калды. Биз билим берүү жана тарбиялоо тутумун бүлдүрдүк, элдин негизин түзгөн руханий адеп-ахлабдык мамилелер толугу менен кээрине кетти. Тышкы саясаттагы утулуштар республиканын туруксуз өнүгүшүүнүн себептери болуп калды. Кыргызстандын улуу жана эркин эли эки ирет аргасыз чараларга барып, бийликти конституциялык эмес, революциялык жол менен алмаштырды. Бирок, эки ирет тең эл бийликке келген, элге берген убадасын аткарбаган саясий элита тарабынан алданып калып жатты.

Бийликтин адекваттуу эместиги, жоопкерсиздиги жана кесипкөй эместиги, өлкөнү өнүктүрүүнүн так жана ойлонулган программасынын жоктугу, коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалдын кескин төмөндөөсү, республикада элдин жыргалчылыгынын төмөндөөсү бардык кайдыгер карап турбагандарды биригүүгө мажбурлап, конкреттүү чараларды жана түзүлгөн кризистик тутумдан кутулуунун механизмин иштеп чыгууну талап кылат.

​Акыйкатты айтуунун учуру келди жана “Мекенчил” күчтөр мамлекеттик, коомдук түзүлүштү турукташтыруу жана республиканы алга өнүктүрүү боюнча конкреттүү Программаны сунуш кылат.

«Ким себептерди билсе, ал аны чечүүнүн жолдорун да билет»

Коомдун жана мамлекеттик жашоонун акыркы жылдары республикада болуп өткөн саясий, экономикалык жана башка процесстерди талдап көрүп, алдыга арымдай алган, коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөсүндө натыйжалуу жыйынтыктарга жетишкен чет мамлекеттердин тажрыйбасын иликтеп көрүп, ошондой эле илимде жана практикада жетишкен саясий, экономикалык, технологиялык заманбап тенденцияларды үйрөнүп “Мекенчил” күчтөр республикадагы кырдаалды оңдоо боюнча төмөнкүдөй конкреттүү чараларды сунуш кылат.

1.КООМДО КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН МАКСАТЫ ЖАНА

ИДЕОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ

Кыргыз Республикасы көзкарандысыздык алган учурдан тартып саясий элита демократиялык мамлекеттин негиздерин куруунун абстракттуу идеяларынан башка мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн так жана конкреттүү максаттарын алдыга коё алган жок. Бийлик максаттар менен каражаттарды чаташтырып, мамлекетти өнүктүрүүнүн максаты катары эл чарбасынын ар кандай тармактарын (өнөр жай, энергетика, айыл чарбасы, тоо өнөр жайы, туризм ж.б.) өнүктүрүүнү сунуш кылды.

“Мекенчил” күчтөр элге так, даана багыт берүү, улуттук идеология тартуулап, элибизди улут катары бириктирүүнү баштоонун зарылдыгын белгилейт. Өнүгүүнүн так жана айкын программасы жана максаттары болушу зарыл. Биз кайда баратабыз? Эртең, бир жылдан же беш жыл, 10 жылдан кийин алдыда эмнелер күтөт, ошону ар бир жаран билиши керек ж.б. Коомдук аң-сезимди адилеттик, айкөлдүк, биримдүүлүк жана улутмандык (мекенчилдик) сыяктуу салттуу баалуулуктар менен айкалыштыруу керек. Мамлекеттин жана коомдун жашоо турмушунун бардык чөйрөлөрүндө тең руханий–адеп-ахлактык тарбия жана билим берүү башында турушу керек. Адекваттуу кесипкөйлөрдөн — өз элин сүйгөн улутмандардан турган, өнүгүүнүн жолдорун жана ыкмаларын билген, эл алдында берилген убадаларды турмушка ашыра билген – жаңы, жаш кадрлардан турган команда керек. Бул команда мамлекеттик башкаруунун моделин жана жүрүм-турумун түп тамырынан бери табигый түрдө алмаштырышы керек. Жаңы команда мобилдүү, бүтүндөй сутка бою иштеп жана кыска мөөнөттө экономикалык жана финансылык кайра түзүүлөрдү жүргүзүшү зарыл.

“Мекенчил” күчтөр кыргыз мамлекетин жана коомун өнүктүрүүнүн конкреттүү максаттарын сунуш кылабыз. Башкы максат – коом турмушунун жана ар бир өзүнчө личностун жогорку сапаты менен руханий – адеп-ахлактык жана адилет кайра куруулары аркылуу дүйнөлүк цивилизациядан татыктуу ордубузду алышыбыз керек.

Өнүгүүнүн максаттары төмөнкүлөр болушу керек:

— руханий булактарды жана кыргыз элинин мурастарын сактоо жана өнүктүрүү;

— кыргыз улутунун жалпылыгын (иденттүүлүгүн) сактоо жана өнүктүрүү;

— Кыргызстан Элин түзгөн бардык улуттардын жана элдердин биримдигине, бөлүнбөстүгүнө жана ынтымагына жетишүү;

— республиканын аймактык бүтүндүгү жана коопсуздугу, саясий жана социалдык туруктуулук;

— адеп-ахлактуу жана адилет коом;

— мамлекеттин экономикалык жактан гүлдөп өнүгүшү, коом турмушунун жогорку сапаты, социалдык топтордун жана өзүнчө инсандардын өнүгүшү;

— дүйнөлүк цивилизациядан татыктуу орун табуу.

Максаттардын негизинде узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү милдеттерди иштеп чыгуу керек, алар саясий жана укуктук документтер менен белгиленет жана мыйзамдар, башка ченемдик укуктук актылар менен бекемделет.

Көрсөтүлгөн максаттар республиканын Баш Мыйзамына киргизилиши жана кыргыз коомунун жана мамлекетинин максаты катары бекемделиши керек.

Өнүгүүнүн так багыттарын белгилеп, коомдун базалык баалуулуктарын да бекемдөө зарыл. Идеологиялык негиздерсиз, башкача айтканда адамдар менен адамдардын, инсандар менен коомдун жана мамлекеттин ортосундагы өз ара мамилелерде баалуулуктар менен принциптерди сактамайынча жаңыны куруу жана өнүктүрүү кыйын болот.

Андыктан, биз мамлекеттин жана коомдун идеологиялык негиздерин мамлекеттик деңгээлде бекемдөөнү жана жар салууну сунуш кылабыз. Адамзат тарабынан таанылган үлгүлөрдү жана иштелип чыккан баалуулуктарды кыргыз элине таандык баалуулуктар менен бекемдөөнү сунуш кылабыз. Мисалы, кыргыз элинин биримдиги, бөлүнбөстүгү; кыргыз улутунун жалпылыгын колдоо жана коргоо; материалдык кызыкчылыктардын үстүнөн болгон жашоо жүрүм-турумунда руханий-адеп-ахлактык мотивдердин артыкчылыгы; Улутмандык, каармандык, Мекенди сүйүү жана ага кызмат кылуу; ата-энени кадырлоо, улуу муундагыларды урматтоо, айкөлдүк, меймандостук жана башка элдерге сый мамиле; дүйнө жана жаратылыш менен гармониялуу жашоо; жөнөкөйлүк жана өз алдынчалык ж.б.

Бир артыкчылыктуу максат – элдин биримдигин камсыз кылуу – ар кандай коомдун өнүгүшүнүн башкы шарты. Тилекке каршы, бизди көп сандаган ар кандай топторго бөлүштү жана бөлүп-жарып бүтүштү. Саясатчылар элди акаевдик, бакиевдик, ал эми азыр атамбаевдик жана текебаевдик тарапкерлер деп бөлүп жатышат. Парламенттик республиканын азыркы модели – кайсы бир партияга таандыктыгы жана кайсы бир партияга жан тарткандыгы себеп болуп, достордун, туугандардын, үй-бүлөнүн, ар кандай улуттардын жана диндердин өкүлдөрүн бөлүнүшү биздин мамлекет үчүн эң коркунучтуу зыян.

Биз кыргыз коомун консолидация кылууга жөндөмдүү конкреттүү механизмди сунуш кылабыз. Жалпы бийликти бирдей ыйгарым укуктарда, бирдей жоопкерчиликте куроо аркылуу биз биримдикке жетишибиз керек. Бөлүнгөн, муунакталган, майдаланган эл өзүн өзү жок кылууга жана жоюуга дуушар болот. Биз бүгүн ушундай ахывалга кептелдик. Бирдиктүү эл – ар дайым күчтүү, өнүгүүгө жана гүлдөп жашоого жөндөмдүү.

КООМДУН РУХАНИЙ – АДЕП-АХЛАКТЫК КАЙРА ЖАРАЛУУСУ

Азыркы учурдагы эң фундаменталдуу маселе – бул руханий-адеп-ахлактык түркүктүн кулап жатышы жана аны кайра жаратуунун зарылдыгы. Бул маселени этибар албоо дүйнөлүк коомчулукту талкаланууга алып келди, андан биз да четте калган жокпуз. Бүткүл дүйнө белгиленбеген карама-каршылыктарга, кризистерге, куралдуу кагылыштарга кептелүүдө жана анын башкы себеби – мамлекеттердин жана коомдордун жашоо-тиричилигиндеги саясий жана башка маселелерде руханий-адеп ахлактык кыйроолордун башталышы болуп саналат. Бул маселелерди чечпей туруп, өлкөнү кризистен чыгаруучу саясий процесстерди, экономикада жана башка чөйрөлөрдө масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө аракет кылуунун да кажети жок.

Алгач элдин рухун көтөргүлө, аларга үмүт, адилет идеология бергиле, улуттук баалуулуктарды кайрадан калыбына келтиргиле, анан эл кантип шаарларды куруп жаткандыгын көрөсүңөр. Бардык балекеттердин себеби – моралдын кыйрашы. Андыктан, тыянактар менен күрөшпөстөн, себептерди издөө керек.

Чынчыл жана абийирдүү жарандар уурдаганга, коррупцияга жана алдаганга жөндөмсүз. Тилекке каршы, руханий-адеп-ахлактык кыйроолордун башталышында бийликке колу таза эмес, ишенимди актабаган саясатчылар бийликке келет, биз азыр мына ошондой акыбалдабыз. Башкы көйгөй башкаруунун формасында же мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарында эмес, руханий баалулуктар тутумунан кур жалак калган ошол коомдун адеп-ахлагы менен моралында. Терс ниет жана чириген мораль менен ойдогудай, адилет, өнүккөн мамлекетти курууга болбойт.

“Мекенчил” күчтөр биринчи кезекте мындай милдеттерди коет:

мамлекеттик, коомдук жана жекече жашоонун чөйрөлөрүндө руханий жана адеп-ахлактык башталыштарга багыт алуу. Мамлекеттин жана коомдун бардык чөйрөлөрү кыргыз элинин тарыхый салттарына, маданий баалуулуктарына жана дүйнөлүк цивилизациянын мыкты жетишкендиктерине багыт алышы керек. Кыргыз элинин, республикада жашаган калктардын руханий– адеп-ахлактык баалуулуктарынын бири болгон ислам, элибиздин адеп-ахлактык башталыштарынын жогорулашынын башкы резерви болуп калышы кажет.

Ансыз адамды абийирдүүлүккө, уяттуулукка, улутмандыкка чакырып, ага жогорку мораль тууралуу дарс окуу пайдасыз. Жогорку адеп-ахлактуулук тутуму ар бир адамды жакшы жакка карай өзгөртүшү мүмкүн.

Биздин алдыбызда төмөнкүдөй милдеттер турат:

мамлекеттик жана муниципалдык кызматта чынчыл, абийирдүү, мекенчил, кесипкөй жана жоопкерчиликтүүлүк категорияларына артыкчылык берүү керек.

САЯСИЙ ТУТУМ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ

Биздин программабыздын бирден-бир негизги багыты -конституциялык түзүлүштү, башкача айтканда бийлик тутумун өзгөртүү.

Тилекке каршы, парламенттик республикабыз деп белгилеген учурдан тартып биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын негиздерин биротоло бүлдүрдүк.

Мамлекеттик тартиптин жоктугу, саясий партиялардын ортосундагы кызматтарды жана портфелдерди бөлүштүрүүлөр, кадрларды жөнү жок алмаштыра берүүлөр, мамлекеттик кызматтагы убактылуулук жана туруксуздук бизге жакшырууга карай эч кандай үмүт бербейт. Баардык бийлик “убактылуулардын”, “милдетин аткаруучулардын колунда болуп, Өкмөт, бийликтин аткаруу органдары эле эмес, сот тутуму дагы кийинки жылдары биротоло туюкка такалды.

Көзкарандысыздык алган учурдан тартып жана азыркы учурда дагы биз Кыргыз Республикасы үчүн башкаруунун кандай формасы жакшы жана натыйжалуу деп талашып-тартышып келатабыз. Биз талашып-тартышууну токтотуп, мамлекеттик бийликтин өзүбүзгө таандык моделин курууну башташыбыз керек. Бул үчүн биз төгүнгө төнгөн чет элдик шаблондорго түшпөстөн, өткөн учурубуздан өрнөк алып, өзүбүздүн улуттук башкаруубузга заманбап тенденцияларды айкалыштырышыбыз зарыл.

Биз Элдик курултай институтун элдин жогорку бийлигинин органы катары киргизүүнү, ал органдын алдында Президент да, парламент да, өлкөнү өнүктүрүүгө, бийликтин айрым органдарын калыптандырууга фундаменталдуу багыттарды аныктоо боюнча ыйгарым укуктар бөлүнгөн башка органдар менен кызмат адамдары да отчет берүүгө тийиш экендигин сунуш кылып жатабыз.

Элдик курултай эч кандай кадр саясаттарына кийлигишпейт. Жылына бир жолу чогулуп, бийлик бутактарынан отчёт алып турушат.

Президент баардык аткаруу бийлигине жетекчилик кылышы жана толук жоопкерчилик алышы керек. Ага ылайык ал жетишээрлик кеңири ыйгарым укуктар жана бул ыйгарым укуктар үчүн жоопкерчиликтин формалары аныкталышы зарыл.

Саны 45 депутаттан турган Жогорку Кеңеш жалаң гана мыйзам чыгаруу органы болуп, ага кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу укугу берилиши керек.

Мамлекеттик бийликтин кызмат адамдары үчүн тартипти бекемдөө, жоопкерчиликти жогорулатуу жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кошумча чектөөлөр белгилениши абзел.

“Мекенчил” күчтөр бийлик жалпысынан төмөндөгүдөй болушу керек деп эсептейт:

— элдин ишенимине ээ болуп, ал талыкпаган жана кесиптик эмгек менен колдоого алынышы керек;

— адекваттуу жана алдын ала билгич болушу керек. Эл аны эртең эмне күтөрүн билиши жана түшүнүшү керек, ал ошол негизде даярданышы жана өзүнүн пландарын түзүшү зарыл. Эл тигил же бул кырдаалда өзүнүн лидеринин жүрүм-турумуна ишенимдүү болушу кажет. Эл жетекчисинин күтүүсүз чечимдери жана калпыс билдирүүлөрү үчүн таң болбошу керек.

— жоопкерчиликтүү болушу керек. Ал анын башкаруусунун негизги принциптеринин бири, аны менен кесипкөйлүк, компетенттүүлүк, пунктуалдуулук жан башка көптөгөн сапаттар өз ара байланышта;

— мобилдүү жана оперативдүү болушу шарт. Бизде болуп жаткандай бүтүндөй бир айга созуп чечимдерди кабыл алуу күнөө, антүүгө болбойт, мисалы, парламентте коалициялык көпчүлүктү жана өкмөттү түзүү;

— элдин керектөөлөрүнө сезгич жана даанышман болуу керек. Бул үчүн саясий жетекчиге бир гана мекенчил болуу жетишсиз, өз элиңди сүйүү жана баалоо зарыл.

Бийлик эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен келишим түзүүгө жөндөмдүү болуп, өз элинин кызыкчылыктарына туруп берип жана коргошу керек.

“Мекенчил” күчтөр тарабынан даярдалган Конституциянын долбоорунан мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин тутуму менен кыйла толук өлчөмдө таанышууга мүмкүн.

КАДРДЫК ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ

Биз болгон кадрларыбызды пайдаланышыбыз керек жана аларды “революцияга таандыктыгы” боюнча бөлүүнү токтотушубуз керек. Кадрларды түртүп салуу жарабайт, кадрлар Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошушу керек. Биз саясий мотивдери боюнча куугунтуктоону токтотуубуз зарыл. Мамлекеттик же башка кызматтарга кирүүгө тыюу салуунун жана чектөөнүн критерийи болуп мандемдүү жүрүм-турум же укукка каршы турган жосундарды жасоо гана эсептелиши керек. Мурунку бийликке тиешелүүлүгүнө же партиялык таандыктыгына карабастан, эгер татыктуу болсо жана кесиптик көндүмдөргө ээ болсо, ар бир жараныбыз иштеши зарыл.

Мамлекеттик өнүгүүнүн жана кадрларды даярдоонун бүтүндөй программасын, Кыргызстандын кадрдык фондун жана тармактардын кадрдык фондун иштеп чыгуу зарыл. Жаштар үчүн шарттарды түзүү, эмгекке кыйла жогорку акы төлөө менен алардын жумуш издеп, республиканы таштап кетүүсүнө жол бербөө керек. Сыртка чыгып кетишкен баардык жаштарыбызды кайрадан кайтарышыбыз керек.

Кыргызстандын келечеги алардын колунда болгондуктан, жаштар саясаты жаатында жаштарды өнүктүрүүнүн жаңы концептуалдуу программасын иштеп чыгууну сунуш кылабыз. Жаштар – бул элибиздин стратегиялык сыймыгы.

Мамлекет жогорку билимдүү жана жогорку адеп-ахлактуу жаштарды өстүрүү жана тарбиялоо үчүн тиешелүү шарттарды түзүшү керек. Мисалы, конкреттүү айта турган болсок, кийин адистиги боюнча иштеп берүү милдеттенмесин алуу аркылуу жаштар үчүн акы төлөп жогорку билим алууга пайызсыз насыяларды берүүнү баштоо керек.

Орто кесиптик окуу жайларын жана жогорку окуу жайларын бүтүрүүчүлөр үчүн квоталуу жумушчу орундарын камсыз кылуу маанилүү, орто-кесиптик жана жогорку окуу жайларына мамлекеттик заказ катары мамлекеттик мекемелер жана ишканалар үчүн кадрларды даярдап чыгарууну колго алуу керек. Биз кадрлардын “агылып кетүүсүнүн” алдын алып, мекемелерде жана республиканын эл чарбасынын тармактарында иштөө үчүн таланттуу жаштарды тартууга жана чыңдоого шарт түзүшүбүз зарыл. Вино-арак продукциялары өндүрүшү боюнча супермаркеттерди жана заводдорду ачпастан, илимдүү таланттуу жаштар үчүн жогорку акы төлөнүүчү технополистерди жана наукограддарды курушубуз керек.

Жаштардын өнүгүшүнүн маанилүү вектору болуп өнүгүү багытындагы инструменттер жана факторлор саналышы зарыл, Кыргызстан жаштары союздарга биригиши жана мамлекет менен коомду өнүктүрүү максатында бирдей баалуулуктарга таянышы кажет. Жаштардын бөлүнүшү – бул келечектин бөлүнүшү жана мамлекеттин бөлүнүшү.

Биз Кыргызстан жаштарын биригүүгө жана биздин мамлекетибиздин чыңдалышы жана гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык күчүн жумшоого чакырабыз.

АЙМАКТЫК КООПСУЗДУК ЖАНА МИГРАЦИЯЛЫК САЯСАТ

Кийинки жылдары бирден-бир курч көйгөй – бул мамлекеттик чегаралардын жана чегара бойлорунда жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси болуп калды. Бул боюнча бийликтин жана анын жогорку кызматтарындагы адамдардын позициясы таң калтырат, алар иш жүзүндө болуп жаткан окуяларга көңүл бурушпайт. Чек арада болуп өткөн окуялар жана анын пайда болушунун себептерин биринчи чыр-чатак болгон учурда эле иликтеп, чечип жана ошол замат анын тамырын кыркуу керек. Бул маселени этибарга албай коюуга болбойт, кийин кымбат төлөп калабыз. Тилекке каршы азыр да, кийин да жөнөкөй калк – чек ара бойлорунда жашаган тургундар азап чегишет. “Мекенчил” күчтөр чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, чек аранын коопсуздугун бекемдөө жана региондун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын бүтүндөй бир пакетин сунуш кылат.

Чегара кызматын УКМК түзүмүнө кайтарып берүүнү карап көрүү жана мамлекеттик чегаралардын коопсуздугун камсыз кылуунун мүмкүнчүлүгүн күчөтүү керек. Чегара аймактарынын тургундарын сыйлап, кызыктыруу жана аларга турак-жай куруу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө пайызсыз жана узак мөөнөттүү ссудаларды берүү зарыл. Чегара бойлорундагы райондордун социалдык инфраструктурасын чыңдоону карап көрүү абзел. ЖОЖдорду бүткөн жаш адистерди 5 жылдан кем эмес мөөнөткө иштеп келсин үчүн чек ара аймактарындагы мектептерге жана бала бакчаларга жиберүү зарыл. Коргоо министрлиги, Чегара кызматы, ИИМдин бөлүктөрү чек ара аймактарына жакын жайгаштырылышы керек.

Чегара аймактары жөнүндө Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда чегара аймактарындагы периферияларга жана анда жашаган жарандарга максималдуу жеңилдиктерди берүүнү карап көрүү керек.

Миграциялык саясаттын иш жүзүндө жок болушу өлкөнү ар ким өтө берүүчү чоң короого айлантты. Республикабызда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга миграциялык саясат маселеси боюнча эч кандай иш жүргүзүлбөйт. Биздин аймагыбызда жүргөн чет өлкөлүк жарандарды тартипке келтирүү боюнча атайын орган – Миграциялык кызмат түзүлүшү керек. Бүгүнкү күндө тартип жок жана бул боюнча эч ким иш алып барбайт. Миграциялык кызмат бардыгын ичине камтуучу текшерүү жүргүзүшү керек жана ким биздин аймагыбызда мыйзамсыз жүргөнүн же республикада болуунун эрежесин бузуп жатканын иликтеп, алардын баарын өлкөдөн чыгаруу зарыл. Бул маселе – улуттук коопсуздук маселеси. Биздин аймагыбызда контролсуз жүрүүгө жол берүү ар кандай радикалдык экстремисттердин жана башка легалсыз топтордун бизге өтүп келишине мүмкүндүк берет.

Чет өлкөлүк жарандардын республикабыздын аймагында виза менен жана визасыз болуу маселесин карап чыгуу керек.

КЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

Коомдун криминалдашуусу, алардын мамлекеттик органдардын жана мекемелердин иштерине кийлигишүүсү гана эмес, мамлекеттик органдарга кирүүсү жана аралашуусу бийликтин чабалдыгы болуп саналат. Мамлекеттик тартипти жана бийликтин вертикалдуулугун бекемдөө, укук коргоо органдарын, атайын кызматтарды чыңдоо, криминалдын жана ар түрдүү кылмыштуу топтор менен шериктештиктердин пайда болуусунун алдын алып, алардын тамырына балта чабуу боюнча колдонуудагы механизмдерге көмөк көрсөтүү керек. Мыйзам чыгаруу деңгээлинде укук коргоо органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Кылмыш жасаган адамдарды түзөтүү мекемелерине жөнөкөй жайгаштыруу коррупциясы менен күрөшүү кыянаттыкты жокко чыгарбайт, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүнун, ошондой эле алдын алуу жана жарандарды тарбиялоонун таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу менен байланышкан концептуалдык программа керек. Коомдун руханий – адеп-ахлактык кайра жаралуусу коррупция жана бүтүндөй кылмыштуулук менен күрөшүүнүн маанилүү механизми болуп саналат.

Кылмыш-жаза мыйзамдары кылмыш жасагандарга адекваттуу жаза белгилөө боюнча олуттуу өзгөртүүлөрдү жасашы жана жазалоонун сөзсүз боло тургандыгы принцибин толук ишке ашырууну камсыз кылуунун таасирдүү механизмин түзүү керек.

Коррупция менен күрөшүү маселесинде анын натыйжасына эмес, анын себептери менен күрөшүүгө акцент берүү маанилүү. Коррупциянын тамырын жулууну кааласак, анын тамырын жулмайынча аны менен чын дилден жана чалыкпай күрөшүү керек. Пайдаланылган жана жогоруда көрсөтүлгөн иш чаралар жана ыкмалар менен азыркы мезгилде криминалдык статистиканы гана көбөйтөбүз жана көптөгөн чиновниктерди олтургузуу зарыл.

Укук коргоо органдарынын, атайын кызматтардын жана аскер кызматынын кызматчыларына мамлекеттин мамилеси өзгөчө болуусу керек. Ким погончон болсо, ал мүмкүн болгон привилегияларга жана социалдык коргоого ээ болушу керек. Милиция кызматкерлери, атайын кызматтардын кызматчылары, аскер кызматчылары мындан ары сыймык менен айтылышы керек, көрсөтүлгөн органдардын жана кызматчылардын имиджине эгер кимдир бирөөлөр доо келтирсе, мыйзам боюнча катуу жазаланышы керек. Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салып же ден соолугуна зыян келтирмек турсун, эгер кимдир-бирөө анын ар-намысына шек келтире турган болсо, одоно кол тийгизсе, аны кемсинтсе, кылмыш-жаза мыйзамынын максималдуу санкциясы боюнча жооп бериши зарыл. Ошол эле мезгилде погончон кызматкерлер дагы мыйзамдарды так аткарышы керек.

Республикада коррупциянын жана жалпы эле кылмыштуулуктун деңгээлин жана масштабын тез арада төмөндөтүүгө жетишүү үчүн “Мекенчил” күчтөр укук коргоо органдарынын жана соттордун бүткүл тутумун реформалоо боюнча конкреттүү чараларды сунуш кылат.

СОЦИАЛДЫК ТУТУМ

Биринчи иретте билим берүү жана тарбиялоо тутумуна көңүл бөлүү керек, буга биздин мамлекетибизде башкы артыкчылык берилиши зарыл. Эң башкы жана эң көп инвестиция биздин балдарга, алардын билим алуусуна жана тарбиялоого жумшалууга тийиш, алар биздин келечек. Кыргызстанды куруу жана өнүктүрүү үчүн жогорку муундар бүгүнкү биздин балдарга жакшы тарбия жана билим берүүгө кам көрүшү керек. Сергек, боорукер жана аналитикалык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, жогорку адеп-ахлактуу жана билимдүү жаштарды даярдоо үчүн билим берүү жана тарбиялоо стандарттарын жана билим берүү жана тарбиялоо тутумунун багыттарын кайра карап чыгуу маанилүү. Тарбиялоо жана билим берүү мекемелеринин тутумундагы кызматчыларга татыктуу эмгек акы белгилөө зарыл. Башкы инвестиция дал ушул тарбиялоо, билим берүү жана илимге багытталышы керек жана ошолор аркылуу адамдык турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөсүндө жогорулоого жетишип, өнүккөн жана адеп-ахлактуу мамлекетти кура алабыз.

Бала бакчаларга, мектептерге, ЖОЖдорго, маданиятка жана илимге өзгөчө көңүл буруу керек. Биздин келечегибиз ошол жерде, биздин келечегибиз ошого байланыштуу болот.

Руханий – адеп-ахлактык, эстетикалык, мекенчилдик жана дене тарбия маселеси эң башкы орунга коюлушу керек.

Улуттук долбоорлордун бүтүндөй пакетин иштеп чыгуу жана кабыл алууну көңүлгө алуу керек, мисалы:

— “Маданият» улуттук долбоору;

— Билим берүү жана тарбиялоо” улуттук долбоору;

— “Ден соолукту жана энеликти коргоо” улуттук долбоору;

— “Региондор жана өнүгүү” улуттук долбоору ж.б.с.

ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ТУТУМ

Экономикалык жана финансылык чөйрөдө республиканын экономикасын калыбына келтирүү жана көтөрүү боюнча чоң милдеттерди чечүү турат:

1). Биринчи кезекте экономикалык жана финансылык эгемендикти камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алууга көңүл бөлүү керек. Биз финансы жаатындагы кредиттик, акчалай-эмиссиялык, банктык иштерде эл аралык институттардан максималдуу көзкарандысыздыкка жетишүүбүз керек.

2). Мамлекет өз алдынча агууга же өз алдынча чарчоого коё берилбеши керек, экономиканын стратегиялык тармактарын жөнгө салууга акылга сыярлык деңгээлде киришүү жана бул тармактардагы ишмердикке катуу контролду жүзөгө ашыруу керек.;

3). Республиканын экономикасын сырьёлук багыттан туруктуулук менен алып чыгып, жаратылыш ресурстарын жырткычтык менен эксплуатациялоого бөгөт коюу керек;

4). Банктык чөйрөдө мыйзамдык деңгээлде банктык пайыздарды максималдык деңгээлде төмөндөтүүнү бекемдөөнү сунуш кылабыз. Банктык иште ислам банкингинин жана япондук тажрыйбанын механизмдерин кабыл алууну көңүлгө алуу керек.

5). Чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлорду, аларды ишкердиктин кыргыздык субъекттеринин менчигине көзөмөлдөп өткөрүү менен биргелешкен ишканаларды (БИ) түзүүгө багыт алууну сунуш кылабыз;

6). Мамлекет ар түрдүү, анын ичинде салыктык, кредиттөөчү жеңилдиктерди мыйзам жолу менен бекемдеп, кооперациянын, өзгөчө айыл чарба жаатында, ар кандай формаларын түзүү үчүн шарттарды түзүшү зарыл. Бул айыл чарба кооперативдери, дыйкан чарбалары, жамааттык кооперациянын башка формалары;

7). Экономикада заемдук акчаларды (тышкы инвесторлордун акчаларын) эмес, ички, башкача айтканда менчик инвестициялардын үлүшүн көбөйтүүгө бардык күч-аракеттерди жумшап жана экономикада сырьёну экспорттоодон, ички рынок үчүн өндүрүштү кайра багыттоого өтүү керек;

Заманбап этапта дүйнөлүк экономикага интеграциялашууда биз дүйнөлүк рынокко атаандаш товар сунуш кыла алабызбы, бул жагынан реалист болушубуз керек. Бул үчүн жаңы, стандарт эмес, укмуштуудай идеялар керек – бул милдет жакынкы келечек үчүн. Сунуш кылынган жогорудагы чаралар биздин калган экономикабызды сактап жана заманбап этапта элибиздин кадимкидей жашап турушун камсыз кылууга гана багытталган. Өздүк позициялар боюнча атаандаштык жаратпастан, мурдагыларга окшобогондорду ойлоп таап, биз табигый түрдө өнүгүүнүн жаңы жолун табышыбыз зарыл, андан кийин протекционизм саясаты боюнча иш жүргүзүүгө өтөбүз.

ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ

Үй-бүлөгө карата мамилени фундаменталдуу түрдө өзгөртүү керек. ҮЙ-бүлө коомдун негизи. Коомдун биринчи коюлуучу негизги кышы (кирпичи), үй-бүлө коомду жана мамлекетти жаратат. Ал үчүн ал бекем, адеп-ахлактуу – дени сак жана өнүгүүгө жөндөмдүү болушу зарыл. Үй-бүлө болсо – коом болот. Эгер үй-бүлө институту талкаланса – коом талкаланат. Үй-бүлөнүнү сапаттуулугу сапаттуу коомду жаратат.

Биз ар башка жыныстагы адамдардан турган, сүйүүгө, сый-урматка жана жоопкерчиликке, балдарды өстүрүү максатына негизделген салттуу үй-бүлөнү бекемдөөнү колдойбуз. Коомдун руханий бүтүндүгү үй-бүлөнүн бүтүндүгүнө түздөн-түз көз каранды, ал салттуу негизде гана ошондой болот.

Биз салттуу үй-бүлөлөрдү коргоп жана уңгусун сактап калышыбыз керек жана биздин коомго терс агрессивдүү либералдык баалуулуктарга, анын ичинде үй-бүлөнүн табигый негиздерине каршы туруу менен байланышкан идеялардын киришине жол бербешибиз керек. Мамлекет балдардын төрөлүүсүн ар кандай жол менен колдоп, балдарды тарбиялоочу, ден соолугун чыңдоочу жана спорттук мекемелерди, саламаттык сактоо мекемелеринин бүтүндөй комплексин түзүп берүүгө тийиш.

Төрөлүүнүн жогорулашы эле демография маселесин чечүүнү камсыз кыла албайт, андыктан биз саламаттык сактоонун сапаттуулугун алдын алып, жашоонун туура, адеп-ахлактуу образын жана жашоонун сапатын арттыруунун башка маселелеринин тутумун өнүктүрүшүбүз зарыл.

Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу кажет. Мамлекеттик деңгээлде дене тарбияны жана спортту колдоонун Мамлекеттик Программасы иштелип чыгыш зарыл. Короо, көчө, район, область, республика баары тең спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн аянтча болуп бериши керек.

УЛУТТУК МАМИЛЕ

Республика өлкөнүн бирдиктүү элин түзгөн бардык улуттар менен биргеликте жашоонун жана кызматташуунун таптакыр жаңы Концепциясына муктаж. Бул концепция жаңы улуттук идеологиянын – жогорку адеп-ахлак баалуулуктарынын идеологиясынын негизинде гана калыптанат. Коомдун руханий-адеп-ахлактык негиздеринин кайра жаралуусу сый-урмат көрсөтүү, бирге эмгектенүү, өз ара колдоо көрсөтүү мамилелери кайсыл жерде мамлекеттик деңгээлде пропагандаланган жана колдоого алынган убакта жаралат жана республикада жашаган ар кандай улуттардын жана элдердин өкүлдөрүнүн ортосунда тиешелүү ак ниеттүү моралдык климат жаралганда жалпылык түзүлөт. “Мекенчил” күчтөр бардык элдердин өкүлдөрүн ошондой Концепцияны иштеп чыгууга катышууга чакырат.

Ошого байланыштуу кыргыз улутунун жалпылыгын өнүктүрүү маанилүү. Мамлекеттик тилди, кыргыз маданиятын жана салттарын өнүктүрүү жана чыңдоо республикада жашаган бардык элдерди өнүктүрүүгө салым кошот жана кепилдик берет. Эгер кыргыздар мамлекетти түзүүчү улут катары өнүгө албаса, өзүн коргой албаса, алар башка элдерди өнүктүрүүнүн жана башка улуттарды коргоонун кепили боло албайт.

Кыргызстан элин түзгөн бардык улуттардын өкүлдөрүнө – орустарга, өзбектерге, казактарга, дунгандарга, уйгурларга жана башка улуттарга кайрыларым: “Кыргызстан биздин жалпы үйүбүз”-деген лозунгду “Кыргызстан – сенин үйүң”-деген лозунгга алмаштырууну көңүлгө алышы керек. Мындай лозунг бардык улуттар жана элдер үчүн өлкөгө жалпы үй катары карабастан, чоң жоопкерчилик жана ушул өлкөнүн жараны катары кароого мүмкүндүк берет.

ТЫШКЫ САЯСАТ

Биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз – Евразиялык Экономикалык Биримдиктин, ЖККУнын жана КШУнун өлкөлөрү. Булар биздин достор, биздин бир туугандар. Биздин мамилелер биздин ата-бабалар аркылуу миңдеген жылдар аралыгында жетишилген жана курулган. Биз кылымдар жана миң жылдыктар бою гана эмес, биз түбөлүк байланышта болобуз.

Коңшулаш өлкөлөр (Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан) менен кыйла жогорку позицияларда достук мамилелешүүнү өнүктүрүүгө жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана чегара маселелерин чечүү боюнча региондук көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Бул талап дүйнөлүк өнүгүү процесстеринин объективдүү мыйзам ченемдүүлүгү болгон убак келди, Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр менен бардык багыттар боюнча интеграциялык процесстерди тездетүү боюнча жаңы демилгелерди сунуш кылышы керек.

Экономикалык, финансылык, гуманитардык жана башка бирдей кызматташуулар аркылуу жаңы руханий– адеп-ахлактык, идеологиялык байланыштарды өнүктүрүү зарыл. Биздин тарыхый өтмүшүбүздүн, менталитетибиздин жана маданиятыбыздын бир болушу биздин биримдигибиздин негизи жана жаңы евразиялык цивилизациянын келечеги болуп берет. Бул демилге фундаменталдуу болуп саналат жана биздин маданий мейкиндикти биргелешип өнүктүрүүгө байланыштуу бөтөн батыштык либералдык баалуулуктарга салыштырмалуу биринчи планга чыгат.

Башка мамлекеттер менен мамилелешүүдө биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алуу аркылуу өз ара пайдалуу негизде иш алып барышыбыз керек.

Биз өнүгүүнүн айкын, даана программасы бар; ички жана тышкы саясаты алдын ала белгиленген; бирге иштешүү принцибинде жогорку адеп-ахлактуу коомдо жашаган; өз ара колдошкон жана адилет; мамлекеттик бийлиги жоопкерчиликтүү жана компетенттүү, коомдун жана адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштөөгө максаттуу багытталган жаңы кыргыз мамлекетин курууну башташыбыз керек.

Биз баалуулуктар жана идеалдар тутумун өзгөртүп, өлкөнү эркин дем алуучу чыныгы эркиндик менен камсыздап, ар бир баланын мектепте окуусун, жаштардын өз мекенинде татыктуу билим алуусун, өз мекенин таштап кетпестен, жогорку маяна алуу менен эмгектенүүсүн жана медициналык жардам алуусун шарттаган, улуу муундардын социалдык жактан татыктуу корголуусуна жана сый көрүшүнө, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипти сактоого, ар бир жарандын эркин эмгектенишине, бизнес ачуусуна жана бош убактысы болуусуна мүмкүндүк берүүчү, жогорку өнүккөн мамлекеттердин катарында дүйнөлүк коомдоштуктун алкагында Кыргызстандын экономикалык жактан гүлдөп өнүгүшүнө, жогорку маданиятка жетишүүсүнө, илимий өнүгүшүнө жана саясий туруктуулугуна кепилдик бергендей кылып өлкөнү кайра жаратышыбыз керек.

25.11.2016 16:35

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0