Өз элин колдогон премьер-министрдин аялы

Мамлекеттер арасында иш сапарга аттанаарда атка минерлердин жубайлары кымбат баалуу кийимдерди жана көз жоосун алган тагынчак, буюмдары менен сапар тартууну туура билишет. Ал эми Сингапурдун премьер-министири Ли Сяньлундун аялы мындай пикирге таптакыр башкача көз карашта. Өткөн 2016-жылы, АКШнын ак үйүнө болгон сапарында, премьер-министирдин жубайы Хо Чин, 15 долларлык баштык көтөрүп барган. 

Эң кызыгы Хо Чин көтөргөн сумканын дизайны, Сингапурдагы аутистер мектебинде окуган, 19-жаштагы Сито Шенг Линин ойлоп табуусу боюнча чыгарылган. Окуучулардын жаратуусунан улам чыгарылган буюмдарды сатып алууну Хо Чин да колдоп, жада калса өзү Сингапурдагы аутизм борборунун кеңешчиси экендиги белгилүү болгон. Адатта мындай көрүнүштөргө күбө боло бербейбиз, бирок, дүйнөдө өз элине кайдыгер эмес адамдарды көргөндө, жакшылыктын жашап жаткандыгына кубанабыз.

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

03.03.2017 12:02

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0