Тоолуу айылга көчүп баргандар үчүн 2000 евро төлөнөт

Сиз жашооңузду жаңыча баштагыңыз келеби? Бейпилдик ыроологон тынчтык жана табияты менен суктанткан Италиянын Лигурии районундагы айылды элестетиңиз. Айылга көчүп келген ар бир тургунга Бормиданын мэри 2 миң евро берет экендигин кабарлаган. Ал эми жаңы жашоочулар турак жайды бир жумага болгону 12,5 еврого  алууга болот.

Бормида айылы Италиянын түндүк батышынын Савона провинциясында жайгашкан. Айыл тоолуу аймакта жана деңизге жакын болгондугу үчүн абасы абдан таза.

Бормидага жашоочуларды тартуу үчүн айылдын мэри Даниэле Гальяно ар бир көчүп келген тургунга 2000 евродон компенсация төлөп берүү демилгесин өзүнүн жеке Facebook баракчасында жазып чыккан. 

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU.KG

14.05.2017 19:25

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0