Жанар Акаев Жээнбековдун долбоорубу?
-Эркиндик: Саламатсызбы, Москва шаарына кош келиптирсиз, алгачкы эле суроом Москвага эмне максатта келдиңиз?
 
-Ж.Акаев: Саламатчылык, раxмат. Мен Москвага жеке иш сапарым менен келдим, Мамлекеттик расмий иш сапарым менен келбесем да, бирок, мекендештер менен баарлашып, жолугушуп "эл өкүлүнө өзүмдөн сунушум бар, ойлорум бар, сын пикирим бар " - деген мекендештер менен жолугушуп сүйлөшүп жатам. Биз үчүн,  баардык жарандар менен баарлашуу маанилүү. Мыкты ой-пикирлер, пайдалуу сунуштар болуп жатат, ушунтип ой-пикирлерди топтоп, бул жактагы мекендештер менен баарлашып жатам. 
 
-Эркиндик: Бул жактагы мекендештердин, жашоосу, турмуш-шарты боюнча, пикириңиз кандай? 
 
-Ж.Акаев: Чынын айтканда бул жактагы мекендештерибиз, жардам сурагандан мурун, Кыргызстандагы окуяларга, социалдык абалга, экономикалык абалга көбүрөөк кабатыр. "Кыргызстанда жакшы бир жылыштар, өзгөрүүлөр болсо болот эле, депутаттар жакшы иштегиле, биз баарын карап турабыз"- деген маселелерди көбүрөөк айтышты. Бул жактагы маселелер боюнча, элчиликтердеги маселелер, көп сунуштар айтылды. Ар кандай кырсыктан улам каза болгон жарандарыбызга, ар кандай документтерге убаракерчилик маселеси айтылды. Буга чейин биз ушул маселелерди көтөрүп Орусиянын эки-үч шаарына келгенбиз, документ топтоону максималдуу кыскартуу боюнча, ошол убакта өкмөт кабыл алган , бирок ,ошентсе да көйгөйлөр бар, бирок, кандай болбосун  биз үч кишиби, беш кишиби жолугуп үнүн-сөзүн угушубуз керек. 
 
-Эркиндик: Интернет тармак колдонуучулары "Адаxан Мадумаров менен Өмүрбек Текебаев биригеби"- деп жазып жатышат, ушул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
 
-Ж.Акаев: Мен ушул Москвага келип уктум, Өмүрбек Текебаевдин интервьюсун окудум, Адаxан Мадумаров тууралуу, негизи бул Кыргызстан эгемендүү болгондон баштап, биз ушул эки саясатчыларды бала кезден билебиз. Бул саясатчылар бири-бирине жакшы пикирин айтып, туура сөздү сүйлөп, бири-бирин колдогону менимче туура. Ал эми мына алдыда шайлоо бар, шайлоого жакын ушундай күчтөр, алянстар, түзүлүп өзүнчө бир блок болуп, шайлоолор алдында биригүүлөр болот, бул туура көрүнүш. Мен Өмүрбек Текебаевдин, Адаxан Мадумаровдун саясый ишмердүүлүгүн, адилеттүүлүктү , чындыкты так таамай айтып жүргөндөрүн, абдан баалап, ушул кишилер менен сыймыктанам. Ушундай кишилер бириксе, бул коомго, саясатка, мамлекетке  бир гана пайда  алып келет. Менин өзүмдүн дагы максатым ушундай, саясый бир күчтөр биригип, мыкты парламентте болушун, парламентте элдин таламын талашып, өкмөткө олуттуу сунуштарын берип жатканын көргүм келет. Ошон үчүн эмки шайлоодо албетте Мадумаровдун, кайрадан Текебаевдин келип ошол жерде бакыйып олтуруп, Кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп жатканын, сүйлөп жатканын , эмгектенип жатканын көргүм келет. Парламентке ушундай адамдар келсе мыкты болмок.
 
-Эркиндик: Көп эле элдер жазып жатышат, "Жанар Акаевдин, азыркы жаңы демилгеси менен чыгып келе жатканы, Асылбек Жээнбековдун долбоору"- деп ушул боюнча кенен айтып кетсеңиз.
 
Ж.Акаев: Негизи саясатка келгенден кийин, ар-кандай ушак-айыңдар көбөйөт экен чынында, "бирөө бир нерсе деп коюптур, бирөө сизди ушунтип болжолдоп жатыптыр"- деп, бирок, ошол ушактардан корксоң анда үйдө жатышың керек бала карап, саясатка келдиңби коркпой, ар кандай ушактарга туруштук берип, өзүңдүн чынчылдыгыңды далилдеп жашашың керек. Мен ушул Москвага келип, ушул сиз берген суроолорду уктум " Сиз Жээнбековдордун долбоорусузбу, сизди Асылбек Жээнбеков  аябай колдоп жатыптыр" - деген сөздөрду бул жактан угуп жатам, бирок, андай эмес. Мен окурмандарга, эркиндик ютуб каналынын көрүүчүлөрүнө так кесе айтып коюшум керек, Асылбек Жээнбеков менен биз  кесиптеш катары, адам катары сый мамиледебиз, бирок , "ал киши менен жакындап, алардын саясый бир максаттарына жардам берип, же бир долбоору болуп иштеп жатат" - деген сөз таптакыр туура эмес, бийлик дагы оппозициясы дагы баары билет. Мен дайыма эмне болсо, эмнени көрсөм ошону айтам, элдин талабын гана айтам, бир дагы бийлик, өкмөт болобу, саясатчы болобу, мени өз кызыкчылыгына пайдалануу мүмкүн эмес экенин мен кыска убакытта, далилдеп келе жатам. Биз дайыма элдин кызыкчылыгын коргойбуз, карапайым элдин сөзүн, чындыкка суусаган адамдардын сөзүн, ошолордун трибунасы, ошол адамдардын үнү болгонго, мен күч-аракетимди жумшайм. Асылбек Жээнбеков деле мени чакырып, "андай кылыш керек, мындай кылыш керек" - деген сөздөр болгон эмес. Мен ал киши менен акыркы үч төрт айдан бери жолугуп, сүйлөшө да элекмин. Биздин адамдык түз мамилебиз, бири-бирибизге көз карашыбыз жакшы , бирок, саясый андай бир дагы максаттар тууралуу, сүйлөшүү болгон эмес, буга бир дагы факт болушу мүмкүн эмес. Анткени саясатчылардын баары эле билет, мени менен сүйлөшүп алуу, кеңешип алуу мүмкүн эмес экенин. Туура эмес болуп жатса мен дайым айтам "бул туура эмес, эл буга нааразы" - деп. Эгерде туура бир жакшы реформа болуп жатса анда "ушул кылганыңар туура, биз аны колдошубуз керек" - деп эле айтам. Ошон үчүн бул сөздөр чындыкка коошпойт. 
 
-Эркиндик: Биздин чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерибизге, кандай кеңештерди бере аласыз?
 
Ж.Акаев: Мен Москва шаарына үчүнчү жолу келишим, дайыма көчөдөн басканда, башка жактардан да, мекендештерди көрүп жатам. Бир четинен өкүнөм, ушул канча биздин жарандарыбыз четте жүрөт, өзүнүн бала-чакасынан, урук-тууганынан, эли-жеринен алыс жүрөт. Эми " Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу " - дегендей бул жакта бир ирденип алсак экен, кичине бир үйүмү оңдоп алайын, уулуму үйлөйүн, кызымы окутайын деген максатта, көп жарандарыбыз сыртта жүрүшөт, бул эми убактылуу көрүнүш деп ойлоймун, экинчи жагынан анча-мынча ишкер кыргыз балдар бутка туруп, ушул жакта өзүбүздүн жарандарыбызга иш берип, кыргызстанга инвестор болуп жаткан, жарандарды көрүп албетте кубанбай койбойсуң. Бирок, өкүнүч албетте көбүрөөк, жылына жүздөгөн адамдардын сөөгү барып жатат, жакшылык менен жамандык чогуу жүрөт экен, тилекке каршы.  Мунун баары азыр жаш мамлекетибиздин башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктар. Сыртта жүргөн жарандарыбызга тынчылык, ден-соолук, ар бир максаттарына жетип, мына азыр жаңы жылдын алдында турабыз, ар бир үй-бүлөөгө жакшылык каалаймын. Мен баарын аяймын, официант болобу сүйлөшүп ал-абалын сурап, боор тартып турам.  Сыртта жүрөбүз, өзүбүздүн мамлекетибиз эмес, бирөөнүн эли, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрөбүз, ошон үчүн өзгөчө жаштар, ар кандай кырсыктардан, жеңил ойун зооктордон алысыраак болуп, бул жакта өзүн жакшы алып жүрүп, жакшы жактары менен таанылса экен деген ойдомун. Ал эми ушул мигранттарды түйшөлткөн, көп маселелер бар, шайлоо боюнча, мыйзамды кайра карап чыгуу, юридикалык жардамдардын жетишсиздиги сыяктуу көп маселелер бар. Биз ал маселелерди сөзсүз карайбыз, колубуздан келишинче салым кошобуз. 
 
Эркиндик сайтын биз окуп, эркиндик ютуб каналыңарды дайыма көрөбүз. Азыр билесиңер, жаңы доор, жаңы заман, интернет жаңы теxнологиянын заманы болуп калды, керек болсо  Америкадагы Вашингтон пост, Нью-Йорк таймс деген гезиттери бүт баары ушул интернетке ооп жаткан заманында, мекендештер үчүн кыргызстандагы саясый , социялдык элдин турмушун, болгондо дагы чындыкты, элдерге тартуулап жатасыңар, мен дайым көрүп турам, өзүм дагын ютуб каналыңарга жазылганмын, сайтыңарга ийгилик болсун, окурмандарыңар, көрармандарыңар миңдеп-миңдеп көбөйсүн, адилеттүүлүктү жеткирүүдөгү силердин ролуңар мыкты, ишиңерге ийгилик каалайм.
 
Назира Алибекова
Эркиндик
13.01.2019 21:37

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз

Рейтинг
Жаңылыктардын рейтинги: 0