Садыр Жапаров: "Президенттик шайлоодо калың эл кимди колдосо, Москва ошону менен иштешет"

  Садыр Жапаров жакында гана болуп өткөн парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясы менен катышам” деп жар салганы менен "шайлоонун жыйынтыгы алдын ала чечилип калды. Биздин партия катышуудан баш тарттык" - деп интервью берген эле. Ал аталган шайлоого катышпай койгону менен президенттик шайлоого сөзсүз катышарын да жашырган эмес. Бул арада Москва шаарындагы мигранттар С. Жапаровту аталган шайлоого көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыгып, "талапкерге жардам" акциясын башташкан. "Өз Президентибизди өзүбүз тандап, көрсөтүп, өзүбүз шайлап алабыз!" деген ураан менен иш башташкан мигранттар учурда Москвада аракеттерин улантып жатышканы да белгилүү.

Эми кезектеги президенттик шайлоо, ага улай айрым мигранттардын туу туткан лидери, анын айланасында айтылган сын-пикирлерге тактоо киргизүү үчүн Садыр Жапаровко эки ооз суроо узаттык.

- Саламатсызбы? Келерки президенттик шайлоого катышуу ниетинизди билдирип келе жатасыз. Ал шайлоодо кимди атаандаш катары көргүңүз келет?

- Саламатчылык. Кыргыз элинин уучу эч качан куру болгон эмес жана саясатта жүргөн ар бир кыргыз уулу атаандаш болууга татыктуу. Өзүңүздөр билесиздер, мурдагы шайлоодо 80 ден ашуун талапкер чыккан. Келерки шайлоого деле бир топ талапкерлер чыгышы мүмкүн деп ойлойм. Аттангандар ким болбосун, мен үчүн баарын татыктуу атаандаш катары кабыл алуу туура. "Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло" дегендей.

- Буйрук болуп сиз жеңишке жетип калсаныз орусиячыл болосузбу же батышчылбы?

- Биринчиден, мен кыргызчыл болом! Экинчиден, баардык мамлекеттер менен тил табышып ынтымакта, эки тарапка тең пайдалуу болгондой иш алып барам. Үчүнчүдөн, бир нерсени так айтып коюшубуз керек. Кыргыз бийлигинин башына ким келбесин Орусия менен эсептешпей кое албайт. Биздин аталган өлкө менен илгертен бери экономикалык, аскерий, геосаясий жана башка кызыкчылыктарыбыз бир. Ары миллионго чукул мигранттарыбыз Орусияда иштеп, акча жөнөтүп, үй-бүлөсүн, керек болсо мамлекетибизди кошуп багып жатышат. Ошол эле учурда "биздин кызыкчылыгыбыз бир, эми Кыргызстанды баккыла" деп сурап, тилеп эле жатып албастан, өзүбүз өнүктүрүп кете турган тармактарыбызды да колго алуу зарыл. Мал, айыл чарбачылыгы, тоо кен жана кайра иштетип чыгуу сыяктуу көп тармактуу иштерибизди орус туугандар келип жасап бербейт го?! Дегеним, сөздөн жумушка өтүп, күнү-түнү Мекен үчүн иштеш керек.

- Анда Бажы биримдигине киргенибиз туура болду деп эсептейт турбайсызбы?

- Туура болду. Бирок, эч даярдыгыбыз жок кирип албадыкпы? Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине экспорт кыла турган товарыбыз импорт кыла турган товаларыбызга караганда басымдуулук кылат. Ал үчүн эң жок дегенде кичи завод, кичи фабрикаларды куруп алышыбыз керек эле. Мурда Кытайдан товар алып, аны кайра реэкспорт кылып жан баксак, азыр ал токтоду. Ошого карабай тез арада кайсы товарларды бажы биримдигине сата алабыз, кайсынысы өтүмдүү экендигинин үстүндө аракеттенип, атайын ишканаларды ачууну тездетүү зарыл. Биз экспорт менен импортубуз теңелгенде гана өнүгүп кете алабыз. Нурсултан Абишевич айткандай, суранып эле олтура берсек экономикабыз көтөрүлбөйт. Ал киши Кыргызстанга 100 миллион тоннадан ашык буудай жардам берип жатып, Атамбаевке айтпадыбы: "суранып эле жата бербей өзүңөр да аракет кылгыла"-деп. Тилемчи мамлекетти эч ким сүйүп кетпейт, кадыр-баркка да жетишпейт. Кризистен чыгуу үчүн өзүбүз дагы аракет кылышыбыз керек.

- Кыргызстан Бажы биримдигине кирбегенде эле өлкөнүн президенти ким болоорун Москва чечет деген кептер болчу эле. Шайлоо учурунда Москва колдогон кайсы бир талапкер жеңишке жетишет деп ойлобойсузбу?

- Ал жөн эле сөз. Буга чейинки президенттердин тактыга олтурушуна Москва кийлигишкен эмес. Анткени, башчылыкка ким келбесин баары бир Орусия менен иштешет. Жогоруда айтканымдай, көпчүлүк тармактарда Орусиянын жардамына муктажбыз. Эгерде Кыргызстан эч бир тармактан Москвага көз карандысыз өлкө болгондо балким кийлигишмек. Шайлоодо калың эл массалык түрдө кимди колдоп турса, Москва ошол талапкер менен иштешип кете берет. Орусия кайсы бир талапкер үчүн бүтүндөй кыргыз элине жек көрүнгүсү келбейт деп ойлойм.

- Тактыга келдиңиз дейли. Сизге жана мамлекетибизге кыянатчылык кылгандарды кандай жазалайсыз?

Президенттерди кууп, качып кеткенин жамандап, элге мокочо кылып көрсөтүп өч алуу менен алек болуп жүрө берсек эч качан оңолбойбуз. Өткөн иш өттү деп аракетти жаңы барактан баштоо керек. Негизги максат өч алуу эмес. Максат - мамлекеттин турмушун экономикалык жана коопсуздук жактан жогорку деңгээлге жеткирүү. Кыргызда жакшы сөз бар :"атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" дейт. Ак үйдө отургандардын 90% кыянаттык кылгандар экенин эске алсак, анда алардын баарын жазалаш үчүн ондогон жылдар кетери анык. Сот, Прокуратуранын так иштөөсүн жолго салуу жетиштүү болор. Калганын кыргыз элинин убалына жана Кудайга коюп эле таза адамдарды топтоп алып, мамлекетти өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп кетүү керек.

Назар Алымбеков

ERKINDIK.RU

26.10.2015 19:28

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз