Чыныгы бактылуулука соопчулук иштер гана эшик ачат

Бийлик, байлык кээ бир инсандардын түшүнүгү боюнча бактылуулук болушу мүмкүн. Бирок чыныгы бактылуулуктун эшигин бир гана жасаган жакшы иштерин, ыйманын менен ача ала турганыӊ анык.

Ыйык рамазан айында орозо кармаган мусулмандардын оозун ачырган инсанга абдан чоӊ сооптор жазылаары ыйык Куран китебинде жазылган. Учурунда кайрымдуулук иштерди тыӊбай жасап келген “KG ГРУПП” кайрымдуулук фонду калкыбыздын аярлуу инсандарынын башын чогултуп жаӊы курулуп жаткан “Барсбек “ турак жай комплексинде азык түлүк баштыкчаларын таркатышты. Айтылган фонддун негиздөөчүсү кыргыздын патриот мырзаларынын алдынкы сабындагы Ташов Имамидин мырза мына буларга токтоло кетти:

* Баардык мусулман туугандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктап кетейин. Айрыкча рамазан айында жасаган жакшылыктар, соопчулук иштер же жөн гана жакшы ниеттен, чын жүрөктөн айтылган сөздөр да чоӊ сооп болоору талашсыз. Биздин кайрымдуулук фонд бир гана рамазан айында эмес, ар бир аткан таӊда калкыбызга кичине да болсо жардам берип бата алууга умтулуп келебиз. Биз качан гана жасаган иш чараларыбыз үчүн рахматчылык, баталарды алып турганда гана бактылуулукка кадам шилтегенибиз болот. Муну менен мен эмнени айткым келет. Бактылуулук бул каражат же акчада эмес. Качан гана элиӊ сени батага бөлөп, ыраазычылыгын айтып турганда гана чыныгы бактылуулуктун даамын сезесиӊ. Бул дүйнөдө чогулткан байлыгыӊдын бир тоголок тыйынын да тиги дүйнөгө алып кетте албайсыӊ. Бир гана ыйманыӊ, жасаган иштериӊ менен тапкан нерсе түбөлүктүү байлык экенин да унутпашыбыз керек. Орозо айында биз дайым азык-түлүк баштыкчаларын таратып келебиз. Кээ бирлер айтып калышат: “Эмнеге силер башкаларчылап ооз ачырууга эле чакырбайсыӊар”- деп. Бул жерде биздин максат мындай. Таркатылган баштыкчалардагы азык-түлүктөр ал адамдын үй бүлөсү менен бир күн эмес, бир нече күнү ооз ачууга жеткендей кылып салынган. Биз жеке эле Чүй өрөөнү менен гана чектелбей кыргызстандын башка облустарында да бул иш чараны өткөзүп келебиз. Менин жараткандан тилегеним эле кыргыз элимде аярлуу башкача айтканда жардамга муктаж мекендештерибиздин саны азайып бара бара жокко эсе болуп калса гана.

Кайрымдуулук иш чарасында даярдалган баштыкчалар чогулган элдин колдоруна гана тапшырылбастан, фонддун кызматкерлери үйлөрүнө чейин жеткизип да жатышты. Келген эл иш чараны уюштургандарга баталарын берип, жүздөрүнө кубаныч алуу менен үйлөрүнө кайтышты.

11.06.2018 20:45

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз