Улуттук лидер-Ташов Имамидин кыргыз желегин желбиретти

Бүгүн, 11-июнда "кыргыз"- деген бактылуу калктын "элим"- деген эр азаматы аталган Имамидин Ташовдун демөөрчүлүгү жана демилгеси менен Чүй облусуна караштуу, кыргыз-казак чек арасындадагы, Ак-Жол бекетинде, 25 метр бийиктиктеги  мамлекеттик желек илинди. 

Болуп өткөн тууну орнотуу аземинде, Ташов: "Мен улуттук баалуулукту сактаган кыргыз желеги кошуна өлкөбүздүн желегинен бийгиреек желбиреп турса дейм, жана да мен бул аземде өтө толкундануу менен сыймыктанып турам"-деп билдирди.

 

Эскерте кетсек буга чейин Имамидин Ташов Ыссык-Көл жана Ош облусунда да өз мекенчилдиги жана улутуна болгон улуу сезими менен Кыргызстандын туусун илген.

 

11.06.2018 22:21

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз