Ырчы Гүлжигит Сатыбеков эмне үчүн ыйлайт?

  Учурда кыргыз шоу дүйнөсү таланттарга байып турган кез. Сахнабыз ырчыга толуп баратканы менен алардын эл арасында кадыры кеңири сиңип, "өчпөй" жүргөнү аз эле болуп жатканы да калп эмес. Сайтыбыздын дил маек рубрикасынын алгачкы коногу Гүлжигит Сатыбеков учурда өзгөчө терминдүү ырлары менен популярдуу. Дароо эле жадыңызга "тико" же "агенттеги махабат" деген сөздөр келсе керек  ээ? Эмесе жүгөрүнү "мака" деген кыздарга ыр арнаган ырчыбыздан кызыктуу маек назарыңызда. 

Саламатсызбы? Маегибиздин башында эле жакынкы күндөрдөгү пландарыңыз, жаңылыктарыңыздан кеп козгойлу.

- Негизи быйыл түштүккө чоң турнир кылуу ниетибиз бар эле. Бирок азыр тойлордон бошой албай жүрөм. Жакында, буюрса Жалал-Абад шаарына, студенттер күнүнө карата концерт койгону жатабыз. Өзгөчөлүктөрү менен албетте.

- Балалык туралуу канча айтсак аз. Бул ирет да балалыгыңызга көз чаптырбайлыбы?          

Балалыгым Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Мукур айылында өттү. Өзүм 1980-жылы 9-январда төрөлгөм. 9 айлык бөбөк кезимде таенем мени багып алып, кары адамдын колунда өсүп чоңойдум. Балалык кезимден арманым жок десем болот. Эрке да болчумун, экинчи тараптан үй жумуштары баары менин мойнумда болор эле. Таенем өзү ооруп төшөктө жатып калганда, тандырга нан жаап да жүргөм. Тамак жасап, кир жууп айтор бул жумуштарды катыра эле жасачумун. Кары адам жаш баладай болуп калат эмеспи, аны кароого алуу да оңой болбойт экен да. Таенем ооруп жатканда "каттама, жупка  жегим келди", "камырдан жасалган тамак ичким келди" десе, аны жасап берчүмүн. Кирин жууп, шейшептерин тазалап, такай карачумун. Ошентип жүрүп эле чоңойдум. Бирок кийин өзүм үй-бүлө күткөндөн кийин, ашкана  жумуштарына  такыр жолобой койдум. Балалыгымда көп жасап жүрүп заарканып калганмынбы, азыр эч жасабайм. Азыр да мырзаларга тиешелүү эле жумуштарды жасап коюп жүрөм.

- Бош убактыңызда эмне менен алек болооруңуз баарына кызык болсо керек?

- Бош убакыт азыр дээрлик жокко эсе. Анткени күз, бышыкчылык маал, тойлордон колум бошобой жүрөт. Убактым 4 дөңгөлөктүн үстүндө өтүп жаткан учур.

- Эл ичинде каймана маанидеги сөздөр айтылып калат. Качандыр уккан болсоңуз керек "аксылык, колунан келбейт жакшылык"- деп :)

- Бул эми биринчиден уйкаштыктын негизинде айтылып калган сөз деп эле түшүнөм. Экинчиден Акаевтин (ред:Аскар Акаев) маалында Бекназаровтун (ред:Азимбек Бекназаров) жетекчилиги астында пикеттерге чыгууда аябай таанылбадык беле аксылыктар. Ошондон улам айтылып калса керек го (күлүп). Балким илгертен келген кептир, мен ал сөздөргө терикпейм деле, күлүп эле коем.

 - "Тико" аттуу чыгармаңыз аябай популярдуу болуу менен  биргеликте кызуу талкуу чордонунда да болду. Ошол ырдын жаралуу тарыхы туралуу айта кетсеңиз?            

- Тико бул - мен өзүм(күлүп).

Чыгармачылыкта чек болбошу керек, түрдүүлүктун болуусу абдан зарыл. Мен тикону мисалга алып, өзүмдү жазганмын. "Чоңойгондо мен "Жип" болом, мени жаман карабагыла" деп. Көпчүлүк муну ар кандай түшүнүп кабыл алды. Кечээ эле куудул агабыз Рахман Разыков "башында аябай оор салмактуу ырларды ырдап чыктың эле. Ал ырларың элге жакканы менен ал сени көтөрүп чыгалган жок. Андан кийин "шлягер" ырларды ырдап, бат сиңип кете алдың"- деп калды. Анын сыңарындай эл өзү билет, жакса угуп, сиңирип алар.

- Мындай чыгармалардан соң, сизден дагы кандай ырларды күтсөк болот?          

- Учурда "Агенттеги махабат", "Шириним", "Аппагым", "Мен сенден кетейинчи" аттуу ырларыма клип тарттыруу менен алекпиз. Түштүктө 3 ай болом, андан соң кышта,  эл чээнге киргенде клиптеримдин жүзүн ачсам деген ниеттемин. Анан да аккардеондун жардамында ырдалган 6-7 жыйнакты альбом кылып чыгарганы атабыз. Жаңы жылдан кийин чыгып калар буюрса. Өзүм элде жок нерселерди изденгенди жактырам, күндө ар кандай идеяларды ойлоп дегендей. Азыр биз үчүн сахнада көпкө кармалуу кыйын, талыкпай эмгектенүү керек. Менин сахнада канчага чейин кармаларымды убакыт көрсөтөр, колумдан келишинче элге жаккан ырларды ырдаганы аракет кылуудамын.

- "Мен сенден кетейинчи" ырыңыздын тарыхын өзүңүзгө түз байланыштырсак болобу?

- Ал ырды уккан ар бир угуучу өзүнө керек нерсени, тааныш нерсени таап алат. Мен аны тигиге чыгардым же буга чыгардым деп айта албайм. Бирок ал- жашоодо болуп жаткан окуялардын гана ырда чагылдырылышы. Бир жолу бир үй-бүлөдөн уруш-талашты жана бири-бирин жекире карап калгандарын көрүп эле оюма "мен сенден кетейинчи" деген саптар келип кетти. Дагы бир жолу бир үй-бүлөнүн баласы каза болуп калганын көрүп "бак тиктик, дарактар да куурап калды" деген саптар дилимден өттү. Бул ыр көпчүлүгүнүн жүрөгүнөн түнөк тапты окшойт, ырдап бер деп суранып калышат.

- Ай дагы төбөгө келет, жарыгын чачып кайра батат эмеспи. Сизди кайсы бир убактарда сахнадан көрбөй калсак, анда башка кандай жерден көрүшүбүз мүмкүн?

-Мен бул жөнүндө ойлоно элек экенмин… Чыгармачылыгымды биринчи орунга коюп баш-отум менен киришкенден кийин дараметим канчага дейре жетсе, ошого чейин ырдап жүрө берем. Сахна бизге түбөлүк турак эмес, буга чейин нечен таланттар өткөн, бизден кийин да таланттар сахнага келе бермекчи.

Мен бир кеп угуп калдым, ырчыларды "колхоз" ырчылар жана "фирменный" ырчылар деп бөлүп коюшат имиш. Мен угуп алып таң калдым чынын айтсам. Кыргызстандагы ырларды көпчүлүк карапайым эл угат, элибиз жөнөкөй. Мен ойлойм, бизде "фирменный" ырчы жокко эсе, буйурса ишенем, алар учурда өсүп келе жатат. Билимим боюнча дене тарбия мугалимимин, андан соң юридикалык факультетти аяктадым. Учурда музыкалык окуу жайда 5-курстун студентимин. Балким кийинчерээк ошол өзүмдүн эле кесиптерим боюнча иштеп калармын.

- "Саясат чөйрөсү кир" делет, шоу бизнести дагы таза деген адам деле аз. Сиздин көз карашыңыз..?     

-Өзүм ырыскылуу болуп, нан таап жеген чөйрөмдү кир деп айтуудан алысмын. Бирок ийгилик бар жерде атаандашуу, бут тосуулар болбой койбойт экен. Азыркы маалга дейре мага дагы бут тосуулар болуп келет. Ошентсе да эл деген эл экен өздөрү көтөрүп алды, элден айланса болот. ""Ака" деп, "тико" деп кайдагы ырларды ырдайсың" деп калышат, эл угуп жаткан соң, эл аны сиңирип жаткан соң мен ошол багыттагы чыгармаларды элге сунуум керек деп билем. Бүткөн ишке сынчы көп болот эмеспи дээри… Менин таң калганым, кээде "Гүлжигиттин ырларын мен жазып берем" деп айтып калышат экен, угуп алып таң калам. Бир аз көмөк көрсөтүп койгондор "мен анын продюсери болом" деп чыга келгендерди да угуп калам. Продюсерлерге учурда Кыргызстаныбыз таңсык. Мыкты продюсерлер болгондо канчалаган таланттар кеңири сахнада өздөрүн көрсөтүп, элдин желегин мындан да ылдам желбиретип турмак. Албетте, менин да клиптерди тартууга жардамын аябаган агаларым бар, эжелерим бар. Аларга ыраазычылык айтып кетем учурдан пайдаланып.

- "Агенттеги махабат" аттуу ырыңыздан улам сизге суроо жаралууда. Агентте көп отурасызбы?             

-Мен айланамда жүргөндөрдөн "азыр эмне кеңири тарап, популярдуу болуп жатат?" деп сураштырсам агентти айтып калышты. Ошондон улам агентке кирип көрүүнү чечтим же аны оңдуу түшүнсөмчү(күлүп). Анан бирөөгө айтып атайын дарек ачтырып, туташып калдым. Негизи ал мага жаккан жок. Кечкеле достук сунушун жөнөтө беришип, олуттуу нерсе жазышпайт экен. Негедир аны колдонгум келбеди, болгону "статус", "блок", "кара тизме" деген терминдерди үйрөнүп алдым дагы, мезгилдин талабына ылайык "Агенттеги махабат" аттуу чыгарманы жазып чыктым. Обончулар обон жазгандан кийин сатуучу сыңары болуп калат экенбиз. Менин ырымды тыңша деген эч ким жок, сыналгы, үналгыларга очойгон каражат сунуп, ырларымды коюп турушун сурана элекмин. Акыркы учурда алар тарапка деле каттабай калдым, мурда болсо ырларды көтөрүп барып кечке радио сагалачубуз.

- Акыркы жолу качан көзүңүзгө жаш алдыңыз эле?          

-Мен аябай, аябай жашык адаммын. Көчөдөн кыз-жигиттин таарынышып, урушуп калганына күбө болуп калсам деле өзүмчө ыйлай берем. Тойлорго барганда кызын узатып аткан ата-энеге кошулуп мен дагы жашып кетем. "Бактылуу болуп кетсе экен" деген кубанычтын көз жашы да ал. Чын ыкластан ыйлаган күндөр аз эле болот. Популярдуулук кыйын экен, кыйнап коюшат. Көп адамдар түшүнө бербейт, бири шылдыңдайт, бири атайын сени уяткаруу үчүн алып барат бир жерге, кайсы бири өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонот айтор, эл менен иштөө оңой эмес. Айла жок, тандаган жолум ушул болгон соң баш-отум менен ага киришип, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келем. Кез-кезде бук болуп, ушунчалык тажаганда аккардеонумду желкеме асып алып ээн талаага чыкканды жактырам. Аккардеон менен сүйлөшүп, ичимдеги бугумду чыгара анча-мынча көзгө жаш алып коем. Ошондо кайгылуу ыргактагы ырлар да жаралып калат. Чыгармачыл адамга дайыма колдоо көрсөткөн, жан-дүйнөсүн таамай түшүнгөн мыкты адам керек экен деп ойлоп кетем. Жалгыз кыйналып калат экенсиң чынын айтканда.

- Ошондой популярдуу адамдын досторго талап, сыны кандай болду экен?          

- Достор көбөйөт экен мындайда. Базар-Коргондон Айдар деген эң жакын досум бар. Ушул досума көп ыраазы болом. Таенем көп айтчу "жамандын достору көп, жанына пайдасы жок" деп. Чынын айтышым керек, азыр ушунчалык досум да көп, тууганым да көп. Башыма кичи гана сыноо түшө калганда алардын баары качып кетет. Дос көп түргө бөлүнөт экен: байлык-дос, акча-дос, атак-дос, чыныгы дос болуп. Түштүк тарапка барганда ака-дос, үкө-дос дегендей:). Кудайга шүгүр дейм, бардык адамдарды түшүнө билип мамиле кыла берем. Досторго нараазы болгон учурлар да болуп калат.

- Чыгармачылыктан тапкан эң чоң табылгам деп эмнени айтар элеңиз?  

- Тапканым - күйөрмандарым. Ал эми материалдык жактан тапканым ал маанилүү деле эмес да. Менде бар нерсе элде дагы бар дегендей…

- Жоготконуңуз?              

-Эркиндигимди  жоготтум. Ар ким кандай сөз кылат экен да, көчөдө өтө эркин боло албай калдым. Мурда көп убакытым бош өткөнүнө кейип калам, көп убактымды бош жашап өткөргон экенмин. Анан үй-бүлөмдү жоготтум…

- Эми сиздин сезим чөйрөңүзгө көз салбайлыбы. Кантсе да чыгармачылыкка сүйрөгөн эң чоң күч ал - сезим делет…

- Мага көп адамдар кайрылат, "балам каза болуп калды, ошого ыр жазып берчи, эстеп жүрөйүн" деп. Бири суранат баласына арнап ыр чыгаруумду, айтор ар түркүн тагдыры бар адамдарды угам. Ошол нерселерди жүрөгүм менен угуп, көңүлүмө сиңирип жакшы бир чыгармам жаралып калышы ыктымал. Негизи чыгармачыл адамдар кыялкеч келишет, алар дайыма бирөөнү сүйүп туруш керек. Мен дагы ошолордун катарын толуктайм. Рыспай Абдыкадыров агабыз бир студент кызды сүйүп калып, аялына айтат экен. Аялынын түшүнүктүүлүгүн ушундан бил, ошол кызга барып "агаңдын жанында 1-2 саат отуруп кайтчы. Агаңдын көкүрөгүнөн жакшы бир обон жазылбай калды, сен ошого түрткү бол", - деп суранып алып келген экен. Мен учурда үй-бүлөнү экинчи планга коюп койгом. Акыркы убактарда эң тажаган суроом –качан үйлөнөсүң деген суроо болуп калды. Аны убакыт көрсөтөр, менин жасачу жумушум алдыда аябай көп. Нике кайып деп коет, учуру келсе мен дагы өзүм ниет кылгандай жакшы бир кызга баш кошоормун.

- Жакшы көргөн түсүңүз?

- Ак.

- Жакшы көргөн тамагыңыз?

- Камыр тамактардын баарын жакшы көрөм.

- Инсандардагы баалаган сапатыңыз?

- Сабырдуулук, жөнөкөйлүк.

- Жактырбаган сапатыңыз?

- Эки жүздүү адамдарды ушунчалык жаман көрөм. Кошоматчыл жана ушакчы адамды жек көрөм.

- Баалаган саясатчыңыз?

- Саясатка мурда кызыкчумун, азыр такыр андан алысмын. Көзгө көрүнчү саясатчыны Кыргызстандан азырынча көрө элекмин.

- Маегибиздин соңунда сизге эркин микрофон.         

- Москвага барып калып бир агам менен чай ичип отуруп калдык. Ошол киши жакшы нерсе айтты эле мага "кыргыз эли өзгөчө калк. Кыргыздар бар үчүн дүйнө сакталып турат" деп. Себеби Кыргызстанда тынчылык болсо, дүйнө тынч болуп, бизде митинг болсо эле башка өлкөлөр да кырсыктап баштайт экен. Манасты кытай боордоштор талашып, улуттук тамактарыбызды болсо казак боордоштор алганы жатышат. Айтор эркиндигибиздин үзүр-сообу барып эле аткаминерлерибизге такалат. Элибиз тынч болсун деп тилейм, эркиндигибиздин кадырына жете жашайлы. Силердин "Эркиндик" сайттын жамаатына да ийгиликтерди каалайм. Атыңар айтып тургандай эркин жазып, эркин элибиз үчүн ак кызмат кылып жүрө бергиле.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык. Чыгармачылыгыңызга албан ийгиликтерди тилейбиз.

      Маектешкен Гүлжан Эшбаева

     ERKINDIK.RU

06.11.2013 22:44

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз