Жаштардын тажрыйба топтоо программасы

  "Инстигрим" коомдук фонду "Жаштардын тажрыйба топтоо программасы" долбоорунун негизинде бир катар аракеттерди көрүүдө. Буга далил катары бүгүн, 29-октябрда Ош шаарында маалымат жыйында түшүндүрүү иштери болуп өттү. Долбоор ЮНИСЕФтин жана Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министирлигинин каржылоосу астында жана КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министирлиги, түштүк аймагындагы жаштар борборлору менен биргеликте ишке ашат. Анын негизги максаты болуп өлкөнүн түштүк аймагындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү, студенттер, аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, этникалык азчылыкты түзгөн коомчулуктун өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүү:

- жаштардын керектүү билим алуусуна;

- кесипкөйлүк тажрыйбасын арттыруусуна;

- тажрыйба алмашуу аркылуу жол ачуу.

Тажрыйба алмашуу мамлекеттик мекемелерде, эл аралык уюмдардын офистеринде, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары, Айыл банк, РСК банкы, "Билайн" уюлдук оператору ж.б.у.с ишканаларды өтөлөт. Ага түштүк аймактагы 14 жаштан 28 жашка чейинки жаш улан-кыздар катыша алат. Бүгүнкү жыйында тандалган 200 ашык тажрыйбачынын кабыл алынганы тууралуу айтылып, долбоордун биринчи баскычы старт алганы жарыяланды.

Болот Эрмамат уулу

ERKINDIK.RU

29.10.2014 13:32

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз