Орусиядан "Укугум бар" кыймылы Мадумаровго кайрылуу жасашты

Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери Мадумаров Адахан Кимсанбаевичке Чет жактарда убактылуу эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын атынан кайрылуу:

Урматтуу Адахан Кимсанбаевич сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:

Жалпы кайдыгер эмес, кыргыз жарандарынан түзүлгөн:- " Мен макул эмесмин" -"Менин укугум бар" аттуу элдик кыймылдарынын мүчөлөрү. " Элдик партияны, эл өзү тандайт" - деген жыйынтыкка келдик.
Олигархтар сунуштаган 5 000 000 сом шайлоо күрөсүн кошууга, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына колдоо көрсөтүү үчүн, жалпы эл киришти.
Кайсы мамлекетте, кайсы шаарда болбойлу, мекендештер бир добуштан 1 $ акциясын жарыялоону чечтик.
-Акция максаты : "Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп, шайлоодо ийгилике жеткирүү.
-Акция тапшырмасы : Келечеке кайдыгер эмес жаран, 1 $ суммадан колдоо көрсөтүү.
1$ акциясынын демилгесин ишке ашырууда, түздөн-түз " Бүтүн Кыргызстан" партиясынын эсебине 1$ которууда- өтө жөнөкөй эсеп ачып берүуңүздү суранабыз жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талап кылабыз.
Демилгени жарыялаган Москва шаарындагы активисттер жана колдогон мекендештерибиз.

 

 

11.06.2020 17:10

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз