Камчыбек Ташиевтин Садыр Жапаровко жазган каты

Урматтуу досум Садыр! Мен билбеймин бул катты окуганга сенин мумкунчулугун болобу же жокпу,бирок эгерде мен бугумду чыгарып албасам,анда карозгой бийликтин бугунку "тыюу салган токтомун" бузуп салышым мумкун. Ээ досум,убакытты карасан кандай шуулдап отуп жатат,2005 жыл жаны эле депутат болуп келип,чогулуп маектешип,мамлекет учун эч качан кыянаттык кылбайбыз,эл учун иштейбиз деп антташкан кун эсиндеби,ошондон бери 12 жыл убакыт отуптур.Экообуз бирге 2 жолу депутат болуп шайландык,жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштедик,Кудайым кубо ошол антыбыздан жазбадык.Айрыкча парламентте ар турдуу чечимдерди кабыл алган учурларыбызда сенин чабалактап,чуркап журуп мамлекеттин кызыкчылыгы деген куйполоктогонун коз алдымда турат.Коптогон кыйынчылыктарды да бирге басып оттук,эрдигибиз да,катачылыктарыбыз да болду,бирок мамлекеттик кызыкчылыкты эч нерсеге алмаштырбадык,Сен ушул иште улгу болдун!Бугунку сага чыккан окумду угуп канырыгым тутоду,бул соттун окуму саясий окум,сенден оч алып жатышат,мен билем сенин омурундун акыркы муноту калганча сынбайсын,кайраттуусун,себеби мекенчилсин! Досум,Сен куноолуу эмессин,муну элдин баары билет жана сени колдошот. Досум,Аяш атама барып келдим,Атанын козундогу мунду,кадимки кайратын козуно гана топтогон Атамды кордум,бир аз сыркоолоп калыптыр,бирок бир да тамчы жашын чыгарган жок,а мен азырга чейин жашып журом. Бул кундор да отуп кетет....

Камчыбек Ташиевтин фейсбук баракчасынан алынды.

02.08.2017 20:04

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз