Бабанов өзүн колдогон жарандардын колу коюлган кагаздарды Боршайком текшерип, 3 миңден ашыгы жараксыз болуп чыкты

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн бир катар жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту.

Президенттикке көрсөтүлгөн Өмүрбек Бабанов өзүн колдогон 107 миңден ашык жарандын колу коюлган кагаздарды Боршайком текшерип, 3 миңден ашыгы жараксыз болуп чыкты. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого карата эл аралык байкоочулар аккредитацияланды.

Ал арада Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө уланып, эки жаран сынактан жетиштүү балл топтой алган жок.

Булак:КТРК

16.08.2017 11:39

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз