Ош облусунда шайлоо 2017 жана сөз эркиндиги боюнча тегерек стол болуп өттү

Кечээ, 5-сентябрь күнү Ош шаарында "Таза шайлоо жана тура тандоого менин салымым, сөз эркиндигинин Кыргызстандагы орду" аттуу тегерек стол болуп өттү. 

Тегерек столдун максаты келе жаткан президенттик шайлоодо, жарандардын акчага сатылбоосу жана административдик ресурстардын колдонулбоосуна жарандык салым кошуу үчүн Ош шаарындагы жаш лидерлер Санжар Төлөнбаев жана Орозайым Нарматовалар менен биргеликте жыйын уюштуруп, ынтымак биримдигин түзүү экендигин коомдук активист Акбалык Жумалиева билдирди.

Жыйындын катышуучулары Кыргызстандын бир топ облус аймактарынан келген активисттер жана ЖКнын депутаты Жанар Акаев, президенттике талапкер Азимбек Бекназаров ошондой эле "Сөз эркиндиги" комитетнин лидери Адиль турдукулов, журналист Дайыр Орунбеков жана Эдиль Байсаловтор болгон.

Жогорку Кеңештин жаш депутат Жанар Акаев "келе жаткан шайлоодого жакын эл менен кезигип, аларга туура түшүндүрмө берип, акчага алданбай, административдик ресурстан коркпой учурдагы ажо Алмаз Атамбаевке таза шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтөлү"-деп белгилеп өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө Азимбек Бекназаров президенттике талапкер катары азыркы бийликтин башкаруу системасы туура эмес экендигин айтып жана улуттук идеологияга туура келген долбоор аркылуу "Улуттук мамлекетти курабыз"-деп билдирди. 

ERKINDIK.RU

06.09.2017 12:28

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз