Атамбаевке Жапаровтордун үй-бүлөөсүнөн кайрылуу
Журт атасы ажобуз Алмаз Шаршеновичке Жапаров Садыр Нуркожоевичтин апасынан жана бир туугандарынын атынан кайрылуу: 
 
Урматтуу Алмазбек Шаршенович бутундой кыргыз элине кабар жеткендей атабыз Жапаров Нуркожо ажы дуйно салганына байланыштуу уулу Садыр Жапаровду атасын акыркы сапарга узатышына уруксат берип коюунузду отунобуз.
Тируусундо атабыздын арманы уулу Садырды бир коруп учурушканга зар эле, Аттин атабыздын конулу сагыныч мунга толуп отуп кетти... Акыркы кундордо бир гана энсегени "жок дегенде баламан топурак буйурса экен" дечу эле. "Алмаз деле мен учун балам, кыргыз эч качан акыркы сапарга узатаарда душмандын да жолун тоскон эмес, уулумду жок дегенде топурак салганга жиберээр" деген.
Урматтуу Алмаз Шаршенович биз Садыр Жапаровдун апасы жана бир туугандары атабыздын журогундо кеткен акыркы умутун аткарылышына себеп болуп Садырды атасына топурак салып акыркы сапарга узатышына уруксат беришинизди отунобуз.
21.09.2017 21:14

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз