Жанар Акаев баш болгон коомдук активисттер демилгелеген иш чара болуп өттү
Бүгүн, 30-сентябр күнү, Бишкек шаарында, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар акаев баш болгон бир катар коомдук жаш активисттердин демилгеси менен "Акыйкат шайлоо үчүн" үгүт иши болуп өттү. 
 
Аталган иш-чарада уюштуруучулар "президенттик шайлоо таза өтсүн, коркпойлу, акчага алданбайлы"-деген лозунгтар менен менен талап коюшту. 
 
Уюштуруучулар алгач «Акыйкат шайлоо үчүн” деген тынчтык жүрүш өткөрүп, Түштүк дарбазадан "24-март" скверине чейин жөө басууну айтышкан. Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен бул күнү жөө жүрүш уюштурууга тыюу салынып, бирок акцияны Ботаникалык бакта өткөрүүгө уруксат берилген. 
30.09.2017 17:40

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз