Кочкор –Ата шаарында «кочкор сүзүштүрүү»
Кочкор –Ата шаарында «кочкор сүзүштүрүү» оюнун бийлик уюштуруп,бирок болбой калыптыр.Адахандын көсөм ,көрөгөч экенин эл журт дагы бир жолу  өз көзү менен көрдү.Ал эл кыдыраардан мурда,кайсыл шаарда,кай күнү,саат канчада эл менен жолугарын жарыялаган. Бийликтегилер  Кочкор-Ата шаарынын  билермандарына ,Адахан келер убакка болжоп Сокеге эл топтоп чогулуш жасатканы жатпайбы.Адахан келсе эл даяр. Соке «соправаждающилери менен отурат экен да.Адахан дароо ээрчиген элди алып чыгып,сыртка чогулуш  кылып жатканда, Соке тобу менен  согуштан жеңилгендей сомсоюп чыгып кетишиптир.Бул окуяны ыр менен да жазганга аракет кылдым:
 
Шайлоонун тепкен шапарын,
Шаарында Кочкор-Атанын.
Тамаша үчүн ырдайын,
Талапкерлердин чатагын.
 
Кызыккан «шерлер»билишкен,
Кыт кыт да балким күлүшкөн.
Адахан менен Сокени ,
Атайын беттештиришкен.
 
Атайын кылган кусамат,
Азыркы бийлик узабайт.
Адаханды сүйлөтпөй,
Анан,чыгармак сүйрөп ызалап.
 
Алдыра турган башкага ,
Адахан беле жаш бала.
Согуптур ээрчигендир,
Сокесин кылып маскара.
 
Микрофонун да талашпай,
Пикир да түрдүү жаратпай.
Ээчитип чыгып эшикке,
Элге айткан сөзүн Манастай! 
 
Шыбыр сөз эмес анык бул,
Шылдыңга Соке калыптыр.
Талпак болгон ар кимге,
Ташиев жандап барыптыр.
 
Табалабайм го бирөөнү,
Таластын эли күл эми.
Конгантиев кошулуп,
«Конфет « жегени жүрөбү?!
 
Так секирген забордон,
Ташиевди АША каматкан.
Ал эми Молдомусаны,
Айткыла кимдер сабаткан?
 
Ээрчигендери жанагы,
Эл журттан колдоо табабы?
«Согушсуз»  эле жеңилип ,
Сокенин чатак абалы.
 
Эр жигитти эл колдойт,
Элди ошол чыгаан Эр коргойт!
Сого бер баарын Адахан,
Соке...АША.. сага тең болбойт!!
09.10.2017 16:30

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз