Кыргызстандагы даары чөптөр жоголуу коркунучунда

Өлкө  аймагында өскөн  дары чөптөрдүн  пайдалуулугун   эл билбей  келет.  Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө  дары чөптөрдүн саны   3 миңдей. Бирок анын  касиеттүүлүгүн  билбеген  көпчүлүк  айоосуз  мамиле кылуудан  айрым түрлөрү  жоголуп кетүү   коркунучунда турат. Адистердин айтууларында, дартка дабаа  чөптөр   мамлекет тарабынан  көзөмөлгө  алынышы керек. Айыл өнүктүрүү фонду  тарабынан жүргүзүлгөн  иликтөөлөрдө  жергиликтүү  калктын  көбүнүн    дары чөптөр  тууралуу  маалыматы  жок.

Дары чөп демекчи, көкөмерен, кийик от, алтын тамыр, ак жалбыз, аркорот, мамыры гүлү, жады  куурай, бознач   деген өңдүү  өсүмдүктөр   бийик тоолордо  өсөт. Бирок   айыл жерлеринде өскөн  чалкан, беде,  сарымсак,  зире, ит мурун,  карагат,  жалбыз,  чычырканак, айтор  күнүмдүк колдонууда   жүргөн  көптөгөн  өсүмдүктөрдүн  баалуулугун  көпчүлүк билсе да  кайдыгер мамиле кылып келишкени  маалым.  Алтурсун  ал  кандай чөп,  ошондой өсүмдүктүн   бизде өсөөрүн    билбеген  жарандар да бар.  Учурдун   талабы,   элеттиктерге  дарылык касиети бар   чөптөрдүн    баалуулугун түшүндүргөн  окутууларды  жүргүзүү экендиги талашсыз.

Бүгүнкү  күндө  айрым жарандар  бийик тоолордон дары чөптөрдү  терип  келип, күнүмдүк  тиричилик үчүн  базарларда сатып отургандыгын  көрүүгө  болот. Көпчүлүгү  ал чөптөрдү  жылдын   кайсыл мезгилинде  жыйнаса  пайдалуу болот жана  кандай   ооруларга  жардам бере тургандыгын  биле  беришпейт. Канчасын  чет элдик жарандар терип  кетип жаткандыгы тууралуу  азыркы күндө   маалымат  аз. 

Булак:КТРК

25.10.2017 22:41

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз