Америкалык окумуштуулар рак клеткаларын жок кыла турган вирус ойлоп табышты

Американын Сан-Франциско шаарындагы Калифорния университетинин окумуштуулары рак клеткаларын жок кыла турган вирус ойлоп табышып, аны иш жүзүндө сынап көрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти. 

Анда окумуштуулардын табылгасы ракка каршы вакцина катары колдонулуп, мындай клеткаларды жок кылууга жардам берет. Ошондой эле иммундук тутумга шишиктин пайда болушу тууралуу маалымат берет. 

Бул ыкманы окумуштуулар биринчи чычкандарга жасашкан. Анда вирус башка органдарга терс таасирин тийгизбестен, шишикке акырындык менен таасир бере баштаган. Натыйжада шишиктин анча чоң эмес бөлүгү, ал эми беш күндүн ичинде калган клеткалары жок кылынган.

Эске салсак, окумуштуулар 1980-жылдары ракка каршы вирустун үстүнөн иштеп башташкан, бирок 2015-жылы гана аны колдонууга уруксат берилген.

18.02.2018 16:36

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз