Москвадагы мигранттар жаңы элчиге талап менен кайрылышат

Жалпы кыргызстандыктарга белгилүү болгондой эле, 2017-жылы, Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо,  мигранттардын көпчүлүгү добуш бере албай калгандыгына талапкерлердин колдоочулары бийликти күнөөлөп, аларга бийлик тарабынан шарт түзүлүп берилбегендигинин негизги себеби катары, бийлик өзү алып чыккан талапкерди өткөрүү максатында жеке кызыкчылыктары үчүн Орусияда кыргыз  мигранттарынын укугун тебелегендигин айтышкан. Дал ушул эле масале боюнча, жакында Укаринада өтүүчү, президенттик шайлоодо да Украинанын бийлиги Орусияда шайлоо учатокторун ачпайт экендигине, Орусиянын ТИМинин министири, Лавров «Миллиондогон Украина жарандарын шайлоо укугунан ажыратуу бул бийликтин жеке кызыкчылыгы бар экендиги жана жарандарынын укугун тебелегендиги» деп жооп берген. Ал эми Орусиядагы  кыргыз мигранттарынын саны расмий маалымат боюнча 650миң жаран болсо, расмий эмес маалыматтар боюнча миллиондон ашат. Дал ушул масаледе, Москвадагы Мирлан Ураимов демилгелеген мигранттардын жоон тобу, келе жаткан шайлоолорго азыртан даярданып, жаңы келген элчиге кол чогултуп, акция өткөрүп, талап менен карйлууну демилгелешүүдө. Алар элчилик жана бийлик алардын талабын аткарбаса, Орусиянын бийлигине кайрылышаарын билдиришти.

25.01.2019 21:02

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз